Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
...Ал маалыматты олчойто акча алган шаардык бир опер да бышыктап, бул маалыматтар эмне үчүн чогултулганын билем деп дагы да акча кошууга Профессорду аргасыз кылды.
Ошентип, банданын "өмүр баяны" мындай экен: анын башында "Боевик" деген чечен турат, беш жыл мурун Чеченстанда далай орустун канына тоюп, качып келген экен. Бандада өзү менен кошо келген дагы эки чечен, бири - Боевиктин бир тууган эжесинин баласы, экинчиси - алысыраак тууганы. Бу үчөөнөн башка банданын өзөгүн мурун милийсада иштеп кеткен кыргыз жигит, кызыгы бу жигиттин кличкасы - "Чечен". Өңү чечендерге окшош экен, анан дагы ага-ини эки орус бар. Бирин кебетесине карап "Мясник" дешет, кебетеси дилине дал келген неме дешет, далайды кыйнап өлтүргөн, кыйындыгы жок эле ичегисин чубап, рахат алат экен. Инисин "Братишка" дешет. Агасы ушинтип айткандан го. Ошентип, бул алтоо өтө мыкаачы, темирдей тартиптүү, эч нерседен кайра тартпаган немелер. Алтоонун бири да наркотик колдонбойт. Мясник менен иниси экөөнөн башкасы оозуна ичкилик албайт. Бешөө Боевикке кыңк этпей баш иет... Автомат, тапанчалар менен куралданган, а турсун бир гранатомету бар дешет.
Мына ушул маалыматтар менен Профессор тапшырма алгандан бешинчи күнү Ромдун үстүнө кирди. Ром Профессордун маалыматын шашпай угуп бүтүп, тамекисин бирде тартып, бирде өчүрүп ойлонду да, айтты:
- Ошол Боевик менен кезигип көрчү. Бар, бара бер.
Профессор андан чыгып Ромдун бул эмне дегени экенине мээси жетпей турду. Аларга кезигип эмне кылат. Дароо жок кылганча жигиттерин жибербейби?
Ром ал маселени ойлогон: эгерде бул алтоону жок кылууда өз жигиттеринен бирде жарымы колго түшсөчү. Албетте, андай иштердин далайын жапкан, бирок азыр ишин чуулгансыз улантып, капиталын дагы да топтоп, эки-үч жылдан кийин эң ишенимдүү эки жигитин алып, чет өлкөнүн бирине, оюнда Испания, Грецияга түбөлүк кетем деген планы бар эле. Эки жылдан бери ошол өлкөлөрдөгү банктарга Ромдун долларлары түшө баштаган. Милийсалардын жаңы министри бир жашыруун чогулушта: "кандай да болбосун Ром дегенди отургузгула, жок болуп кетсе да капачылык жок" деп айткан экен. Ошол жашырын чогулушка катышкан бир полковник жакында эле айткан. Демек, Ромго чуунун кереги жок, кенедей эле себеп табылса оңой менен кутула койбос...
Бу килейген базардан түшүп турчу акчага кедерги болгусу келчү топту балким сөз менен эскертип токтотуп коер. Жаңы министрдин жанагы сөзү болбогондо тиги чечендин тобун машаяк болуп кетсе да бир түндө кырып салууга кудурети бар Ромдун...
***
Профессор чакан кафеге жалгыз келди. Бул кафе бандадагы кыргызга тийиштүү. Мыкты ашпоз менен официанттардан тандап иштетип койгон. Боевиктин тобу көбүнчө ушул жерге чогулушат, тамактанып маселе чечишет. Кафе адам көп өтчү жерде орун алгандыктан, таңкы сегизден түнкү он экиге чейин эл батпайт. Ошондуктан кимиси бандит, кимиси карапайым жан экени оңой менен билинбейт.
Профессор кафеге башбагып, түз эле барменге келип сурады:
- Чечен кайда?
- Ким издеп атат аны?
- Угро эмес, - деди Профессор жылмайып.
Бармен жалпы залдан бөлүнгөн кабиналардын бирине кирип, кайра чыкты:
- Чечен күтүп жатат.
Профессор кабинага кирип, бир кыргыз, эки чеченди көрдү, чай ичип отургандай.
- Салоом-алейкумдар, - деди Профессор саламды жалпы айтып.
- Алейкума-салам - Чечен деген кыргыз ушул го, ошол жооп берди. -Ии, менде эмне жумушуң бар эле?
- Отуруп айтчу жумуш, - деди Профессор.
- Отур.
Профессор ага катар отуруп үчөөнү кезеги менен бирден карап өттү.
- Чечен сенсиңби?
- Мен экемин, анан?
- А бул Боевикпи? - деди Профессор төр жакта отурган отуздардан өтүп калган арыгыраак чеченди көрсөтүп.
Боевик кыргызча билбейт эле, өз кличкасын угуп, кулак түрө калды да, Чеченге кайрылды, орусча шыр сүйлөйт экен:
- Бул немеге эмне керек экен, ыя?
- Эй, эмне керек экенин айтпайсыңбы, - деди Чечен Профессорго.
- Айтайын, - деди Профессор орусчалап, ал тилди суудай билчү, - үнүңөргө караганда мени жактырбай жатат окшойсуңар. Ким келгенин, эмнеге келгенин билбей туруп антүү жигиттикке жатпайт. - Профессор тайманбай да, кекерлүү да сүйлөгөндөй болду. Тигилер "ии, угалычы" дегендей аны тиктеп калышты.
Профессор сөзүн улады:
- Адегенде мен силерден сурайынчы, "Аталык" менен "Четин-ойл" заправкаларынын кожоюндарын шоопурлары менен, "Бейпил" ресторанынын кожоюну менен, "Бозой" фирмасынын гендиректири, "Бейиш" казиносунун коопсуздук кызматынын үч жигитин кимдер жайлаган, билесиңерби?
Булардын баарын Боевиктин тобу жайлаган эле. Биринин да бети ачылган эмес. Казинонун үч жигитин атышканда учук уланып шаардык угронун балдары дурус иштеп жатышты эле, бир күнү ал иш кан буугандай токтогон. Чечен алардын начальнигине бир таңгак доллар берип баскан. Мурун экөө чогуу иштешкен эмеспи...
Үчөө Профессордун суроосун угуп, баарын сопсонун түшүнүштү. Боевик сүйлөдү:
- Анан дагы эмне дейсиң?!
- Мен сураганыма жооп алгандан кийин калганын айтамын.
Боевиктин өңү бузулуп , каны кайнай түштү:
- Келген себебиңди айтпайсыңбы, ыя?!
-

