Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Ыргал Кадыралиева, КСДП фракциясынын депутаты:
"Бир келген мүмкүнчүлүктү
коё бергим келбейт"
- Депутаттыкка кандай максат менен келдиңиз?
- Университетти бүтүрдүм. Өз кесибим менен бир аз иштедим, анан турмушка чыгып балалуу болуп, балдар менен үйдө отуруп калдым. Мен Кудайга ишенген адаммын. Балдар менен үйдө отурган учурда кудайга жалынып, тилек тилеп, элиме кызмат кылган адам болсом дээр элем. Адамдын дилинде болсо тилине чыгат дейт эмеспи, эмнегедир ойлорумдун баары элиме кызмат кылуу эле. Жараткан менин тилегимди кабыл кылып, мен элимдин жүгүн көтөргөн жоопкерчиликтүү орунга келдим. Бир келген мүмкүнчүлүктү коё бергим келбейт. Жакшы сапатым, жакшы ишим менен эл оозунда калгым келет. Буга чейинки саясатчылардын баскан жолун билем. Алардын ар бир баскан жолу мага чоң сабак. Элдин атынан эл өкүлү болуп келген адам креслого отуруп жатып, "креслого отурдум, түшкөндө кантип түшөм. Ошондо элдин мага болгон көз карашы, пикири кандай болот?" - деген суроону креслого отурарда өзүнө бериши керек. Кызматка жеткенине кубанбай, ал кызматтын жоопкерчилигин аркалоодон чочулоо зарыл. Мен бул кызматка келгенге чейин мына ушул суроолордун тегерегинде көп ой жүгүртчүмүн. Экономикалык жактан алсыз болгон мамлекетимди көтөрүү, социалдык жактан кыйналган элимдин турмушун оңдоо үчүн депутаттыкка аттандым. Ишеним артып мага добуш берген элдин ишенимин актоого бүтүндөй күчүмдү жумшап, калкым үчүн кызмат кылууга даярмын.
- Кресло демекчи, кызматтын даамы таттуу дешет. Сиз алгачкы жолу депутат болбодуңузбу. Парламенттин креслосуна отурганда кандай сезимде болдуңуз?
- Креслого отурганда "бул менин жеке байлыгым же бийлигим эмес. Мен бул жерге бүтүндөй элдин, мамлекеттин көйгөйүн чечүүгө келдим. Мага үмүт арткан, ишеним көрсөткөн калкымдын жүгүн көтөрүү жоопкерчилигин мойнума алдым. Ошол жоопкерчиликти туура, так аткарып, элдин мүдөөсүн, көйгөйүн чечип бере алсам экен. Эл алдында уят болуп, элдин ишенимин өчүрүп албасам экен. Мурдагы муундун кемчилигин көзгө сая айтып жүрүп, ушул орунга жеттим. Өзүм алардын катачылыгын кайталап, берген убадаларымды аткара албай калбасам экен. Бул кызматка жөн эле, кимдир бирөөнүн артынан келип калган деген сөзгө калбайын" - деген чоң жоопкерчиликти сездим.
- Саясат таза адамды да булгап коет дешет. Саясатка аралашып, атыңызды булгап алуудан коркпойсузбу?
- Кандай адам күнөөсүз? Эч нерсе кылбаган адам гана күнөөсүз болот. Анын сыңары, бир иш менен алектенип саясий чөйрөдө жүргөндөн кийин артыңдан ар кандай сөздөр, ушактар, имиштер айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Элдин баарына текши жагуу мүмкүн эмес. Мен туурасында азыртадан эле кээ бирөөлөрдүн калп ушактарды чыгарып жатканына күбө болуудамын. Ага мен чычалабайм. Эң башкысы өзүмдүн атымды дайыма таза сактоого аракет кылам.
- Сизди агаңыз Санжар Кадыралиевдин кадыры менен депутат болду деген сөздөр айтылат. Буга кандай жооп айтасыз?
- Бул чындык. Агамдын кадыры менен келгенимди танбайм. Агам менин жашоодогу идеалым, жол көрсөткөн адамым болчу. Ал өз учурунда атактуу саясатчы болбосо да келечекте чыгаан саясатчы боло турган кыргыздын патриот мырзасы эле. Санжардай агам болгонуна сыймыктанам.
- Июнь окуясы боюнча иликтөө жүргүзгөн Улуттук комиссия Ош, Жалал- Абад аймактарында болгон окуяга өз баасын берди. Алардын чыгарган жыйынтыгына кандай баа бердиңиз?
