Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Сары санаага салган элди,
азапка бүткөн "Андаш" алтын кениби?
(Башталышы №04 санында)
Эл өкүлдөрү эмне дейт?
Калктын катуу толкундоолорунан кийин бул маселе боюнча депутаттык комиссия 2008-жылдын18-июлунда 8909 катар саны менен кыскача отчёт берилгенин билдиришкен. Атайын комиссия АМК менен сүйлөшүүлөр жүргүзгөн учурда долбоордук документацияларды эксперттик топко толук тааныштыруу тууралуу сөз болгон. Тилекке каршы, АМКнын жетекчилери долбоордун жашыруундуулугун шылтоо кылышып, эксперттик топ Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агентчиликтен долбоордук документациялардын бир аз бөлүгүн алып, изилденген экен. Тактап айтканда, долбоордук документация №1 кен чыккан жер боюнча алынгандыгын эске алсак, парламенттик комиссияны тоготпогон АМК көпүрө-базарлык карапайым калкка кайсы чындыкты айтышмак? Алардын кенди иштетүүнүн жыйынтыгы элге ачык-айкын билдирилет деген кебине ким ишенет?
Жеринен таанышкан депутаттык комиссия ТЭО материалдарында кен жаткан жердин химиялык курамы толук изилденбегендигин жана кыскартылып берилгенине басым жасашкан. АМК кен көчкү жүрбөгөн жана сел жүрүү коркунучу азыраак деген маалыматы төгүнгө чыгарылып, 1992-жылдагы катуу жер титирөөдөн жаңы булактар кен чыккан жерге жакын экендигине өздөрү күбө болушкан. Айлана-чөйрөнү булгоочу заттар Каракол суусунун жээгиндеги 18 километр аралыкка созулуп жаткан кайың токоюна, мал жайыттарына терс таасирин тийгизерин, кендин курамында диоксид кремний 62 пайызды түзүп, бул акырындык менен ушул аймактагы калктын организмине акырындык менен таасир берип, силикоз илдети жайыларын белгилешкен. Ал эми Каракол суусу Талас дарыясына кошулуп, бул бүтүндөй регион боюнча сугат иштерине пайдаланарын эске алсак, анын кесепети калк үчүн канчалык кымбатка турарын акыл жүгүрткөн адам айттырбай эле түшүнөт эмеспи.
Документацияда Белбашат ойдуңу мал жаюуга жараксыз жер катары көргөзүлгөнүн эл айылдын тургундарын маскаралоо катары карашат, ошол эле учурда айылдын бадасы жаз-жай айларында ушул жерге жайыларын ар бири ачык эле айтышат. Июль, август айында кургакчылыкта да 15ке жакын булак бар экендигин эсепке албай, уулуу заттардын калдыгын сактоочу (хвостохранилище) жайды ушул ойдуңга курууга АМКнын далалатын атайын кыянатчылык катары кароого болот. Ошол эле учурда рекультивация схемасы так иштелген эмес. Ушул жерде эске алынуучу нерсе, кен иштетилип бүткөндөн кийин уулуу калдыктарды зыянсыздандырып туруу жоопкерчилигин АМК канчалык деңгээлде моюнга алат? - деген сурообузга, "ага айыл Өкмөтү жоопкер, бул милдет алардыкы" - деген жоопту уккан элек. Кендин үзүрүн АМК көрүп, айыл Өкмөтүнүн жетиштүү каражаты жоктугунан көпүрө-базарлыктар азабын тартканы калыстык болорун ким айтып, кепилдик бере алат?
Кенди майдалап-талкалоо комплекси карьердин түндүгүндө суу сактоо зонасынын чегине жакын жайгашкан, аралыгы 50 метр. Бул Узун-Булак өзөнү да Каракол суусуна кошулат, бирок АМК бул маселе боюнча Мамлекеттик суу инспекциясы менен макулдашылбагандыгын комиссия аныктаган эле. Ошону менен катар кенди иштетүүнүн көптөгөн социалдык-экономикалык кесепеттерине да токтолгон. Ошентсе да бийликтин кысымы астындабы, кенди иштетүү тескери таасиринен оң натыйжасы бар деген тыянак чыгарып беришкендигин эл эми гана билип отурат.
