Үшкүрүк

Тоолор кулаганда...
"Бу табигат дегендин тирүү жандын баарына жана аларга дайыма таандык болгон, кысталыш кыйын кезде да мизинен тайып койбогон бир өзгөрбөс шарты бар, ал - тагдыр деген эмне экенин, жаралганда Жараткан бешенеге эмне жазып койгонун алдын ала биле албайт, кимдин кандай болорун жалгыз гана жашоо өзү көрсөтөт, а эгер андай болбогондо тагдыр дегендин тагдыр болмогу кайсы. Жарык дүйнө жаралган кезден тарта, тээ бейпил бейиш төрүнөн кубаланган Адам ата менен Обо энеден бери так ушундай болуп келген экен да, ошо күндөн ушу күнгө дейре тагдыр дегендин бу купуя сыры жан аттуунун бардыгына, атүгүл алардын ар бирине түйүнүн чечпей, аларды кылымдан кылым, күндөн күн жана сааттан саат тынбай, түбөлүк коштой берери кадиксиз чындык катары бешенеге жазылган, мунун жандырмагын, а балким, Жараткандын өзү да алиге толук табалек табияттын табышмагы бойдон калууда."

Чыңгыз Айтматов

Кыргыздын Чыңгыз деген Тоосу кулай элегинде ушул эки сүйлөм менен айтылуу Жаабарс коштогон "Тоолор кулаганда" романын баштаган. Жүрөк эзген бул чыгармада адамзат өмүрүнүн маңызы жана тагдырдын табышмагы жандырылган. Кайран, көсөм Чыкебиз, тээ, түпкүрдө Калыгул олуя айткан элести көзү менен көрүп, тамырынан өткөрүп жазып кетти.
Эми эмне болот? Эмне болорун "жашоо өзү көрсөтөт" дээрсиз. Жеке адамдын тагдыры түгүл жер шары кайда "тоголонуп" баратканын аңдай албай алаңдап турган чакта Тоолорубуз кулабай турса жакшы болот эле. Кыргызды сактап калар Тоолор кулаган сайын бырпырап-тырпырап, жан дүйнөм эңшерилгенин айтып не, айтпай не...
Эй, айланайын Мухтар ага, ушинтип да өлөсүңбү!.. Бул эмине кылганың?! Кабарыңызды укканда ушул ачуу кыйкырык көмөкөйүмдү өрттөп турду. Акыркы бир жылыңызда жаныңызга жакын жүрбөгөнүмдө, балким, мага жеңилирек болмоктур. Туура жыл мурун мени кашыңызга чакырып алып, "Замандаш.kg" деген партиялык гезитиме редактор болуп бер" деп өтүнгөн мүнөттөн тарта кызматтык түйүн экөбүздү чие байлабады беле. Бул аралык бири-бирибизди терең түшүнүүгө, ички дүйнөбүздүн үндөштүгүн сезүүгө, ара-чолодо кимдин-ким экенин аныктоого шарт түздү. Сиз мага дос байке эмес, биртууган байке болуп калганыңызды денеңиз жансыз калгандан кийин билип атпаймынбы, кашайып!
Таңгөрү, десең. Ошол "Замандаш.kg" гезитине чыккан замандаштарыңыз сиздин буга чейинки коомго кошкон салымыңызды, мээнеткечтигиңизди, айкөлдүгүңүздү, чет жерде жашоо издеп кор болгондорго жасаган мамилеңизди, жеңил өнөржайына сиңирген эмгегиңизди, опол тоодой "Легпром", "Биек карго" ишканаларын негиздеп ассоциация түптөгөнүңүздү, "Замандаш" саясий партиясын абройлуу алдыңкы партиялардын катарына кошконуңузду, "Жыл мыктысы" деп аракетчил инсандарды сүрөп сыйлап аларга түркүк болгонуңузду, айтор, адамдык асыл сапаттарыңызды санап түгөтө албай ала-шала болушар эле. Чынында сиз жөнүндө жаман сөз укпадым. А тазалыгыңызга өзүм күбө болуп жүрдүм. Идея үчүн, достук үчүн каккан казыктай бекем турганыңызга, "жалаң гана таза адамдар менен болом" деп, саясий оор кырдаалга да моюн сунбаганыңызга баа бергем.
