Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Көчкөн Сактанов, жазуучу:
"Силер накта эки жүздүү макоосуңар, дүжүрсүңөр"
Кыргыз жазуучуларынын арасында чоң орду бар жазуучу аксакал агабыз Көчкөн Сактановдун ысымы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына эчак эле кеңири тарап кеткен. Көчкөн агабыз элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон: "Маркумдар үнү", "Адат азабы", "Чөөлөр заманы", "Сталин", "Александр Македонский" ж.б. китептердин автору. Алайлык жазуучу агабыздын эмгектерин эл эчак таразалап, жогору баасын берип койгондугу талашсыз. Ушу себептенби, айтор элдин көбү Көчкөн агабызды эчак "эл жазуучусу" наамына эгедер болгон адам катары билишет. Бирок мамлекет анын асыл эмгегин эмдигиче баалап, бир да мамлекеттик сыйлык, наам бере электигин эске салгыбыз келди. Ошентсе да мамлекет эмес, эл баалаган наам баарынан жогору, баарынан ардактуу эмеспи. Мындан башка мамлекетке карабаган "Түгөлбай-Ата" коомунун жана "Руханият" сыйлыктарынын ээси болгон Көчкөн агабыз менен ар кыл багытта маектештик эле. Эмесе, жазуучу агабыз китептеринде өзү белгилеп жазгандай: "Сөз Сактановдо"…

- Көчкөн агай, азыр кандай чыгармалардын үстүндө иштеп жатасыз?
- Алайлык жердештерим, айрыкча, аябай окумал Абдырахман мырза, өзүмдүн чоң аталарымдан болгон Бакал балбан жөнүндө эмне үчүн жазбайсыз деп көп айтышты. Бирок ал жөнүндө жакшы билген карыяларды Алайдан таппадым. Материал жок, ошон үчүн азыр Алымбек датка жөнүндө көлөмдүү эмгек жазууга кириштим.
Чындыгында Курманжанды Курманжан датка кылган бу Алай элинин залкар уулу Алымбек датка экенин эмитен билип эле эмес, унутпашыбыз керек! Курманжан датканын быйыл өтө турган мааракеси менен кошо Алымбектин мааракеси кошо өткөрүлүшүн өкмөтүбүздөн өтө өтүнөмүн!
- Канча китебиңиз чыкты?
- Он чакты китебим чыгыптыр…
- Жаш кезиңизде кайсы жазуучуларга таасирлендиңиз? Сиз сүйгөн, туу катары туткан дүйнөлүк жазуучулар кимдер?
- Т.Касымбеков, М.Горький, В.Шукшин, Л.Толстой жана Ж.Лондон. Ушуларды азыр да жаздык алдында жазданып жаткан учурларым болот.
- Азыркы жаш жазуучулардын деңгээли кандай? Сизге жаккандары барбы?
- Мени таң калдырган жаш жазуучуларды мүмкүн окуй албай калгандырмын. Ал эми акындардан бар. Алар: Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов.
- Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун азыркы абалы кандай?
- Орусча айтканда "плачебный"! Деги ушул маселе боюнча соо киши да таң калса болот. Сөз кадыры, сөз башаты кайдан башталат? Жазуучу акындардан башталат. Сөздүн башаты, сөз кадыры Жазуучулар союзунан башталат да! Сөздү баалай албаган инсан, эч нерсени баалай албайт. Кыргыз тарыхы менен кыргыз адабиятын билбеген өкмөт башчысы өкмөт башчысы эмес. Андай адамдар жөн гана шамал учуруп жүргөн камгак!
- Нускалуу чалдар азыр азайып, бүт эле дүжүр чалдар көбөйүп кеткендигин жакшы билесиз. Дүжүрлөрдү канткенде жок кылабыз?
- Арак ичкен чалдарды эч качан жок кыла албайбыз. Булардын ичинде эң эле акылдуу, нускалуу чалдар да бар. Алар дайыма арактан өздөрүн жогору коө алат. Арак ичсе да өзүнүн ордун, өзүнүн ким экенин биле алат. Билбегендер көп, алар хулигандар деп аталат. Мына ушулар дүжүр болуп кетиши мүмкүн. Бу турмушта кошоматчылар дайыма болуп келген, боло берет. Алардан арылыш мүмкүн эмес, бир сөзмөр жигит айтып калды: "Агай, адамдардын ачыла турган ачкычын таптым" - деп. "Бул кандай ачкыч болду экен?" - деп ойлоно түштүм. Сурасам: "Адамдарды мактасак эле ачкычы ошол жерде экен" - деди. Туура көрдүм. Анткени баарыбыз эле мактоону жакшы көрөбүз, бирок бир нерсени билип коөлу, акылдуулар жалган мактоо менен чын мактоону айырмалай билишет. Маселе мына ушунда.
- Сиздин чыгармачылыгыңыз кайсы өкмөттүн тушунда өз баасын ала алды?
- Айтуу кыйын, баары эле акча менен бийликке жеңилип, кошоматчыларга агылып кетет. Көрсө, бийлик адамды бузат экен. Ушуга чейин бир да өкмөт мага көңүл бурбады. Анын үстүнө бир мактанып алайын кошоматчылык дегенди билбейт экемин. Бирөөнүн алдына да барбапмын. Жылдыз Мусабекова деген мыкты журналист бар. Бир ирет Жылдыз тарабынан бир материалым "Агым" гезитине жарык көрүп, макаланын үстүнө "Кыргыз эл жазуучусу К.Сактанов" деп жазып коюптур. Бир чети бул сөз мага жага түштү. Экинчи жагынан кичине ардана түштүм. Дароо телефон чалып: "Жылдыз, айланайын, мен эл жазуучусу эмесмин да. Окугандар редакция менен сүйлөшүп, "атайын ушинтишиптир" деши мүмкүн" - десем, ал кенебей, - дешсе дей беришсин, агай. Сиз биз үчүн эл жазуучусусуз да" - деди. Унчукпай отуруп калдым. Анткени Жылдыздын нары таланттуу, нары мыкты журналист экенин жакшы билчүмүн.
