Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Асия айымдын айтканында кеп бар...
Бакиевдердин камчысын катыра чаап, алардын ар ишине ынтызарлык менен жүгүргөн бир айымдын бүгүнкү парламентте "суйкайып" отурганын коомчулук кеп кылышууда. Албетте, көпчүлүк "Ата-Журт" партиясынан деп ойлошкондур, бирок ал "Ар-Намыс" партиясынын белдүү депутаты болуп чыга келиптир. Ал ким десек, бир кезде экс-бийлик менен абдан жакын ымалада болуп, губернатордун орун басары кызматын активдүү аркалаган Камила Талиева деп жатышат.
Анын депутат болуп келер алдындагы ишмердигинен кеп салсак, апрель окуяларынан кийин шаабайы сууп, иштерине шылтоолоп, Москвага кетип калыптыр. Бирок ал шайлоо алдында шайдоот тартып, Кыргызстанда пайда болот да, "Ар-Намыстын" ардактуу талапкерине айланат. Каңшаар кептерге караганда, Камила айым Москвадан Бакиевдердин бирине жолугуп, оңбогондой суммадагы акча каражат алып, парламенттен орун алууга "Ар-Намыска" кудаланып келген сыяктуу. Балким, бул жөн гана айтылган сөздүр. Бирок бизде имиш-имиштер акыры келип чынга айланып калчу эле. Ата-бабабыз "жел болбосо бактын башы кыймылдабайт" дечү беле...
Дегенибиз, вице-спикер Асия Сасыкбаева айым: "парламентте ОБОНчулардын жаңы тобу түзүлүп жатат"-деп бекеринин айтып жатпаса керек...




Бейшенбек Өскөнбаев Нарынга губернатор болобу?..
Губернаторлорду алмаштыруу уланганы турат. Буга чейин Ысык-Көл менен Баткен облусунун губернаторлору алмашса, эми жакынкы аралыкта Талас жана Нарындын губернаторлору да алмашканы жатат. Бизге жеткен маалыматка таянсак, Нарын облусуна "АЮнун" директору, мурдагы Сокулуктун акими Бейшенбек Өскөнбаев "Республика" партиясынын атынан барары айтылып жатат. Ал эми Талас облусуна Койсун Курманалиеванын ордуна дагы "Республика" партиясынын кишиси губернатор болору күтүлүүдө.




КӨЛДҮ БҮТҮНДӨЙ ЖЕТИ-ӨГҮЗДҮКТӨР БАШКАРАБЫ?
Көлгө губернатор болуп барган Нурдин Абдылдаев борбордо төрөлгөнү менен түбү Жети-Өгүз районунан. Кызыгың кур, анан ал барса төрт орун басарынын үчөө жети-өгүздүк болуп чыкпайбы: аппарат башчысы, орун басары Замир Турдукеев, орун басарлары Муканбет Асаналиев, Нурбүбү Кененбаева. Булардын бири аким болуп жүрүп пара менен кармалган дейт, экинчиси бир ирет оппозициянын Көлдөгү штабын башкарып "анча-мынча акча кириштеп койгон" дейт, Кененбаеванын деңгээли ишине төп келбейт дейт, ушундай "имиш-маалыматтар". Ага кошумча губернатордун биринчи орун басары Калыбек Алышбаев баягы Түптөгү "жумуртка менен оппозицияны атакалоонун" авторлорунун бири экен.
Кандай болгон күндө да жаңы барган губернатор мырза орун басарларын аргасыз дүңү менен алмаштырууга аргасыз болот окшойт. Күтө туралы.




ТЕКЕБАЕВ БИЛБЕСЕ АЙТПАЙТ ЭЛЕ
Парламентте "Ата Мекен" фракциясынын "кылмыштуулукка каршы күрөшүү" жөнүндө жыйыны болуп, анда партия лидери Өмүрбек Текебаев Караколдо белгилүү кримавторитеттер менен мамлекеттик үлкөн кызматта олтургандар чогуу-чаран "чайлашканын" айтты. Текебаев минтип жөндөн-жөн эле айта бербейт, ал биз билгенден "имиштердин кулу" эмес.
Өткөндө кеп кеткен Камчы Көлбаев менен Акматбек Келдибеков Караколдогу "Каприз" лыжа базасында жолугуп, чогуу-чаран лыжа-плыжа тээп, "жүздөшүптүр" деген. Бул кабарды Келдибеков мырза расмий түрдө четке каккан эле.
Текебаев мырза айткан "кээ бир жетекчилер" Келдибеков эмеспи деген суроо кайра-кайра келе берет экен.
Аталган жыйналышта Текебаев крималитет менен байланышкан жетекчилерге катуу чара көрүү керектигин айткан. Бул маселе тезинен чечилиши керек болбосо мамлекетибиз бүтүндөй криминалдын бийлигинде калбасын, парламентте бар дешет, өкмөт тарапта алардын адамдары куурчак милдетин аткарып жатат да экен…
Бул туурасында ИИМдин коллегиясында президентибиз Роза Отунбаева да бекер жеринен кабатыр болгон жок эмеспи.