- Ооба, Улуттук комиссиянын чыгарган жыйынтыгын биз үч күн талкууладык. Менимче, Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон окуяга саясий жактан баа берүүгө азыр эртелик кылат. 90-жылдардагы окуяга эми гана саясий жактан баа берип жатканда, 20 жылдан кийин ошол окуя кайра кайталанып жатат. Улуттук комиссия июнь окуясына Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн, айрым жаштарыбызды айыптап, аттарын аттады. Мен буга макул эмесмин. Бул менин жеке пикирим. Июнь окуясынын чыгышына өткөн эки бийликтин күнөөсү зор. Алар улуттук саясатты туура эмес жүргүзгөндөн улам, ушул окуя чыгып отурат. Буга баарыбыз күнөөлүүбүз. Июнь окуясына ким күнөөлүү деген жыйынтыктын ордуна, коогалаң эмнеден улам чыкты, бул окуяны башка чыгарбоо үчүн кандай иш-аракеттерди көрүүбүз зарыл деген иликтөө менен алектенишсе болмок.
- Азыркы парламенттин иштеп баштаганына эки айдын жүзү болуптур. Бирок бир дагы мыйзам жазылган эмес. Муну кандай түшүнсөк болот?
- Чындыгында ошондой болуп жатат. Парламентке жаңы киргенде саясатчылар өз ара бир пикирге келе албай, көп убакытты уттуруп жиберди. Башында туура эмес чөйрөгө келип алган окшойм деп, кетип калгым да келди. Бирок убакыттын өтүшү менен аларга көнүп, иштешүүгө бел байладым. Чыныгы иштин башталганына бир ай болду. Азыр биз мыйзамдарды жазууга даярданып жатабыз. Жакында Жогорку Кеңеш туура жолго түшөт деп ойлойм.
- Жогорку кызматтагы чиновниктердин баарын кыргыз тилинен сынак берүү демилгесин Улуттук тил комиссиясы көтөрүп жатыптыр. Алардын идеясын колдойсузбу. Деги эле сынак берүүгө даярсызбы?
- Бул аябай туура идея. Толугу менен колдойм. Колдоп эле тим болбостон аларга жардам берүүгө чейин барам. Кыргыз тилин билбеген жарандарды патриот деп эсептебейм. Экзамен бергенге толугу менен даярмын.
- Улуттун жүзү маданият эмеспи. Маданият тармагын көтөрүү үчүн кандай иш-аракеттер керек деп ойлойсуз?
- Маданият кызматкерлеринин 1800 сом айлык аларын укканда аябай зээним кейиди. Азыркы кымбатчылык заманда ал акча эмнеге жетмек эле. Чынында, биздин улуттук жүздү маданият гана көрсөтө алат. Ошол себептен, биз мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү менен бирге маданият кызматкерлеринин да айлыгын көтөрүүнү кабыл алдык. Буйруса, май айынан тартып маданият кызматкерлери көбөйтүлгөн сумма менен ала башташат.
- Искусствонун кайсы тармагына кызыгасыз?
- Мага бийлеген аябай жагат. Бийлегенде дискотекага барып эмес, үйдө эки балам менен бийлеп, чарчоомду бий менен басам.
- Азыр элдин көз алдында болуп калбадыңызбы. Сулуулук салондоруна барып, стилисттердин кызматынан колдонуп жатасызбы?
- 28 жашка чейин бир дагы жолу чачымды, тырмагымды боёгон эмесмин. Шайлоодо үгүт иштерине чыгарда досторум чачымды боёп беришкен. Ошондон бери боёого туура келип жатат. Ушул кезге чейин сулуулук салонуна такыр барган эмесмин. Азырынча стилисттердин кызматына муктаждык жарала элек. "Айылдык менталитетти сактагын. Канча сулуулансаң да шаардык Ыргал боло албайсың" - деп агам көп айтчу. Мен айылдык, жөнөкөй эле кызмын.
- Депутат болбогондо мугалимдик кесип менен иштейт белеңиз?
- Иштемекмин. Анткени өзүмдү профессионал адис деп билем.
- Мугалимдин айлыгы сиздин күнүмдүк керектелүүчү муктаждыктарыңызды канааттандыра алат беле?
- Жок. Канааттандырмак эмес. Мына ушул нерсени эске алып, биз мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатабыз.
- Үйдө кандай аялсыз?
- Жоопкерчиликтүү эне, сарамжалдуу аялмын.
- Ашканадачы?
- Аракетчил, жаңы нерселерди жасоого аракет кылган, дайым үйрөнүүнүн үстүндө жүргөндөрдүн биримин.
Маектешкен
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??