Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кара Дуба
Кыргоол
Мен абдан ишенчээкмин, мындай ишенчээктигим менин жан дүйнөмө жылуу сезимдерди алып келет. Шекчил, эч нерсеге, эч кимге ишенбеген жан дүйнө тез жардыланат, акыры ооруга чалдыгат. Мен табып, тажрыйбалуу психолог катары, мындай шекчил жан дүйнөнүн кантип кыйроого учураарын жакшы билем. Ишенбеген шекчил адам аргасыздан үмүт менен жашай берет, ал эми үмүт учур чакта жок, үмүт келечекте, үмүт дайым алыс. Кыргызстан эгемендүүлүк алганына жыйырма жыл болду. Жыйырма жыл ичинде биздин эл ишенич сезиминен ажырады, шекчил болуп калды, үмүт менен кана жашап келет. Элдин ишенимин бир да саясатчы бүгүнкү күнү толук жеңип ала албайт. Бул ачуу чындык. Ооганстанда 27 жылдан бери согуш жүрүп келет, бул элде согуш башталган жылы туулган бала 27 жашка чыкты. Тынчтык, бейкутчулук деген түшүнүгү жок муун өсүп чыкты. Туулганынан колуна курал кармап өскөн адамдын колуна тынч заманда кетмен карматсаң, акыры бир күнү колундагы кетмени мылтык болуп ок жаадырышы мүмкүн. Адамдын табияты ушундай татаал. Ушундай жагымсыз ойлордун кучагына аргасыздан Кыргызстандагы окуяларды сыналгыдан карап отуруп батып кеттим. Сыналгыда КТРдин башчысы Кубат Оторбаев биздин азыркы кандуу парламенттин спикери Акмат Келдибеков менен маектешип жатты. Бул маекте эмне деген жакшы ойлор, жакшы сөздөр айтылды. 7 - апрелдеги элдик төңкөрүш жөнүндө сөз козголду, ошол каргашалуу 7 - апрель күнү Акмат Келдибеков мырза, Кубат Оторбаев экөөбүзгө кошулуп алып, Бакиевге каршы күрөшкөндөй элес калтырды мага. Ал эми Кубат мырза экөөбүз 6 - апрель түнү башталган элдик революцияда бирге болгонбуз. Бул чындык. Саясат, саясат, саясат сайда калсын. Саясат элди бөлүп жарган жаман Кара Дуба тура. Акмат Келдибеков Кубат Оторбаев жана Мелис Карыбеков дагы Манастын тукумдары, бир атанын балдары. Биздин элге ынтымак алтындан да кымбат, суудай керек, ырыс алды - ынтымак.
Мындан он - он беш жыл мурун Акаевдин заманында, тагыраак айтканда Майрам апчебиздин падышачылыгы күчүндө турган мезгилде, айтылуу Токмок калаасынын чекесинде жайгашкан "Кыргоол" деген мамлекеттик фазендада же, хандар кыргоолго мергенчилик кылып сайран курган камыштуу жайда мен Акматбек Келдибековду биринчи ирет көргөн элем. Ал мындайча болгон. Ал заманда кыргоол атканы, эс алганы Акаев жана анын жан жөкөрлөрү Токмокко көп катташат эле. Аскар Акаев биринчи жолу кыргоол атып түшүрүп өзү да чочуп кетиптир, жан жөкөрлөрү, кошоматчылары шарактатып кол чаап жатып калышты дейт көргөндөр. Бул окуяны угуп, Акаев бала кезинде ачакей чоймо (рогатка) менен таранчы да атып көрбөсө керек деп, ойлоп койгом ичимден. Акаевди жандагандардан ашынган мергенчи Накен Касиев деп кеп кылышат эле, бир атканда кырк-элүү, жүзгө чейин кыргоолду кырып салчу деп таң беришчү. Бир ирет Накен Касиев дүйнөгө аты чыккан Ельциндин жүрөгүн алмаштырган Акчурин деген профессор академик дарыгерди эс алууга алып келип, кыргоолдорду экөө атаандашып аткылап кырышкан дейт. Ал Акчурин да чоң мергенчи экен. Бул окуяны укканда, мына, "гумандуу" врачтар деп ойлоп койгонмун. Кыргоолдор да тирүү жандар, адамдын өмүрүнүн сакчылары, дарыгерлери, кантип мындай ишке барышат?!. Таң каласың.
