Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Чачыла
"Курманжан датка" тасмасы тартылды
25-январда Ош обладминистрациясында кинорежиссер Замирбек Эралиевдин Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесине арналып тартылган документалдуу тасманын ачылышы болду. Курманжан датка энебиз учурунда Кокон хандыгы, Орусиянын жетекчилиги менен тең ата сүйлөшүп, кыргыз элинин сакталып калышына зор салым кошкон улуу инсан экендиги тарых барактарында жазылып тастыкталып келет. Мындай адамдардын элге кылган эмгегин баалап, кадырлап алуу азыркы муундун милдети. Элдин башына оор күн түшүп турганда өзүнүн акылдуулугу, иш билгилиги менен караңгыдан көз таап, элдин биримдигин, тынчтыгын сактап калууга эбегейсиз салым кошкон Курманжан датка энебизден азыркы бийлик жетекчилери сабак алса ашыкча болбос эле.


Мирбек Атабеков окуучулар менен жолугушту…
Өзүнүн таланты менен кыргыз эстрадасынан өз ордун таап, улуу муун менен кичүү муундун бирдей сүймөнчүлүгүнө арзыган белгилүү ырчы Мирбек Атабеков июнь айында башынан оор күндү кечирген Ош областынын мектеп окуучулары менен жолугуп, баарлашып кайтты. "Бир жарым саатка созулган жолугушууда "Кантип ийгиликке жетүү керек? Лидер адамда кандай сапаттар болушу зарыл?"- деген суроолор көп берилди дейт Мирбек. Алардын суроосуна жооп берип жатып, "Эң башкысы өз өлкөңдүн патриоту болушуң шарт. Анткени биздин мамлекеттин келечеги жаштардын колунда. Мындан сырткары ынтымак, биримдик болсо, биз баардык тоскоолдуктарды жеңе алабыз"- деген сөздөргө өзгөчө басым жасап, жаштарга дем-күч берип, жолугушуунун аягында өзүнүн жагымдуу ырларын жандуу үн менен аткарып, окуучулардын көңүлүн көтөрүп келди.

Омар Казакстанга кетеби?..
Эмнеге кетет экен? Сунуш түшүптүрбү? Эми Казакстандын атынан ырдап чыгат бекен? Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес - деп чыйпылыктай түштүңүзбү? Бушайман болбой деле койсоңуз болот. Анткени Омар өз өлкөсүн таштап коңшу мамлекеттерге каражат үчүн кетпейт. Ал өз өлкөсүнүн патриоту экендигин айтып эле жүрбөйбү. Болгону 3-февралда Казакстандын Астана шаарында өтүүчү "Астана дауысы" эл аралык сынагында Кыргызстандын намысын коргоо үчүн барганы жатат. Сынакка дүйнөнүн 64 өлкөсүнөн таланттуу ырчылар катышат. Эмне дейбиз, кыргыз элинин намысын коргоого кызуу даярдык көрүп жаткан ырчы жигитибизге ийгилик каалайбыз.

Добр "Импульс" тобуна солист болобу?..
Нукура кыргыз баласы рэпер Добр учурда чыгармачылык жаатта тынымсыз эмгектенип, кумурскадай иштеп жаткан кези. Буга мисал жакында эле белгилүү ырчы Бек Борбиев, Ильяз Абдразаков жана "Импульс" тобу менен дуэт ырларды жаздырууга жана "Кыргыз кызы" деген ырына клип тарттырууга жетишкен. "Мен рэпер ырчы катары таанылгым келет. Башка жанрдагы ырларды аткаруу деле колумдан келет, бирок рэп жанрын тандап алгандан кийин, ушул эле багытта кеткеним оң го" - дейт ырчы.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??