Газеты на кыргызском языке Аалам, Агым, Айыл єкмєтџ, Алиби, Асман-пресс, Бишкек таймс, De факто, Кутбилим, Обон и Кыргызско-русский словарь Юдахина К.К.
►►► Туруктуу иштегенге орусчадан кыргызчага которгон мыкты котормочу керек. Айлыгы кеминде 7000 сом! Бирок анүчүн иштеш керек, албетте...
Кайрылуу телефондору: сотка - 0777329784; иштелефон - 872879...◄◄◄
Ильяз Абдыразаков: Кыргыз шоу-бизнесинде "Малыш" атка конуп, ырчылардын көбүнүн ырларына жан киргизген аранжировщик, күйөрман кыздары үчүн кол жеткис айдай сезилген ырчы Ильяз Абдыразаков "Обондун" төрүндө болду. 1988-жылы 21-январда Ош шаарынын Кара-Дөбө айылында төрөлгөн.
"Узун бойлуу кызды сүйүп калсам да үйлөнбөйм" Жакшы көргөндөрү:
Тайота үлгүсүндөгү машина.
Кыш мезгили.
Кыз куумай оюну.
Адамкерчиликтүү, ыймандуу кыздар. Кызыкпаганы:
Саясат, көп сериялуу фильмдер. Сиз ойлобогон кызык жери:
Мырзалардын нервин текшерип... Чыгармачылыкка аралашып жүргөн мырзалардын айрымдарынын телефон номерлерин терип, ар кандай "сценарийлер" менен баштарын оорутуп, нервдерин текшердик. Гезиттен экенибизди билбеген мырзалар биздин тамашабызга мындайча жооп кылышты...
Эрмек Нурбаев: "Мени менен ишиңиз болбосун" - Алло, Эрмек кандайсың?
- Жакшы. - Мен телекөрүүчүң болом. Кечээ "Түнгө карай" деген көрсөтүүгө катыштың го?
- Кандай? - Студенттер боюнча талкуу кылдыңар го?
- Ооба, ооба.
Италияда камакка алуу чечими чыкканда, ал бизде тайраңдап жүргөн "MGN Group" аттуу жаңыдан пайда болгон шектүү ишкана- президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген Инвестиция, инновация жана өнүктүрүү борбордук агенттигинин жардамы аркасында өлкөдөгү стратегиялык маанидеги ири объектилерди менчиктей баштаган эле. 9-мартта Италиянын соту "MGN Group"тун жетекчиси Евгений Гуревичти мурда жасаган кылмыштары үчүн камакка алуу чечимин чыгарды. Европалык ММКлардын жазгандарына таянсак, Евгений Гуревич Италиядагы кылмыштуу топтор менен иштеп, 2 миллиард 700 миллион доллар өлчөмүндө алдамчылык иштерин жасаган.
Теңиртоодогу айбат
10- мартта Теңир-Тоо жергесинде өткөн митингде беш миңге жакын киши чогулду. Эртең менентен баштап бир да дүкөн, базар иштебей, эл стадионого чогулушту. Өткөндө "23-февралда 2500 киши чогулдук эле. Бул жолу суроо- талаптарыбызды оң жагына чечип беришпесе, жөө жүрүш менен Бишкекке чейин барабыз. Эмне, биз өгөй балабызбы? Жети ай кыш болгон бороон-чапкындуу суукта жашап жаткан элдин убал- сообу кимге? Ошол тарифтерди жогорулатып, элди ишениминен кетип, элдин эсеби менен жашагандар, Нарындын суугуна бир да күн чыдай алышпайт" дешсе, дагы бири "Койсоңчу, ошол жылуу ордунан козголуп, иш кылбаган киши да биздин суукта жашай алмак беле. Мурдагы губернаторубуз Өмүрбек Субаналиев жакшы болчу.
Асел бийкечтен баян "Версус" бий тобунун мүчөсү, белгилүү модель Асел Койчиева Россиянын Сочи, андан соң, АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтчү сынактарда Кыргызстандын намысын коргомокчу. Асел Бишкекте өткөн "Мода периси-2010" сынагында баш байгени жеңип, аталган сынактарга жолдомо алган.
Апасынын айтымында, ымыркай кезинде эле Аселдин зиректиги байкалчу. Чоң кишилерче айланасына көз салып, көз карашы баарын түшүнүп тургандай эле. Кызынын зиректигин байкаган апасы ар тараптуу адам кылам деп, кичинесинен каалаган жагына жетелеп жүрдү. Бийге алпарды, ырга алпарды. Бала бакчада эле Асел актердук чеберчилик, бал бийи, сүрөт тартууга катышып, өнөр дүйнөсүнө жакындыгын билдирген.
***
Мектепке барган жылы "Таберик" балдар бий ансамблине да кирген. Алгач балдардын сүйүктүү чыгармасы "Буратино" оюнунда бийлеген эле. Апасы кызынын ар бир кадамын, ар бир сахнага чыгышын азыркыга чейин тизмектейт. Атургай, тартылган тасмалары да бар. 10 жашында "Жаш кыял" бий ансамблине кошулуп, бой жеткенче ошол мектепте бий өнөрүн өздөштүрдү.