-


КСДП жаштары
конкурс жарыялайт!
Курманжан датка жылынын урматына КСДП жаштар канаты студенттердин арасында "Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиң" деген темада эң мыкты эссеге конкурс жарыялайт.
Эссени жазуунун талаптары:
Эссенин айкындуулугу жана жаңычылдыгы;
Кыргызстандын келечегин так, даана чагылдыруу;
Басылманын көлөмү: эссенин көлөмү 2 беттен ашпашы керек (формат: А4, шрифттин көлөмү 12, шрифт Times New Roman)
Эссе кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат;
Автордун Ф.А.А.; байланыш телефону; электрондук почтасынын дареги.
Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу: эссе конкурстук комиссия тарабынан каралат.
Конкурстук комиссиянын курамы:
Ирина Юрьевна Карамушкина - КР ЖК депутаты, КРнын Билим берүү министринин экс-орун басары.
Болот Исакович Отунбаев - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси.
Ренат Маратович Самудинов - КСДП жаштар канатынын лидери.
Эрнис Балбаков - "Форум" гезитинин башкы редактору.
Талант Азимович Шамов - КСДП жаштар канатынын басма-сөз катчысы.
Сыйлык тапшыруу: жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланат. Эң мыкты эсселер маалымат сайттарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көрөт.
Биринчи орун - 3000 (үч миң) сом.
Экинчи орун - 2000 (эки миң) сом.
Үчүнчү орун - 1000 (миң) сом.
Эсселерди кабыл алуу: 2011-жылдын 15-февралына чейин.
Конкурстун жыйынтыгы: 2011-жылдын 25-февралында жарыяланат.
Биздин дарек: электрондук дарек rensm.kg@gmail.com
"Конкурс-эссе" деп жибериңиз же Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсү 4б (мурдагы Алматы көчөсү) КСДП кеңсесине алып келиңиз.
Сурап билүү телефондору: 0312 53 33 23, 53 00 01.
Электрондук дарек: urmat7@gmail.com




СЕН ЧЫНДЫКТЫ
ИЗДЕДИҢ БЕЛЕ?

Сиз чындыкты айткыңыз келдиби? Чындык чыркырап асманда, боосу сиздин жүрөк түпкүрүңүздө тынчтык бербей жатабы? Коомдогу адилетсиздиктерден чарчадыңызбы? Көзүңүз менен көргөндү айтууга кудуретиңиз жетпей турабы? Төрт тарабыңызды алдамчылык менен уурулук, ач көздүк менен шылуундук, кара ниеттик каптап, мунун баары сиз үчүн өтө оор болуудабы?

АНДА:
Мындан ары "Форум" гезити сизге жардам берет. Сиздин үнүңүздү алыска жеткирүүгө, жан дүйнөңүздөгү бугуп жаткан арманды, кусалыкты, көксөөнү жеңилдетүүгө кепилдик берет. Сиздин үнүңүздү коомчулукка ачык жарыялайбыз. Эгерде кимдир бирөөгө муң-зарыңыз жетпей жатса, кимгедир айтчу кебиңиз, пикириңиз, сунушуңуз болсо "Форум" редакциясынын1032 кыска номерине SMS жибериңиз. Ал үчүн "Форум" сөзүн жазып, аралык калтырып жибере аласыз. Баса, жарнама, куттуктоо, каалоо-тилектерге да орун бар. Анда эмесе чамдагыла.
Бир билдирүү баасы салыктардын баарын эске алганда 15 эле сом.
Эскертүү: Бирөөнү ак жерден каралаган, тиш кайраган, адамдык ар-намыска шек келтирген, одоно, улуттар аралык араздашууну жараткан SMS билдирүүлөрдү редакция чыгарбай коюуга укуктуу.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??