Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

"Азаттыктан" күлкү төр
Өмүкө Баракка жеңилбептир
"Ата Мекен" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев менен АКШ президенти Барак Обама шахмат ойноп атат дейт.
Текебаев амал кылып өз "баатырларынын" бирин жылдырат.
Анда Обама чыйпылдап:
- Мындай жүргөнгө болбойт, ханыңды (королуңду) жеп коём!
- Бизде хан жок да, - дейт Текебаев.
- Анда президентиңерди жеп коём.
- Жесең жей бер, мен өлкөнү "парламенттик жумурият" деп жарыялайм да, андан ары ойной берем!..

Картага кетти Каркыра!
Назарбаев менен Бакиев арак ичип, карта ойноп атышат дейт.
Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты уттуруп жиберген Кукең чөнтөгүн кагынып туруп жөнөйт. Анда Нуракең тигини этектен кармап:
- Кайда шашасың, Каркыранын бир өңүрүн кошо сайдым деп бакылдадың беле?...

Чучукту өмүрүндө көрбөсө кантет...
Тээ 1980-жылдары СССРде азык-түлүктүн кайсы-бир түрлөрү талон менен берилип калган чакта кеңири айтылган азил.
Бир күнү үч башка муундагы Капитализм, Социализм жана Коммунизм деген пенделер чогуу жер кезип келе жатып, токойдон адашып кетишет. Карды ачып, чарчап-чаалыгышат. Анан чак түштө эптеп чытырман токойдун четине жетип, кеңеш курушат.
- Мен болсо картайып баратам. Социализм, сен баралыңда турасың. Коммунизм эчтекени билбейт, телчиге элек. Ак-караны бир аз таанып калган сен, тетиги көрүнүп турган жайга бар да, дүкөнүнөн өзөк жалгагандай бирдеме алып кел.
- Болуптур. Чын эле Коммунизм "мурдуң кана?" десе оозун көрсөтүп турат, өзүм эле барайын.
Бир саат күтүшөт, эки саат күтүшөт...
Акыры күүгүмдө гана шылкыйып келет, кайран Социализм.
- Ой, эмне болду?
- Жолум болбой калды. Барсам кезек өтө эле узун экен. Эптеп кезегим келгенде бир шилекей чуурткандай жегиликтүү чучук бар экен, сатып алайын десем, кара басып акчам жетпей калбадыбы! - дейт ичи тызылдаган Социализм.
- "Акча жетпей калат" деген эмне? - деп таңдана сураптыр Капитализм.
- "Чучук" дегениңиз эмне? - деп Коммунизм аңырайыптыр.

Жообуңузду кайра-кайра уккум келип жатпайбы!
Тажатма сыяктанган суроо башка бирөөлөрдү эч тажатпайт.
- Алло, бул өкүмат бекен?
- Ооба, өкмөт үйү.
- Мага Мамлекеттик катчы керек эле.
- Ал кызмат жоюлган.
- Алло, бул өкүмат үйү бекен?
- Ооба, аксакал!
- Мени Мамлекеттик катчы менен байланыштырып койсоңуз.
- Андай кызмат жоюлган.
- Алло, бул өкүматтын кеңсеси бекен?
- Аксакал, үнүңүздөн эле тааныдым. Жанараак эле сурабадыңыз беле! Мамлекеттик катчы деген кызмат түп тамырынан жоюлган! Тажатты го, чунак киши!
- Айланайын, кызым, түшүнүп эле жатам. Таң калгандан, анан анча-мынча сүйүнгөндөн кайра-кайра уккум келип атпайбы.
Эми "дүжүр чал" деген кызматты да жоюп койсоңор!




Салижандын азил жана куйкум кептеринен
Айтылуу Салижан Жигитов агайдын (1936-2006) эл оозунда калган азилдери, курч сыны жана куйкум кептери болочок муундарга да сабак болчудай.

