Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Базарчы айымдан
президент айымга ачык кат…
Урматтуу Роза Исаковна,
сизди жаңырган жаңы жылыңыз менен куттуктап, ден соолук, ийгилик, кыргыз элин темирдей тартип менен кармап, турмушубузду тезирээк оңдошуңузду тилейбиз. Сизге эки-үч жолу кат жаздык эле жооп болгон жок. Же бизге окшогон карапайым элдин катын аппараттагылар окуп туруп сизге жеткирбей тытып ташташабы? Айла кеткенде элдик гезит "Форум" аркылуу айтып жатабыз.
Маркумдарга көзү өтүп кеткен наам, сыйлык көчөнүн, шаардын атын берип, болбогон туура эмес иштерди баштап жатасыңар. Туура кылып жатабыз десеңиз, Султан Ибраимов деген инсан ким эле, анда Токмок шаарына а кишинин атын берип, баатырдык наам "Ак шумкар" орденин таккыла. Болот Мамбетов, Насирдин Исанов ж.б. азаматтарыбызды дагы эстеп баатырдык наам бергиле?
Көрдүңүзбү эже, чындык болбой эле кошоматтык болуп жатат. А дагы бир ууч эле адамдардын ойлоп тапканы. Эже, сиз эгерде элдин турмушун тез арада оңдойм десеңиз өкмөттүк, жогорку деңгээлдеги аш-тойлорду элдин социалдык абалы оңолгуча, жакшы турмушка жеткиче кан буугандай токтото туруңуз. Кыргызды жакырлыктын кырына жеткирген ушу аш-тойлор.
"Казды туурап, карганын буту сыныптыр" дегендей, байларды туурап кедейлер карыздап той берип, карызга белчесинен батып аягы үй-бүлөсү кыйроого учурап жатат. Эгерде аттуу-баштуу инсандардын мааракеси болсо, ошого кеткен чыгымды районуна, айылына мектеп, бала бакча, маданий жай салып берсеңер ошо кишинин аты калып, арбагы ыраазы болот. Болбосо бир чоң өкмөттүк деңгээлдеги тойго кеткен каражатка баланчанын мааракесине момунча акча кетти дешип чиновниктер кафе-ресторандарда ичип-жеп, калганын чөнтөктөрүнө солоп жатышпайбы. Ал акчаларга бүткүл Кыргызстандын мектептерине жеткидей китеп чыгарса болот экен. Дагы бир жагдай, акчасы бар, акылы жок азаматтарыбыз мектеп салбай, жайнатып мечит салышты эле, айылдагы балдар окубай эле мечиттеп калышты. Мечит салбасын дегенден алысмын. Салынсын, бирок ал жерлер дагы көзөмөлдө болуш керек да. Топчубек Тургуналиев "Манасты" кино кылып тартыш керек деп эле бакырып жатат. "Манаска" обу жок эле асыла бербесек. Тартканга жараша дүйнөнүн эли таң калып ооздорун ачып калгандай тартыш керек. Аябай көп каражат кетет дейт. Мугалимдер, врачтардын айлыгын көтөргөнгө, китеп-дептерге акча таппай жатканда каяктагы кино?! Макул, тартышсын, ким тартат, ким ойнойт Манас атанын ролун? Эптеп-септеп бир нерсени тартып салышабы деп эмитен эле карапайым биз уялып жатабыз. Кыргыздын жалкоолугун, аракечтигин, башынан бери май болуп балчактап тамак жегенин, мушташканын, кыздардын сойкулугун ашкерелеген кинолорду тарткан балдар тартабы? Азыркы "самопал" кинолорду жалаң мектептерде көрсөтүшүп, жаштарды бузуп бүтүштү. "Манастын ролуна мүмкүн бөлөк жактан чакырабыз" дейт. Ыя, кудай, Манас атанын ролун дардыйган негр аткарса ошондо Манас атанын арбагы дүңү менен урат.
Атактууларга айылына, районуна, облусуна эстеликтерин орнотушуп жүргөндөргө молдолор эстелик тугузган чоң күнөө дешип какшап отурушат го. Эми борбордун көчөлөрүн талашып жүрүшөт. Эмне эле күйүп-бышып чуркап жүрүшөт десе, ал жерде дагы көп акча жүрөт тура. Марафон өткөрүшүп карапайым элди канча жолу тоношту. Ушул жагын дагы тартипке салсаңыз. Шаарда деги суктанып карап турган кайсы эстелик бар? "Жумуртка баскан аялбы"? Манас ата жоо келатат десе шашкан бойдон бир баштыкка минип бараткандай сезилет. Шабдандын аты чакан кишини көтөрө албай куйругу эки метр болуп жерде чубалып жатат. Курманжан апанын эстелиги, биринчиден, такыр окшошпойт. Экинчиден, Италиядагы колонналардын арасына чыгып келе жаткандай. Анын арты менен Жылдыз Жолдошева чуркап жүрүп депутат болду. Курманжан эненин эстелигин кайрадан карап чыгыш керек. Ушул эже, азырынча айтарыбыз. Жогоркулардан үнөмдөтүп берсеңиз мугалимдердин айлыгына акча чыгат. Артканы балдарыбызга кененирээк китепке жетет.
Сизди терең урматтап, беш баланын энеси, мурунку биолог мугалими, азыркы базарчы Бектемирова Жамалкан
Керимбековна,
Чүй району





Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага
Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевге
Ысык-Көл областынын губернатору Нурдин Абдылдаевге

Жетекчинин деңгээли,
жектегени карапайым элби?


