Бакиевдин "батькасына" баары каршы…
Кыргызстандын канкор президентин койнуна катып жаткан Александр Лукашенкого учурда дүйнөнүн басымдуу өлкөлөрү каршы болуп жаткандыгы расмий түрдө жарыялана баштады. Эске салсак, Лукашенко өткөн жылдын этегинде административдик ресурстарды өкүртө колдонуу жолу (70 пайыз менен) дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланган эле. Күчкө салып өтүп кеткен Лукашенкого нааразы болуп митингге чыккан элди күч тармактарына кубалатып, 600дөн ашуунун каматып, 31 адамга расмий түрдө күнөө коюлган. Ал эми ызы-чуу менен өткөн ал президенттик шайлоонун жыйынтыгын эл аралык байкоочулар таанышкан жок. Дагы бир жагымсыз көрүнүш, Лукашенконун инаугурациясына бир да өлкөдөн президент келип катышкан жок. Лукашенконун бул ант берүү салтанаты, кудум Курманбек Бакиевдин ант берүү салтанатынын деңгээлинде өттү. Бул аз келгенсип, эми Европанын бир топ мамлекеттери Бакиевдин "батькасына" каршылыгын билдирип, Лукашенконун жана Белоруссиянын өз өлкөлөрүндөгү банктардагы эсептерин "тоңдурушуп", экономикалык жактан айда кысымга алып киришти. Кыскасы, Лукашенкого кыйын эле болуп турган кез. Белорус эли кыргыздардан үлгү алып, Лукашенконун мурутун бирден жулуп, Бакиевдин кейпин кийгизер күн да алыс эмес өңдөнүп турат окшобойбу.




Жолдошева тажаалданса,
Текебаев "ыкшып" калды…
21-январь күнү өткөн ЖКнын жыйыны депутаттардын акыя айтышуусу менен башталып, акыя менен аяктады. Өзгөчө Жылдыз Жолдошева менен Өмүрбек Текебаевдин эрөөлү эч кимди кайдыгер калтырбагандай болду. Жылдыз айым: "Өмүрбек Чиркешович, УӨнүн мүчөлөрү: Исаков, Тургуналиев, Отунбаева, Бекназаров жана сиз, өткөн жылы Кадыржан Батыровдун үйүндө болгонуңар чынбы?" - деген суроону кокусунун козгоп калды. Өмүкең ордунан тура калып: "Бул ойлонуп чыгарылган сөздөр. Сиз мурда беш адамдын бири Дүйшөбаев деп айттыңыз эле, эми Бекназаров деп айтып жатасыз. Же эмне сиз айткан адамдар алмашып турабы?" - деп, ызырына сүйлөп, ага көп сөздөр менен жакшы эле жооп бергенине карабай, Жылдыз айым түшүнүп турса да, түшүнбөгөн адамдай кайталап суроолорду берип туруп алды. Айласы кетип, чарчаган Өмүке анын түшүнбөстүгүнө таң бердиби, айтор микрофондун жанындагы эмерекке жөлөнүп, боору эзилип, бир нече мүнөткө ыкшып күлдү. Кыскасы, "Текебаевди тердетем" деп ашыккан Жылдыз айым, өзү келекеге калды.


БЕКНАЗАРОВ МАЕК БЕРБЕЙ КУУРАТТЫ...
Бекназаров мырза биздин гезитке аябагандай эле көп чыкты, өзгөчө оппозицияда жүргөндө. Азын биз чакырып, көбүнчө өзү демилге көтөрүп "акелеп-жакелеп" келчү. Кийин бийликке келгенде кызматынан көп бошободу, улам бир кылмышкерди үйүнө бошотуп жатып, алар берген, аларга кошулуп соттор берген долларларды "албайм эле албайм" деп жатып, биздин гезитке келүүгө чамасы чарк болду. Ага карабай биз анын ишмердүүлүгүн байма-бай чагылдырып турдук.
Кечээ Бекназаровду гезитибизге маек куруп бербейсизби десек: "Силер ушакты жазасыңар, бир эле кишинин айтканын жазасыңар, сурооңор болсо жазып бергиле, окуп чыгып ойлонуп көрөйүн…" - дейт. "Э балээ баскырдыкы, Бекназаров гезитибизге чыкпаса, иштин өлгөнү экен да!" - деп коллектив чогуу-чаран бир ирет "боздоп-боздоп" алып, эптеп ушул саныбызды чыгарып турганыбыз. Эмдигисинде не күндү көрүп куурадык?! Бул бир маанайыбыз, тамаша такымдаган.
Экинчи маанай менен айта турган болсок, биздин гезит Бекназаровдун маегине аябагандай эле, аша чаап эле кызыкдар эмеспиз, жөн гана эл катары берип коелу дегенбиз, кызматынан айрылса, акчадан кем болуп жатса көңүлүн улап коелу дегенибиз го, боорукерлигибизге не баа десең…
"Бекназаров баланча доллар алыптыр" дегенди орус гезиттер көп жазды, биз болсок, "алган окшойт, дурайындыкы" дегенди жазып турдук. Бекназаров болсо гезиттин баарын сотко берем деди эле, анысы токтоп турат. А балким, бир "былыгы" чубалып калбасын деп жатабы деп биз калдык, ушактаганыбыз жок.
Биздин гезиттин Бекназаров жөнүндө айтчу сөзү бар, "ка-ап, ошону жасабай эле койсо эмне, ошончону албай эле койсо эмне" деген такталган-такталбаган аттиңдер да арбын…Четинен чубайбыз да, ушагын терип ыргытып…




