Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Тигине, тизгинин тартты тимеле
Кече ажобуз парламентке барып, Атамбаев баштаган аткаруу бийлигинин анттарын кабыл алган. Ант берүү аземи аягында ажобуз азыркы парламент депутаттарына кайрылып жатып, "Эгер парламент өздөрүнө тиешелүү милдетти аткаргандын ордуна, саясий оюндарга аралаша берсе, эл таркатуу талабын коюшу мүмкүн. Анда мен президент катары чечкиндүү чекке (парламентти таркатуу кадамына) барууга даяр экенимди эскертем" деп, так кесе айтты. Ачыгын айтыш керек, акшыңдап кеткен парламентке ажобуздун ушундай сөзү керек болчу. Жылкы семирип кетсе, элирип кетет эмеспи. Эки тизгин кимдин колунда экенин билишпей "Эл өкүлдөрү" элди эстеринен чыгарышып, оголе элтеңдеп кетишти эле. Угары ушул белем, унчукпай калышты.


Алманбетке атака башталыптыр
Ушул аптада өкмөт башчыбыз Алмазбек Шаршенович ички иштер министрибиз Зарылбек Рысалиевди өзүнө чакырып, өзгөчө тапшырма берген. Эки ай аралыгында криминал дегендерди кирчү жерине киргизесиң деген. Анын алдында ажобуз дагы ушундай талап койгонун укканбыз. Алмаз мырзанын айтканы себеп болдубу, айтор, атактуу Алманбет Анапияевге кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланыптыр. Криминалдык дүйнөдө "Алманбет Алайский" деген ат менен белгилүү болгон Анапияевге үч кылмыш беренеси боюнча айып тагылып, кармалган жерден камакка алууга санкция берилиптир. Айта кетүүчү нерсе, кадимки Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунда делген Алманбет Анапияев, өткөн жылы эл аралык Алыш федерациясынын президенти болуп шайланган эле. Кыскасы, "кызылдар" менен "каралардын" ортосундагы кыл чайнаш башталган окшойт.





Кош, Ала-Тоо!
"Форум" кетти майдандан…
Айтпай коюп нетели, ачыгын жазып кетели, алдыңыздагы азыркы саныбыз - акыркы саныбыз болуп эсептелет. Ушуну менен "Форум" гезити жабылды. Аны өстүргөн өзүбүз, "өлтүргөн" да өзүбүз болдук. Акыйкаттыкты аман сактап калыш үчүн, аргасыздан ушундай кадамга бардык. Купулуңар бөксөрө баштаганын байкадык, ошон үчүн "Форумду" курмандыкка чалдык. Жалган айтканда не, жабылышын жамааттын жалпы чогулушунда кабыл алдык. "Фабула" деген гезитти ачып алдык. "Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" демекчи, атыбыз өзгөргөнү менен, багытыбыз өзгөрбөйт. Жаңы гезиттин ээси дагы, мээси дагы өзүбүз болгондуктан, өз тушообузду өзүбүз кесебиз, өз багытыбызды өзүбүз чечебиз. Сынды айтсак сынбашы керек, чынды айтсак чыдашы керек. Анткени, сын арты чыр жатат, сын артында чын жатат эмеспи.
Эски форумчулар, эмки фабулачылар.





Шакиевге нааразылар көбөйдү
Жакындан бери маданият тармагына баш-көз болуп баштаган "Бакиевдик батальондун" ардактуу өкүлдөрүнүн бири Нурлан Шакиев министрликте бир топ иштин башын баштаптыр. Арасында алгылыктуусуна караганда нааразычылык туудургандары басымдуу дешет. Алсак, министр Шакиев "чү" дегенде эле ишин кадрдык капсалаңдан баштаптыр. Маданият министрлигине караштуу Капиталдык курулуш бөлүмүн башкармалык кылып өзгөртүп, бул жерде көп жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жаткан Нарынбек аттуу адисти алып ыргытып, ордуна жакын агасын алып барганы жаткандыгы тууралуу кептер тарады. Дегеле, Маданият министрлигинде жаңы жетекчисинин деңгээлине, дараметине, жасаган иштерине ичи чыкпагандардын саны күн сайын көбөйүп, жакында аргасыз пикекте чыгабыз го деп баштары катып жатыптыр.
Нурлан Шакиев бул министрликке "мингенде" эле бир топ аттуу-баштуу маданият өкүлдөрүбүз чалкасынан кетип, "мунуңар жарабайт" деп президентке кайрылууга аргасыз болушкан. Алигиче жооп боло элек окшойт…





