"КООРТтун" айланасында башаламандык улантылууда
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министри Ш.И. Абдылдаевге кат
Урматтуу Шералы Итибаевич!
Кыргыз улуттук "КАБАР"маалымат агенттигинин сайтында "Кыңыр ишке - кылтак. Түз байланыш" жаңы рубрикасы ачылды. Ал бийликтин, жарандык коомдун жана жалпы элдин ортосунда түз байланышты камсыз кылуу максатында уюштурулган. Анда ар бир жаран бизге көйгөйлүү суроолорун бере алышат, ал эми "КАБАР" ага жооп алып берүүгө жардамдашат.
Ушуга байланыштуу "КООРТтун" айланасында башаламандык улантылууда" деген макалада көтөрүлгөн маселеге жооп берип, көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирип коюуңузду өтүнөм.
Сиздин жообуңуз агенттиктин сайтындагы "Кыңыр ишке - кылтак. Түз байланыш" рубрикасында жайгаштырылат.
Ошондой эле Сиздин жообуңуз биз үчүн өзгөчө маанилүү, анткени "КАБАР" "КООРТту" уюштуруучулардын бири болуп эсептелет.

Директор
Ж. Турдукожоев
КООРТ телекомпаниясы республикада көз карандысыз ТВ-каналдарынын бири болуп саналганын көпчүлүк кыргызстандыктар билишет. Ал телекөрүүчүлөргө тез таанылып, ата мекендик маалымдоо мейкиндигинде татыктуу орунду ээледи.
"КООРТ" жабык түрүндөгү акционердик коом катары 1997-жылдын 9-июнунда каттоодон өтүп, ишин баштаган. Ошол убакта Билим берүү жана илим иштери боюнча Президенттик комиссиянын алдындагы билим берүү фондусу, Кыргыз улуттук "КАБАР" телекоммуникация жана маалымат агенттиги, "Электр тармактары" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызтелеком", РПО РМТР, Кыргыз улуттук университети, "Берекет" ПКОсу, "АкылИнвест" АКБсы анын акционерлери болушкан. "КАБАРдын" уставдык капиталындагы үлүшү 8 пайызды түзгөн.
2001-жылы акционерлердин курамына "Учкун" АКсы жана "Айдың Көл" ОсООсу кошулду. Анда "Учкун" өзүнүн редакциялык корпусунун имаратынын 15- жана 16-кабатындагы бөлмөлөрдү уюштуруу мүчөлүк акысы катары кошкон.
2005-жылы мартта "мандалак" революциясы болгонго чейин канал 8 жыл иштеп, өнүккөн. Ошондо бийликке Курманбек Бакиев келген. Адегенде эле анын саясаты сөз эркиндигин чектөөгө багытталган болчу. Экс-президент жана анын жакындары ошол учурда жалгыз оппозициялык "КООРТ" каналын өз колдоруна алган.
2006-жылдын 21-августунда акционерлердин чечими боюнча "КООРТтун" директорлугуна республикага белгилүү Оксана Малеваная дайындалган болчу. Ал ушул учурда 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча айыпталуучунун бири катары суралууда.
Ошол 2006-жылы О. Малеваная өз интервьюларынын биринде: " "КООРТ" ар кандай саясый күчтөр жана топтор менен брэнд сыяктуу өтө эле жуурулушуп кеткен, анын "түбүнө жетүү" керек" деген. Чын эле ошондой болду. Тез аранын ичинде "КООРТту" "Бешинчи канал" деп кайра атап, О. Малеванаяны башкы директорлукка дайындашты. Ал эми 2009-жылдан тартып, ага Е. Бердникова жетекчилик кылат.
О. Малеваная "КООРТко" таандык негизги каражаттарды "Бешинчи канал" ЖАКсына которуу үчүн анын уюштуруучусу "Жыйырма бешинчи кадр" компаниясы менен келишим түзгөн. Анын шарты боюнча "Учкундун" имаратындагы 15,16-кабат (870 чарчы метр) "Бешинчи каналга" ижарага берилип, айына 100 сомдон символикалык жана күлкү келээрлик акы төлөнүп келген. Бир жылдан кийин "Бешинчи канал" сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде 4 миллион 165 миң 986 сомдук жарыбаган суммага "КООРТтун" имаратын, негизги жабдууларын жана кыймылсыз мүлкүн сатып алган. Ошол эле учурда "КООРТтун" уставдык капиталы 11,7 миллион сомду түзгөн. Мындай келишим кандай себеп менен жасалгандыгы айтпаса да түшүнүктүү.
Апрель революциясынан кийин экс-президенттин үй-бүлөсү, анын жакындары, мыйзамсыз сатып алган мүлктүн баарын улутташтыруу жарыяланган. Улутташтыруунун тизмесине "Бешинчи канал" да кирген. 20-майда "Жыйырма бешинчи кадр" ЖАКсын мамлекеттештирүү жөнүндө Убактылуу өкмөттүн декрети жарыяланган. Документке ылайык Мамлекеттик мүлк министрлигине "Бешинчи каналдын" активдеринин сакталышын камсыз кылуу, аны кайра каттоо, белгиленген тартипте башкаруу органдарын дайындоо тапшырылган болчу.
Ушул жылдын жайында "Эркин Тоо" гезитинин сандарынын биринде "КООРТ" ЖТАКсы өзүнүн жабыла тургандыгы тууралуу билдирүү жарыялаган. Бирок бул процедураны мыйзам чегинде жүргүзүү үчүн акционерлердин макулдугу талап кылынат. Бул маселе боюнча эч кандай чогулуш өткөрүлгөн эмес. Уюштуруучулар анын жабылышына макулдугун беришкен жок. Ал тургай бул жөнүндө гезитке жарыяланган кулактандыруудан билишкен. Ушундан улам бир катар суроолор келип чыгат. Биринчиси: "КООРТту" жоюу идеясы кимге таандык жана максаты кайсы? Экинчиси: телеканалдын мүлкү, уставдык капиталдан алда канча төмөн суммага кандайча сатылып алынган жана акционерлер мындай бүтүмгө эмнеге макул болушту?
Бул суроолорго Мамлекеттик мүлк министрлиги жооп берүүгө тийиштүү деп эсептейбиз. Эгерде "Бешинчи каналды" мамлекеттештирүү боюнча тийиштүү деңгээлде жана Убактылуу өкмөттүн жогорудагы аталган декретине ылайык жүргүзүлгөн болсо, анда иш башка. Анткени ал мүлктү каттоо жана кайра каттоо менен байланышкан талдоону, ошондой эле ачык айкын мөөнөттөрдү териштирүүнү талап кылат. Кыскасы, министрликтин жетекчисинен: "Бул маанилүү документтин талаптары эмне үчүн аткарылбай жатат?"-деп сурагыбыз келет.
Бардык ушул укуктук башаламандыктан улам, адатта боло жүргөндөй "КООРТтун" акционерлеринин кызыкчылыктары эске алынбай калууда. Алар өзүлөрүнүн каражатын компанияга чегерип жатып, "менчик" деген түшүнүк мурдагы бийлик үчүн курулай сөз экендигин ойго алышпаса керек. Кантсе да, түзүлгөн жагдайды ким териштирип, акционерлерди ким коргоого тийиш?


