Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Үзүлбөгөн үмүт, бүтпөгөн пикет
Өктө таарынычтын артындагы кек
Тагдырдын тамашасыбы, же өктө таарынычтын өксүгүбү, "Ата Мекен" партиясы мамлекеттин стабилдүүлүгүнө кайдыгер мамиле жасагандай түрү бар. Айрым маалыматтарга караганда азыркы күндө бул партиянын лидери Өмүрбек Текебаев Талас жергесинде жаңы бийликке каршы митинг-пикетке чыгууга үгүт-насыят иштерин баштаган имиш. Өтмөк ашуусунан өтүп, Талды-Булак айылында Өкмөткө каршы нааразылык акциясын өткөрүү мөөнөтүн төңкөрүштүн 1 жылдык "юбилейине" карата 6-апрелде баштоого "антташкан" сыяктанат. Буга караганда бул бир партиянын иш-аракети десек жаңылыштык болбос. Башка өңүттөн караганда көздөгөн спикерликке өтпөй калганга өктө таарынычка алдырып, жеке амбициясы үчүн пикет өткөрүү менен реванш алууга жасалган аракетпи деген да ой пайда болот.
Аттиң, дүйнө! Элибиз айткандай, "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип", Өмүкөңдүн үмүтүнө муздак суу себилгенин жалпы кыргыз эли жакшы билет. Төңкөрүштүн алгачкы күндөрүндө каалаган бийлик бутагында жогорку орунга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Элибиз аны пайгамбардай урматтап да, колдоп да келген эле. Тилекке каршы, кырдаалдын башка багытка өзгөрүп кетүү ыктымалдуулугун эске албай, калдайган калк мени гана колдойт деген манчыркоо, каршы тараптарды теңсинбөө, өзгөдөн өзүн шер ойлоо акыры анын аңтарылышына алып келди. Ал эми азыркы аракетти кекендирген кек себеп болуп, жаңыдан телчигип, бутуна туруп келе жаткан жаңы Өкмөттү "музоо кезинде сүзүп коюуга" жасалган аракет катары да бааласак болот.

Өксүгүбүздү өзгөдөн эмес, өзүбүздөн экенин үйрөнсөк…
Дагестандык акын Абуталиптин: "Өткөнгө тапанчадан ок чыгарсаң, келечек сени замбирек менен атат" - деген кеби аргасыз көңүлгө "кылт" этет. Учурунда үй-бүлөлүк жана кландык бийликке каршы күрөштө Өмүрбек Текебаевдин сиңирген эмгеги зор экенин эч ким танбайт, тарых тандырбайт. Анда неге Өмүкең парламенттик шайлоодон кийин алгачкы коалицияда спикерлик орунга тийиштүү сандагы добуш ала албай калды? Мунун себеби каршылаштарынын күчтүүлүгүнөн эмес, анын өзү каршы турган системанын жолуна түшкөндүгүндө болуп жүрбөсүн?
Оппозиция өз учурунда бийликтин кадрдык жайгаштыруусун катуу сынга алып келген, бирок кайрадан эле үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга өтүптүрбүз деген айың кептин арты да элдин бир кыйла бөлүгүн иренжитип койгонун ачык айталы.
Анын ортосунда "түштүк синдрому" тууралуу ушактар кеңири жайылган учурда айыпсыз экендигин айкындап, окуя болгон жерге байма-бай каттап, эл менен жолугушуу, чыгаан жетекчи катары эки элди ынтымакка чакыруу Ө.Текебаев сыяктуу омоктуу саясатчылардын зор милдети болчу. Тилекке каршы, эл башына кыйынчылык түшкөндө көшөгөнүн көмүскөсүндө жан сактаганы элдин басымдуу бөлүгүнүн жүзүн буруп кеткенине себеп болгонун кантип жашырабыз?

Көралбастыктын көрөңгөсүнөн кутулабызбы?
