Ырыс алды - ынтымак

Курултай тойлоого эмес, ойлоого керек
25-27-майда Астана шаарында Дүйнөжүзү казактарынын кезектеги IV курултайы өттү. Алгачкы Курултай 1992-жылы ошол кездеги борбор шаар - Алматыда, экинчиси 2002-жылы Түштүк Казакстандын байыркы шаары Түркүстанда, үчүнчүсү 2005-жылы Астана шаарында болгон эле. Кийнкисинде Курултайды беш жыл сайын чакырып туруу жөнүндө бүтүм кабыл алынган. Бирок, орто жолдо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун саммитин 2010-жылы Астанада өткөрүү тууралуу чечим чыккандыктан Курултай мөөнөтү быйылкы жылга жылдырылган. Казакстан бийлиги алты айда чоң эки иш-чараны уюштурууну ысырапкордук деп эсептеген окшойт.

Курултайга 35 мамлекеттен 400гө чукул өкүл келди, республикадан 300гө жакын мамлекеттик жана коомдук ишмерлер расмий түрдө конок иретинде чакырылыптыр. Уюштуруучулар чет өлкөдөн келген казактарды Астананын жана Алматынын аба жайларына, темир жол вокзалдарына келгенден баштап таманын жерге тийгизбей тосуп алып, ошондой сый мамиле менен кайра узатышты. Албетте, бул да маанилүү, бирок 25-май күнү Курултайдын ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Президент Нурсултан Назарбаев адегенде "Курултай тойлошуу үчүн эмес, ойлошуу үчүн чакырыла турган жыйын" деп катышуучуларды ойлонтуп койду. Бул бир жагынан ичип-жеп жүрө бербей, маселелериңерди чечип алгыла деген эскертүүсү сыяктуу болсо, экинчи жагынан каражатты коротуп Курултай өткөрүүнүн кереги барбы дегендерге жооп болду.
Курултайдын ушул биринчи күнүндөгү негизги чогулушунда таттуу сөздөр да, ачуу сөздөр да айтылды. Президент Н. Назарбаев Парламент кабыргасында каралып жаткан "Калктын көчүп келүүсү-конуштануусу тууралуу" мыйзам долбоору улутташтардын документ тапшыруусунда, катталуусунда жана жарандык алуусунда орун алып келген кедергилерди жоюуга өбөлгө болгондой иштелип чыгуусу керектигин айтты. Мамлекет башчысы 2009-2011-жылдарга белгиленген "Нурдуу көч" программасынын ойдогудай аткарылбай жатканын сынга алды.
Казакстанга келип кетүүгө виза алуу маселесиндеги тоскоолдуктар жөнүндө сүйлөгөн Казакстандын белгилүү жазуучусу Смагул Елубай: "Кытайдын Үрүмчү шаарында жайгашкан Казакстандын визалык-паспорт бөлүмүнөн миңдеген казактардын Казакстанга кирүү визасын жыл бою убара тартып ала албай жүргөнүн кандайча түшүүнүүгө болот" деп, Өкмөттүн шалаакылыгын бетине айтты. Өкмөт соңку маалыматка таянып мындай кайдыгерликке жол берген тишелүү башчылардын да, анын кошчуларынын да кызматтан алынганын кабарлады.
26-май күнү түштөн кийин Казакстандын жети министрлигинде чет өлкөлөрдө жашап жаткан казактардын проблемаларына арналган "тегерек үстөлдөр" өтүп, алардын муң-муктаждыктары угулду. Ички иштер министрлигине караштуу Миграция комитети менен Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти биргелешип өткөргөн талкууда кыргызстандык делегация мүчөлөрү Кыргызстан жарандары үчүн Казакстанга кирүүнүн беш күндүк визасын калыбына келтирип, 90 күнгө узартууну, эң болбогондо Кыргызстанга чектеш Казакстан аймагында автоунаа салыгын жеңилдетип берүүнү сурашты. "Мындан эки мамлекет тең зыян тартпайт, кыргыз-казактын боордоштук мамилеси бекемделип, достук маанайы артат", - деди делегация жетекчиси Е. Абдикаимов.
Бардык министрликтерде каралган маселелер, түшкөн сунуштар жалпыланып Казакстандын Президентинин администрациясына, Дүйнө жүзү казактарынын коомдоштугуна жибериле турган болду. Коомдоштукту Президент Н. Назарбаев өзү башкарат. Курултай делегаттары 25-майда төраганын ыйгарым укугун дагы беш жылга узартып беришкен болчу.
Казакстандык демограф Макаш Татимовдун изилдөөсүнө караганда, бүгүнкү күндө Казакстанда 10 млн. 97 миң, Өзбекстанда 1 млн. 500 миң, Кытайда 1 млн. 414 миң, Россияда 1 млн 200 миң, Монголияда 145 миң, Түркмөнстанда 90 миң, Кыргызстанда 40 миң, Түркияда 20 миң, Украинада 15 миң, Иранда 15 миң, АКШда 12 миң, Ооганстанда 10 миң казак бар. Жер бетиндеги 15 миллиондон ашуун казактын үчтөн экиси чет өлкөлөрдө жашап жатышат. Белгилей кетсек, Казакстан калкынын жалпы саны 2009-жылдын эл санагы боюнча 16 млн. 9 миң 600 адамды кураган. Көз карандысыздыктын 20 жылында чет өлкөлөрдөн атажуртуна 300 миңге жакын үй-бүлө көчүп келип, казактын санын 1 миллиондон ашырган.
"Четтеги боорлорубуздун таманына кирген тикен биздин жан-жүрөгүбүздү сыздатышы керек" - деп Казакстандын эл башчысы Курултайда сүйлөгөн сөзүндө түпкүлүктүү атажуртунда жашап жаткан мекендештерине чакырык таштады. Ал эми бир нече жыл мурда Россиянын жетекчилиги "Четте жүргөн орустардын бир тал чачын жерге түшүрбөйбүз" деп түздөн-түз айткан болчу. Күчтүү мамлекет гана өз улутташтарынын кызыкчылыгын коргоого жөндөмдүү боло алат экен. Бул, албетте, жарым миллион жараны четте жүргөн Кыргызстан үчүн чоң сабак.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ




Кыргыз Республикасынын президенти
ОТУНБАЕВА Роза Исаковнага
Жогорку Кеңештин Айыл-чарба, экология, аймактык
өнүктүрүү комитетинин төрагасы
САКЕБАЕВ Эркин Абдышевичке
Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору
САЛЯНОВА Аида Жеңишбековнага
Мессороша жана Профсоюз көчөлөрүнүн тургундары
Г.Айдаралиева, Ж.Жакшыбаев, У. Абдашова, Р. Исмаилова,
А. Эсенгелдиева, Б. Базарбаева, А. Айдаралиев, Б. Бакеев,
К.Ырыспаева, К. Бейшеев, М. Кутушбаев, А. Токтокожоева,
К. Калыков, Т. Эргешов, А. Абдраев, А. Табалдиевден

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратура кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам
Жамааттык Арыз


Биз, жогоруда аты аталган тургундар мурда сиздерге арыз менен кайрылганбыз. (Анын көчүрмөсүн азыркы арызга кошо тиркедик. Арызда биздин конушка тиешелүү жерлер мыйзамсыз түрдө башкаларга берилип кеткенин билдиргенбиз. Ал жерлер жекече турак-жайларды, имараттарды курууга тыюу салынган, коргоодогу аймак болчу. Ага карабастан мыйзамсыз ээлеп алган кишилер курулуш иштерин баштаган). Биринчи Май прокуратурасы тарабынан 2010-жылы августта КРнын кылмыш кодексинин 304, 315 статьялары боюнча козголгон №102-10-1735 кылмыш ишинин негизинде тийиштүү чараларды көрүү үчүн Башкы Прокуратура ал арызды шаардык прокуратурага тапшырган.
Бирок, бул ишти иликтөө 9 айдан бери создугуп келет. Биздин кайрадан жазган арызыбыздан улам иликтөө ишин шаардык прокуратура Биринчи Май райондук прокурорунун орун басары Курсантбек Каримовго тапшырган. Каримов көмүскөдө калган иликтөө ишин кайра жаңыртып изилдей баштаган. Бирок, бир ай өтүп-өтпөй 2010-жылы февраль айында иликтөөнү кайра токтотуп койгон. Натыйжада, кылмышкерлерди жоопко тартмак тургай, алардын өздүгү такталган жок. Курсантбек Каримов керектүү документтерди чогултуп жатканын, соттук-техникалык экспертиза жүргүзөөрүн, бул жараян үчүн убакыт зарыл экенин айткандан бери көп мезгил өттү.
Үстүбүздөгү жылдын май айында иликтөө иши тергөөчү Узубеков Дастан Болотбековичке жүктөлгөнүнөн кабардар болдук. Ал иликтөө иши шаардык прокуратура тарабынан кайра колго алынганын маалымдады. Анын айтымында техникалык экспертиза жүргүзүүгө керектүү документтердин оригиналы жоголгон. Андыктан бул иш боюнча экзпертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат. Ал эми техникалык экспертизанын жыйынтыгы болмоюнча кылмышты иликтөө жана сотко ашыруу мүмкүн эмес.
Биз, документтердин кайда кеткенин, эмне үчүн, ким колдуу жоголгонун билгибиз келет. Жоопту прокуратура органдарынан таба алабыз деген үмүттөбүз. Андан тышкары Узубеков "Колдон келгендин баарын жасадым. Мен эч нерсе чечпейм. Менден жогору турган кишилер бар. Алардын буйругун аткарам" деп актанды.
Ушундан улам, биз "жогоруда тургандарга", шаардык прокуратуранын орун басары К. Каримовко кайрылдык. Бирок, ал бизди көнкө чейин кабыл алган жок. "Бир-эки мүнөтүн бөлүп коюусун" өтүнүп, көпкө чейин өжөрлөнгөн соң аны менен жолуга алдык. Каримов бизге Узубековдун сөздөрүн кайталап, "тийиштүү документтер жоголгондуктан иликтөө ишин жүргүзүү мүмкүн эместигин" айтты. Андан тышкары бул боюнча бир жаңсыл чечим чыгаарын эскертип, же токтотулат, же сотко ашырылат деп түшүндүрдү. Ачыгырак айтканда, бул иликтөө иши токтотулуусу мүмкүн экенин кыйытты.