Ошол жылдары кыргоол атканды Каржы министрлигинде иштеген төрт - беш мансапкор жаш жигиттер да өнөкөткө айлантып алышкан. Алар менен бир аз, бир дасторконго отуруп даам татышып калдым эле. Ал мансапкорлордун бири Акмат Келдибеков, экинчиси бир катар жыл казына башчысы болгон Темирбеков эле, калгандары эсимде жок. Ооганстан, кыргоол, Акаев, Келдибеков - бул аталыштардын бири-бирине кандай байланыштары бар? Мүмкүн кандайдыр бир байланыштары болсо керек. Бул аталыштарды менин тынч албаган ой-санаам байланыштырып жатат да. Ооганстан 27 жыл согушка белчесинен баткан болсо, Кыргызстан жыйырма жыл коррупцияга белчесинен баткан. Ал эми Келдибеков болсо, жыйырма жыл каржы тармагында иштеп өсүп келди коррупциядан башка эч нерсени көрбөгөн муундун активдүү өкүлү. Сыналгыдагы маекти карап отуруп ушундай ойлорго баттым. Акмат Келдибековдун жакшы жактарын да байкадым. Өткүр, тайманбас, шар экен. Мындай мүнөз Манас тукумуна тиешелүү. Дилинде элди ынтымакка чакырып, "кыргыздар бири-бирибизди жакшы көрүп, жүрөгүбүздөн бири бирибизди сүйсөк" дейт. Ушундай ойлорду айтканыма мени Акматбек мырза сүйөр бекен? Ал эми мен ишээнчекмин. Ишеним, менин жан дүйнөмдөгү бийик туткан туум, байрагым. Акмат мырзага мен ишенгенсип калдым. Кыргоол фазендасына Бакиев да тез-тез баруучу эле, Бакиев кыргоол атып чуркап убара деле болчу эмес, ал адатынча арактын акесин тааныта ичип, жергиликтүү ырчы - чоорчулар менен сайран куруп, акчасын чачып кайтып келчү. Сыналгыда маек аяктап, ойлорум, санааларым көпкө тынч албады. Кыргызда мылтыктын анты жаман деген сөз бар. Кулагыма мылтыктын "тарс, тарс, тарс" деп тарсылдап атылганы жаңырып, асмандан ок тийип, канатын жайып, жерге кулап түшүп жаткан кыргоолдор, 7 - апрелде Ак үйдүн айланасында ок тийип жерде жаткан азаматтарыбызга окшошуп туруп алды.

Бүркүттөр
Темирбек Токтогазиев сөзмөр адам. Албетте кесибине байланыштуу болсо керек. Жо-ок, кээ бир адамдын жартылышына, адам жаралганда сөзмөрлүк да бирге жаралып боюна сиңип бүтүп калат. Сөзмөр адам унчукпай отурса деле анын денеси, көзү, колу, кулагы, ою сүйлөй берет. Темир Токтогазиев сүйлөп жатканда угуп отуруп, кино көргөндөй эле болуп каласың. Темир Токтогазиев мага бир жолу мындай бир окуяны баяндап берди. Ал окуяны уккандан бери менде тынчтык жок. Ой кыялымдын баарын ошол окуя ээлеп алгандай эле болду. Эгерде жаш кезимде бул окуяны уккан болсом, анча деле маани бермек эмесмин. Андай окуялар биздин элде көп эле айтылып жүрөт. Эмнеси бар экен, көп жомоктун бири деп маани бермек эмесмин. Мен өзүм жаратылышыман эле жомокту чындыкка айландырып жиберген бир кудуреттүү энергиянын кыймылдаткычынын сырын, табышмагын жандырып, үйрөнүп алган адаммын да. Мындай окуяга кантип ишенбейм, окуяны угуп жатканда, ал окуянын бирден бир катышуучусу, күбөсү да болуп мезгилди жылдырып, качанкы бир болуп өткөн окуяга аралашып сүңгүп кеткем. Анда эмесе, силерге укканымды айтып берейин.