Элдик адамдын артынан эл өзү эле ээрчийт тура. "Жакшынын шарапаты" демекчи, сизден жылуулук алгандар ушунчалык көп экен байке. Башкасын айтпайын, баягүнкү эле Нооруз майрамында "Ак өргө" конушунда катарлата ак бозүйлөрдү тиктирип, оюн-зоок, ыр-күү жаңыртып, дасторкон жайып, элге ырыскы чачып, "ушул жыл - жакшылыктын жылы болсун" деп тилек айттыңыз эле.
Эмнесин айтайын, акыркы алты жылда кыргыздын көп Тоосу кулады. Ар бир Тоо кулаган сайын орду толгус ор пайда болот. Кайран эл жетимсиреп карайлап калат. Өтө оор, эй! Тоолук эл Тоосуз кантип күн көрөт?! Тоолук элди ким аяйт?! Кантип өксүбөйсүң...
Өзүн-өзү тоо сезип басып жүргөндөр иттин кара капталынан. Кыргызстанды тоноп, керт башына байлык үйүп алган акчалуулардын, карапайым элди алдап аткаминер болуп алгандардын баары тоо эмес! Чыныгы улуттун намысына жараган, кыргыздын кылычын шилтеген кол манжадай саналуу бычакка сап уулдар бар, Тоо дегенибиз ошолор! Чыңгыз, Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы, Асанкан деген Тоолор кулаганда кабыргабыз кыйла кайышты, Дооронбек, Раатбек, Рыспек, Баяман, Мухтарбек деген Тоолор кулаганда жер муштадык. Биздин балдар өлгөндө Бизге гана кыйын болот. Биздин балдар өлгөндө Биз бири-бирибизди жалдырай тиктеп, ээнсирейбиз. Себеби, Биздин балдар өтө аз...
Мухтар ага, "тагдырдын купуя сыры - табияттын табышмагы" дегени калетсиз бейм, болбосо, Атбашынын аскасындай баласы ааламдын аркы бетиндеги океандын толкунунан токтойт деп ким ойлоптур. "Адамдын өмүр жарыгы өчүп бараткан акыркы мүнөтүндө жашап өткөн тагдырынын элестери кинотасмадай көз алдынан өтөт" дешет. Аны мурда сиз деле далай ирээт уккандырсыз. Эгер ошол ирмем чын болсо, сиз жарык дүйнөнүн дарбазасы жабылып баратканда кандай элести көрүп, эмнени ойлодуңуз экен? Балким, балтилдүү балдарыңыздын, арзышкан жарыңыздын, ардактуу апаңыздын, бел туткан ага-иниңиздин элеси келгендир. Балким, кыйышпас досторуңузду, миңдеген мигрант санаалаштарыңызды, анан сөзсүз кан-жаныңыздан жасап алган жаратман партияңыз "Замандашты" ойлогондурсуз.
Жат эл, бөтөн жердин деңизинин толкуну тартылып, табийгат тынчып, рухуңуз өзүн тааныган чакта, Элмирбектин муң кайрыган комузу толгонуп, сизге багышталган кошогу угулду. Күлүмсүрөгөн сүрөтүңүздүн алдында карек жашына жуунуп, сиз менен ниеттеш миңдеген замандаштарыңыз кара кабардын алай-дүлөй алааматына шалдырап туруп бердик. Суу толкуну жалгыз сиздин алыңызды алса, сиздин күтүүсүз толкунуңуз мүлдө кыргызды алсыратты.
"Ала арчага" дешти көпчүлүк. Тазалыкты сүйгөн жапакеч жаныңыз, жүргүнчү талашып чөкөтаандай чуулдаган таксисттер каптаган автобекеттин, түтүн үйлөп тыгын болгон машиналардын, башайлантма базар баскан калаанын, митинг-жүрүш ызылдаган көчөлөрдүн арасында баарыбир тынч жата албайт эле. Сиздей Тоону Теңир Тоо гана сыйдыра алмак. Ошол жаткан жериңиз жайлуу болсун.
"Мекен үчүн бир бололу - замандаш!" деп, замандаштарыңызды чакырып баштарын кошуп коюп, өзүңүз бир боло албай калганыңыз кандай арман!.. Кош болуңуз, кайран ага...
Азамат КЫЯЗОВ