Кант диабети инфаркт, инсультка алып келет
Кант диабети жөнүндө фактылар:
- Диабет менен жабыркаган адамдардын 46 пайызы 46 жаштан 59 жашка чейинки жарандар.
- Кант диабетинин кесепетинен бир жылда дүйнөдө 600миңден көп оорулуулар көрүү жөндөмдүүлүгүн толук жоготот.
- Болжол менен дүйнө жүзү боюнча бир жылда диабет менен ооруган 500 миңдей адамдын бөйрөктөрү иштебей калат.
- Диабет менен ооруган адамдардын жарымынан көбү өзүнүн оорусу жөнүндө билишпейт, кээбир өлкөлөрдө булсан 80 пайызды түзөт.
- Дүйнө жүзү боюнча, 10 секунд сайын бир адам кант диабетинен көз жумат.
- Дүйнө жүзү боюнча ар бир 30 секунд сайын кант диабетинин себебинен амплуатация кылынат.
- Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматтары боюнча бир жылда кант диабетинен 4 миллионго жакын адам өлүмгө дуушар болот, бул дүйнөдөгү бардык өлүмдөрдүн 6 пайызын түзөт жана спидден өлгөндөрдүн деңгээлине туура келет.

Учурда Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам кант диабети менен жабыр тартат. Бул оору менен жабыр тарткандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Кант диабетине чалдыккан адамдар өмүр бою дарыланышы шарт. Анткени, ал ооруну түп тамыры менен жок кылууга мүмкүн эмес. Андыктан, кант диабетине чалдыккан оорулуулар өздөрүнө кандай кам көрүш керек экендиги боюнча маалымат бермекчибиз.

Кант диабети кандайча козголот?
Кант диабети бул эң кымбат турган жана дүйнөдөгү кеңири тараган инфекциялык эмес, медицина жактан өмүр бою үзгүлтүксүз жардам кылуусун талап кылуучу оорулардын бири болуп саналат. Ал оор эндокринологиялык оору. Фактыларга таянсак, дүйнө жүзү боюнча 100 млн. адам ооруса, ар бир 5-10 жылда эки эсе көбөйүп турат. Кант диабетинде- адамдын организми инсулинге көз каранды болуп, инсулиндин жетишсиздигинен улам өтө семирип кетүүдөн, тукум куучулуктун кесепетинен, уйку бездердин сезгенишинен да келип чыгат. Уйку безде "альфа", "бета" клеткалары болот. Альфа клеткалары кантты көтөрөт, ал эми бета клеткалары инсулин иштеп чыгарат. Ошол бета клеткалары жабыркап, организмге керектүү инсулин чыкпай калганда кант диабети пайда болот.


Инсулин жана аны ойлоп тапкандар
Кант диабетин учурунда аныктабагандыктан же аны жетишсиз дарылагандын кесепетинен келип чыккан оорунун өтүшүшүп кетүүсүн дарылоо үчүн коом тарабынан миллиард долларга жакын каражат сарпталат. Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдардын саны 2010 жылдын 1-январында 30415 адамды түзгөн. Бүткүл дүйнөлүк диабет күнү 1991-жылдан баштап жыл сайын 14-ноябрда окумуштуу Фредерик Бантигдин туулган күнүнө карата белгиленип келет. Ал 1921-жылы Чарльз Бест менен октябрь айында инсулинди ойлоп тапкан жана ал үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ошол күндөн тартып, кант диабетин дарылоодо инсулиндик заман башталган. Диабет менен жабыр тарткандар үчүн инсулин бул өмүр, ал суу менен абадай зарыл! Инсулинди колдонбоо- өмүргө тобокел жасагандык деп айтып келишет.


Анара Жумаева, Шаардык эндокринологиялык диспанцер ооруканасынын эндокринологу:
"Кант диабети айыкпаган оору"
- Кант диабет оорусу эмнеден пайда болот?
- Организмге инсулиндин жетишсиздигинен улам кант диабети пайда болот. Ал биринчи жана экинчи баскычтарга бөлүнөт. Биринчи баскычта өспүрүмдөр, жаш балдар, ал эми экинчи баскычтагы кант диабетине 40 жаштан жогорку адамдар, жашы өтүп калган карылар чалдыгышат. Жаш балдардыкы ар кандай себептерден улам пайда болот, мисалы, кызамык (краснуха) же бат жугуучу оорулар менен жабыр тартканда кант диабети пайда болушу мүмкүн. Ал эми жашы өткөндөр бат семирип, салмактын жогорулашынан , уйку бездердин иштебей калышынан улам пайда болот. Кээде тукум куучулук менен да берилет.
- Оорунун алгачкы белгилери кандай?
- Биринчиден адам суусап, сууну көп иче баштайт. Алы кетип, суу ичкен сайын баттан заара кылат, абдан арыктайт. Эгер бул белгилерди байкаганда дарыгерге кайрылбаса өтүшүп кетет да, көзгө таасирин тийгизет.
- Кандай түрлөрү бар?
- Кант диабети жеңил жана орто оор, жана оор агым болуп үчкө бөлүнөт. Кант диабетинин оор түрү абдан коркунучтуу анткени, оору күчөп кетет да, көзү көрбөй же бөйрөктөрү иштебей калат. Буттардын нерв системалары иштебей калышы мүмкүн.
- Мындай дарттарды кандай жол менен дарыласа болот?
- Кант диабетинин биринчи бөлүгүндө балдар башынан баштап эле инсулин ала баштайт. Анткени, алардын организми эч нерсе бөлүп чыгарбайт, ошондуктан инсулин куюууга туура келет. Экинчи түрүндө эң биринчи ооругандан баштап таблеткаларды бере баштайбыз. Кант диабети бул айыкпай турган оору, канчалык дарылабайлы, баары бир инсулин менен жашап калышат. Уйку бези инсулинди бөлүп чыгара албай, чарчап калат. Мындай учурда атайын инсулин куюп, кант диабетин көзөмөлдөп турабыз. Бизге кайрылгандардын 80 пайызы кант диабетинин экинчи түрү менен жабыр тартышат. Алардын ичинен аялдар көп кездешет. Көбүнчөсү кант диабети бар экенин билишпейт да, таптакыр арыктап, болбой калганда кайрылышат.
- Бул дарт башка кандай оорулар менен байланыштуу?
- Кант диабети жүрөккө таасирин тийгизет. Алар инфаркт же инсульт болушат. Кан басымы жогорулайт, бөйрөктөр иштебей калышы мүмкүн.
- Диетаны кандай кармаш керек?
- Кант диабет оорусу менен ооругандар диетаны катуу кармоосу зарыл. Майлуу, чучук, казы- карта, таттуу жана камыр тамактарды токтотуп, жеңил витаминдүү тамактарды жеп, жашылча жемиштерден жүзүмдү, коонду, жебеш керек.
Картошканы суюк тамактын ичинде гана жегенге болот.
- Элдик медицинада дарылаганга болобу?
- Элдик медицина менен кант диабетин дарылыганга болбойт. Сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кантты өлчөтүп, инсулин алышы шарт. Ал эми жаңы башталып аткан учурда диетаны кармап, башталуу этабында, кантты түшүрө турган чөптөрдү кайнатып ичип турууга болот.


Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА