Президент үлкөн
жыйынга жөнөдү
Роза Отунбаева Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) саммитине катышуу үчүн Астана (Казахстан) шаарына учуп кетти. Президент айым ШКУдагы мамлекет башчыларынын кеңеш отурумуна катышып гана тим болбой, башка өлкөлөрдүн ажолору менен "арай көз чарай" сүйлөшүүгө билек түрүнө кеткенинен кабардар болдук. Р.Отунбаева кошуна мамлекеттердин президенттерине тең ата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "жеңил барып, оор кайтса" болгону… Элеги жок эл оозунда Роза айымды аялсынтып башка президенттер "теңине албагандай" мамиле жасашканы күбүр-шыбыр болуп турганда, айрым мырза саясатчылардан өйдө экенин далилдеп келсе ажеп эмес. Аталган үлкөн жыйынга кезегинде Акаев менен Бакиев да күлмүңдөй чуркап, жыйынтыгында жыргалдуу заманды сүйлөп күпүлдөгөн падышалар "жылт" эткен натыйжага жетпей, күтүлбөстөн эле күп этип тактысынан кулап түшүп калышчу эле. Аял паашабыздын аракети кантээр экен?