Б.Борбиев: "Мени господин министр" - деп айткыла…"
"Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев шилекей алышкан досу Болот Борбиевди түз эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (МЧС) "мингизгенин" эл жакшы билет. Камчыке досуна ӨКМнын эки тизгин, бир чылбырын тапшырып жатып: "Сенин башкы милдетиң: экс-министр Бакыт Төрөбаевдин былыктырын чукуп чыгып, коомчулукка жар саласың"-деген жашыруун тапшырма берген имиш. Учурда Болот мырза, Камчы досунун тапшырмасын аткаруу үчүн, Төрөбаевдин ишмердүүлүгүн иликтеп-жиликтеп жаткандыгы айтылууда. Дагы бир кызыктуу жагдай, Болот мырза ишти журналисттерди топтоп алып, ишти түштүктү түрө кыдыруудан баштайт. Кол алдындагыларга кооз жыйындарды өткөзүп, ал жыйындардын биринде орун басарлардын бири Борбиевди "Господин министр" деп айтат, андан кийин сөз алып сүйлөшкөн орун басарлар Болот мырзаны аты-жөнү менен айтса, Болот мырза турган жеринен "чарт" жарылып, "мени господин министр" деп айткыла деген экен, кайран эргул. Кыскасы, Боке азыр кол алдындагыларга өзүнө кантип кайрылышты үйрөтүү жана экс-министр Төрөбаевдин былыктарын чукуу менен алек болуп жаткан имиш. Бул эргул минтип жүрө берсе ишти ким иштейт?..




Эркин эми эркин боло албайт…
Мындан ары Каржы полициясы Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы Салык инспекциясы боюнча департамент болуп өзгөрмөкчү. Бул туурасында премьер-министр Алмазбек Атамбаев 24-январда берген маалымат жыйынында билдирди. Премьер-министрдин сөзүнө караганда мындай өзгөрүү ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, ишкерлерди бир гана орган текшерүү үчүн жасалып жаткан кадам катары түшүндүрдү. Эми Каржы полициясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев кызмат ордунда калса мурункудай эркин боло албай, Салык кызматына баш иет. Ал эми ишкерлер бир гана салык кызматынын инспекторуна гана баш иймей болушту.


НААЛАТТЫНЫКЫ, ПОПУЛИЗМ МЕНЕН КОРРУПЦИЯ ОоЗДУКТАЛБАЙТ
Азыркы энергетика министри Аскарбек Шадиев кезегинде Баткенге губернатор болду, кийин депутаттыкты аркалады. Кези менен кооз сүйлөгөнү бар, бирок бүтүргөн иштери анча дааналанбайт. Баса, дааналанган байлыгы бар дешет.
Эми ошол ушуга чейин жасаган иши эле көрүнө албай келген Шадиев энергетика министри болуп бакыя отурду. Учурдагы өтө олуттуу тармакты тың профессионалдар башкарса болмок деп айтылган кеп да арбын. Мейли, ал ал болсун. Кечээ жакында Шадиев: "Быйыл энергетика тармагында коррупцияны жоюуга аракет кылабыз" дегенди айтканда жалпыбыз менен жаканы кармай таң калдык. Бул эң бир коррупцияланышкан тармакты бу Шадиев деген кантип токтотмок.
Азыр кай жерге барба, энергиянын сарпталышын текшерген ар кандай деңгээлдеги текшерүүчүлөр "кулкулдаганы кулкулдаган". Бөтөнчө азыркыдай кымбатчылык бура бастырбай турган заманда аталган тармакта коррупция күчөсө күчөйт, алды токтолуу болбойт!
Шадиев мырза мындай популизмди курал кылуунун ордуна энергетика тармагында тээ ондогон жылдар бою изи жок жоголуп келаткан миллиондогон сомдордун изин тапсын, Ширшов-пиршовдордун сары изине чөп салсын… жеңил-желпи популизм эч жакка качпайт.
Ал аңгыча "Шадиев келгени жарык өчө баштады, кара жолтой экен" деген кеп жел менен желип жүрөт…