Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Темирбек Асанбеков, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери:
"Эл колдоо көрсөтсө, президенттик шайлоого катышам..."
- Темирбек мырза, парламенттик шайлоо учурунда "жеңишке жетишебиз, парламентте 10дой депутатыбыз болот" дегендей айттыңыз эле. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болбой калды го, мунун себептерин эмне менен түшүндүрөсүз?
- Мен минтип ишенимдүү айткан эмесмин. Балким, туура эмес түшүнүп алган чыгарсыңар. Негизи күрөшкө чыкканда, элге үмүт берип, ичиңде болгон тилек-максатыңды ачык айтып чыгыш керек. Ал эми көп жылдан бери сыртта жүргөн кишиге, келе калып эле ошондой чоң күрөштө жалпы элге кеңири таанылыш өтө кыйын иш. Ошондуктан бул шайлоо мага элге таанылууга чоң мүмкүнчүлүк берди. Мен муну чоң жетишкендик деп эсептейм. Мени аздыр-көптүр таанып, менден үмүт кылып жаткан элдин батасын алуу үчүн, эл үчүн ак эмгек кылышыбыз керек. Бийликти эл колдобосо, бийликтин иши жүрүшпөйт. Ал эми шайлоо учурунда өзүңөргө маалым болгондой, айрым партиялар сыяктуу популисттик кадамдарга барып, аткарылбай турган, колумдан келбей турган кооз убадаларды берген жокмун. Алыма карап, көзүм жеткен гана убадаларды бердим. Шайлоо учурунда саясаттан тажрыйба аз болгондугуна байланыштуубу, айтор бизден да кемчиликтер кетти. Башым Москвада, Батышта болсо - жүрөгүм Кыргызстанда болуп жатты. Шайлоонун жыйынтыгын күттүк. Жыйынтыкты күтүп, эч бир билдирүү таратпадык. Жыйынтык чыккандан кийин, Москванын саясий өкүлдөрү менен жолугуп келдик. Азыр да мамилем жакшы.
- Жашыруун болбосо, кимдерге жолукканыңызды ачык билсек болобу?
- Мен коомдук саясатчылар менен жолукканымды жашырбайм. Бирок алардын фамилияларын ачык айта албайм. Коомдо ар кандай көз караштар бар. Ошондуктан сыр бойдон эле калышын каалайм.
- Москванын саясий өкүлдөрү деп айтып калдыңыз, эл арасында сиздин В. Путин менен мамилелеш экендигиңиз көп айтылып жүрөт. Путин менен кандайча байланыш түзүп калгансыз?
- В.Путинди мен жакшы тааныйм, анткени мен ошол өлкөдө жашагам. Ал эми аны менен кандайдыр бир деңгээлде мамилем жок. Бирок бизнес жаатында эки-үч ирет жолугуп пикир алышкан учурлар болгон. Ал учурлар эсиндеби, эсинде эмеспи мен аны билбейм.
- Саясатка аралашууга эмне түрткү берди. Элди эзген эски бийликтин учурунда кайда элеңиз? Деги эле өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз...
- Мен дагы өзүң сыяктуу эле элет жеринде төрөлүп, эр жеткенде терең билимге ээ болуу үчүн кичи мекенимден Москвага аттангам. Ал жактан билим алып, үй-бүлө куруп, бутка туруп, бул жактагы туугандарыма жардам бере баштадым. Тынымсыз эмгектенип, тажрыйба топтоп, чоң-чоң кызматтарда иштеп, акционер болууга жетиштим. Кыргызстанга келсем, мен жыйырма жыл мурун бүткөн айылымдагы мектеп баягы эле жыйырма жыл илгери кандай болсо, дал ошол эле калыбында туруптур. Баягы эле таш жол, баягы эле жаман короо дегендей. Кыскасы, эч өзгөрүү жок. Мага ошол мектептен алган билимим Москвага барып окууга өткөнгө чоң жардам берген эле. Азыр ошол мектепти бүткөн балдардын сыртка барып өз күчү менен окууга өтүшү кыйын. Себеби мугалимдердин баркы түшүп кетти. Буга айлык акынын аздыгы себеп болуп турат.
Мына, өз өлкөңдөгү ушу сыяктуу жүрөк оорутарлык көрүнүштөрдүн баарын көрүп-билип туруп, сыртка чыгып ал жакта кандай экенин салыштырмалуу түрдө жакындан билгенден кийин, мүмкүнчүлүк болуп турганда жардам бербей, эч бир чара көрбөй койсок, анда кырк жылдан кийин дагы бир эки муун дал ушундай (балким, мындан жаман) деңгээлде өсүп-жетиле турган болсо, анда Кыргызстандын абалы эмнеге барып, кандай күнгө такаларын айтуу өтө оор. Жыйырма жылдан бери биздин мамлекетибизде иммунитети начар муундун өскөнү эле жетиштүү. Эми биз буга жол бербешибиз керек. Жыйырма жылдан бери өкмөт бир да жолу элдин алдында жоопкерчиликтүү иштеген жок. Өкмөт туура иштеп, жоопкерчиликтүү болсо, шайлоого 29 партия катышпайт болчу.
