Туратбек Абдылдаев,
КРнын Калкты социалдык жактан тейлөө кызматына эмгек сиңирген ишмер:
"Соцфонддун ишин реформалоо керек..."
- Социалдык тейлөө тармагында канча жыл эмгектендиңиз?
- Элибизде жакшы кеп бар эмеспи: "Жаш кезде берсе мээнетти, карганда берсин дөөлөттү" - деген, ошол сыңары 70 жылдык өмүрүмдүн теңинен көбүн ишке арнадым. Окууну бүтүп эле жаш кезимден 1965-жылы Калкты социалдык жактан камсыздоо министрлигине жумушка киргем. Ошентип, 2002-жылга чейин колдон келишинче эмгектендим.
- Өмүр бою социалдык фонддо иштептирсиз, тажрыйбалуу адам катары айтсаңыз, бүгүнкү социалдык фонддун иштери кандай, Сизди канааттандырабы?
- Калкты социалдык жактан тейлөө фонду 1969-жылы ачылып, атайын пенсияларды чектөө, төлөө боюнча республикалык борбору түзүлгөн. Ошол жерде 15 жыл жетекчилик кызматты аркаладым. 1993-жылы мен жетектеген борбор социалдык фонддун карамагына өттү. Ал эми азыр жалпы соцфонддун иши кандай экенин, кудай акы, билбейм. Коррупция деген балекет оору көп тармакты чырмады…
Азыр мурун мени менен бирге иштеген кесиптештерим менен байланышып турам. Алар: "эч кандай өзгөрүү деле жок, дагы деле ошол система" - деп айтып калышат. Мен иштеп турганда 1996-жылы социалдык фондду реформалоого чет мамлекеттен грант катары каражат алынган. Ал каражатка жаңы программа түзүлүп, пенсияларды борбордоштуруу мыйзамы иштелип чыккан. Ал мыйзам бүгүнкү күнү күчүн жоготуп иштебей жатат. Пенсияны чектөө, төлөө борбордоштурулуш керек. Ошондо тармактагы коррупция азаймак.
- Ал кандай программа эле?
- Аймактардагы социалдык фонддор пенсиялык документтерди чогултуп туруп, борборго жөнөтүшчү. Биз Бишкектен текшерип туруп, текшерилген документтерди кайра районго жөнөтчүбүз. Ошонун негизинде калкка пенсия берилчү. Пенсияны көбөйтүү программалары да ошол убакта иштелип чыккан. Кийин жетекчилер бат-бат алмашып жатып, ар кимиси өз билген талканын чалып, айтор, башаламан кылып бүтүштү. Анан калса азыркылар ошол кезде компьютерге киргизип койгон программаны да өчүрүп алышыптыр. Ошондой эле бир жылда пенсия-пособиялар эки үч жолудан көбөйүп жатат. Ошонун баардыгы райондук социалдык фонддордо эмес, борбордук соцфонддо жасалса жакшы болмок.
- Почта кызматкери менен, социалдык фонддун кызматкери же архивдин кызматкери менен социалдык фонддун кызматкери биригип алып, акча өөнөгөн учурлар болот экен, буга Сиз кандай карайсыз?
- Туура, мындай иштер райондордо көп эле катталат. Жакында эле Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда болду. Былтыр Чүй облусунун Москва районунда, Баткен облусунда катталган. Ошондой эле өлгөн адамдардын акчасын башка бирөөгө тиркеп коюп, акча жасаган учурлары да жок эмес. Азыр райондук соцфонд кызматкери менен архивдин казматкерлери биргелешип алып, жалган айлыктарды таап чыгып, пенсия чектөөдө мыйзам бузуп жатышат. Социалдык фонддо, почта тармагында иштеген кызматкерлердин айлык акысы мугалим, дарыгерлердикине салыштырмалуу жогору, ага карабай эле алкымдарын тыя албай, паракорчулукка жол беришүүдө. Социалдык фонддо атайын текшерүү жүргүзө турган аудит бар. Алар кагаздарды чогултуп текшерүү жүргүзүшөт. Министрликтерде текшерүү жүргүзө турган байкоочу кеңешти социалдык фондго да түзүш керек. Бирок алар толугу менен текшере алышпайт, пенсияларды кайра текшергенде туура эмес чектөөлөр өтө көп.
- Азыркы учурда Ысык-Көл районунун соцфондусунун начальниги Үсөнбек Акунов деген бир кезде документ оңдоп, жооп берүүнүн ордуна кайра кызматынан көтөрүлүп кеткен деп бизге айткандар болду эле. Ал жөнүндө кабарыңыз барбы?
- Ал окуя менин убагымда болгон. Ал жигит өзүнүн жердешинин документин оңдоп пенсияга чыгарып жиберген тууганы жети-өгүздүк экен, аны Ак-Суу районунан документ жасап пенсияга чыгарып жатпайбы. Ал кылыгы үчүн жооп берүүнүн ордуна кызматынан жогорулап кеткени да чын. Ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Тойчубек Касымов бул мырзаны жоопко тарттырардын ордуна "эмгек сиңирген" деген наамды бердирип жатпайбы…
- Азыр ар бир райондо жок эле дегенде экиден банк бар эмеспи, балким акчаны банк аркылуу эле которуп турса кандай болот?
- Акчаны банк аркылуу которуунун жолдорун күчөтүш керек. Анткени банктардан акчаны өөнөп алуу мүмкүн эмес. Ошондой эле кагаз-каражаттары да үнөмдөлмөк. Орто эсеп менен социалдык фонд, почта тармагына жылына 15 тонна кагаз сарпталат. Анын үстүнө кагаздарды бирден санап текшерип чыгуу өтө көп мээнетти талап кылат. Убакыт да чектелүү болот, бүгүндөн баштап баланчасына чейин текшерилсин деген чечим чыкса, ошол күнгө чейин текшерип бүтүш керек. Мурда кагаз иштеринин баардыгы кол менен аткарылчу, азыр техника өнүгүп, баардыгы компьютердин негизинде болуп калбадыбы. Мисалы, кагазга акча кетет. Ал эми банк аркылуу которула турган болсо, чыгым болбойт.
Жакында соцфонддо жаңы программа түзүлүп жатат деп уктум, ошондо жогоруда мен айткан: пенсияларды чектөөнү, эсептөөнү жана төлөөнү бир борборго бириктирүү маселесин карашса дурус болмок. Анан да соцфонд жалаң эле акча чогултууга көңүлүн бурбай, анын чыгымдалышын да тыкыр көзөмөлгө алышы керек.
- Үй-бүлөңүз туурасында айта кетсеңиз?
- Байбичем Гүлүпа өмүр бою врач болуп иштеп пенсияга чыккан. Октябрь революциясы ордени менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы наамы бар. Эки уул, бир кызым бар. Балдарың жакшы чыкса, ата-энеге сыймык тура. Кудая тобо дейин, балдарым тарбия көрүп, акыл-эстүү чоңойду. Балдарым борборубуздагы математикалык гимназияны аяктап, жогорку окуу жайын Москвадан бүтүрүштү. Улуу балам Нурдин жакында эле Ысык-Көл облусуна губернатор болуп шайланды. Экинчи уулум Нурлан жеке ишкер. Кызым Айнура турмушта. Кудайга шүгүр, үчөө тең өз оокаттарына тың. Нарктуу жерден куда күттүм. Экинчи уулум Нурлан аттын кашкасындай таанымал, белгилүү композитор ыраматылык Мукаш Абдраевдин кызын алган. Кызым Айнура акын Зинакан Жүндүбаеванын келини. Карганда неберелериңдин жытын искеп, балдарыңдын бактысына бөлөнгөндөн өткөн ырахат жок тура, ошол жыргалды баштан өткөрүп турган учурум. Нурдиним губернатор болуп шайланды. Кудай буюрса, эл ишеничин актап жакшы иштеп берсе мен үчүн ошол сыймык. Шайланган күндүн эртеси айттым: "Балам, айланайын, кыргыздын ажайып керемет жери касиеттүү Ысык-Көлдү Кудай таалам элибизге белек кылып берген. Ошондуктан ошол эл, жерге ак кызматыңды кылып бер" - деп батамды бердим. Акаевдин убагында Нурдинди Чүй эли депутат кылып шайлашкан. Бакиевдин учурунда деле көптөгөн кызматтар сунушталган, баарынан баш тарткан.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





  Дарыгерден кеп-кеңеш...

