Кыргызстанда алгачкы жолу
"НАМАЗ УБАКТЫЛАРЫНЫН КАЛЕНДАРЫ" жарык көрдү!
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы өлкөбүздө беш маал намаздын убактарын тактап, азанды бирдей убакта айтууну тартипке келтирүү максатта 2011-жылдын намаз убакыттарынын календарын даярдады. 2011-жылдын январь айынын ортосунда 1-басылышы жарык көрүп, кыска убакыттын ичинде сатылып кетти. Эми 18-февралда аталган китепченин 2-басылышы жарык көрдү.
Бул китепчеде:
- Кыргызстандын аймактарындагы намаз убакыттары
- Ислам айлары
- Исламдагы белгилүү ыйык күндөр, түндөр
- Намаз убактыларынын сырлары
- Ар бир ай үчүн аят, хадис, дубалар
- Намаздын ден соолукка пайдалары.

Ошону менен бирге эле, "Адеп Башаты" фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы менен биргеликте аталган китепчени чөнтөккө салып жүрүүгө ылайыкташтырып (13х8см көлөмүндө) "Намаз убактыларынын календары" чөнтөк календарын даярдап, мусулмандарга сунду.
"Намаз убактыларынын календары" түстүү китепчесин жана чөнтөк календарды сатып алууну каалагандар төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:
Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57 Муфтият, 1-кабат, 16-кабинет.
Тел.: (0312) 48-66-89, (0777) 444-822, (0557) 444-822
e-mail: namaz2011@mail.ru




Китеп текчеңизге жаңы китеп...
Гезитибиздин бул санында муфтияттан уруксат алып басылып чыккан ушул китепти сунуш кылабыз
ЖАН ДҮЙНӨ ЖАҢЫРЫКТАРЫ
Бул китеп, Мухаммед Фетхуллах Гүлендин адабий жана философиялык мазмундан тартып диний, илимий, адеп-ахлак тууралуу маселелерге чейинки ой-толгоолорун камтыйт жана жашоодо иш жүзүндө ашырылган руханий, социалдык тажрыйбаларды чагылдырат. Көлөмү 382-бет. Которгон Канат Аманбаев. "Дил азык" басма үйү тарабынан даярдалып, 2011-жылы февраль айында жарык көрдү.




Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын туулган айына арналган Кыргызстан мусулмандарынын (эркектер) арасында
Курани-Карим жарышынын

ПРОГРАММАСЫ
Уюштуруучулар:
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана
"Адеп-Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду

Жарышты өткөрүү мөөнөтү:
2011-жылдын март-апрель айлары

Өткөрүү этаптары:
1-этап: Обулустарда жана Бишкек, Ош шаарларында
2-этап: Республикалык

Жарыштын шарттары:
-Куранды толук жаттоо (30 жүз);
-Курандын 3/1 бөлүгү (10 жүз);
-Көркөм окуу (мужаввад).

-Обулустук, шаардык казылар, имам-хатибдер,
диний окуу жайлардын мугалимдери катыша албайт;
1-этапта Обулустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Казыяттары менен
"Адеп-Башаты" коомдук прогрессивдүү фондунун филиалдары биргеликте өткөрүшөт.
-Обулустардан жана Бишкек менен Ош шаарларынан биринчи үч орунду ээлеген
катышуучулар Республикалык жарышка жолдомо алышат;

2-этап Республикалык жарыш 2011-жылдын 2-апрелинде
Бишкек шаарында Тарых музейинин жыйындар залында өткөрүлөт;
-Катышуучулардын жашы чектелбейт.

Белектер 2011-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүүчү сүйүктүү пайгамбарыбыз
Мухаммед саллаллаху алейхи васалламдын туулган айына арналган
Мавлид маарекесинде тапшырылат;