Түрк премьери Кыргызстанга келет
1-февраль күнү Түркия Республикасынын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандык кесиптеши Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгени турат. 20 жыл илгери Кыргызстандын эгемендүүлүгүн эң алгачкылардан болуп тааныган Түркиянын өкмөт башчысы өзү эле келбестен, Тышкы соода иштерине жооптуу мамлекеттик министр Зафер Чаглаян баштаган өз өлкөсүндө зор ийгиликтерди жарата алышкан эң мыкты жүз ишкер да Кыргызстанга келгени турат.
Ал эми 2-февраль күнү бизнестин битин сыккан түркиялык ишкерлер менен кыргыз ишкерлеринин катышуусунда "Hyatt Regency" мейманканасында форум өтөт. Анда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык, соода тармактарындагы кызматташтыктарды арттыруу, түрк инвесторлорунун Кыргызстанга алып келе турган инвестициялары туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.





Курмантай Абдиевге баардык шарт керек экен
Аксынын алты жигитин аттыргандардын бири деп айыпталып, бирок кийинчерээк анысы акырына чыкпай калган мурдагы Аскер прокурору, экс-министр, учурда "Ата-Журт" партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты болуп жүргөн Курмантай Абдиев деген бар.
Кайсы бийлик болбосун "устукандан" кур калбаган бул эргул кечээ күнү кызматтык үйлөрүнөн, унааларынан жана жардамчыларынан баш тартып жатышкан айрым кесиптештерин "популист"-деп атап, депутат деген баардык шартка ээ болуш керек деди. Кыргызстаныбыз каржы жагынан кыйналып турганда, өлкө казынасына оорчулук келтирбейли деп жатышкандарды ушинтип "шылдыңдаптыр". Бирок эски эки бийликтин тушунда тең майлуу-сүттүү кызматтарды мыкчып келген бул адам казынабыз какшып калса деле башын оорутпаса керек.





Жазга жетебизби же тазга жетебизби?

Азыркы эл өкүлдөрүн "депутат" дебей эле, "же жутат" десек болчудай. Алардын азыркы таптагы ишмердигин көрүп отуруп, ушундай ойго урунат экенсиң. Элдин пикирин электен өткөрө турган эл аралык уюмдар бар эмеспи. Алардын акыркы маалыматы боюнча, азыркы парламентти "кубалай" турган кутурмалардын саны 50 пайызга этектеп барыптыр. Эки айдын ичинде ушундай "ийгиликке" жетишсе, төрт айдын ичинде "төрт тарабы кыбыла" болуп калбас бекен. Кайсы жерге барбагын, каргаган, какшаган сөздөрдү эле угасың. Мынчалык сөзгө алынган мыйзам чыгаруу бийлиги болбосо керек эле. Калкыбыз кабыл алган парламенттик башкаруу формасын, ушул парламент өзү жутат окшоп турат. Эки айда шүмшүк көрүнүп калган эл өкүлдөрүнө, "эй, баатырлар, эсиңер барында этегиңерди жапкыла", дегенден башка эмне айтаар элек. Жаз менен кошо тандагандарыбыз таз чыгып, үчүнчү революцияны үркүтүп жибербесек экен. "Камикадзе парламент" деп калышыптыр, кайдан чыгар экенбиз.





Осмоновдор бир адамга "азайды"
"Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен Курманбек Осмонов жана анын кызы Нурзат Осмоновалар мурдагы күнү катуу масилеттешип, кечээ кызы парламенттик жыйында депутаттык мандаттан баш тарткандыгын жар салды. "Мурдагы бийликтин үй-бүлөлүк башкаруусунан жабыркаган элдин бүдөмүк ойлору депутаттыктан баш тартуума себеп болду"-деген Нурзат айымдын мындай чечиминин артында чоң саясат жаткандыгы эмитеден эле айтыла баштады. Бизге жеткен маалыматка караганда, депутаттыкка чейин салык тармагында эмгектенип келген Нурзат Осмонова жакында мандатынын "акысына" өз кесиби боюнча бакыйган бир мансапка ээ болот экен. Депутаттыкка караганда салыкчылыктан киреше көп түшөт окшойт…








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??