Жалбыз эмнеге дары?
o Жалбыз чөбү көп ооруга дары болуп эсептелет. Мисалы, уйкусуздукта, депрессияда, жоон ичегинин сезгенишинде, жатындан кан агууда, өнөкөт ич өтүүдө, чиркей чакканда, муун ооруларында колдонулат.
o Уйкусуздуктан арылуу үчүн бир аш кашык жалбыздын жалбырагынын үстүнө 1 стакан кайнаган суу куюп 30 мүнөт демдеңиз. Сүзүп алган соң 50 граммдан үч маал тамактан мурда 15-30 мүнөт мурун ичиңиз.
o Ал эми артритте 500 грамм жалбырагынын үстүнө 1,5 литр ысык суу куюп 15 мүнөт кайнатыңыз. Кайнатманы 30 мүнөт тыныктырган соң ваннадагы сууга кошуп жатуу керек.
o Чиркей чакканда 2 аш кашык жалбырактын үстүнө 2 стакан ысык суу куюлат. 10 мүнөт тыныктырган соң чиркей чаккан жерге сүйкөй берсе болот.
o Жатындан кан агууда 20 грамм жалбыз жалбырагынын үстүнө 500 грамм термостон кайнак суу куюп, 2 саат демдөө кажет. Күнүнө 3-4 маал тамактан мурун бир стакандан ичилет.
o Баш ооруса, колдун манжалары менен чачтын түптөрүн терисин үзүп ала тургандай кылып мыкчып-мыкчып массаж жасоо керек. Бул ишти маңдайдан баштап желкеге чейин жасоо зарыл.
o Мындан сырткары 2 см келген лимондун кабыгын алып анын ич жагындагы чел кабыгын тазалап кырып салат да чыкыйга басып турат. Бир аздан кийин ал жер кызарып чыгып оору жоголот.
o 30 тамчы алоэнин ширесин жарым стакан сууга аралаштырып ичет.
o Жаздыкка деп арнаган кездемени (чоңдугу 40х40 болушу керек) тигет да ага сирендин жалбырактарын (гүлдөп бүткөндөн кийин) жана шалбаа бедесинин гүлдөрүн аралаштырып толтуруп алып жазданып жатып жүрүү сунуш кылынат.
Карагайдын да пайдасы барбы?
Карагайдын жалбырактарын ысык шишикке каршы коюп таңса, ал эми кабыгын жанчып туруп жаракатка койсо пайдалуу. Жалбырагынын кайнатмасын уксуска кошуп тиш ооруганда чайкаса жардам берет. Карагайдын уругу көкүрөктөн какырык чыгарганга пайдасы зор. Чайыры эски жөтөлдөргө оң таасир берет.
Кантип тез уктаса болот?
Жатаардан мурун ашыкча тоюп албаш керек. Өтө курч окуялуу кино көрбөй койгон оң. Ошондой эле китеп окуса да таасир берет. Өткөн, эртең болчу окуялар жөнүндө ойлонбош керек. Тез уктоонун бир дарысы - пияз. Пияздан көбүрөөк жесеңиз уйкуга бат алдырасыз. Бар болсо эчкинин сүтүнөн бир-эки стакан ичип коюу да жардам берет. Бал кошулган чай ичсеңиз уйкуңуз бат келип көшүлөсүз.
Бөйрөк ооруса...
Ашкабактан сыгылып алынган ширени күнүнө үч маал ачкарын жарым стакандан ичип жүрүү керек. Бир жума бою чай ордуна ашкабактын данегин кайнатып ичип жүрөт. Ошол күндөрү зыгырдын данын майдалап, аны ысык бууга эзип тоголоктоп туруп ооруган жерге басуу керек. Жумасына бир жолу сууга бышырылган буудайдын данын жеп, суусун ичип жүрүү пайдалуу. Майдаланган карагаттын тамырынын 2 чоң кашыгын 2 стакан сууга 15 мүнөт кайнатат. Муздагандан кийин чыпкалап, аны үчкө бөлүп үч маал ачкарын ичип туруу сунушталат. Дарылануу мөөнөтү 1-2 жума.