XVI-Азия оюндары аяктады
Жердешибизди биринчилерден болуп КР Президенти Роза Отунбаева куттуктады.
"Кымбаттуу Данияр,
XVI Азия оюндарындагы зор жеңишиңиз менен чын ыкласымдан куттуктайм!

Сиз, Азия өлкөлөрүнүн бул спорттук мелдештеринде Кыргыз Республикасынын алтын медалдарына биринчи болуп эсеп ачтыңыз. Оор, кыйын күрөштө жетишкен, бул эң сонун жана ынанымдуу жеңиш сиздин жогорку чеберчилигиңиздин, эркиңиздин жана лидерлик мүнөзүңүздүн айкын далили.
Грек-рим күрөшүн аздектөөчүлөр, бүткүл кыргызстандык күйөрмандар сиздин таймашуудагы эң кылдат чеберчилигиңизге жана кынтыксыз ийкемдүүлүгүңүзгө чын пейилинен суктанышат, сизге тиешелүү анык жоокердик сапаттарга, кайраттуулукка жана жеңишке умтулган жигиттик эркиңизге баа беришет.
Ийгиликтерди, бакубаттуулукту жана бардык эң жакшы нерселерди каалаймын".

Кыргызстандын спортчулары Кытай Республикасынын Гуанчжоу шаарында болуп өткөн XVI-Азия оюндарына барып катышып, кайтышты. Жыйынтыгында бир алтын, эки күмүш, эки коло медалдарын жеңип, жалпы командалык эсепте, 45 команданын ичинен 25-орунга татыктуу болушту.
Күндөп, жылдап чогулткан эмгек терлери тескери кетпей, Кыргыз Республикасынын желеги, Гимни алдында толкунданган беттерин жууп, элинин, Ата-Мекенинин сыймыгына татыктуу болгон баатырларыбыз кимдер?


Данияр Көбөнов ,

грек-рим күрөшүнүн 74 кг чейинки салмактагы XVI-Азия оюндарынын чемпиону. Буга чейин да эки жолку, 2002-, 2006-жылдардагы Азия оюндарына катышып коло жана күмүш медалдарын жеңип алган.

Каныбек Жолчубеков,

грек-рим күрөшү боюнча 55 кг чейинки салмакта экинчи орунду алган. Азия оюндарына биринчи жолу катышты. Буга чейинки жаштар арасында Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону.

Евгений Ваккер,

велосипед спорту боюнча жарышта күмүш медалга жетишти. Ал да буга чейин, Азия оюндарынын баарына катышып, ар дайым приздик орундарга ээ болуп келген эле.

Жанарбек Кенжеев,

грек-рим күрөшү боюнча 84 кг чейинки салмакта үчүнчү орунду ээлеген. Ал буга чейинки Доха шаарында болуп өткөн XV-Азия оюндарында коло медалына жетишкен.

Александр Пароль,

Азия оюндарынын дебютанты. Кайык менен бир км аралыктагы жарышта коло медалга татыктуу болду.