- Ошентип, өкмөт тарабынан эч бир сыйлык алган жоксузбу?
- Алган жокмун. Бир ирет аялым айтып калды:"Осмонакунга барып айтчы, эмне үчүн сага сыйлык берилбейт?" - деп. Барып айттым. Осмонакун: "Сталинди жазып жатат дешсе эле баарынын оозу жап болот" - деди. Ошондо адамдарга дагы бир ирет таң калдым. Бир кезде Сталиндин таманын жалаган аягы суюктар ал өлөрү менен биринчи душман болуп чыга келишти. 1936-жылы Сталиндик конституция учурунда бизди республика кылган ким эле? Сталин эле да! Сталин бизди республика кылбаса, Каракалпакка окшоп жүрмөкпүз кор болуп. Азыр кыргыз үчүн кылы кыйшайбаган, жанагы мен айткандар "Кыргызым эле кыргызым" деп кыйкырып чыгышты. Оо, кыргыздан ылайым айланып кеткирлер! Силер накта эки жүздүү дүжүрсүңөр, макоосуңар! Өткөндү тоталитаризм деп жамандайсыңар. Тоталитаризм бул темирдей тартип, азыр тартибиңер кетип малдай жайылып кеттиңер го…
- Азыркы өкмөткө кандай баа бересиз?
- "Жакшы" деген баа берем. Роза Исаковна аял катары өкмөттү өтө оор абалда жатканда кабыл алды. Кандай оор мезгил өттү. Бирок аял башы менен эркектен артык чыдап берди. Анын эмгеги чоң! Ушуну түшүнбөй эле ажылдай беребиз. Акмактар гана ажылдайт, акылдуулар унчукпай иштешет. Унчукпай иштегендер акылдуу болот, анткени адамды эмгек гана тарбиялайт!
Ал эми Алмазбек Атамбаев жөнүндө айта турган болсок, орустун ырысына Путин келгендей эле, кыргыздын ырысына Алмазбек келди окшойт. "Эмне үчүн Алмазбек Путинге бир чоку берип келди. Ошол чокуну Ч.Айтматовго берсек болот эле го?!" - деп ажылдап чыгышты. Өкмөт Айтматовдун кадыр-баркын ого бетер көтөрүп, жерге берди. Дагы да көтөрө берет! Алмазбек кыргыздын тешигине бир жамаачы болор бекен деп, орустарга тизелечүдөй болуп барып кайтты. Ушуну түшүнбөсөк анда эмнени түшүнөбүз? Элде байыртадан бир салт бар. Тойго барган кыргыз куру барбайт. Той ээси бергенине жараша берип жөнөтөт. Алмазбек Путинге бир чоку бериптир. Мындай чокулар кыргызда миллион эмеспи. Бу чоку жем же чөп сурабаса, кыргыздын тешигине жамаачы болчудай нерсе алып келди го. Ушуну эмне үчүн түшүнбөйбүз?!
- Ош окуясы боюнча пикириңиз кандай?
- "Үчүнчү күч" дей бербей, ток этер жерин айтыш керек. Чатакты биринчи баштаган ким? Ошонун атын айтып туруп, катуу жазалаш керек. Жазалоо өмүр бою багуу эмес, эл алдында дарга асуу зарыл. Чырдын биринчи чыгышына өзбек эли эмес, өзбек Кадыржан Батыров сыяктуулар күнөөлүү. Кадыржан акмак болбосо, ойлобойбу. Түштүктү автономия кылабыз десе эле, түндүк кыргыздар автономия кылып коөбу? Азыр бүткүл өзбек элин боздотуп коюп, жакындан айып коюп, өзү качып жүрөт. Ошончо эле патриот экен "элге тийбегиле, мени жазалагыла" дебейби. Анткен жок, артын карабай качып жүрөт. Өзбек элинин жаны эмес, өзүнүн жаны ширин экен, бул макоонун.
Айтмакчы, өткөн жылдын аяк ченинде түштүктө өзбек эли бүткүл кыргыз-өзбек элине кайрылуу жасап, "Мындан ары урушпайлы, тынчтыкты сактайлы" деген үндөө кабыл алды. Бул үндөөнү кабыл алгандардын терең акылына, кечиримдүүлүгүнө ыраазы болуп, мен "Азаттык" үналгысы аркылуу аларга ыраазычылыгымды билдирип, жаңы жылдык куттуктоо айткан элем. Аны "Азаттыктын" редактору чолок акылы менен чолок кыскартыптыр да, менин оюм өзбектерге жагынгандай болуп калыптыр. Бир угарман мага телефон чалды: "Агай, сиз минтип сүйлөбөйт элеңиз, угуп алып аябай капа болдум" - деп.
- Эми үй-бүлөңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз.
- Үч уул, бир кызым бар. Кудайга шүгүр, жакшы чоңоюшту. Эң негизгиси күйүмдүү. Аялым медик. Менин өлбөй-житпей 80-90го чыгып балалык кезин жазып берет деп кудайдан тилеп отурат.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??