Калк кайрадан козголууда
Ошентип, бийлик парламенттик комиссиянын маалыматтарына ылайык, элдин пикири менен эсептешүүгө аргасыз болгон. АМК кенди иштетүүнү токтоткондон башка ишенимдүү жолу жок эле. Иш токтотулгандан кийин толкундоолор басаңдаган. Абалдын бир кыйла турукташы менен алтын деп алаңдагандар кайрадан жанданып, "Талас Копер Голд" компаниясы пайда болду. Бул компания Коргон-Таш, Андаш, Кенташ, Талды-Булак, Баркол алтын кендерине лицензияга ээ болуп, картанын схемасы түзүлгөн. Ушул жерде адаттагыдай кен чыккан жердин аянты мурдагыдай эле төмөндөтүлгөн сыяктанат. Алдар Көсөөнүн алдооч баштыгына ээ болгонбу, айтор, АМКга тиешелүү Андаш алтын кенинин схемасына таянсак, карта боюнча азыркы күндө кен чыккан жер менен Көпүрө-Базар айылындагы Таштанаалы, Талас көчөлөрүнө жана Каракол суусуна кошо лицензия алып койгон деген гана тыянак чыгарууга болот.
Эски бийлик кулатылып, түштүктө болуп өткөн окуялардан кийин мамлекетибиз миллиондогон чыгашага кептелип, азыркы күндө социалдык-экономикалык оор кырдаал түзүлгөнүн пайдаланышкан АМК өздөрүнө "ишенимдүү" адамдарына 50 миң сом үстөгү менен насыя, 1 тоннадан көмүр таратып, аларга бул "көрсөткөн көмөгү" үчүн кендин иштетилишине "үй-бүлөм менен макулмун" - деп кол койдуруп алып жаткандыгы мыйзамга туура келеби, же бул коррупциянын башаты болуп саналабы, тийиштүү уюмдар изилдеп көрүшөр. Экинчи өңүттөн алып караганда ит жеминдей "жардам" алгандар жергиликтүү калктын 5 пайызына жакынын гана түзөрүн "Талас Копер Голд" компаниясынын жетекчилери билишпейби?
Өткөн 2009-жылдан бери мындай аракеттин жанданышы көпүрө-базарлыктардын козголушуна алып келип отурат. Натыйжада "кен иштетилбесин" дегендердин колдору топтолуп, бул маселе боюнча депутаттардын Рыспек Айдаралиев атындагы округдук Кеңеши ушул жылдын 28-февралында АМК жоопкерчилиги чектелген коомуна иштетүүгө "жакынкы жайыттан жер бөлүнүп берилбесин" деген токтомун токуйт. (№7/2). Калктын талабы боюнча ушул эле айыл Кеңеши тарабынан 2010-жылдын 21-сентябрында кезексиз сессия өткөрүлүп, жергиликтүү депутаттар "Андаш" компаниясына жерди иштетүүгө жана чалгындоого берилген уруксат лицензиясын жокко чыгаруу жагы КРнын Мамгеологагенттигине сунуштаган №65 токтому жөнөтүлөт. Мына ушул маселелерди камтыган катты Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаевага үчүнчү ирет жөнөтүп кайрылып жатышканын да жашырышпайт.
Көмүскө ишке ашырылган көмөк
"Укмуштуунун төөсү жорго" деген кеп чын көрүнбөйбү, анын чыныгы сырын Талас районундагы Р.Айдаралиев атындагы айыл округуна барып таанышсаң болот. Ал жерден жасалма документтерди жасоонун жолун, аны менен акча каражаттарына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн, айыл өкмөтүнүн башчысына кол салып, мамлекеттик мөөрдү тартып алуунун, ал үчүн кайсы жол менен жоопко тартылбай калуунун жолдорун үйрөнсөңөр болот. Мындай чуулгандуу окуяны иликтөөгө Талас райондук ички иштер бөлүмү жана прокуратурасы батына алган жокпу, болбосо башка күчтөрдүн кысымы алдында бул кылмыштуу ишти жаап-жашырдыбы, аны айта албайбыз. бирок айыптуулар "ак чыгып", айыл өкмөтүнүн акча "операциясынын" документтери көз ирмемде "сыйкырдуу таяктын" күчү менен асманга учуп кетсе, мөөрдү тартып алгандар күч органдардын көзүн байлап, күнөөлүүлөрдү суракка алмак түгүл, жанында турса да көрө албай калышат экен. Ага каршы сыйкырды жандырууга касиети күчтүү дубакөйлөрдү райондун гана эмес, облустун жетекчилери да жарыкта чырак менен издеп таба албай калышкандыктан, бул айыл өкмөтү мөөрсүз калыптыр.
