Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

САЯСАТ КӨҢҮЛДӨ БОЛСУН,
ЭКОНОМИКАГА ЭҢКЕЙГИЛЕЧИ…
Кандай болгон күндө да Совет доору экономикабыздын дурус эле өнүгүп турган кезин көрсөтүп кетиптир. Ал кезде саясат менен алпурушуп, аны күнүмдүк ишке айландырмай жок, саясатка аралашам дегендерди диссидент катары өлкөдөн кууп чыкчу, кааласа камап таштачу.

Анан кийин эркиндик деген келгени аны менен саясат деген балээ кошо келип, турмушубуздун баарын саясатташтырып таштады. Кыйыны да, кыйын эмеси да, билгени менен билбегени да саясат талаасында самсып жүрүшөт. Бул оору бүтүндөй журтту чырмап алгандай болуп турат. Ошондон улам түздөн-түз экономикалык маселелер менен алек болчу, ошого милдеттүү адамдар саясатташып кетип экономикабыз "жетим козудай" абалда калды. Эпадам экономикабызга учурдун талабына шайкеш келген мамиле болгондо, байлыгыбызды кайда катардыбы же коердубу, билбей "акылдан адашмак" экенбиз. Анткени экономиканын негизин түзчү ресурстар бизде оголе арбын: алтын баш болгон кен байлыктар, туризмди өнүктүрүү үчүн шарттар, суу ресурстары, өндүрүшчү профессионалдар ж.б., а турсун элибиздин менталитети да бейпил, бай жашоого ылайыкташкандай, бул жаатта ой чубап көрсөңөр…
Дале болсо Совет доору эске келет, ошондо ГОСПЛАН деген "монстр" бүтүндөй экономиканы пландаштырып, бир чымчым тузга чейин эсеп-кысабын алып чыкчу, беш жылдык пландар кабыл алынчу… аткарбагандардын башы кетчү…
Азыр бизде беш жылдык эмес, бир жылдык пландарыбыз оңкосунан сайылып жатат. Бул жылдын бюджети 18млрд. сом дефицити менен кабыл алына турганын угуп жүрөк "шуу"… Өкмөттөгү оптимисттер жылды профицит менен аяктайбыз деп жатышат, Атамбаев өз оозу менен да айтты, ишенип туралы. Азыр өкмөт бир жылдык иш пландарын тактап жатат, андан ары үч-төрт жылдык пландар каралары айтылууда, дурус кадам…
Премьер-министр Атамбаевдин айтуусунда азыр кандай гана мамлекеттик киреше болбосун, баардыгы кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, мамлекеттик бюджетке түшүп турат, буга да ишенебиз.
Мамлекетте стабилдүүлүк сакталса, калган жагдайлар өзүнөн өзү ордуна келчи абал өкүм сүрүп турганда, мындай жакшы жагдайды туура пайдаланып алуубуз зарыл.
Ошентип, "ит жыгылыш" болуп жатып, эптеп анан септеп жатып өкмөт курамын да түзүп алдык. Туура, алардын турумуна курсак тойбогону менен, алар бар күчүн жумшап биздин курсакты тойгузсун!
Өкмөт башчысы ишин дурус баштады, министрлердин баарын кадимкидей иштете баштады, эми шапар тепкен министрлер болбой турган окшоду…эгер иштей албаган министр болсо, аны айдап салуу укугу Атамбаевде бар.
Өкмөт резерв издеп олтуруп 10 миллиард сом тапты окшоду, издей берсе дагы да табылат. Мыйзамдуулук сакталса эле миллиарддаган сомдор өзүнөн өзү чыга берет, жанагы "жашырын экономиканы" ачыкка чыгарууда жатпайбы биз айтып жаткан миллиарддаган каражаттар… "Манастагы" Американын базасын бензин менен камсыз кылууну мамлекет өз колуна алганы турат, а балким, ушул жагдайда түзүлчү кыргыз-орус ишканасы түзүлсө, дагы да миллиондогон доллар киреше.
Эми бизнести, бизнесмендердин ишин жалгыз гана налог кызматы текшермей болуп жатат, а турсун прокуратура, милийса тармагындагы экономика тарапты текшерүү укуктарын алып салуу каралууда. Көп текшерүүчүгө караганда, бир текшерүүчү болгону ар тараптан жакшы…
Акаев менен Бакиев тушунда чет элден эмне деген инвестициялар, символдуу проценти менен кредиттер, бекер гранттар канча келбеди. Ошонун баары толугу менен эл кызыкчылыгына жумшалган жок, тиги эки жексурдун чөнтөктөрүнө кургуштады, тууган-туушкандарын тундуруп турду. Эми ар бир кредит, грант "кол тийгис" статусун алып түздөн-түз эл керектөөсүнө жумшалууга тийиш. Бул жагын премьерибиз Атамбаев тыкыр көзөмөлгө алары турулуу.
Атамбаев инвестициялар келгенде эч кандай каршылыкка, тоскоолдуктарга туш болбош керек деп катуу талап коюп жатат.