Салымдарды салмактасак
XVI-Азия оюндарындагы командалык эсепте алдыңкы орундарга татыктуу болгон өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө кайрылсак, алар, төмөндөгүдөй.
Эң башкы фаворит, албетте, Кытай Республикасынын спортчулары кийинки убактарда дүркүрөп өсүп келе жаткан экономикалык, социалдык деңгээлдерин спортто да аныктай алышты. Баардыгы болуп 416 медаль, анын ичинен 199 алтын, 119 күмүш, 98 коло медалдарын жеңип алышты. Экинчи орунга 232, анын ичинен 76 алтын, 65 күмүш, 91 коло медалдары менен Түштүк Кореянын спортчулары чыгышты. Үчүнчү орунда Жапония. Алардын капчыгына 216 медал түштү. Анын 48и алтын, 74ү күмүш, 94ү коло. Кийинки, 4-5 орундарга Иран (59= 20+14+25) менен Казакстан (79=18+23+38) чыгышты. Ал эми биздин жакынкы коңшубуз Өзбекстан баардыгы 56 медалы менен (11+22+23) сегизинчи орунду ээледи.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден баштап төрт сапар Азия оюндарына өз алдынча катышкан. Биринчи жолу, 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында болуп өткөн XII-Азия оюндарында 4 күмүш, 5 коло медалдары менен жалпы эсепте 23-орунга жетишкен болчу. 1998-жылы Багкокто (Таиланд) өткөн XIII-Азия оюндарында 2 күмүш, 4 коло алып 24 орунга татыганбыз. 2002-жылы Түштүк Кореянын Бусан шаарында өткөн XIV-Азия оюндарында биздин спортчулар эки алтын медалды утуп алышкан. Бири бийиктикке секирүүдө чемпион аталган Татьяна Ефименко, экинчиси марафончу Татьяна Борисова болушкан. Башка деңгээлдеги медалдардын да саны арбын болуп (баардыгы 12), болгону 44 команданын ичинен 23-орунду алган эле. Ал эми акыркы, 2006-жылы Доха шаарында (Катар) болгон XV-Азия оюндарында 2 күмүш, 6 коло байгелери менен 45 команданын ичинен 28-орунга ээ болгон.

Кыргызстандык Данияр Көбөнов Гуанчжоуда (Кытай) өткөн XVI Азиялык оюндардагы финалда грек-рим күрөшү боюнча 74 килограммдык салмакта жапондук Цсукаса Цсурумаки менен күрөшүп 3:0 эсебинде утуп, биринчи алтын медалга ээ болду.

"Илбирс"
Бул атты, албетте, ал кийинчерээк, спортко аралашып, анча-мынча көрсөткүчтөргө жетише баштаганда алган. Жаш кезинен эле өзү курактуулардын ичинен чыйрактыгы, шамдагайлыгы жана өжөрлүгү менен айырмаланганын эске албаганда, айыл жаштарындай эле, көпкө көрүнбөгөн, алыска билинбеген боз балдардын бири эле.
Данияр Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 1981-жылы карапайым үй-бүлөдө туулган. Алты баланын ичинен экинчиси.
Спортко шыгы бар жаш улан Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык Олимпиадалык резерв окуу жайында Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Раатбек Мамбетовдун кол алдына келген кезинде ал болгону 40 кг салмактагы илмийген жаш бала эле.
Даниярдын кичүү иниси Бектияр дагы анын жолун жолдоду. Аны да күрөшкө эч ким кыйнап алып келген эмес. Өз каалоосу менен күрөш секцияларына катышып жүрүп, даңкы чыкты. Быйыл эле Иван Панфилов атындагы эл аралык мелдешти утуп, "КР спортунун чебери" наамына татыктуу болду. Ал эми өлкөбүздүн чемпионатында экинчи орунга татыктуу болгон. Кызыктуусу, Бектияр менен Даниярдын машыктыруучулары ар башка. Данияр Ратбек Мамбетовдо тарбыяланса, Бактияр Амиркул Молдобаевдан сабак алууда. Алардын өз алдынчалыгы ушундан эле байкалып турат.