Эски бийликтин тушунда мен саясатчы болоюн деген оюм жок болчу. Себеби К. Бакиев бийлик башына келгенде, мен дагы карапайым эл сыяктуу эле баары жакшы болоруна ишенген элем. Тилекке каршы, үмүт акталган жок. Мен Кыргызстандагы туугандарыма, апама апрель окуясына 9 ай калганда учурашканы келген элем. Ошондо туугандарым баш болуп, элдин баары эле чогулган жерде Максимди, Жанышты сөз кылып калышыптыр. Албетте, бул таң каларлык жагымсыз көрүнүш. Дал ушундай көрүнүштөр мени саясатка аралашууга түрткү берди десем болот.
- Сизди партия түзөрдөн мурда "шайлоого чогуу аттаналы деп Бабановго барган" деп айтылып жүрсө, Бабанов болсо "Асанбеков мага келген" деп айткан дешет. Ким кимге келди эле?
- Бабанов экөөбүз Москвада чогуу окуп бирге билим алганбыз. Мен ага шайлоо алдында барган эмесмин. Ал убакта кайдагы саясат? Бирге окуган адамдар катары мамилебиз бар. Мен ага, ал мага саясат тууралуу сунуштарды айтып кайрыла элекпиз. Саясатка Өмүрбек үчүн чыккан эмесмин. Бир нерсени белгилеп кетейин, эгер апрель окуяларынан кийин элге кеңири белгилүү эки партия кырдаалды өз убагында жөнгө салып, туура жолду баштап кетсе, биз саясатка аралашып партия ачпайт болчубуз. Биз туура эмес жолго түшүп, күндө партия түзүлүп, элдин баары саясатка кызуу аралашып баратканда саясатка аралашууга туура келди. "Кедей мамлекеттин эли саясатчы болот, бай мамлекеттин эли саякатчы болот"-деген сөз бекеринен айтылбайт. Ушунча билим алып, башка мамлекеттердин жашоосун көрүп-билип туруп, мамлекетиңди гүлдөтүп жибербесең да, жок дегенде пайдалуу пикириңди айтып кала албасаң, эл деп күйгөн жигит үчүн жакшы эмес. Улгайып калганда өзүңдү өзүң күнөөлөп өкүнүп каласың. Мен билип туруп, колунан келип турганда өз элине жакшылык кылбай койгон адамды - чыккынчы деп эле так-кесе айткым келет.
- Коалициялык Өкмөттүн курамына кандай көз караштасыз?
- Өкмөттүн курамындагы бир топ адамдардын азыркы бийлик менен аралашып, чоң жоопкерчиликтүү кызматтарда олтурууга моралдык укугу жок болчу. Себеби ушул эле адамдар кызматта олтурган кезде апрель окуясында элибиздин эркиндиги үчүн күлгүндөй жапжаш 87 мекендешибиз мерт болуп кетти. Куран кармап ант бердик. Бул биринчи моралдык жагы. Биздин улуу урматтуу саясатчылардын туура эмес иштеринин жыйынтыгынан улам, бийликке келүүгө моралдык укугу жок адамдар парламентке ар кандай жолдор менен келип калышты. Бул экинчи моралдык жагы. Менин көз карашым баарына бирдей. Ошондуктан мен булардын элдин турмушун оңдоп, кыйынчылыктан алып чыгарына көзүм жетпейт. Өкүнгөнүм, азыр парламентте 120 депутаттын ичинен жок дегенде бирөө чыгып: "Айланайын, биз эмне кылып жатабыз? Кыргызстанды кыйынчылыктан чыгара турган адамга мүмкүнчүлүк бербейлиби" дебей, тескерисинче баары түнү менен "Менин иним бул кызматты алат, менин агам бул кызматка барат" деп кызмат бөлүшкөнү, саясатчылардын патриотсуздугунан кабар берип турат. Мамлекеттин кызыкчылыгынан, жеке кызыкчылыкты жогору койгондугун көрсөтүп турат. Жеке кызыкчылыкты жогору койгон адам чыныгы саясатчы боло албайт.