Мелис КАРЫБЕКОВ, парапсихолог: "Керексизов бакшы сымал адам" -Мелис мырза, Кыргызстандын келечеги жөнүндө кооптонуп, сарсанаа болгондор арбып эле баратат. Деги эмне болот? Мамлекетибиз артка кетүү менен жок болуп кетпейби? Сиз көзачыктык кылып көрбөйсүзбү?
-Дүйнөдө миң түркүн адамдар жашайт, бири-бирине окшобогон. Жүздөгөн улуттар бар. Ар бир улуттун өзүнүн басар жолу, тагдыры жазылган дегендей. Улуттардын руханий дүйнөсү эч убакта бири-бирине окшобойт. Бирок, биз, кыргыздар арабдарга, моңголдорго, орустарга окшошуп көрдүк. Булардын жакшы жагын деле алдык, ошого катар улутубузга доо кетирип, жок болуп кете да жаздадык. Мына бүгүн да кыргыздар куруп, башка улуттардын астында басмырлануу менен ыдык көрүп турат. Азыр да кыргызды улут катары көргүсү келбегендер, түбүнө жетейин дегендер кыянаттыгын көрсөтүүдө. Ушундай коркунучтуу жагдайдан жол таппасак, кыйрап калышыбыз ыктымал. -Кандай жол табыш керек дейсиз?
-Кыргыздар жок болуунун акыркы чегине келди. Биз бул ааламга Манастын эли болуп жаралганбыз, өзгөчөлүгүбүз ушунда. Өзүң билесиң, бир да улутта Манас жок. Кыргыз эли башка улуттардан бийик турат. -Манасы бар элдин ушундай ахвалга келиши, башкаларга кор болушу эмнеде анда?
Мына сага… Америка дагы бир аскердик база - терроризимге каршы машыгуу борборун өлкөбүздүн түштүк аймагынын Баткен облусуна ачуу боюнча Кыргызстандын бийлиги менен макулдашканын "Ферганы.Ру" интернет сайты, "Eurasianet" сайтына шилтеме берип жазып чыкты. Мындай маалыматты Американын Бишкектеги элчилиги, Кыргызстандын Коргоо министри да тастыктаганын билдирди. Аталган базага бөлүнгөн каражат 5 жарым миллион долларды түзөрү да айтылган.
Баткен аймагына АКШнын аскердик базасы ачылабы?
Американын "Терроризимге каршы машыгуу борбору" аталыштагы аскердик базасы Баткен облусунун кайсы аймагына жайгашары азырынча белгисиз. Аналитиктердин айтуусуна караганда аталган борбор, Россиянын Баткен аймагына ачылат деген аскердик базасы жайгашчу аймактан орун алышы мүмүкүн.
Эмилбек Каптагаев, "Улуу Биримдик" партиясынын лидери, БЭКтин төрагасынын орун басары: "...киши өлтүрүүгө бурсат (санкция) берилди" - Өлкөдөгү учурдагы саясий абалга кандай баа бере аласыз, Бакиевдердин бийлиги күч алып алды, азыр аларга эч кимдин алы жетпейт деген ойго кандай карайсыз?
- Чынында эле үйбүлөөлүк клан мамлекеттик бийликти басып, ага толугу менен ээлик кылып алды. Ошону менен аларга байлык топтоого эбегейсиз мүмкүнчүлүктөргө жол ачылды. Мындан бир жыл мурда орус журналисти Аркадий Дубнов мындай деп жазган эле: " Бакиев мамлекет башчысы катары өзүн абдан эле жөндөмсүз саясатчы катары көрсөттү. Ички саясатта болобу..., же тышкы саясатта болобу... анын иштин жөн жайын билбегендигинен улам, ага карата мамлекеттик бийликти ээлеп алуу деген жалгыз гана максаты бар адам катары айып тагууга мүмкүн болуп кылды". Туура пикир. 2005-жылдын 24-мартынан бери карай Бакиевдин бардык аракети ушул багытта болгонун баарыбыз
Cултан Раев, экс-министр: "Мамажановдун аты, обондору сыйлыктан жогору турат" Талант, таланттуу адам- бул элдин байлыгы. Шыкты көтөрмөлөсө талантка айланып, чоң өнөр болуп чыга келет. Ал эми талантты даңазалаш керек. Таланттуу адамдар өтө назик анан таарынчаак келишет. Алардын көңүлүн таап, өз учурунда баалай билсең, өнөрүнө дем болуп, элине үзүрүн берээри шексиз. Талантка түрткү керек, дем керек. Ал эми мындай кооз сөздөрдөн, мамлекеттин сыйлыгынан куру калган, бир жаралган талант Жолдошбек Мамажановдун биздин арабыздан кеткенине бүгүн 13 күн болуп олтурат.
Рыспай Исаков, манасчы: "Манасты укканда Эстен тангандар да болду"
- Раке, Океандын ар жагына барып келипсиздер. Ат-көлүк аманбы? - Рахмат. Кудайга шүгүрчүлүк.
- Канча күн жүрдүңүздөр? - 23 күн
- Канча киши? - 12 киши.
- Кайсы жерлерде болдуңуздар? - Аризона, Нью-Мехико, Калифорния штаттарында.
- Ким-ким болуп бардыңыздар? - "Ордо-сахна" фольклордук- этнографиялык топтун жааматы. Ичинде ырчылар Бакыт Шатенов, Дамира Ниязбекова, Комузчу Руслан Жумабаев өңдүү белгилүү инсандар бар.
- Барып калышыңардын себеби кандай? Сунуш кайсы тараптан болду?