Дагы бир опсуз "резерв" бар, ушинтип тергеп коелу, Бакиевдер уурдай качкан миллиондогон долларды. Ошолордун сары изине чөп салса, бир канча жылдык бюджетибиз кампайган бойдон даяр болуп турмак. Аны күн өткөн сайын унутуп бараткандай сезилет, ай ушу биз, кыргыздар, "таш менен урганды, аш менен уруп" жүрө бергенибиз жакшы эмес. Ошондон улам көп улуттар бизден тың жашап жатат, кыргыз элин кыргыз жерине ээ кылгысы жок!
Парламент дал жогорудагыдай маселени көтөргөндүн ордуна ячейкадан алынып кыйын кырдаалда чыгымдалган миллион долларды кайра-кайра талкууга алып жатпайбы. Туура, аны да текшерсин, бирок андан миң эсе көп жоголгон, Бакиевдер жоготкон доллардын эсебин тактасын да.
Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы асманга чыгып жатканда "Кумтөрдөн" тапкан кирешебиздин көбөйгөнү кенедей да билинбейт. Дегеле ошол тарапта ачыктык жок, бир нерсе гана дүңүнөн белгилүү - канадалыктар кыргыздарды алдап келатканы, анысы мына бүгүнкү күндө да уланып турганы анык. Өкмөт бул тарапты тыкыр көзөмөлгө алса, миллиондогон доллар агып келери турулуу.
Биз азыр элес албай жатабыз, канадалыктар "Кумтөрдүн" канын соруп, алтынын бүтүндөй казып кеткенден кийин, ал жерде түбөлүк коркунучтуу абал сакталып калат. Жанагы эркелетип "хвостохранилище" деп айткан жерлерде уулуу, радиациялуу заттар көмүлүп жатат. Анын көмүү технологиясы да толугу менен сакталбай калган учурлар бар деп кээде шыбыраша калгандарын да кулагыбыз чалып калат. Аны тыкыр көзөмөлгө алган аракеттер деле анча байкалбайт. Бу канадалыктарың "өз билгенин кылып, өтүгүн небак эле төрүбүзгө илип" алган. "Шералинин чокоюндай" кылып өзүбүз илдиргенде кеп башка эле да…
Акаевдин, бөтөнчө Бакиевдин убагында "көмүр мафиясы" каалаганын кылып турду. Баарын саймедиреп олтурбай бир эле жагдайды айталычы. Бишкек ЖЭСине Казакстандан миллиондогон көмүр ташылып турат. Ошондой эле көмүрдү өзүбүздүн Кара-Кечеден алса болот. Ал жердин көмүрүнүн каллориясы казактардыкынан ашса ашат, алды кем эмес. Ортодо опсуз акча ойноп, биздин көмүр "начар" деген баага арзып калып жатпайбы. Бул маселе да Атамбаевдин көз жаздымында калбайт деп ишенгендер арбын.
Болуптур дейли, Атамбаев өкмөттүн эки чылбыр, биз тизгинин колуна алып, ишин жөндөй албаган министрлерди жана башка тийиштүү жетекчилерди "чымын-куюн" иштетсин дейли, баарын "стахановчу" кылып таштады дейли. Ошондо жанагы "коррупция" деген желмогуз жеңилип берер бекен?! Көрдүңүзбү, мындан өткөн коркунучтуу суроо болбос! Бу коррупция дегениң бүт дүйнөнү чырмап алган экен, андан кутулуп чыктык деген бир да мамлекетти билбедик. Ооба, Швеция, Финляндия, Нидерланды, Дания, Норвегия, Канада, Швейцария сыяктуу мамлекеттерде коррупция анча деле баш ооруткан маселе эмес, а бирок бүгүнкү күндө ал өлкөлөрдө ал тамырын жайып жатат экен. Башкасын кой, биз сыяктуу Чыгыш мамлекеттеринде коррупция деген ээн-эркин эле басып жүрөт, эч кимди тооткусу жок. "Сени элеби, кармасам өлдүң" деп анын артынан түшкөндөр бар дечи, бирок алардын аракети "турсам өлөсүң" дегенден аша албай турат.
Дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттердин бири, тиги бир тууганыбыз Россия да коррупция маселесин күнүмдүк маселе кылып турат, бирок аны жоготуу жолу дааналанбай турат. Ал жөнүндө орус президенти Медведев деле ачык айтып туру.
Коррупцияны жоготуунун чоң окуусу деле жок, анын окуусу эле ошол - мамлекет башында тургандар пара алуу дегенди түшүндө да көрбөсүн, ал жагынан акактай таза болсун. Ал эми пара алды деген кол алдындагыларды териштирип-тескеп эркелетип олтурбастан дароо кызматтан кууп, анан соттотуп тынсын. Коррупцияны ооздуктоонун бирден-бир жолу ушул.
Буюрса, экономикалык кризистен чыгуу жолу айкындалып калды, эми ошол жолдо шилтенген кадамыбыз түз болсун.
Баратбай АРАКЕЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??