Чер жазуу
Бир ирет Нуралы Капаров, Эрнис Турсунов, Салижан Жигитов, Шекербек Сартов агалар чогуу отуруп калышат.
- Жагдай ушундай, Салижан иним. Кез-кез ушинтип чер жазышып жүрөлү, - деп Эрнис аба Салижан акеге карады эле:
- Чер жазышалы дегениң туура, Эке. Бирок, бул Нуралы иниң экөөң, бириң отуруштун биринчи жарымын, экинчиң экинчи жарымын толук ээлеп, башкаларыбызга сөз бербей койдуңар го.
Жазылса... экөөңөрдүн гана чериң жазылбаса, калганыбыздын бугубуз былк этпей ошол эле бойдон калды, - деп Салижан аке токтогон тамашаны улап, тарсылдап күлдү...
(Н.Капаровдун эскерүүсүнөн).

Аялдар темасына тиши өтпөй...
"Аялдар" темасына аралаша коем деп сөзгө катуу жыгылган жайым бар", - деп Салижан акенин эскергени эсимде:
- Өзүм кырдуу жоон топ теңтуш акын-жазуучулар менен аркы-беркини талашып-тартышып жатып, аялдар темасына кандай кирип кеткенибизди билбей калыптырбыз.
Адатымча аны айтса, ал андай эмес, мындай деп жыра талашып, муну айтса, мунуң мындай эмес, андай деп жыра талашып, сөз бербей билекти бек түрүп коюп, аялдар маселесин билерман болуп жалгыз өзүм "бачагын чыгарып" чагып атсам, калың топко аралашпай, кезек-кезек мурдун кашып, мойлосун жанып, аркы четте талаш сөзгө кулак салып турган досум, эркек тананын чырайлуусу Мырза Гапаров чыдабай кетсе керек, жакын басып келип:
"Ай, Салижан, сен кайсы гана темада талашып-тартышпа, мен сенин айткандарыңа макул дебеске аргам жок. Себеби сен менден ого эле көптү билесиң, билимдүүсүң. Сен турган жерде мен сен мыкты билген маселелерди талашып-талкуулабайм. Бирок, сен да мен турган жерде мен мыкты билген аялдар маселесине аралашып, талаш-тартышка түшпөй жүрчү, бай болгур", - деп сөзгө сындырса болобу!
Ошондон кийин бул маселеден таптакыр кол үзгөм...
(Н.Капаровдун эскерүүсүнөн).

Хандык темасы тууралуу
...Францияда жылына 1200-1300 роман жарыяланат экен. Жыйырма жылдагысын эсептеп көрүшсө, ошончонун арасынан бир-экөө гана окурмандардын суроосу боюнча кайра басылат экен.
Анан эми бизде акын-жазуучу көп. Кичине байып алгандары жазып атат, бирок өзүнүн уруусунан киши чыкса ошону.
Не дейт, "Ормон хан" дейт. Кыргыз эми, ханы жок болсо деле, ханы бар элдерди туурагысы келет да, бечара.
Кыргыз өзү ар кимди "хан" дей берет. Мисалы, Рахманкул хан дегени бар. Аныкы хандык эмес, карамагында бир сельсоветке жетпеген эли бар экен.

"Жазуучулар Биримдиги" уюму керекпи?
Жазуучулар союзунун кереги жок, жаңысынын да, эскисинин да…
Союз пайдасын 5-6 эле киши көрүп келатат. Алар жазуучуларга кам көрүмүш болуп, өкмөттөн акча алат же дагы бир нерсесин алат, болду.
Секретарлары жазуучулар өлгөндө барып элдин алдында сүйлөп койгону эле болбосо, а өлө элегинде эч кимисинен кабар албай атпайбы…
("Кыргыз маданияты" гезитинин кызматкерлери менен баарлашуусунан).
Тамашалар "Азаттык" үн алгысынын интернет сайтындагы "Күлкү төр" рубрикасынан алынды







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??