Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Жихад өлтүрүүбү?
башканы же өз напсин
Эгер "жихад" түшүнүгүнө анын оргиналдуу маанилик структурасына таянып аныктама берсек, кийинки нерсе келип чыгат: "Жихад - Алла менен адамдын ортосундагы тоскоолдорду жок кылууга багытталган аракеттер".

"Аллах", "адам" жана "тоскоолдор" сөздөрү аныктамадагы негизги сөздөр. Бул жерде адам конкреттүү индивид катары келтирилүүдө. Конкретүү адам - бул диний ишенимдин, тарыхий реалдуулуктун жана коомдук-маданий чөйрөнүн продукту. Бирок эгер каалаган болсо ал өзүн туура эмес диний ишенимдердин, тарых жана чөйрөсүнөн туткунунан бошото алат, ошондой эле шамалдын илеби менен калкып бара жаткан канаттын түгү сыяктуу болбой эркиндикке чыга алат; тактап айтканда, адам ишенимин, тарыхий калыптанып калган акыбалы менен чөйрөсүн өзгөртө алат. Ислам - адамзатка Аллах тарабынан Мухаммад Пайгамбары (САВ) аркылуу жиберилген акыркы дин. "Тоскоолдор" түшүнүгү болсо көптөгөн кеңири тармактарга тиешелүү: адамдын шакыбат каалоолорунан баштап абийир эркиндиги жана диний ишенимге чейин, андан калса саясий зулумдук жана социалдык жоготууларга чейин.
Бул учурда, "жахд" (кайрат, аракет) тамыр сөзүнөн жаралган "жихад" түшүнүгүнүн эки негизги багыты тууралуу сөз кылса болот.
Алардын биринчиси - бул, адамдын ички дүйнөсү жана напсий каалоолорунан келип чыккан зор тоскоолдорду ашуу үчүн, руханий жана адеп-ахлактык кайрат кылуу. Экинчиси болсо - бул, динибизди эркин түшүндүргөнгө жана жашообузга киргизүүгө зарыл материалдык жана коомдук чөйрө түзүү максатында кылынган, бардык аракеттер. Бул эки ачыктоодо тең адамдын ички жана сырткы эркиндигине жетүү максатында кылынган максималдуу кайрат тууралуу айтылууда.
Ислам адабиятында "жихад" жана "согуш" бирдей нерсе эмес, бирок душман менен каршылашуу күч жана аракеттин максималдуу сарпталуусун талап кылат, ошондуктан бул сөз "согуш" деген мааниде да келет. Биз Ыйык Куранда "согуш" маанисинде "кытал", "харб", "мухараба" жана "маарака" терминдери колдолунганын көрөбүз. Жана улуу мусулман окумуштуусу Мухаммад Хамидуллах белгилегендей, исламда, Алла тарабынан белгиленген максаттардан сырткаркы нерселерди ишке ашырууну көздөгөн, согуштар тыюу салынган. Пайгамбарыбыз САВ жүргүзгөн согуштардын бардыгы дагы коргонуу, ата-мекенди коруу жана коопсуздукту камсыздоо максатында болгон. Бул себептен кол салуу, талап-тоноо жана олжо мусулмандардын аскердик аракеттеринин максаты болгон эмес. Мусулмандар ачылыш кылган өлкөлөрдүн адамдарына дайыма тандоону өз ыктыярларына калтырган: исламды кабыл алуу же мусулмандар төлөгөн зекет (кирешенин кырктан бири) менен бирдей өлчөмдө болгон жизьяны жана садаганы төлөө.