Аялдар - биздин кутубуз Президент Курманбек Бакиевдин аялдардын Эл аралык күнү - 8-март майрамына карата куттуктоосу Кымбаттуу айымдар!
Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул жазгы жаркын майрамга быйыл жүз жыл толуп отурат. Сиздерге чың денсоолук, жакшылык, сүйүү жана үйбүлөлүк бакыт каалайм. Турмуштун түмөн түйшүктөрү менен оош-кыйыштарын дал аялзатынын сабырдуулугунун жана даанышмандыгынын шарапаты менен жеңип келүүдөбүз. Сиздер бар болгон үчүн дүйнө кооз, жашоо керемет, турмушубуз шаңдуу эмеспи.
Атам замандан бери кыргыздын аялдары эркектер менен бир катарда коомдун турмушуна батыл катышып, керек болсо жоого каршы аттанып, жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп келишкен. Көөнөргүс "Манас" эпосунда аялдар үйдүн куту,
Быйылкы жаз: эмне кымбат болсо, ошол эгилеби? Республикадагы айыл чарбага тиешелүү машина-тракторлордун дээрлик 90 пайызынын эскилиги жетип, көбү талкаланган. Ошондуктан Инвестиция жана инновацияны өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик тарабынан керектүү айыл чарба техникаларын алууга (жер айдоочу, эгин эгүүчү жана жыйноочу) лизинг боюнча 10 млн. доллар бөлүү каралып жатат.
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ ТҮШҮМДӨН МУРУН ҮРӨН ЖАНА ТЕХНИКАНЫН АБАЛЫ
Министрдин айтымында, жаздык эгинди айдоого үрөн даяр. Республикада 188 үрөн чарбасы бар. Бүгүнкү күндө 27,5 миң тонна жаздык буудай себилген, дагы 3,6 миң тонна жетишсиз. Үрөндү сатып алууга Ислам өнүгүү банкы жана Дүйнөлүк банк дагы жардам берет. Ал эми сортту жаңылоо үчүн суперэлита жана элита үрөн сортун сатып алууга Айыл чарба министрлиги тарабынан 46,5 млн. сом бөлүнөт. Азыркы учурда үрөн жетпеген жерлерде уюштуруу иштери каралууда.
"Көйнөктөрдө Мухаммед пайгамбардын хадистери жазылган" Белгилүү теледива, имиджмейкер, дизайнер Ассоль Молдокматова бүгүнкү күндө эки шаарда - Москвада жана Бишкекте иштеп жатат. Биринчи каналдагы популярдуу "Модный приговор" телеберүүсүнүн алпаруучусу Александр Васильевден сабак алып, ушул телеберүүнүн каармандары үчүн кийимдерди даярдап, ошол эле учурда кыргызстандык модалуу айымдарды да кийинткенге үлгүрүүдө. Фэшн-индустриядагы акыркы жаңылыктардан кабардар болууну көздөп, Ассоль Молдокматовага кайрылдык:
- Ассоль, кезектеги коллекцияңыз эмне деп аталды жана ал кимдерге арналды?
- Жакында Москва шаарында "Жүрөк согуусунун ыргагы" деп аталган спорттук коллекциямдын бет ачары болуп өттү. Бет ачарга Ксения Собчак, Тина Канделаки, Глюкоза, Елена Ханга жана башка популярдуу жылдыздар катышты. Коллекциямдын баары бул жылдыздар тарабынан сатылып алынып, Кыргызстан үчүн ушул эле коллекциянын экинчи көчүрмөсүн кайталап даярдоого туура келди. Бул коллекциядагы ар бир комплектке петроглифтер, башкача айтканда, байыркы доорго таандык аскага тартылган сүрөттөрдүн үлгүсү түшүрүлгөн.
Модель Айсулуу Талантбекова: "Бийик такага көнө албай кыйналдым" - Айсулуу, өзүң жөнүндө кыскача айта кетсең?
- Мен 17 жаштамын. Токмок шаарында өсүп, учурда Улуттук университеттин экономика факультетинде 2-курста окуйм. Бир байкем бар. Азыр ата-энем менен борбордо турам. - Модель болуу өзүңө жагабы?
- Албетте жагат. Өзүм да кызыгып жүргөнүмдө Замира Молдошеванын моделдик агенттиги ачылганын угуп калып, ушул жактан окуп сертификат алгам. Окуганым туура болгон экен, өзүм үчүн өтө көп нерсе үйрөндүм. - Моделдикке окууда эмнеден кыйналдың?
- Менин ансыз деле боюм узун болгон үчүн ушул убакка чейин таптакыр шиш такалуу бул кийим кийген эмес элем. Подиумда басууну үйрөнүүдө бийиктиги 12 сантиметрлик шиш така кийгенге туура келди. Алгач ушул нерседен кыйналдым, бирок, кийин көнүп кеттим.
Сурак жүрүп жатат КЫЗЫЛ-КЫЯДАГЫ АЛТЫН АЗГЫРЫК (болгон окуя)
Кызыл-Кыя шаары Баткен облусундагы эң ири, көп улуттуу шаар. 44 миңге чамалаш эл жашайт. Калкы да ар кошкон элден куралган. Жоош момун кыргыздар түпкүлүктүү эл деп аталганы менен жыл өткөн сайын бир тууган өзбек элине караганда азайгандан азайып баратат. Шаарда 11 орто мектеп болсо, алардын экөөсү өзбек тилдүү, экөөсү кыргыз тилдүү, калган жетөөсү - орус тилдүү.
Өзбек туугандар жөнүндө сөз башталып кеткени - Махратбү деген алтын менен соода-сатык кылып жан багып жүргөн кыргыз аялды жакында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп, сөөгү Өзбекстандан табылгандыгы башкы себеп болуп жаткандыгында. (тергөөнүн тартибине ылайык адам аттары өзгөртүлүп берилди - ред.)
"АБАЙ ОЛУЯЛЫГЫН ЭРТЕ БАШТАП АЛДЫ"
Абай Бөрүбаев менен Талгат Нигматулин боюнча иликтөөлөрүбүзгө Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Жалал Топчубаев менен Ош шаарынын тургуну Маматемин Рыскулов жакшы жардам беришти. Кызыл-Кыяда Талгат жашаган үйдү, окуган мектебин барып көрдүк.
Ош шаарынын четиндеги Жапалак айылынын балдар бакчасына келгенибизде:
- Шайымгүл ушул жерде башчы болуп иштейт,- деп биз жолуга турган адамды алдын ала тааныштырып койду.
Балпайган, буудай ирең, тармалданган саамай чачтуу айым жайдары тосуп чыкты. Буттарыбызды сүртүп, бакча ичине - жетекчинин иш бөлмөсүнө кирдик.
- Абайдын карындашы ушул,- деди Маматемин кайра эле окуядан озуп. - Булар болсо Абайдын элдик медицинада салган чыйырын изилдеп жүргөн журналисттер,- деди бизди тааныштырып.
Маек башталды.
Эне - улук,.. жөнөкөйлүк,.. шаң дагы, Жаз эненин, эне жашоо майрамы! Умай эне "Санитар кыз" Мындан 30 жыл мурун өзү да, халаты да сүттөй аппак 22 жаштагы мөлтүрөгөн кыз 1979-жылы ошол кездеги мединститутту аяктап, борбордогу №1 шаардык ооруканага жумушка орношту. Алгачкы күндөрдөн баштап эле өз ишине батыл киришкен кыз бат эле оозго алынып, тажрыйбалуу устаттардын сүймөнчүктүү шакиртине айланды. Улуулардан билбегенин билип, окуганын иш менен айкалыштырып, кийин өзү да оорулууларды дарылоо менен бирге кийинки муундун устатына айланды.
Ар бир тармак мезгил өткөн сайын илимий ачылыштарга негизделип жаңыланып турат эмеспи. Биздин каарман мединститутту бүткөндөн кийин да билимин өркүндөтүп турду. Көрсө, биз сөз кылып жаткан Бегайым ИСАКОВА кокусунан эле медик болуп калбаптыр.
- Мен 3-4-классымдан эле дарыгер болууну максат кылып келгем. Бирок эмнегедир анда адамдарды дарылагандар санитарка деп аталат го деп ойлочумун. Ошондуктан чоңойгондо ким болосуң дегендерге санитарка деп жооп бергеним эсимде, - дейт ак халатчан айым
А силер 8-март дейсиңер Борбордогу окуу жайлардын биринде пол жууп иштеген Зайнаб эже өзүнүн оор тагдырын, жетишпеген жашоодон кыйналганын айтып отурду. Үйүндө көзү көрбөгөн кызы бар экен. "Менин жашоом, тагдырым абдан оор болду. Бирок тагдырдын ар бир соккусуна чыдап, жакшылыктан үмүт үзбөй келем" дейт оор үшкүрүнө.
Жаракат жаш кезде башталган
- Өзбекстандын Ташкент шаарына жакын Чирчик айылында 1959-жылы туулгам. Ошол айылдагы Амангелди орто мектебин аяктап, чоң окууга тапшырам деп документтеримди даярдап жүргөн кезде Асылбек деген жигит алакачып кетти. "Таш түшкөн жеринде оор" дегендей отуруп калдым. Барган жерим начар чыкты. Кайнатам менен күйөөм аракка берилип, маңдай-тескей отуруп алып иче беришчү. Ошол жылы айылдын малын чогултуп жайлоого чыгып калдык. Жайлоого чыкканда күйөөм мас болуп келип, мени эч себепсиз ур-токмокко алып, денемди көгала кыла сабайт. Үйгө кирип аялдын,
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: "Менчик аба каттамдарга террорист түшөбү жөн киши түшөбү, бары бир" Абдумалик Риги Бишкек-Дубай аба каттамы боюнча "Кыргызстан" авиа компаниясына тийиштүү "Боинг-737" учагы менен Кыргызстанга учуп келе жаткан жеринен Иран мамлекети тарабынан колго түшкөндөн бери түрдүү пикирлер, беймаза суроолор, Кыргызстандын коопсуздугу коомчулукту санааркатып жаткан учур. Мына ушул суроолордун тегерегинде саясат талдоочу Токтогул Какчекеевди кепке тарттык.
- Токтогул мырза, дүйнөдөгү кооптуу эларалык террористтик уюмдун башчысы Абдумалик Ригинин Бишкекке келип, Американын кызматтык маанилүү адамдары менен жолугууга баратканы жөнүндө берген көрсөтмөсү коңшу мамлекеттердин арасында Кыргызстандын аброюна шек келтирбейби?