Демек, биздин жарандык укугубуз, арызыбыз тебеленип кала береби? Райондор аралык сотто биздин кайрылуубуздун негизинде жарандык иш бар. Анда жер тилкелерин мыйзамсыз, жасалма документтер менен басып алган, Биринчи Май районуна материалдык зыян келтирген кишилердин менчик укугу тууралуу мамлекеттик актты жокко чыгаруу тастыкталган. Мындан тышкары, райондор аралык сотто Бишкек шаардык мериянын (ДИЖС) да жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган кишилердин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акттарды жокко чыгаруу талабы бар. Анткени, 2010-жылы августа Бишкек Башкы Курулуштун атайын комиссиясы тарабынан бул жер тилкелериндеги курулушка байланыштуу жасалма схемалар жокко чыгарылган. Бул схемарды жасалма деп атообузга толук негиз бар. Анткени, 2009-жылы БишкекКурулуштун жетекчиси О. Турсунбаев биздин кайрылуубузга 20.08.09. №ТО 7-6981 ылайык Бишкек башкы архитектурасында аталган жер тилкелерине жеке үйлөрдү куруу схемасы каралбаганы, үйлөрдүн курулушу ээн баштык менен өз алдынча жүрүп жатканын билдирген.
Мыйзамсыз жол менен башкаларга берилип кеткен жер тилкелерине, ал жердеги жашоочулар ашар жолу менен өз чөнтөктөрүнөн каражат чыгарып бак-дарактарды отургузуп, көрктөндүрүүгө көп эмгек жумшаган. Ошондой эле "Арис" эл аралык уюмунан бөлүнгөн 2500 доллар грантка балдарга оюн аянтчасын курганбыз. Анткени,бул жерлер көзөмөлдө болуп, үйлөрдү же башка имараттарды курууга тыюу салынган эле.
Бул жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеген кишилер көп мээнет, каражат сарпталганына карабай бак-дарактарды кыйып, балдардын оюн аянтчасын кыйратып 120 000 сомдон ашык зыян келтирди. Бул зыяндын ордун ким толтурат?
Бул боюнча биздин арыз-талабыбызга тийиштүү чекит коюлбай келет. Анткени, жогоруда айтылгандай иликтөөнү аягына чыгаруу үчүн экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Тиешелүү документтер кимдир бирөө аркылуу уурдалган.
Учурда курулуш иштери кайра башталды. Бирок, башка кишилер тарабынан. Биздин оюбузча, жер тилкесин мыйзамсыз ээлеген кишилер аны сатып жиберүүгө үлгүрүшкөн. Анткени алардын жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик акт иш жүзүндө жокко чыгарылган эмес. Бул жер тилкелери көзөмөлдө турганын жана келечекте талаш-тартыштар болоорун жакшы түшүнгөндүктөн мыйзамсыз ээлеген кишилер аны сатууга ашыккан. Бул маселе менен биз Биринчи Май райондук прокурордун орун басары К.Каримовго кайра кайрылууга аргасыз болдук. Ал Биринчи Май ИИМ жетекчисине мыйзамсыз курулушту токтотууну тапшырганын билдирди. Бирок, Каримов ИИМ башчысына бул олуттуу милдетти телефон аркылуу тапшырыптыр. Мындай ишти телефон аркылуу бүтүрүүгө болобу? Кандайдыр аракетке баруу үчүн милиция кызматкеринин колунда райондук прокурордун колу коюлган тийиштүү документ болуусу зарыл экени баарына түшүнүктүү. Болбосо милиция кызматынын аракети мыйзамсыз болуп чыгат. Анткени, жерди мыйзамсыз ээлеген кишилердин колундагы кызыл китепчеси али жокко чыгарыла элек. Каримов биздин көз алдыбызда да ИИМ башчысына телефон чалууга аракет жасады. Бирок,байланыша алган жок. Ал чын дилден бул мыйзамсыз ишке чара көрүү үчүн эмес, бизден кутулуу үчүн гана аракет кылганы байкалып турду.
Бир жылдан бери биз прокуратуранын эшигин каккылап келебиз. Бирок, аракетибиз оңунан чыкпай, иликтөө иши бир орундан козголбой койду.
Жогорудагы билдирүүлөрдүн негизинде тийиштүү чара көрүүңүздөрдү
суранабыз.