"Турмуш курууга өтө деле шашпайм. Алдыдагы эң башкы жана мен үчүн маанилүү максатым, бул - Олимпиада",- дейт ал кызыккандарга.
Чындап эле, Данияр Көбөнов Ысык-Көлдүн алыскы айылдарынын биринен чыгып, дүйнөлүк спортто атагы чыгып келе жаткан балбандарыбыздын бирөөсү гана.
Ал 1998-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар оюндарында коло, ал эми 2002-жылкы Бусанада болгон ХIV Азия оюндарында биринчи күмүш медалды жеңип алды. Данияр, анын ортосунда, көптөгөн биринчиликтерде, чемпионаттарда, көбүнэсе, бешинчи орундарга жетишип, "пятерочник" атка конгону да белгилүү. Астанадан алтынчы орунга жетишип, Азия чемпионатында гана "күмүш" байгени утуп алган.
Айтор, Даниярдын килем үстүндөгү эч кимге окшобогон, "суу жукпас", илбирстей шамдагай кыймылына таң берип, "баралына келсе баарынын атасын таанытат" дегендердин божомолдору ишке аша баштаган мезгил. Анын күрөшүп жатканын карап туруу өзүнчө эле ырахат. Кыймыл-аракетинен улам кудум илбирсти элестетесиң. Каршылашына кол салуудан мурун, айланта аңдып басып, анан капыстан кол салып, бирок, түз эле кирип кетпей, "ойнотуп", алдап отуруп алсыратып, анан оңкосунан чабат. Анын мындай ыкмасын Кыргызстанда, кадимки эле, тоо илбирсинин алышуу табиятына бекеринен салыштырышпайт.

Даниярдын жакында эле Москвада болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатта да жарк этип көрүнгөнүн баарыбыз билебиз. Анда ал коло медалга ээ болгон эле. Бул биздин Кыргызстандын тарыхындагы болгону үчүнчү чоң сыйлык болчу. 1999-жылы "колону" ыраматылык Раатбек Санатбаев, ал эми 2006-жылы "күмүштү" Канат Бегалиев алып келишкен.
"Менин буга чейинки төрт дүйнөлүк чемпионатка катышканым менен, лидерлик үчилтикке кире албай жүрдүм эле, мына буюрса, көксөгөн оюма жеттим",-деп Данияр ой бөлүшкөн.

"Мен жеңиштериме каниет кылып, жатып калбайм. Алдыда Түркияда боло турган дүйнөлүк чемпионатка даярданышым керек. Анткени, так ошол таймашуулардагы алдыңкы алты орунду ээлегендер, кийинки Лондондо боло турган Олимпиадалык оюндарга жолдомо ала алышат",-деп алдыдагы бийик максаты туурасында ачык айтат.

Азия оюндарында миллиард калкы бар Индия элинен тандалып чыккан Санжайды 1/8 финалда, андан кийинки оюнда калкайган Казакстандын балбаны Мелешинди, жарым финалда корей Паркты, ал эми финалдык беттешүүдө чымыр япон Тсурумаки жеңип алган кыргыз балбанынан үмүтүбүз чоң.

Айтор, алдыга койгон максат чектерин багындыруу үчүн бүткүл күчүн жумшаган, оорго чыдап, жеңилин көңүлгө албаган биздин Даниярдын аша турган бийик ашуулары али алдыда.

Аэропорт - Ала-Тоо!

Мына 30-ноябрь күнү да XVI-Азия оюндарынан кайткан Кыргызстандын курама командасын салтанаттуу тосуп алдык. Бул жолку рейс менен бардыгы 62 спортсмен, анын ичинде, албетте, оюндардын аяк жагында айырмалана алышкан призерлорубуз да бар.
"46 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 25 орунду алды. Болушунча аракеттендик, бир топ спортсмендерибиз приздик орундарга бир аз эле жетпей, 5-6-7-орундарга татып калганы өкүнүчтүү болду,-дейт А. Касенов.- Айрымдары, чынында эле, алардан күткөн үмүттү актай алышкан жок." Ошондой эле, биздин эки боксчубузду калыстар ачыктан-ачык эле ылдый тартып коюшту, деп кошумчалады.
Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти Арзыбек Кожошев, албетте, өзүнүн ыраазычылыгын жашырбай, "кыргыз балбандары бул спорттун түрү боюнча ат салышкан 18 өлкөнүн ичинен төртүнчү орунга татыктуу болушту. Алардын алдына ирандык, казакстандык жана жапондук гана балбандар чыга алышты. Ал эми Данияр Көбөновдун алтыны Кыргызстандын тарыхында бул спорт түрү боюнча биринчи болду", дейт.
Бетти даярдаган Н. Куламбаев