Темир Сариев, "Акшумкар" партиясынын лидери: "Алар мага муктаж болуп жатса керек" Кыргызстандын саясат айдыңындагылар "Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин позициясына тыкыр көз салып турган учурлары. Жаз жарыштын саясатында кимди жандап чыгат деп. Бийлик "Бизге жагалданбайт" деп жактырбагандай, БЭК-оппозиция да "радикал эмес" деп опузалагандай сүртүм берүүдө. Бирок, президенттик шайлоого өз алдынча катышкан соң коомчулук Темир мырзанын дараметин жакшы билет. Айрым аналитиктердин "Сариев конструктивдүү оппозиция," деп баа бергендери да бар. "Акшумкардын" "атаманына" кайрылып олтурганыбыз ушул.
Ата Журттун аурасы агарсын
Адам ресурстарынын, интеллектуалдык ресурстун тышка агуусу күчөдү, Өлкөнүн эл аралык гана эмес, ички имиджине, мекенчилдик сезимге доо кетти. Адамдардын бейпилдиги бузулду, психологиялык травма алып жатышты. Парламент элге керектүү мыйзамдарды кабыл алуунун ордуна, керексиз маселелерди көтөрүп, депутаттар, чиновниктер, саясатчылар, а түгүл коомдук ишмерлер өздөрүнүн интеллектуалдык энергиясын өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сарптоонун ордуна, жеке амбицияларын канааттандырууга жумшап жатышты.
Биримдикке доо кетирүүчү көрүнүштөр кайсылар?
Жогоруда кеп кылган мамлекеттин, өлкөнүн, элдин биримдигине доо кетирчү антипод элементтерди санап өтөлү. Алар төмөнкүлөр: Биринчи. Өлкөнүн региондорго бөлүнүп, ыдырашы, ре- гионализм. Кыргызстандын шартында бул - түндүк-түштүк маселеси. Түндүк-түштүк маселеси чынында географиялык гана маселе. Бул азыр эле чыгып калган
Айыл чарба министри Искендербек АЙДАРАЛИЕВ Айыл чарба азыктарынын өндүрүшүнө кластердик ыкмаларды киргизүү Өкмөт токтом чыгарган Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-мартындагы №171 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик регионалдык саясатынын Концепциясында аймактык өндүрүш кластерлеринин иштешин ишке ашыруу - өлкөбүздүн дүйнөлүк орто жана жогорку технологиялуу рынокторго чыгуусун камсыздай турган инновациялык жана технологиялык өнүгүүнү жалпы улуттук колдоо системасынын бирден бир маанилүү багыты катары көрсөтүлөт. Буга өнүккөн өлкөлөрдөгү ар кандай түрдөгү кластерлердин иштеп жатышы жана алардын натыйжалуулугу күбө.
БЫТЬ УЧИТЕЛЕМ В ЕВРОПЕ Система подготовки педагогических кадров: обзор опыта работы Германии, Чехии и Латвии (Начало в прошлом номере)
Первая, наиболее крупная часть программы представлена "отраслевыми, предметными дидактическими основами подготовки педагогов". На освоение этого раздела предусматривается от 53-х до 65% учебного времени. Лицам, полностью освоившим указанную часть программы, присуждаются 190 кредитов. Вторая часть программы представлена "педагогическими и психологическими основами подготовки учителей". На ее освоение закладывается от 20-ти до 25% учебного времени и присуждаются 60 кредитов. Третья часть называется "университетская основа" и занимает от 5-ти до 10% учебного времени (20 кредитов) и четвертая часть представлена "педагогической практикой"
2-мартта Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуусу, Эл аралык транспорт академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Райкан Соодалиевич Картаңбаев көзү тирүү болгондо 54 жашка чыкмак. Жарык жанган жылдыз эле
Кыргыз транспорт тармагынын биринчи доктору, таланттуу окумуштуу жана жөн гана мээрман ата, сүйүктүү жар, ишенимдүү жолдош Райкан Соодалиевичтин туулган күнүндө анын жакындары жаркын элесин эскеришип, тагдыр өкүмүнө аргасыз баш ийүү менен тирүүлүк парзын өтөөдөн башка арга таппай аза күтүп турушат.
Райкан Картаңбаев көзү өткөнгө чейин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде проректор болуп кыйла жыл үзүрлүү эмгектенип келди. Ал кыска өмүр жолун замандаштарына, өзү окуткан студенттерге үлгү болорлуктай нуска жашап өттү десек аша чапкандык болбос. Райкан Соодалиевич өзү окуп, билим алган ал кездеги Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы КГУСТА) инженердик-курулуш факультетинен автомобиль жолдору кесиптигине ээ болгон соң, ошол окуу жайда окутуучу, улуу окутуучу, кафедра башчысы болуп иштеген.
Молдошева Динара ЖК депутаты: Манасты орусча айткан депутат айым Комсомолка, красавица, активистка деп Динара Молдошеваны айтса болот. Өзү кичинекей "миниатюрная" болгону менен парламентте чоң-чоң иштерди кылууда. Кыргызым деп күйүп-жанган депутат айым...