Темир Токтогазиев өзү таластык. Бала кезинде атасы Таласта кызматкер болуп иштейт. Ал кезде кыргыздар опийимди көп айдашчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Темир мырзанын атасы үйүнө жашы улгайып калган бир кемпирди алып келет. Ал жоругу жолдо калган кемпирди милициялар базарда ачык эле опийим сатып жүргөн жеринен кармап камап салышкан экен. Көрсө, улгайып калган кемпирди бирөөлөр тамашалап, базарга апийим алып чыгып сатсаң эле пайда табасын деп койсо, базарга чыгып апийим ким алат деп ачык эле жар салып, апийим сата баштаптыр. Кемпирдин сабатсыздыгына, улгайганына байланыштуу милициядан райондун кызматкерлери бошотуп жиберишет. Ал кызматкерлердин бири Темир мырзанын атасы кемпирди үйүнө түнөткөнү алып келет. Ошол кемпир мындай бир окуяны айтып берет. Ал өзү Таластагы бир байдын кызы экен, атасын кулакка тартып, совет өкмөтү куугунтукка ала баштаганда, өспүрүм кыз экен. Бир күнү атасы өспүрүм кызды түн ичинде ойготуп, жүрү кызым деп айылдын сыртына алып чыгат да, көзүн таңып атына учкаштырып алып жөнөйт. Арадан канча убакыт өткөнүн кыз билбейт. Бир далай жүргөндөн кийин, атасы кызын бир үңкүргө жетелеп кирип, чырактарды жандырып, көзүнө байланган жолукту чечет. Кызы үңкүрдүн ичинде толтурулган алтын, күмүш, жакут жана ар кандай кымбат баалуу дүр - дүнүйөнү көрүп таң калып туруп эле калат. Атасы кызына кайрылып, кызым, ушул дүнүйөнүн баары сеники, каалаганыңды ал дейт. Кыз ары карап, бери карап, дүнүйөнүн баарын көрүп чыгып, ушунча дүнүйөнүн ичинен өзүнө жаккан кооздолуп жасалган жез дагараны тандап алат. Кызынын мындай кылыгына атасы абдан нааразы болот. Ушунча дүр - дүнүйөнүн ичинен тандаганың жез дагыра дейт. Мындай байлыкка сен татыксызсың, ээ боло албайсың деп, кайрадан көзүн таңып үйүнө алып келет. Ошону менен үңкүрдүн сыры ачылбай калат. Атасынын байлыгын барктай албаган кызы өмүр бою жардылыкта өтөт. Ал эми үңкүрдөгү дүр-дүнүйө ушул күнгө чейин Таласта сырын катып жашынып жатат.
Сырткы сырдуу күчтөрдөн үңкүрдүн кайда экенин сурасам, мага үңкүрдүн сырын, үңкүрдүн дарбазасын ачып беришээр. Ошончо дүр-дүнүйөнүн ичинен мен эмнени тандамакмын?! Үңкүрдү табыш кыйын, андан да кыйын сыноо, ошончо дүр-дүнүйөдөн бир буюмду тандап алуу. Эмнени тандамакмын, мм... чынын айтсам билбейм.
Кыргыздын ырыскысы биздин тоолордо жашыруун катылып жатат. Биздин тоолордун баарында сыр катылуу. Кумтөрдө, Талды-Булакта, Макмалда. Бизди тоолор сынашат. Сыноодон кантип өтөр экенбиз?!
Мындай сырдын жандырмактарын мен бүркүттөрдөн сурайм. Мен эле эмес, кыргыздын Эл баатыры аталган, Манас орденинин ээси, сүрөтчү агабыз Жоомарт Кыдыралиев мындай деп айтты эле. Оппозиция Атамбаевди кыргыз элинин атынан президенттикке талапкер кылып чыгарып, Арашанда чоң курултай өткөзүп жатканда Жоомарт Кадыралиевге сөз беришет. Сүрөтчү агабыз беш-алты миң адамдын астына чыгып, сөз сүйлөп жатып толкунданып кетет, өзүн токтотуш үчүн асманды карайт. Сүрөтчүнүн көз карашында асманда тең салмактык бар. Асманды караса, адам салмактанып толкунданганы токтоп калат дейт. Ошондо Жоомарт агабыз асманды карап, Курултайга учуп келген бүркүттөрдү көрөт. Ошол бүркүттөрдү маалыматчы бүркүттөр дейт. Улуу курултай өтүп жатканда асманда беш бүркүт пайда болгон. Бүркүттөрдү көп эле адам байкаган. Бүркүттөрдүн маалыматын жалгыз гана мен жандырган сыяктуумун. Акмат Келдибековдун сыналгыда айткан маегинде президент Роза Отунбаева экөө катуу маектешип, ушул жайда Суусамырда чөп чыкканда, жалпы элди чогултуп курултай өткөзсөк деп чечтик дейт. Бул курултайга Манастын бүркүттөрү учуп келер бекен?!
Мелис Карыбеков Асан теги





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??