Какшыктагандан башка эмнебиз калды? Кеп учугун жандырып көрөлү. Айыл өкмөтүнүн атайын "фирменный" кагазына комиссиянын төрайымы (кайсы комиссиянын төрайымы экенин АМКнын жетекчилери эле билсе керек) Б.Шайнаева деген бирөө АМКнын башкы директору Фред Хьюстонго:
"-Биздин сизге кайрылганыбыздын себеби: биз айыл тургундарынын атынан 569 арыздын негизинде кредиттик линияны ачып, кары-картаң, жетим-жесирлерге кайтарымсыз 100 (жүз) тонна көмүр жардам катары жана майып балдарга материалдык жардам берүүңүздү өтүнөбүз. Катка тизме тиркелет" - деген 2010-жылдын 22-ноябрында чыгыш №143 "өтүнүч" каты жөнөтүлөт, буга мүчөбүз деген 10 адам кол коюшкан.
Көңүл буралы. Айыл округунун расмий катынын мүнөзүнө ээ, иреттик санда каттоодон өткөрүлгөндөй, бирок ал айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашылса, анда ал неге каттын тууралыгын тастыктап кол тамгасын койгон эмес? Көпүрө-Базар айылынын Элдик комиссиясы айыл өкмөтүнүн бир бөлүмүбү, же ал АМК тарабынан уюштурулган комиссиябы? Эгерде бул "элдик" айыл өкмөтүнө баш ийбесе, анда бул округда кош бийлик орногонбу?
Дагы бир таң каларлыгы ушунда, айылдын эли жана айылдык Кеңештин депутаттары АМК тарабынан берилген каражаттар боюнча отчёт берүүнү талап койгондон кийин документациялардын бир-эки күндөн кийин "жоголуп кетиши" бул комиссиянын каражаттын негизги бөлүгүн өздөрүнө энчилеп алгандыгын каңкуулап жатпасын? Ал эми АМКнын жетекчилери "элдик комиссияга" канча каражат бөлүп берген? Ошол эле учурда алар неге расмий катта мөөр жоктугун, айыл өкмөтүнөн бул комиссиянын барын тастыктаган тактама талап кылышкан эмес? Бул кат "жасалма" документке кирбейби? Ушундай катты биз деле даярдап барсак, тастыктаган документтерсиз "материалдык жардамын" беришеби?
"Андаш" кенинин чатагы бир айылдын элин жаат-жаатка бөлүп отурат. "Элдик комиссиянын отчёту талап кылынгандан кийин документтер гана жок кылынбастан жумушчу ордундагы айыл өкмөтүнө уюшкан топтор күч колдонуп, мөөрүн тартып алышкан экен, ошол боюнча ал дайынсыз жок болуптур. Райондун ИИБиси жана прокуратурасы мөөрдү тартып алган ким экендигин айтып берсе да, ал адам "подписка" менен эркиндикке чыгарылыптыр. Ушундан улам мөөрдү тартып алууну кызыкдар тарап уюштурган сыяктанат. Логикалык жактан алганда ар түрдүү махинацияларды жабууга мөөр керек болгон көрүнбөйбү? Алар арткы даталар менен отчёттук документацияларды жасап жатышы да мүмкүн. Ал түгүл АМК Талас районундагы Р.Айдаралиев атындагы айыл округу кенди иштетүүгө мурда макулдук берип, мөөрүн баскан деп чыгууга тиешелүү кагаздарды даярдап жатпасын деген күмөн ой да пайда болот. Айтор, бул жоболоңдуу жоруктун аркасында акчасы түтөгөндөр, же белгилүү бир ири чиновник тургандай. Болбосо эмгиче тартылып алынып жок болгон мөөр табылмак, финансылык-экономикалык документтердин белгисиз жол менен "уурдалышына" эч ким даамак эмес.
Айрымдардын бул окуяга "Талас Копер Голд" компаниясынын, анын ичинен "Андаш" кенине көзүн кызарткан АМКнын катышы болушу мүмкүн деген божомолдор кеңири жайылууда. Ошентип, "Андаштын" алтын кени көпүр-базарлыктарды сары санаага батырып, 2001-жылдын 11-январында алар кенди иштетпейбиз дешип, тынч жол менен нааразылык акциясын да өткөрүшкөн. Элдин талабы аткарылбаса, облустун борборунда, андан кийин борбор калаабызга жүрүш жасашканга даяр экендигин билдиришти.
Эртабылды АТТОКУРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??