Балдай ширин балачак
Бала кезим Баткен областындагы Кадамжай районундагы Хайдаркан шаарчасында өттү. Совет маалында бул абдан аброю чоң, деңгээли да өтө жогору болгон шаарча болгон. Хайдарканда сымап заводу иштетилчү. Бизден чыккан сымап Советтер Союзунун баарына, Кытай жана башка өлкөлөргө да таратылчу. Атам таластык, апам Нарын жергесинен болушат. Мурда чоң окуу жайларды бүткөн соң Кыргызстандын ар кайсы жерлерине жиберилчү. Атам менен апам Хайдарканга жолдомо алышып, мугалим болуп иштеп калып калышкан.
РОЗА АМАНОВА Жан жүйнөңдөгү жашарткан шайыр Редакциядан: Үстүбүздөгү жылдын 2-3-мартында Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын концерттик чоң залында Республиканын Эл артисти, ырчы, дастанчы, обончу, комузчу Роза Аманованын "Кылым кайрыктары" аттуу борбордун угуучуларына чыгармачылыгынын 20-жылдыгына арналган чоң отчеттук концерти өтөт. Бул салтанатка карата музыка изилдөөчү,ардактуу профессор,Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушов окурмандарды таанымал шайырдын чыгармачылык тагдыры,басып өткөн өмүр жолу менен тааныштырат.
Ыр менен төрөлүп, Ыр бешикке бөлөнүп
Азыркы күндөгү кыска элдин кыйрына, узун элдин учуна кеңири белгилүү, Ала-Тоонун мөл булагындай тунук үндүү, булбул таңшык ырчынын, комузчунун, дастанчынын, обончунун бири - Эл артисти Роза Аманова.
Жаш шайырдын жаркын шыгы Кыргызстан Эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып жалбырттай жанат.
Жолдошовдор үй-бүлөсү менен Москвада Урматтуу окурман, бөтөн элде султан болгончо өз элиңде ултан бол деген элибиздин улуу сөзү бар эмеспи. Азыркы күн бизден жакшы жашоо шартын талап кылып келе жаткансыйт. О шол талапты аткарабыз дегенсип, биз да бөтөн жерде, бөлөк элде султан эмес ултан болуп жүрөбүз. Мигранттын жашоо-тиричилиги, башка элде жүргөнүбүз өз мамлекетибизге, мекенибизде калган туугандарыбызга караңгы болуп келүүдө. Ал гана эмес, бийлик башчыларыбыз мигранттарга кайдыгер гана карап, анчалык маани бербегенсийт. Бөлөк жерде бөтөн элде жашап, иштеп жүргөн соң, ошол жердин закону жашоо шартына көнүшкө туура келет. Бул жакта иштеп жаткан мигрантын жашоосун келиңиздер окурман,
Юсупов Арыстаналы Туранович 17 - май 1964 жылы Кыргыз респубиликасын Ош облусунун Ала Бука районун Көк серек айылында колхозчунун үй - бүлөсүндө туулган.
- 1971 - 91 жылдары Токтогул орто мектебинде окуган.
- 1981 жылы ДОСААФ афтомектебин аяактаган.
- 1982 - 84 жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн
- 1984 -1992 жылдары Москва шаарындагы "Зил" афтозаводунда Фрезировщик экспедитор
Аскасы асман тиреген Чаткал тоо кыркаларынын учагында жайгашкан аймак Көк серек, Ак серек деп аталып, ааламга өзгөчө шаң берип, көргөн адамды табиятын кооздуугу көркөмдүүгү, тазалыгы өзүнө тартып, тоолуктардын ачык, айкөл мүнөзүн калыптандырган сымал туюндурат. Табиятына жараша адамдардын жан - дүйнөсү, турпаты калыптанган сыяктуу Арыстаналы да ачык мүнөз, кайратуу, тири карек болуп бой тартты. Советтик армиянын катарына чакырылып,
О ВСТРЕЧЕ МЭРА СТОЛИЦЫ Н. ТЮЛЕЕВА С СОТРУДНИКАМИ АППАРАТА ОМБУДСМЕНА
29 января с. г. состоялась встреча мэра столицы Наримана Тюлеева с сотрудниками Аппарата Омбудсмена. Высокого гостя представил Омбудсмен КР Турсунбек Акун.
Н. Тюлеев рассказал правозащитникам о реализации в г. Бишкек программ жилищного строительства, обновлении парка общественного транспорта, улучшении дорожной инфраструктуры, о мерах по защите социально-уязвимых слоев населения. По словам мэра, много внимания уделяется также работам по озеленению и благоустройству.
Урматтуу Топчугүл айым!
Сизди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын эмгек жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан 50 жашка толушуңуз менен менен кызуу куттуктайм!
Сиз бул жашыңызга иштеги, чыгармачылыктагы, илимдеги, үй-бүлөдөгү зор жетишкендиктер менен келдиңиз.
Сиз табигат шарты катал Баткен жергесинде жарык дүйнөгө келип, бир айылдын алкагынан чыгып, учурда элибиздин республикага төбөсү көрүнүп таланттуу кызысыз.
Куунак жашоого ээмин Баатырбек ИСМАИЛОВдун окурмандарга жообу Интервьюңуздан апаңыздын элдик дарыгерлиги жөнүндө окудум эле. А киши кандай ооруларды айыктырчу эле? Гүлүм, Бишкек
- Апам Кудайга ишенген, дилинде жараткандын жарыгын издеп, өмүр кечкен киши болчу. Союздун убагында жаш балдардын башы таз оору болуп эки-үч айлап догдурга жатчубуз. Догдурдун дарысы жок эле, мени 5-6 жашымда чөптөр менен айыктырып койгону эсимде. Төрөбөгөн келиндерге эм түшүрүп айыктырчу эле.