Элибизде: "Атасы бөлөк менен аң уулаба"- деген элибиздин каймана маанидеги кеби бар. Учурунда Бириккен Элдик Кыймылга (БЭК) кирген оппозиция мүчөлөрү эски бийлик кулатылгандан кийин ичтен ирип кеткенин жарыя кылсак болот. Айрыкча, анда көрүнүктүү фигура болгон Ө.Текебаевдин мурдагы өнөктөштөрүнө өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө омоктуу кеп-кеңешин берип, азыркы мамлекет башчыбыз Р.Отунбаевага, Өкмөт башчысы А.Атамбаевге моралдык жардам көргөзүүнүн ордуна Нарын, Көл, Талас элин 2011-жылдын 6-апрелинде нааразылык акциясын өткөрүүгө шымааланып кириши эле анда көрө албастыктын көрөңгүсү кайнап жатканын айгинелеп жатпасын? Ачык эле айталы, "ыргытылган сөөк тийбей калгандардын" элди жеке амбициясына пайдалануу, интрига уюштуруу адатка айланып калган. Мындай көрүнүш биздин саясатчыларыбыздын айыкпас илдетине айланганын айткандан башка арга жок болуп отурат.
Кептин ачыгына келели, "Ата Мекен" партиясынын Уставы жана Программасы "шведдик үлгү" экендиги учурда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган. Кечээ эле үзөңгүлөшү болгон А.Атамбаевдин Орусияда болуп келгенинде Путиндин аты бир чокуга коюларын "сүйүнчүлөгөнү" тууралуу кеп козгоонун зарылдыгы канча? Ал эми Орусия менен алакабыз кайрадан оңуна ооп бара жатканда, "МегаКомду" Ө.Абдракмановдун парламенттик комиссия менен "текшерүүгө" алышы мигранттарыбызга зор салакасын тийгизбес бекен? Же шайлоонун учурунда НБТ уюштурган "пиар" үчүн өч алуу катары санасак болобу? Ага да мейли дейли, Ө.Текебаевдин "тарыхый" Конституциясынын жаңы редакциясы жазылганда элибиз мамлекеттик жана расмий тил бир гана кыргыз тили болушун талап кылганда, орус тилин расмий тил катары калтырганын кантип тана алат? Суроо туулат, орус тилинин Кыргызстанга таасирин сактап берген Ө.Текебаев эмнеге сүттөн ак болот да, каржалган өлкөбүзгө сүйлөшүү жолу менен каражат тартып келген азыркы бийликтин иш-аракеттери "Ата Мекен" партиясы тарабынан сынга алынат.
Калыстыктан тайбайлы. Биз АКШга жана Европага канчалык телинсек да, аяктан алынып келүүчү товарлардын баасы өз кунунан ашып түшөт. Ошол эле учурда ошол товарлар Орусиянын аймагы менен өтөрүн билишпейби? Мындан тышкары элибизде "Алыскы туугандан, жакынкы коңшу", "Атышарга көнүп калган жоо жакшы" дегендей, саясатта эң алгач коңшулар менен алака түзүп, ынтымакта келишүү керек, ал эми 70 жыл бою "жытыгышкан" Орусиянын геосаясатта болобу, аскердик-согуштук аракеттеринде болобу, маданий-идеологиялык жактан жүргүзгөн багыты болобу, бизге белгилүү. Ал эми АКШ менен Европа өлкөлөрү бизге сырдуу да, табышмактуу да. Демек, азыркы бийликтин коңшу мамлекеттер менен тыгыз байланышынан коркунуч издөө жөн гана абсурд болуп калат.