КР Мамлекеттик мүлк министринин орун басарынын жообу
"Кабар" жоопкерчилиги чектелген коом маалымат агенттигине
Кат №13-133 26.11.10

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Улутташтырылган мүлкүн башкаруу боюнча фонду (мындан ары - Фонд) "КООРТ" акционердик коомуна тийиштүү Сиздердин кайрылууңуздарды карап чыгып, төмөндөгүлөрдү билдирет.
Учурда Фонд бул багыттагы ишти 2010-жылдын 20-майындагы Убактылуу өкмөттүн "Жыйырма бешинчи кадр" жабык акционердик коомун улутташтыруу жөнүндө" №47-Декретине ылайык жүргүзүүдө. "Глобал Медиа" жоопкерчилиги чектелген коом "Жыйырма бешинчи кадр" жабык акционердик коомунун уюштуруучусу, ал өз кезегинде "Бешинчи канал" жабык акционердик коомунун жалгыз уюштуруучусу эсептелгендиктен, Фонд тарабынан биринчи кезекте көрсөтүлгөн уюмдарда башкарууну калыбына келтирүү, андагы активдерди сактоо жана көзөмөлдөө боюнча иштер жүргүзүлгөн. "Жыйырма бешинчи кадр" акционердик коомунун мурунку жетекчилери дайынсыз болгондуктан, жаңы жетекчилик дайындалып, мөөрү жана документтери калыбына келтирилип, Юстиция министрлигинде жана Салык инспекциясында, Финкөзөмөл жана көз-карандысыз каттоочу аркылуу кайрадан каттоодон өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, "Глобал Медиа" коомунда өндүрүштүк ишмердүүлүк калыбына келтирилип, салык аудити жана мүлктү инвентаризациялоо жүргүзүлгөн.
Учурда Фонд тарабынан КР Өкмөтүнүн улутташтырылган обьектилерди натыйжалуу башкаруу боюнча программасы иштелип чыгууда, анын ичинде "Бешинчи канал" жабык акционердик коому да кирет, андагы актив жана пассивдерди талдоо, мүлктү инвентаризациялоо жана чарбалык реабилитациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралган, анткени алдын-ала баалоолор боюнча акционердик коом кирешесиз деп табылган. Бул иштердин жүрүшүндө Сиздердин катта көрсөтүлгөн маселелер иликтөөгө алынат. "Бешинчи канал" жабык акционердик коому боюнча жасалган иштер тууралуу кеңири маалыматты Фонд коомдун ишмердүүлүгү тыкыр талдоого алынган соң сиздердин дарекке жөнөтөт.
Министрдин орун басары - Фонддун директору А.Мурзалиев


Урматтуу Азамат Муратович!
Сиз жөнөткөн катта "КООРТ" тегерегинде башаламандык уланууда" макаласында коюлган суроолорго так жана конкреттүү жооптор берилген эмес. Тактап айтканда, бизди "Эркин-Тоо" басылмасынын санына ким жана кандай максатта "КООРТтун" жабылышы тууралуу жарыя бергендиги кызыктырат. Бул мыйзамдуу деп эсептелеби? Кандайча телеканалдын мүлкү уставдык капиталдан өтө төмөн баага сатылып алынган жана акционерлер бул шартка кантип макул болушту? Ошондой эле Мамлекеттик мүлк министрлиги эмне себептен 2010-жылдын 20-майындагы Убактылуу өкмөттүн "Жыйырма бешинчи кадр" жабык акционердик коомун улутташтыруу жөнүндө" чыккан Декреттин талаптарын аткарбайт?
"КАБАР" агенттиги жогорку айтылгандарды эске алуу менен "КООРТ" тегерегинде башаламандык уланууда" макаласында коюлган суроолорго дагы бир ирет кененирээк жооп берүүнү өтүнөт.
Ошондой эле "КАБАР" КУМАсы - жоопкерчилиги чектелген коом эмес, "КАБАР" - бул Кыргыз Улуттук маалымат агенттиги экендигин баса белгилеп кеткибиз келет.
Директордун биринчи орун басары Ж.Турусбекова