"Актык" - кыргыз ден-соолугу Ар бир пенде Көктөгүнүн жердеги изи Баатырбек Исмаилов "Актык", анын жаралышы, сыры жөнүндө, кантип пайдалануу, ичүү керек, дарыбы же жөн эле суусундукпу, курамы жөнүндө күн сайын менин дарегиме өтө эле көп телефон чалгандар болот.
Адегенде айтаарым, мага телефон чалган жалпыңарга чын дилимден ыраазычылык, рахматымды айтам. Жараткан Эгем жалгап, Таныңыздарга, рухуңуздарга эм, шыпаа болсун, өмүрүңүздөргө жаштык кубат келтирип, рухубузду тазалап, элибизди биримдикке, тынчтыкка, байлыкка, актыкка уютсун.
"АКТЫК" ВОССТАНОВИЛ ЗДОРОВЬЕ Азимбек Бекназаров, экс-прокурор, экс-депутат ЖК: "Лучшая альтернатива"
- Пью "Актык" уже вторую неделю. Он благотворно влияет на мой организм как профилактическое средство. Начал избавляться от сахарного диабета. Для меня "Актык" - лучшая альтернатива тем синтетическим и заморским напиткам, которые заполнили полки наших магазинов.
Каныкей Эралиева, народная артистка КР: "Страдала от сухости в горле"
- Как давно начали пить "Актык"?
- Впервые, я узнала об этом напитке во время семинара в Кочкор-Ате. С тех пор "Актык" присутствует в нашем рационе питания также, как хлеб.
- От каких недугов вы избавились?
"ЖИВУ БОДРОЙ ЖИЗНЬЮ" - Расскажите о свойствах "Актык"? Сагынай, Аламедин - "Актык" выводит из организма шлаки и токсины, улучшает деятельность кровеносной системы, обогащает организм кислородом и микроэлементами. Дает организму необходимое количество белка, углевода улучшает обмен веществ. Выводит из организ радионохлиды. Эффективен при анемии, повышает уровень гемоглобина в крови. "Актык" - природный напиток, повышающий жизненный тонус человека. Также, плодотворно влияет на потенцию мужской силы.
- Как правильно нагревать "Актык" в зимнее время? Алина, студентка
"Ханафий мазхабынын жолу менен үйрөтүү абдан зарыл" Жылдын жаңырышы менен Кыргызстан мусулмандары үчүн бир топ маанилүү жаңылыктар болуп өттү. Алардын бири Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасында структуралык өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийи Муратали ажы Жумановго суроо менен кайрылганбыз. Назарыңыздарга ошол маекти сунмакчыбыз.
- Азрети муфтий, жакында эле муфтиятта структуралык бир топ өзгөрүүлөр болгондугуна баарыбыз күбөбүз. Кандай зарылдыктан улам келип чыкты мындай өзгөртүүлөр?
"Ахмадий жамаатынан кандай коркунуч бар" экендиги тууралуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, көз карандысыз экспертке кайрылып, ушул агым тууралуу бир нече суроолор менен кайрылганбыз. Эмесе ошол маектерди назарыңыздарга сунмакчыбыз.
Каныбек Осмоналиев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы: "Мыйзам чегинде катуу көз караштабыз" Убагында теологиялык жакшы экспертиза жүргүзүлүп, анан кийин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ушул маселеге катуу позициясы болуп, олуттуу караш керек болчу.
"Ахлу сунна вал жамаат" деген ким?
"Ахлу" бизчесинен "эл". Демек, "Ахлу сунна" - бул сүннөт эли же болбосо, ар бир амалында, сөзүндө жана ой-пикиринде пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ээрчиген адамдар. "Сүннөттүн" кыргызчасы "жол". Башкача айтканда, пайгамбарыбыздын жана анын сахаабалардын диний жолу. Дал ушул жолго ээрчигендерди пайгамбарыбыз "жамаат" деп атаган. "Жамааттын" мааниси "бир нерсеге чогулуу". "Жамааттын" тескериси "бөлүнүү". Демек, "Ахлу сунна вал жамаат" дегени, пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн тегерегине чогулган сахабалар, табеиндер жана тээ кыяматка чейин дин-ыйманда аларды ээрчиген адамдардын ынтымагы. Алар ар кайсы замандарда жалаң сүннөттүн тегерегине чогулушат жана бидяттан алыс болушат. "Бидят" дегени - бул пайгамбарыбыздын сүннөтүнө дал келбеген, кийин ойлоп табылган диний жөрөлгөлөр.
Автордон:
Күндөрдүн биринде жогорку даржадагы мамлекеттик кызматчылардын бири ушул саптардын авторун өзінін кабылдамасына чакырып: "Хизбут-Тахрир" жана халифат жөніндө анык маалымат бере турган бир китеп жазбайсыңбы" деген сунушун айткан эле. Чамамда, бул сунуштун айтылышына менин республикалык массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн Ислам, агымдар жана тарых жөніндөгі илимий-аналитикалык жана публицистикалык макалаларым себеп болсо керек. Чынында, халифат деген эмне? Анын динге, пайгамбарга кандай байланышы бар? Ислам тарыхындагы орду кандай? Халифат жөніндө Ыйык Кураанда, Мухаммад пайгамбарыбыздын хадистеринде жана ислам тарыхында эмне деп айтылган? Эл арасында ушул сыяктуу бири-бирине карама-каршы пикирлер, суроо-жооптор өтө көп.