Урматтуу журт башчылары!
Биз сиздерге кайрылганыбыздын себеби төмөндөгүчө:
Бостери айылында 12 000 адам жашайт. Кыргызстанда туризм тармагы жөнгө салынган эң чоң айыл болгондуктан, жыл сайын бул айылга көптөгөн туристтер келип кетишет. Ушул айылдагы 1994-жылы №54 Асыл тукум заводунун директору Т. Жапаров дегендин кайниси Салмакеев Дөөлөттүн аялы Дамира Таттыбаевага айылдагы жалгыз фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) имаратын кандайдыр бир жол менен сатып жиберген. Ошондон бери Бостери айылындагы элди медициналык жактан тейлөөчү жай абдан начар абалда.
Элди медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында заман талабына ылайык менчикке кеткен ФАПтын ордуна айыл өкмөтүнүн аракети менен жаңы ГСВ салуу пландаштырылууда болгондуктан, Ысык-Көл районунун акими Н. А Насирдиновго кайрылганбыз.
Ал өзү 17. 12. 2010-жылы биздин арызды кароо боюнча төмөндөгүдөй курамдагы комиссия түзгөн:
Комиссиянын төрагасы Т. Абылгазиев - акимчиликтин аппарат жетекчиси. Мүчөлөрү:
Т. Тулегенов - инспектор,
С. Турсунакунов - Мамкаттоонун кызматкери,
Ч. Молдошева - Бостери айылынын "Энелер үнү" жамаатынын төрайымы,
А.С. Нургазиев - Бостери айыл округунун башчысынын орун басары,
Ж. Молдоканов - Бостери айылдык Кеңешинин депутаты.
Азыркы убакта акимдин орун басары болуп иштеген Д.С. Салмакеевге ушул курам менен кирип элдин суроо-талабын айтып, элге бир жакшылык кылып, ФАПтын имаратын кайтарып элге берип кой десек, "бизди кайда барсаңар ошол жакка баргыла, мени эч нерсе кыла албайсыңар"- деп, энесиндей болгон Чынара Молдошеваны жаман сөздөр менен урушуп, "-кабинетимен чыккыла" - деп кубалап жиберген. Андан кийин ушул маселени кайра карап, тынч чечелик деген максат менен райондун акими Н. А Насирдинов өзүнүн иш бөлмөсүндө 24.12 2010-жылы Бостери айыл округунун башчысы Т Учкурткаев кеңештин төрагасы Т.Т Буржуев, депутаттар К.Итибаев, М.Токонов, Ж.Маданбековтор, айылдын тургундары К.Кырбашев, Ч.Молдошева, ГСВнын башчысы Д.Касымбекова, райондук СЦМ директору Б.Жээнбаева болуп, акимдин кабинетине орун басары Д.Салмакеевди чакырып, өз ара ой пикир алмаштык. Азыр ошол жерге демөөрчүлөр чыгып, өз эрки менен азыркы заманга ылайык күндүзгү стационар мүмкүн болсо 5-6 орундук төрөт үйү менен ГСВ салып берели деп жаткандыгынан имарат бүткөндөн кийин сизге дарыканага да бөлмө караштыралы дедик. Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Т.Учкурткаев ошол ФАПты сатып алып, алганга кеткен каражатын дагы мен өзүм кайтарып берейин деди.
Райондун акими Н. А. Насирдинов өзүнүн сөзүндө: "Дөөлөтбек Сыдыкович, Сиз азыр ушундай кызмат орунду ээлеп отуруп элдин суроо-талабына туура жооп берсеңиз анда сиз барктуу болуп, Бостери айылынын туугандарынын батасын алып, сый-урматта жүрөсүз менин оюм боюнча ушул имаратты берип эле койбойсузбу" - деген оюн айтты. Ой-пикир алмашкандан кийин Д.Салмакеев абдан ачуусу келип, айыл округунун башчысы З.Т.Учкурткаев: "Ушунун баарын уюштурган сен! Мен сени атып салам!" - деп, бир айтып токтобой, эки-үч жолу айтты. Ушундай деңгээлдеги кызматты ээлеп турган айыл өкмөтүнүн башчысынын "Атам" дегени Бостери айылынын 12 миң элин атам дегенге барабар. Же атам дегенди Бакиевдин убагында чоң кызматтарды ээлеп жүрүп, Бакиевдерден үйрөнгөнбү?
Эми Д.Салмакеев Бостери айылынын ичинен көп жерлерди кандайдыр бир жолдор менен азыркы убакта четинен сатып жүрөт. А Бостери айылдык кеңешинин жер комиссиясынын тизмегинде 1700дөн ашык адам жер ала албай кезекте турушат.
Ушундай деңгээл менен Д.Салмакеев акимдин орун басары кызматын ээлегенге моралдык жактан туурабы?
Жогорудагыларды жыйынтыктап, Бостери айылынын тургундарынын суроо-талабы боюнча биз сизден төмөндөгүлөрдү өтүнөбүз:
1. ФАПтын имаратын кайра муниципалдык менчикке кайтарып берүү;
2. Д.С.Салмакеев Ысык-Көл районунун акиминин орун басары кызматына деңгээли туура келеби деген суроону чечип берүү;
Бостери айылынын тургундарынын атынан:
Бостери айыл округунун башчысы З.Т. Учкурткаев,
Бостери айылдык кеңештин төрагасы Т.Т.Буржуев,
Бостери айылдык кеңештин депутаттары Итибаев К.,
М.Токноев, Ж.Мааданбекова, Ж.Молдоканов,
Бостери айылынын тургундары К.Кырбашев, Ч.Молдошева, Д.Касымбеков.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??