Үчүнчү революция дейби?..
Үчүнчү революцияны тымызын уюштурууну "Таза багыт" коомдук бирикмесинин тең төрагасы көлдүк Өмүрбек Бөлтүрүков колго алып, ушул тапта ишкерлерден каржы сурап жүргөнү туурасында кептер жүрө баштады. Бизге жеткен имиштерге караганда "эл бышып келе жатат, каражатты кайсыл жакка жумшашты, кандай кылып бийликти алышты мен толук пландап койдум" деп, ар кимди козутуп жүргөнү айтылууда. Албетте, мындай айыңдардын жөн жеринен чыгып жатпаганын эске алганда, кайсы бир чындыктын учкуну бардай. Анткени буга чейин "Таза багыттын" уюштуруучулары болгон Өмүрбек Бөлтүрүков менен Орунбек Чондоев 20-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, анда "Кыргызстанда үчүнчү революция бышып жетилип калды" деп жар салган жайлары бар. Анын себеби катары министрлик кызматтарга бакиевчилердин келиши элди тынчсыздандырып жатканы менен түшүндүргөн.




Үчөөнүн баш тартканы экөөнүн башын катырды
Жогорку Кеңештин депутаттары жабык эшик артында машина жана үй маселесин талкуулашкан эле. Мамлекетибиздин азыркыдай экономикалык оор шартын эске алуу менен, парламенттеги 5 фракциянын үчөө акча каражатын үнөмдөө, элдин көңүлүн иренжитпөө үчүн КСДП фракциясынын депутаттары мамлекеттик машинаны колдонуудан баш тартышса, "Ата Мекен" менен "Республика" фракциясынын депутаттары үйдөн жана жардамчылардан баш тартышкан. Аталган үч фракциянын мындай демилгеси "Ата-Журт" менен "Ар-Намыс" фракцияларына жаккан эмеспи, мамлекеттик жеңилдиктерден баш тартуу тууралуу үн катышкан жок. Ал түгүл үй, машинаны кандай кылып бөлүштүрөбүз дешип баш катырышууда...




КУРУЛТАЙ ДЕП КУУРАБАГЫЛАЧЫ
Бир топтон бери кыргыз элинин курултайын өткөзөбүз деп шымалангандар анын пайдасын, керектүүлүгүн ар кандай аргументтер менен айтып түгөтө албай жаткан мезгили. Алардын чакырыктары баягы Бакиевдин Ынтымак курултайы болор алдындагы чакырыктардан айырмасы деле жок. Баса, "курултай эле курултай" деп жан үрөп жүргөндөрдүн көбү да азыркы бийликке илинбей калгандар, Бакиевдин "кесилип калган куйруктары" ж.б.у.с.
Ошондо, Бакиев Курултайы болордо анын бийлиги "шалактап" калган учуру болчу. Аны сезген шүмшүк өз тегерегиндеги бийликте олтургандарды агытып, алар Аблесов өңдөнгөн, Жетимишбаев өңдөнгөн кошоматчы дүжүрлөрдү сүйлөтүп, ушул Курултай гана кыргыздын биримдигин сактоого кудуреттүү экендигин айтып, Бакиев дагы эли менен кеңешип-таңашып оокат кыларын даңазалап турушпадыбы. Анан курултайында Бакиев ченемсиз макталып… Ошондогу мактаган немелер азыр деле басып жүрөт, кээси эмдиги президент Отунбаеваны, премьер Атамбаевди мактап. Андай "шакалдардан" кутулуу болбойт экен го…
"Бийлик элдики, ошондуктан элдик Курултай өтүп, анын чечимдерин бийлик аткарышы керек" деп кыйкырып жатышпайбы, курултай өткөзөбүз дегендер. Туура бийлик элдики, алардын өкүлдөрү парламентте олтурат, өкмөт курамында иштеп жатышат. Элдик бийлик деген ошол.
Бийлик тийбей калгандардын эрмеги болуп берчү курултайдын эч кандай кереги жок экендигин карапайым эл түшүнүп турат. Чыгымын эсептегенден да коркосуң…




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??