Чолпонбек Абыкеев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу каттоо кызматына караштуу архив агенттигинин директору
Жаңы жылдык жаркын маанай каалайм!
Ушинтип жыл тогошту. Жаңы 2010-жылдын босогосунда турабыз. Жаңы үмүт, жаңы тилектер. Эмнегедир Жаңы жылды тосоордо ички сезимде толкундоо пайда болуп, келаткан жылдан кандайдыр жаңы өзгөрүштөрдү, өмүрүң, ишиң, мамлекет үчүн жаңы жаңылыктарды күтөсүң, ушунусу менен Жаңы жыл майрамы башка майрамдардан өзгөчө окшобойбу.
М.П.Алтыбаев, Кыргыз Республикасынын Ош областтык мамлекеттик архивинин директору
Архиви жок, мамлекеттин тарыхы, эли жана улуту болбойт.
областтык архив кызматына 80 жыл
Ош областындагы архив кызматы 1929-жылдын 1-мартынан "Эки Түштүк Кыргызстандын кантондору" биригип Ош округу болуп түзүлгөн мезгилде Ош областтык аткаруу комитетинин алдындагы округдук Архивдик бюросу деп түзүлгөн. Биринчи архивдик мекемеде (архивдик бюродо) 2 штаттык бирдик, аянты 12 х 16 кв. м. түзгөн сактоо бөлмөсү жана жалпы фонддун саны 17 болгон. Архив ишинин негизги кызматы документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алуу менен алардын эсептик абалына, илимий тарыхый маалыматтарына, аппаратына көңүл бурулган. Себеби, мамлекеттик сактоого кабыл алынган документтер абдан начар көрүнүштө болгон.
11.03.2010 23:41
artyk
Кымбат Телибаева, мумкундук болсо менин телиме чал! 89261543152.89652929992. жашым 18де...
11.03.2010 23:35
Artyk
сулуу кыздар кылыктуулар кайдасынар? ...
11.03.2010 23:32
artyk
салам Жанызак аке! Тааштанай Ибраимованын ырларын гезиттерге чыгараспы?
... Жанызактын жообу: Мен эч кимдин чыгармасын эч жакка чыгарбайм жана биерге жазып турууга да тоскоолдук кылбайм. Бу кыз ошентип жазгандан ырахат алат окшойт......
11.03.2010 20:07
Жаркын
Жанызак байке, саламатсызбы? ”Учур” гезитиндеги Мелис Карыбековдун маеги кызыктуу болуптур. Эми мындан ары Ташкул Керексизовдон интервью алышса жакшы болмок. Негизи окула турган материалдар ушундай болсо дейт элем. Сиз деле кээдк журналисттерге идея берип койсонуз кандай болот?
... Жанызактын жообу: Жакшы редактор кээде Меймансапты карап жџрсє дейт элем. Анан сиздей окурмандар алигиндей сєздєрџн айтканда бираз кулак тџрџп койушса. Мени го мейли, ушул сайтты чыгарып жатканыбызга шџгџр... Мен азыр китеп чыгаруу менен алекмин, бийлик башындадагыларга кулдук урамын, антпесе менин гезитимди мынакей жарым жылдан ашуун каттабай ит кылып жатышат. Сиз айткан материалды окуп чыккандан кийинки сєз: Жаркын, сиз жєнєкєй кыз эмес окшойсуз. Мен Манас, Семетей добулбасын мындан жыйырма жыл мурун кактым эле, ошондон бери єзџмдџ “Семетей_дин жарчысымын!” деп келатам. Мен ошондо эле Кыргызстанды тџркєйлџк каптап кирерин сезгем. Албетте, менде парапсихологиялык (тьфу иттики!) касиет болумуштар жок, бирок мен ошондо эле тарыхый агымдан улам элибизди диний ыпластык каптаарын билгем жана биз сєз кылып жаткан киши муну азыр айтып отурат. Бу киши айткандай, азыр “Азаттыкта” алектенип жаткан Аззам уулу агезде “Кыргыз рухунда” беле, айтор, бир жолу барып калсам менин берген саламымды “макирєє” деп алик албай койгону эсимде... Анан Асан џкє (же акеби, айтор - бџгџн “Билим” коомунан чыгып келатып учурашсам мени “байкелеп” жибергени кызык болду...) Жакшылыков алгач ажы болуп келгенде кайсы бир гезиттин бир бетин жайылта Тџпкыргызга арабий акылын тєгџп берди эле... Эми акылына келди шекилди, ошо Тџпкыргыз негизинен оозанып калганына шџгџр. Байкап кєрєлџчџ кыргызды, “Манасына” бараар бекен, же Каныкейдин мазарын майкандап салгансып, Манас Ордого калдайган маджидди куруп салабы, айтор. Башыбыз ачык болсо экен. Башыбызга мечит салынбаса болгону. Кыргыз бойдон калгыдай элек... Баса, бџгџнкџ “Назарга” назар салыњыз - єкмєттџн ашы бышып калган шекилди, чагымда......
11.03.2010 18:31
Айя
8 марта телевизордон кордум биздин ырчы кызыбыз Бактыгул Бадыева эне болгону атканго...
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.