Мен Убактылуу Өкмөткө да, азыркы Өкмөткө да эч бир күнөө коюп, жаман ойлогум келбейт. Себеби ал Өкмөт коогалаңда келбей калса, мамлекетибиз эмне болот эле? Бирок ошентсе да ушундай оор абалда болуп калабыз деп эч ойлогон эмес элем. Башкаруу системасы толук кандуу, талапка ылайык иштеп, оор кырдаалдан тез эле чыгабыз деген ишеничте болчумун. Тилекке каршы, бир топ убакыт өтүп калды. Ошондуктан жашырбай ачык айтышыбыз керек, азыр биз дагы эле баягыдай начарлоонун жолунда бараткандайбыз.
Азыр биз моралдык идеологияны жоготтук. Баарыбыз эле акчанын философиясына түшүп кеттик. Акчанын философиясы - аягы талкалоого, бүлдүрүүгө алып барат. Акчанын азгырык саясаты үй-бүлөдөн баштап, мамлекеттер аралык да чыр чыгарат.
Адам негизи Кудай менен мыйзамдан гана коркушу керек. Азыр биз Кудайдан да, мыйзамдан да коркпой калдык. Тескерисинче, чиновниктен, бай адамдардан коркуп калдык. Албетте, бул өтө жагымсыз көрүнүш.
- Өлкөбүз экономикалык кризистин кучагынада турат. Сиздин пикириңизде ушул кризистен чыгуунун жолдору барбы?
- Чыгуунун жолдору бар. Биринчи кезекте бийлик саясатты оңдошу керек. Себеби биздин мамлекеттин саясаты жеке кызыкчылыктан калптанган саясат болуп калды. Эл үчүн ачык саясат орнотуш керек. Эл баарын билип туруш үчүн, өкмөт кандай иш болбосун ачык иштеши керек. Чет мамлекеттерден чоң акча алып келебиз деген донорлор турат. Бирок алардын алып келгени биздин мамлекетте жоопкерчиликтүү иштетилбейт. Натыйжасы аз болуп жатат. Орусча айтканда: "Черная дыра" -деп коет. Катуу айтканда ушундай эле болуп жатат. Мамлекет дагы, жер жердеги байлыктар дагы элдики. Ошондуктан өкмөт элге ачык маалымат берип турушу зарыл. Ачык саясат болбосо, бийликтин элге ишеними болбойт. Дагы бир кемчилигибиз, "жаман үйдү конок бийлейт" дегендей, биздин өлкө башка өлкөлөргө өтө эле ачык болуп кетти. Оң жакка да, сол жакка да жагабыз деп жатып, иштин жыйынтыгы жакшы болбой жатат. Кыскасы, азыр мамлекеттин башкаруу системасы күчүнө келе албай турат. Башкаруу системасын күчөтмөйүнчө, катуу тартип орнотмоюнча ушундай башаламандыктар өкүм сүрө берет. Минтип жүрүп олтурсак, мамлекеттин өнүгүшү өтө кыйын.
- Быйыл өтө турган президенттик шайлоого катышасызбы?
- Эгер эл "колдоп беребиз, ишеним көрсөтөбүз" дешсе, анда коркпой барыш керек. Себеп дегенде элдин ишенимин четке каккан жигитчиликке жатпайт. Ошондуктан эл колдосо, шайлоого талапкер катары катышам.
- Президенттикке талапкер болуп чыккан адам мамлекетте кеминде 15 жыл туруктуу жашаш керек деген мыйзам бар эмеспи. Бул жагы сизге ачык эле тоскоолдук жаратат деп ойлойсузбу? Себеби акыркы 20 жылда сиз Москвада жашадыңыз да...
- Бул жагын юристтер карап чыгышкан. Мыйзамда жалпы 15 жыл өз өлкөсүндө жашаш керек деп турат. Мен өз өлкөмдө 18, 20 жыл туруктуу жашагам. Эгер Башкы мыйзам дагы өзгөрүп кетсе, анда билбейм. Мен сырттан келген жалгыз жаш саясатчымын. Мага окшоп сырттан келген үч-төрт саясатчы болсо жакшы болот эле. Ошондуктан сырттан келген жалгыз саясатчыга бут тосушуп, тоскоол болбойт деп ойлойм. Мыйзамда 300 миң адамдын колу чогулса, мыйзамды өзгөртүүгө болору жазылып турат. Бийликке менден башка тоскоол болгон көрүнүштөр, көйгөйлөр деле жетиштүү. Кыскасы, бул жагы мага анча деле коркунуч туудурган жок.
- Өкмөт сизге кайрылып кызмат сунуштадыбы, же сиз кызмат сурап кайрылдыңызбы?
- Ачык айтайын, кызмат сунуштоо болгон жок. Мен да бийликке кызмат сурап кайрылган жокмун. Себеби азыр кайсы кызматка барбагын, партиянын кызыкчылыгы бар. Ушунун өзү жакшы көрүнүш эмес. Мен өз өлкөмө мындай жол менен иштейин деп келген эмесмин.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??