Маданият жаңылыктары

Талант Осмонов: Маданиятты өнүктүрүү - мамлекетти өнүктүрүү менен барабар
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти Талант Осмонов ушул жылдын күзүндө Грозный шаарында (Чечен Республикасы) өткөн Махмуд Эсамбаев атындагы жеке бий эл аралык фестивалында ийгиликке жетишти. Бийчи "Эстрада бийи" номинациясында үчүнчү орунду алып, фестивалдын лауреаты болду. Аталган фестивалга 13 өлкөдөн 40тан ашуун адам катышкан. Т. Осмонов үчүнчү орунга ээ болуу менен, Чечен Республикасынын маданият министри Дикалу Музакаевдин атайын сыйлыгына арзыды.
Талант Осмонов 1985-жылы туулган. 2004-жылы Бишкектеги Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктап, чыгармачылык жолун Казакстандын мамлекеттик академиялык театрында баштаган. 2008-жылдын май айынан тартып, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында эмгектене баштады. Аз убакыт аралыгында классикалык репертуарларда алдыңкы партияларды аткарды. Алсак, Л. Минкустун "Дон Кихот" чыгармасында Базилдин, ушул эле автордун "Корсар" чыгармасында Конраддын, А. Адандын "Жизелинде" Альберттин, А. Хачатуряндын "Спартак" балетинде Спартактын, К. Молдобасановдун "Саманчынын жолунда" чыгармасында Касымдын ролун жараткан.
Фестиваль жөнүндө
Мен таланттуу бийчи Махмуд Эсамбаевдин мекенине барып бийлегениме сыймыктанам. Баарыбыз билгендей, ал кишинин чыгармачылык жолу бизде, Кыргызстанда, башталган. Ал убакта чечен эли депортацияланып, Махмуд Эсамбаев тагдыр буйругу менен Кыргызстанга келген болчу. Фестивалга катышуу мага көп таасир калтырды. Таланттуу адамдар менен жолугушуп, көп досторду күттүм.
Баарынан да мени чечен элинин меймандостугу суктандырды. Мүмкүнчүлүгүм болсо Чечен Республикасына дагы баргым келет. Ал эми Махмуд Эсамбаев атындагы эл аралык сынакка кийинки жолу катышамбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок мен жыл өткөн сайын бул фестиваль маданият жана искусство жаатында дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем.
Казакстандан кайтып келүү
Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктагандан кийин тандоо жолу менен Казакстандын мамлекеттик академиялык театрына алып кетишкен. Ал жерде Булат Аюхановдун жетекчилиги астында чыгармачылык жолумду баштап, жеке вариацияларды аткара баштадым. Кыргызстанга үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, ошондой эле биздин театрдын алгылыктуу сунуштарынан улам кайтып келдим. 2005-жылы мен окууну аяктаган соң, чет өлкөдөн иш издөөгө аргасыз элем. Азыр болсо биздин театрдын мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Театр жетекчилиги шарттарды жакшыртып, айлык акыларды көтөрүү аракетинде.
Кыргыз балети тууралуу
Алдыда талыкпай иштеш керек. Бул жолу үчүнчү орунду алсам, кийинки сынактарда экинчи, биринчи, кудай буюрса, баш байгени алганга аракет кылам. Мени биздин академиялык опера жана балет театрдын репертуарынын бай экендиги сыймыктандырат. Репертуарды дагы байытып, кыргыз балетин жаңы бийиктикке көтөрүүгө өз салымымды кошкум келет. Болгону моралдык, каржы жагынан колдоо болсо, иш алга жылат. Антпесе эл аралык фестиваль, сынактарга катышайын десек, каражат тартыш. Каражат издөө менен алек болуп, даярдык жагынан аксап калабыз.
Бул ирет Махмуд Эсамбаев атындагы эл аралык сынакка барган-келген жол кире, жашаган жайыбызга чейин Кыргызстандагы Россия элчилиги колго алды. Биздин бийлик да маданиятка көбүрөөк көңүл бурса, бийиктиктерди багындырууга болоор эле. Анткени, маданият -мамлекеттин жүзү. Маданиятыбыз бийик болгондо гана, бүгүнкү күндөгү саясый өңүттөгү ар кандай көйгөйлөр жаралбайт беле?!

Эрнест Абдыжапаров: Кыргыз барда "кыргыз керемети" боло берет

Кыргыз киносу кыйын учурду баштан кечирип жатса да, акыркы жылдары режиссерлор далай ийгиликтерди жаратууда. Албетте мамлекет каржылоонун көлөмүн көбөйткөн менен, кино дүркүрөп өнүгөт деп айтууга болбойт. Анткени өз дарамети, күч-аракети менен кино тартып жаткандар жок эмес. Кыргыз киносу өнүгүү жолундабы? Анын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр барбы? Ушул жана башка маселелер боюнча белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров ой бөлүшөт.
Кыргыз киносу жөнүндө
- Мен кыргыз киносун экиге бөлмөкмүн: кыргыз киносу жана мамлекеттик кино деп. Мамлекеттик кино бүгүнкү күндө өзүнүн дараметин жоготуп, жокко эсе болуп калды. Мамлекеттин каржылоосу менен тартылган акыркы тасма "Белгисиз маршрут" көркөм өнөргө өзүнүн зор салымын кошту. Андан бери мамлекеттик кино, жада калса кыска метраждуу болсо да, тартыла элек. Ал эми кыргыздын киносу өркүндөп өсүп, жаркырап жанып жаткан учуру. Буга мисал-жаштарды даярдаган жайнаган окуу жайлар, Кыргызстанда өтүп жаткан фестивалдар, тышка чыгып орчундуу байгелер, учурда тартылып жаткан тасмалар. Санап берүү мүмкүн эмес.
Сан сапатка айланат деп айтылат. "Карындагы баланын кан болоорун ким билет" дегендей, мен тасмаларды жакшы-жаман деп бөлбөйт элем. Бүгүнкү күндө кандай болбосун тартылган тасманын ээлерин баатырлар деп эсептейм. Ал эми тартылып бүткөндөн кийин эл өзүнүн деңгээлине жараша мыктыларын тандап алат. Чабалдары өзүнөн-өзү калып калат.
Кино каражатты көп талап кылат, бирок ошончо каражатты кайтарып бере турган да тармак. Тилекке каршы, Кыргызстанда кино рыногу жок. Менин тасмаларым да азырынча актала элек. Ошондуктан, кыргыздар кино тартып, башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгышы зарыл.
Ийгилик сыры
Ийгилик - бул элиңдин эмгегине берген алкышы! Кудайга шүгүр, алардан кур эмесмин, бирок негизги башкы ийгилигиме али да жете элекмин деп эсептейм. Анын качан болоорун, мезгилден сурашыбыз керек. Азырынча ошол ийгиликке жете турган эмгегим менен алекмин.
Жакында эле Америкага болгон сапарымда кыргыздар дүйнөнү дүңгүрөтөбүз деген туюм менен кайтып келдим.
Режиссерлор тууралуу
Улуу муундагы режиссерлордун тасмаларында чыныгы кыргыздын рухун, касиетин укмуштуудай чагылдырылган. Кийин көбү идеологиялык кысымга дуушар болуп, майдаланып кетишкен. Азыркы муундун бир эле кемчилиги бар. Кароосуз жетим балдардайбыз. Ошого карабастан, кыска метраждуу болобу, толук метраждуу болобу, тартылган тасмаларыбыз таамай тийип, элдин да, дүйнөлүк сынчылардын да купулуна толуп келүүдө.
"Кыргыз керемети" кайтып келеби
"Кырыз керемети" деген атка бир нече тасма эмес, жалпы кыргыздын ички дүйнөсү татыган. Ошол керемет кинофильм аркылуу элибиз дүйнөгө таанылган. Аны кайтаруунун кажети жок. Кыргыз барда "кыргыз керемети" боло берет. Мамлекетибизде туруктуулук болсо, кинобуз да даңгыр жолго түшөт. Ошондо дүйнөнү дүңгүрөтө турган учур келет деп ойлойм.

КР эл акыны Омор Султанов "Күлүк" аттуу романын жазууда

О. Султанов өмүр жолуна арналган "Күлүк" аттуу романын жазып бүтөйүн деп калды. Ошондой эле "Остров дракона", "Пираты поневоле", "Таинственный всадник" аттуу орусча жазылган романдарын кыргыз тилине которууга белсенип жүрөт. Көп томдуу чыгармаларынын жыйнагын басмага даярдап берди. Акын кабарчыбыздын кыскача суроолоруна жооп берди.
- Сиздин окурмандарыңыз жаштарбы же орто курактагы адамдарбы?
- Адабиятты, башкача айтканда, жашоону сыйлап, сүйгөндөр.
- "Снайпер" аттуу ырлар циклин жаратып жатат деп уктук.
- 7-апрель окуясы акын жазуучу эмес эле, бүткүл кыргыз жарандарынын жүрөгүн канатты. Алардын ичинде, албетте, мен да бармын. Ал жөнүндө көпкө дейре ойлонуп, жазууга туура келет.
- Кыргыз адабиятынын өнүгүүсүндө кооптончу жагдайлар барбы?
- Уурулуктан кооптоном. Орусча айтканда, "плагиатство" деп коет. Бизде да "адабий уурулук" болуп калып жүрөт. Бул кийинки жаштарга эң жаман таасир калтырат. Кийинки жаштар "адабий уурулукка" кирип кетсе, эмне болот, ушундан корком.
- Ар бир жазуучунун өзүнө өтө жаккан чыгармалары болот эмеспи. Сиздин башкалардан айырмаланган эмгектериңиз барбы?
- Жазуучу үчүн анын чыгармалары, эне үчүн баладай эле. Мен эң алгачкы китептеримден баштап, эң кийинки "Снайперлер" деген чыгармаларыма чейин өзүмө жакпаган бир да чыгармам жок. Ошон үчүн бөлүп көрсөтө албайм. Бирок, өзүмдүн поэтикалык өнөрүмдө эң жогорку чекке жеткен чыгармам катары "Адамдын турмушу" аттуу романымды эсептейм.

Т. Чокиев: Учурда чоң бир операнын үстүндө иштөөдөмүн

"Композиторлор союзунда көп жылдан бери тыныгуу болду, биз эстрада, жеңил музыкага берилип кеттик. Элди классикалык музыкага тартуу багытында иштөөдөбүз,"-дейт КР Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев.
- Маданият адамдын жан дүйнөсүнүн азыгы дейт эмеспи, ушул себептен күнүмдүк турмушка алагды болбой, театр, опера, концерттерге да барып туруу керек.