Муфтий Президент менен жолукту
(уландысы, башы 1-бетте)
Азыркы кездеги өлкөнүн араздашуудан кийинки акыбалында коомдун дагы да бекемдеши үчүн дин кызматкерлеринин ролу жана салымы олуттуу болуп бара жатат, деп белгиледи Президент. "Биз бул багытта күч-аракеттерибизди бириктирүүбүз керек", - деп чакырды өлкө башчысы.
Муфтий чет өлкөлөрдө диний билим алган жаштардын саны бир көбөйгөнүнө көңүл бурду. "Чет өлкөлөргө окуганга берилген квоталарга жараша кимди кайсыл жакка жиберилгендиги тууралуу КМДБ кабардар болуп турса максатка ылайык болот эле. Жаштардын туристтик путёвкалар менен чыгып кетишип, шектүү билим алып, өздөрүн диний ишмермин деп атабалган учурлар бар", деди ал.
Президент Роза Отунбаева жалпы билим берүүнүн, ошонун ичинде диний кызматкерлердин билим деңгээлин көтөрүү зарылдыгын белгиледи. "Биздин диний кызматкерлер жогорку билимдүү, бийик руханий принциптүү болуулары зарыл, такыбалыктын жана тазалыктын үлгүсүн тамсилдеши керек",-деп баса белгиледи Р. Отунбаева.
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма-сөз кызматы




Аалымдарыбызга урмат-сый көрсөтүлө бермекчи
2011-жылдын 8-февраль күнү болуп өткөн Муфтияттын кезектеги жыйынында Азрети муфтий Чубак ажы Жалиловдун демилгеси менен үстүбүздөгү, Раббиуль-авваль - Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (САВ) туулган айына арналган салтанаттык жыйын өткөзүү жана Кыргызстаныбыздын көрүнүктүү, элибизде ыйман жолунда кадамдардын көбөйүүсүнө себеп болгон, аалымдарыбызга ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшыруу тууралуу чечим кабыл алынган.
12-февраль ишемби күнү бул эки иш-чара бириктирилип, Бишкек шаарында "Вавилон" кафесинде салтанатуу түрдө өткөрүлдү. Бул иш-чарада Азрети муфтий Чубак ажы Жалилов баштаган муфтияттын жамааты, Кыргыз Ислам университетинин өкүлдөрү болушту. Чакырылган ардактуу конок катары, эгемендиктин биринчи жылдарынан баштап мусулман жамааттары жана аалымдары менен тыгыз иштеп келе жаткан, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Эмилбек Саламатович Каптагаев бул маарекеге катышты.
Алгач Пайгамбарыбыз Мухаммадге (САВ) арналган салаваттар айтылып, араб жана кыргыз тилинде мавлиддер окулду. Жыйындын экинчи бөлүгүндө диний билим берүү, ыймандуулукка тарбиялоо жана Ислам жолундагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн: Молдо Сабыр ажы Досболов, Молдо Газы ажы Зияев, Молдо Жалил ажы Якубов, Молдо Надир ажы Асамудинов, Молдо Абдилла ажы Асранкулов, Молдо Кимсанбай ажы Абдрахманов, Молдо Хабибулла ажы Магомедов, Молдо Абдухалил ажы Исаков, Молдо Шакир ажы Эргешов, Молдо Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев, Молдо Лугмар ажы Гуахунов, Молдо Сатылган ажы Баетов, Молдо Хашим ажы Асамудиновдорго Кыргызстан мусулмандарынын дин Башкармасынын атынан ардак грамота жана ар бирине 10 000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Салтанаттуу жыйын конокторго сый тамак берүү менен аяктады.




Ошко болгон иш сапар
Азирети муфтий 13-15-феврал күндөрү Ошко болгон иш сапарында түштүк жергесинде таанымал болуп, эмгектенип келе жаткан таанымал аалымдар Молдо Умарали ажы Бекмуратов, Молдо Талип (Кошон ажы) Исмаилов, Молдо Камил ажы Абдужапаров, Молдо Алауддин Мансур Рустамов жана Молдо Шаамухаммад ажы Шаюсуповго Кыргызстан мусулмандарынын дин Башкармасынын атынан ардак грамота жана ар бирине акчалай сыйлык тапшырды. Бул сапардын алкагында Азирети Ошто өзбек диаспорасынын жетекчилери менен да жолугуушуларды өткөрдү. Андан сырткары Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Ош шаарында бир катар жолугушууларга катышып, элди ынтымактуулукка, тынчтыкка, ыймандуулукка үндөп, сөз сүйлөдү. Ошондой эле элибизге Ислам динин, ыймандуулукту жеткирүүдө үзүрлүү иш алып бара жаткан "Адеп Башаты" фондунун Ош филиалынын башкы кеңсесинде, фонддун бала бакчасында болуп, кылынып жаткан иштер менен таанышты.


Жаңы дайындоолор
Муфтияттын дин кызматкерлери менен болгон жыйынында Чүй облусунун казылык милдетин аткарып келген Руслан Жумагуловду кызматынан бошотуу чечими чыкты. Мындай чечим өткөн жылдын жай айында Чүй облусунун имамдары, аксакалдары жана дин кызматкерлеринин облус казысына боюнча жазган арызы каралгандан кийин кабыл алынды. Жыйынга катышкан дин кызматкерлеринин добуш берүүcү менен Чүй облусунун жаңы казысы болуп Чынкожо Дөөлөтканов, орун басарлыгына Жараш ажы Жакеев бекитилди.
Ошондой эле Мажидин Толубаев өз арызынын негизинде муфтийдин орун басарлык кызматынан кетип, анын ордуна буга чейин Кемин районунун Баш имам-хатиби болуп иштеген Саясат ажы Асанов дайындалды.