кыргыз тилиндеги гезит "Кабар"


"Камбар-Ата-2" ГЭСнин биринчи гидроагрегаты ишке берилди
27-ноябрда Камбар-Ата-2 ГЭСнин биринчи агрегаты ишке киргизилди. Аталган ГЭСтин пайдаланууга берилишине байланыштуу уюштурулган иш чарага энергетика министринин орун басары Автандил Калманбетов катышып, өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш жүзүнө ашкан курулуш тууралуу айрым маалыматтарды берди. Анын айтуусу боюнча, эки ай аралыгында гидроэлектростанцияны жабдыктар менен камсыз кылуу жана даярдоо иштери жүргүзүлгөн.
ГЭС 3 линия боюнча 110 кВт электр энергиясын жиберет жана Борбор Азиянын бириккен энерготутумуна туташа алат. Жалпысынын гидроагрегаттын курулушуна 9 млрд сом сарпталган. Бүгүнкү күндө Камбар-Ата-2 ГЭСнин суу сактагычынын көлөмү 70 млн кубометрди түзүүдө. Бул 7-8 ай боюу сутка сайын электр энергиясын иштеп чыгарууга шарт түзөт. Адистердин эсебинде Нарын дарыясы дүйнөдөгү электр энергиясын эң арзан өндүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, келечекти бул мүмкүнчүлүктү толук пайдалануу планы бар жана жакынкы күндөрү кубатуулугу 500 кВт келген экинчи трансформаторду куруу каралган.
А.Калманбетовдун айтуусунда, биринчи гидроагрегат толук кубатуулукта иштеп жатат. Ал эми 30-августта агрегат сыноо катары иштетилген. Эки айдын ичинде тетиктерди сыноо жумуштарын аткарууда кызматкерлер күнү-түнү иштешкен. Азыр электр энергия 110 ватт кубатуулуктагы багыт боюнча берилүүдө. Бир сетка Токтогул районунун борборун жарык менен камсыз кылат, эки өткөргүч Каракөл шаарына кетет жана энергиянын дагы бир бөлүгү негизги генератордон жалпы тармакка берилет.

Камбар-Ата-2 ГЭСинен өндүрүлгөн электр энергияны сатуудан түшкөн баардык каражат экинчи гидроагрегаттын курулушуна жумшалат. Биринчи гидроагрегат жылына 700 млн кВт электрэнергия өндүрөт. Бүгүнкү күндө аталган ГЭСтин курулуш иштеринде 10-11 курулуш ишканалары иштөөдө жана алар кийинки гидроагрегаттардын да курулушун колго алууга даяр. Ошондуктан бүгүнкү күндө эң негизги милдет инвестиция тартуу болуп эсептелет. Бул багытта "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилиги Россиянын "ИНТЕР РАО ЕЭС" жана "РусГидро" сыяктуу ири компаниялары менен тыгыз кызматташууда.

"Демклубдун" мүчөлөрү коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерди талкуулоодо
Бишкек, 25-ноябрь. (КАБАР). "КАБАР - Демклуб" гезитинин биринчи атайын саны жарык көргөн соң, клуб алты жыйын өткөрдү. Анын бардыгы тең коомчулуктун көңүл борборунан орун алган көйгөйлүү маселелерге арналган.
- "Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө кимдер кызыкдар?" - "Демклубдун" 6-октябрда өткөн төртүнчү жыйынынын темасы ушундайча аталат.
- "Коомду акаевдик-бакиевдик жана катардагы жарандар деп бөлүү туурабы?" жана "Люстрация жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу зарылбы?" - 15-октябрда өткөн жыйында ушул теманын тегерегинде талкуу жүрдү.

- "Парламенттик көпчүлүктү жана өкмөттү түзүү" темасы 26-октябрда өткөн жыйында талкууланды.
- "Депутат жана министрлер мамлекеттик тейлөөдөн баш тартуулары керекпи?" - бул теманын тегерегинде 11-ноябрда өткөн талкуу учурунда сөз жүрдү.

- "Кыргызстандын ички иштерине чет мамлекеттердин кийлигишүүсүнө жол бербөө ыкмалары жана жолдору" тууралуу жыйындын катышуучулары 17-ноябрда өткөн "Демклубдун" сегизинчи жыйынында талкуу өткөрдү.
- "Соттук корпусту жаңы Конституцияга ылайык түзүү" маселеси тууралуу акыркы тогузунчу жыйында сөз болду.
Төртүнчү жыйындын катышуучулары "Конституцияны өзгөртүү - айрым партиялардын жакшы ниетиби, же акаев-бакиев режимин эңсөөбү?" жана "Өлкөнүн негизги мыйзамын өзгөртүүгө болгон айрым партиялардын аракеттери украина сценарийине алып келбейби?" деген эки маселени талкуулады.
"Демклубдун" бешинчи жыйынына бир катар коомдук уюмдардын демилгеси аркылуу көтөрүлүп жаткан "Люстрация жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу маселеси коюлду. Анда Кыргызстандын мурдагы эки экс-президенттеринин жакын чөйрөсүнө кирген ири чиновниктердин ишмердүүлүгүнө карата моралдык жактан баа берүү талабы коюлууда.
Парламенттик көпчүлүктү жана өкмөттү түзүү маселеси Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн соң клубдук жыйындын талкуусуна коюлду. Мында Жогорку Кеңеш жана өкмөттү түзүү тартиби аныкталган Баш мыйзамдын 84-беренесине карата бир катар пикирлер жана комментарийлер берилди. Жыйында Негизги мыйзамдагы бул маанилүү беренени туура чечмелеп берүү ишин Конституцияны иштеп чыккан юристтер тобу жүргүздү.
Ал эми мамлекеттик аппаратты кармоо чыгымын кыскартуу маселеси өлкө бюджетинин тартыштыгы жана 2,5 млрд тышкы карыз бар учурда өтө актуалдуу болуп эсептелет. Бул маселени талкуулоо жаңы парламенттин шайланышына жана алдыда турган өкмөттү түзүү процедурасына байланыштуу өз учурунда өттү.
Тогузунчу жыйындын катышуучулары соттук реформа жүргүзүү зарылдыгына тиешелүү көйгөйдү карашты. Бул реформа жүргүзүү кезектеги компанияга айланып кетпейби, соттук курам кандайча уюштурулууга тийиш? Бул суроолорго "Демклубдун" 24-ноябрдагы жыйынынын катышуучулары жооп издешти.
"Демклубдун" өткөрүлгөн жыйындарына бийлик түзүмдөрүнүн, Боршайком өкүлдөрү, парламент депуттаттары, ӨЭУ жетекчилери, белгилүү саясат таануучулар, журналисттер, юристтер, окумуштуулар жана эксперттик коомчулук өкүлдөрү катышты.






Яндекс.Метрика