Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

"Өкмөт берген миллион сомдон
бир сом алган жокмун,
бардыгын кайын энем…"
Мындан ары да "үшкүрүк" деген рубриканы улантып, 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен бирге эскерип турууну туура көрдүк. Анткени маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп жарык көрө тургандыгын баса белгилеп кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин огуна тосуп, күлгүндөй жаш курагында курман болгон Саламат Алдаяровду эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Фарида Курмантаеваны маекке тарттык…

Орду толгус оор жоготуу…
Фарида Курмантаева,
7-апрелде ок тийип курман болгон Саламат Алдаяровдун жубайы:
- Эмнесин айтайын, күтүлбөгөн жерден жолдошуман ажырап, кан жутуп отуруп калдым. Башка салган тагдырды көтөрбөскө арга жок экен. Канчалык зар какшап, жүрөгүбүздү мыкчып сыздаганыбыз менен, кеткен жан кайра тирилип келбейт экен. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун деп арбагына багыштап куран окугандан башка арга жок тура. Каргашалуу 7-апрель жөнүндө батынып сөз айтуу мен үчүн өтө оор. Сурап калдың, айтып берейин. 24- март күнү аяш балабыздын туулган күнү болуп конокто болгонбуз. Ошол жерде отурган балдар "7-апрелде пикет болот экен" деп кеп кылып жатышкан. Болбой жүргөн пикет беле?- пикет кылмактан Ак үйдүн алдына барып өлсөң дагы Бакиев аны тоготбойт деп этибар алган эмесмин. Ошентип, билинбей арадан эки апта өтүп 6-апрель күнү кечинде жолдошум жумуштан келип босогодон кирээри менен эле, күлүп- жайнап эмнегедир демейдегисинен жайдары келди. Мынчалык жайдары болчу эмес эле, буга эмне болгон?- деп анын кубанганын көрүп ичимен кубанып койдум. Ошентип, ал күнү кубанычтын коштоосу менен жаттык. Ал эмне кубаныч экенин деле билбейм. 7-апрель күнү эртең мененки саат 10до саат баскыр, каскактай болуп классташ баласы "тезирээк келе кал" деп телефон чалып калды. Ошондон эле чапанынын бир жеңин кийсе, бир жеңин кийбей шашып үйдөн чыгып жөнөдү. Мен таң калып: "Сага эмне болду, тынччылыкпы деги?- десем, - тынччылык эле, азыр келем"- деп мага ороңдоп койгон. Ошол бойдон кайтып келген жок. Көрсө, классташ баласы экөө, автоунаага отурушуп түз эле Сокулук районунун администрациясынын алдына барып, чогулган элдин катарына кошулушат. Анан андан ары жөө жүрүш жасап, шаарга Ак үйдү көздөй бет алышыптыр. Ал күнү кечке телефон чалып ала албай койдум, өчүрүп коюптур. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгенсип, кыжаалат болуп жаттым. 8-апрель күнү таңкы саат беште терезе такылдап калды. Өзүм деле уктай албай, тынчым кетип жаткан. Чыксам кошуна келин экен. Оюмду дароо эле жамандыкка кетти. "Эмне кабар айтып менин шорумду катырганы келдиң, бол тезирээк айт! - десем, анын үнү буулуп, мукактанып: - Саламаттан айрылыптырбыз" - дегенде көзүм караңгылап бакырып эле үйгө кирдим. Кошуна келиндер жетелеп алып кайын атамдын үйүнө алпарышты. Барсам кайын энем үйүндө жок экен. Кайын журтум жаалашып мени үйүнө жолотпой коюшту. Өкүнүчтүүсү, ошентип, карачечкей жолдошумдун акыркы сапарга узатуу расмысына катыша албай калдым.
Кайын эне менен келиндин чыры…
- Жолдошум экөөбүз айылдашпыз. Бир күнү эле жолдошум менен капыстан таанышып калдым. Көргөндө эле экөөбүз бири-бирибизди жактырып калдык. Ошентип, эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Жаш болуп турмушту тереңирээк баамдап түшүнбөгөндүктөн менин боюмда болуп калды. Саламат менден эки жашка кичүү болсо да ата-энебиздин каршы болгонуна карабай, никелик каттоодон өтпөй туруп эле нике кыйдырып баш кошуп алдык. Жолдошумдун ата-энеси мени келин катары көрүп, башыма жоолук салган жок. Саламаттын апасы мага: "Мен Саламатты силердин кунуңарга бердим"- деп тескери мамиле кылып койду. Ошентип, күндөр өтө берди. Жыл айланбай эле балабыз чарчап калды. Андан кийин бир уул, бир кыздуу болдук. Саламат ар кандай жумуштарда жалданып иштеп, тапканы жашаган батирибиздин акысынан ашпай, эптеп бизди багып жүрдү. Кыскасы, жолдошум мени кыя албай, же ата-энесин, бир туугандарын кыя албай ортодо аябай чайналды. Кээде ичине бир нерсе киргенде: "Менин кимге керегим бар? Ушундай кор болуп жашаган жашоодон көрө өлүп калганым артык эмеспи"- деп көзүнө жаш алып ыйлаар эле. Азыр кайын энем болбогон себептер менен мени күнөөлөп, сотко берип жатат. Жакында сотубуз башталат. Ошондо күнөө кимибизде экени толук далилденсе керек. Өткөндө 6-январь күнү КТРК дан журналистерди ээрчитип, сыналгыга тартканы келиптир, болгон окуяны төкпөй-чачпай кошуналардын көзүнчө айтып бердим.
Атасын издеген наристелер…
- 4 жаштагы кызым атасын билип калыптыр, атасы дайыма чаар чапан кийип жүрчү эле, чаар чапанчан адамды көрсө эле "Ата" - деп булдуруктап сүйлөп зээнимди кейитет. Эми балдарымдын мындан аркы келечеги кандай болот, элестете албайм. Түшүмө көп кирет. Түндүн бир оокумунда ойгонуп, эшикке чыгып алып көз жашымды төгүп шолоктоп ыйлайм. Кээде жай башына жалгыз барып, эстелигине гүл коюп өзүмчө сүйлөнөм. Анда бир аз жонумдан бирөө оор жүктү алып салгансып кадимкидей жеңилдеп калам. Сөөгүн кайын энем атасынын жанына жатсын деп Ата-Бейитке эмес, айылга жашырган.
Талашка түшкөн миллион сом…
- Миллион сомдон бир сом акча алган жокмун. Мага бергиле деп деле аракет кылган жокмун. Кайын журтум менен акча талашып, чыр кылган деле жокмун. Бардыгы кайын энемдин колуна тийди. Кантсе да алар жолдошумдун ата-энеси да, алган акчалары буюрсун. Мен тестиер кезимде эле атамдын көзү өтүп кеткен. Апам экөөбүз көрбөгөн кыйынчылык калган жок. Учурда чиедей эки балам менен апамдын колунда пенсиясына эптеп күн кечирип жатабыз. Балдарымдын үстүндө киерге жарытылуу кийими жок. Элчилеп кененирээк азык-түлүк алып, курсактарын тойгузайын десем, акчам жок. Өкмөт кичине жардам кылып, жок дегенде балдарыма пенсия чектеп берип койсо жакшы болор эле.
P.S. Бул боюнча маркумдун бир туугандарынын да ой-пикирин чагылдырууга даярбыз.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??