Жихаддын негизги максаты
Бул сөздүн тамырынын түпкүлүк байлыгы, биздин жашоо практикабыздын натыйжасы болгон, адамдын түрдүү акыбалына ишарат кылган эң жакшы мисал. Эч күмөнсүз жашоо каршылашуу жана кармашуудан гана турбайт. Болгону, бир караганда, укук ченемдүү рамкада сыяктуу болгон, биздин нааразылык жана арзуу сезимдерибиз кайсыл убакта бизди зулумдукка түртөөрү белгисиз экенин эстен чыгарбастан, буга дайыма кылдат болуубуз керек. Эң негизгиси, руханий нур менен жаркыратылган акыл, бир сөз менен айтканда - акылдуулук, жогоруда айтылган сезимдерди өз көзөмөлүнө алып, туура максаттарга багыттаса болду. Дал ушул, улуу кайрат жана күрөш - "мужахада".
Адамдын ички дүйнөсүнө байланыштуу болгон жихаддын негизги аспекти, "өтүп бүткүс караңгылык" делген, материалдык дүйнө шакыбатына каршы күрөшүү болуп эсептелет. Бул, ислам адабиятында негизги түшүнүк болгон "нафс" (напси, эго), анын каалоо жана шакыбаты, менен күрөшүү. Ач көздүк, өзүмчүлдүк, суктук, дене шакыбаттарына байлануу, материалдык рахатка берилип акылдан айнуу, өтхп кетчүү дүйнөгө табынуу жана жердик баалуулуктар менен мааракелерди бут (идол) кылуу - мунун баарысы напсинин кээ бир мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.
Адам эки бириктирилген асылга ээ. Бул бирдиктин биринчи түзүмү - дүнүйөвий, экинчиси - илаахий дем болгон, руханий түзүм. Илаахий дем сактанган жер - жүрөк, дүнүйөвий түзүм коргологон жер болсо нафс, б.а. дене каалоолору менен шакыбаттар. Адамдын жаратылыш максаты - дүйнүйөвий эмес, руханий барлыгын жогорулатып алдынкы планга алып чыгуу. "Жахд" жана "мужахада" жолу менен алынган эркиндик - биздин, үстөмдүк кылууга жана дүнүйөвий түзүмүбүздү акыл көзөмөлүнө ала алган күчкө ээ болуубуз, дегенди билдирет. Аллах Өзү адамды жаратып, ага келбет берип, жандандырып, ага бардык барлыктын атын үйрөттү (т.а. ага дүнүйө таануу илимин берди) жана ага элчилерди жиберип жол көргөздү. Жаратылгандын максаты - Аллага эң жакшы кызмат (кулдук) кылуу натыйжасында адеп-ахлагы туруктуу жогорку даражадагы инсан болуу. Алам баласында бар болгон илаахий асыл аны, чындыгында Ага таандык болгон Аллага жана бейиштеги орунун алууга чакырат, адамдын нафсынын жатагы болгон дүнүйөвий түзүмү аны дене чөлкөмүнө, жерге тартат. Адам - барлык дарагынын жемиши, жаратылган нерселердин эң асылы, эгер ал ниеттенсе, Алла Таала кааласа, күчү жана аракети менен, нафсынын зыяндуу шыбыроолоруна каршылык кылып, өзүнүн жаратылыш максатына жете алат. Бул кайраттын чыныгы аты "мужахада", же болбосо жихад.
Бул машакатуу руханий жана ахлакий кайрат ислам боюнча эң улуу жихад катары каралат. Мухаммад Пайгамбар САВ Бадр согушундагы салгылашуудан кайтып келе жаткан кезинде, куралдаш жолдошторуна: "Силер кичич жихаддан улуу жихадга кайтып келдиңер"-, деген сөздөр менен кайрылган. Андан "улуу жихад" деген эмнени билдирет деп сурашканда, Пайгамбар: "Өз нафсы менен болгон жихад", деп жооп кайтарган (Ажлуни, Кашфуль-хафа, 1/45). Башка булакка кайрылганда ал: "Чыныгы мужахид, өз нафсы менен жихад кылган", деп айткан (Фадаилуль-жихад, 2).
Жихаддын бул ички аспекти өтө зор мааниге ээ. Өзүнүн ички кемчиликтери менен күрөшпөгөн жана руханий жана ахлакий жетилүү жолунда тоскоолдуктарды багындырбаган адамдан, анын башкаларды туура жолго багыттоосу натыйжалуу болот дегендик акылга сыйбаган нерсе. Бул мааниде "жихад" адамдын рухун тазалоо жолунда өзүнүн ички дүйнөсүндө жүргүзгөн эбегейсиз күрөштү туюндурат, жана ошондой эле "өзүн көзөмөлдөө жана улуу адеп-ахлактык сапаттарга жетүү максатында өзүн-өзү тарбиялоо". Бул аябагандай кыйын иш болгондуктан, "өз нафсы менен кылынган жихад эң улуу жихад".
Которуп даярдаган
Эсен Ырыскелди




кыргыз тилиндеги гезит "Ислам маданияты"




Яндекс.Метрика