Акырында айтарыбыз, 20 жыл ичинде 2 ирет үй-бүлөлүк жана кландык бийликти күч менен кулаттык. Өкүнүчтүүсү, биз бийликтин өзүн гана кулатпастан, жүздөгөн мекеме-ишканаларды, имараттарды, элдик байлыктарды карактап-тоноп, өрттөдүк. Анын кесепетинен экономикалык абалыбыз Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы деңгээлден төмөн түштү да, күндөлүк керектөөчү товарлардын баасы күн санап көтөрүлүүдө. Элдин турмушу митинг-пикет өткөрүүдөн оңолбосун көзүбүз менен көрдүк. Өлкөгө стабилдүүлүк керек. Саясатка эмес, экономиканы көтөрүүгө көңүл буруу зарылдыгы бышып жетилгенин эскертип, "эсиң барда этегиңди жап" деген кеп менен жыйынтыктасак айып болбос…
Эртабылды АТТОКУРОВ




Жоопсуз калчу суроо көп
Ош базарын иретке келтирип, көчөдөгү унаа тыгындарын жоюу маселесин козгогон Иса Өмүркуловдун аракети азыр каршылыкка учураган менен, анын бир мезгилде туура экендигин турмуш өзү тастыктап берээр. Бишкек калаасында нан таап жан баккандар шаарыбыздын башка булуң-бурчтарында деле соода жүргүзүшсө болорун белгилесек болот.
Борбор калаанын Ош базарында соода кылгандар бүтүндөй тротуарларды мындай коелу, Токтогул көчөсүндө автотрассага чейин "басып алганын" кантип танабыз? Жөө жүргөн адамдар жүрүүчү жолдор "жабылгандан" улам, базардын аймагындагы Киев жана Токтогул көчөлөрүндө эл трасса менен гана өтүп калганына көбүбүз күбө болобуз. Канча адам ушундан улам кырсыкка учурарын эске албайбыз. Автоунаалар менен элдин тыгындыгын азайтууга жасаган аракетин колдоого алсак болот. Ал эми "көчөнү басып алган сатуучулар" эмне үчүн Пишпек жана "Дордой-Моторс" базарларынан качып жатышат? Калаабызда жалаң сатуучулар эмес, калктын 95-98 пайызын түзгөн жашоочуларынын коопсуздугун эмне үчүн алар эске алышпайт? ЖоКенин депутаттары бул маселени сессияда кароодо калаабыздын жашоочулары менен сатуучулардын өз ара катышын эске алабы, же…




Куугунтукка түшкөн маршруткалар
Ош базарынын аймагынан жүргөн кичиавтобустарды борборубуздагы автобекетке кубалоо башталганына саналуу күндөр болду. Айрыкча, Күнтуу, Озерная, Арчалы сыяктуу чет жакаларга жүрүүчү каттамдар кайсы коңулда "жашынганын" издеп, жүргүнчүлөрдүн тарткан түйшүгү көбөйдү.
Кичиавтобустар калкты тейлөөдө атайын тендерде жүрүүчү багыттарын белгилеп, утуп алышканы талашсыз. Бирок алар мыйзамдуу багыттарын өз каалаганындай өзгөртүп алышкан. Ушул жерде эске алынуучу нерсе, шаардын чет жакасындагы каттамдар дээрлик автобекет аркылуу жөнөтүлгөн. Бул жактан алганда мэриянын койгон талабы мыйзамга ылайык келип турат. Бирок калктын басымдуу бөлүгү күнүмдүк керектөөлөрүн Ош базары аркылуу бүтүрөт.Ушундан улам кайчы пикир айтууга туура келет. Автобекетке шаардын чет жакаларында каттамдарды киргизүү менен, бул аймакта автоунаалардын тыгыны күчөп, элдин кымбат баалуу убактысы жолго кетерин ачык айталы.
Менимче, Ош базарынын жанында автобекетти уюштурууга неге болбосун? Мындан тышкары дача Быстроток - МВДга, Күнтууга, Озерная багыттарында (бул борбор калаабыздын бир бөлүгү) альтернатива катары шаардык багыттагы каттамдарды жүргүзүшү да калкка көргөн камкордук болмок. Жергиликтүү автоунаалар менен муниципалдык автоунаалардын ортосунда атаандаштык күчөп, жүргүнчүлөрдү тейлөө жакшырмак. Ошону менен катар мыйзамдуу багыттарды авто айдоочулар так сактоого мажбур болорун белгилесек болот.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??