Мукашевди муунтпасаңарчы?

Акаев доорунда бутунан айрылса, Бакиев доорунда банкынан айрылган Муратбек Мукашев аттуу банкир агабыз бар. Элден куулган эки бийлик эрендери Мукашевге далысын салып, анын күчтүү "эсеп-чотчулугун" эсепке алышпай, кодулап келишкен. Андай өнөкөт азыркы бийликке да жугуп, бир кездери Максим Бакиев бандасынын курмандыгына чалынып, каратып туруп мыйзамсыз тарттырып жиберген банкын азыркы соттон утканына карабай, ар кай белгисиз шылтоолор менен бир кездеги мыйзамдуу ээсине бергилери келбей туру. Маселе түпкүрүнө кызыксак, 2009-жылы болгон президенттик шайлоодо Мукең "Атамбаев шайлоо штабынын башчылыгынан откез бергенинде" экен. Кызык эй, башкасы бүтүп кыргыз саясатчыларына эми "кек куумай" адаты калдыбы? Мындай соболдорубузга Муратбек мырзадан жооп алууга мүмкүн болбоду. Анткени, Мукен учурда "тойдум байдын кызына" дегенби айтор, кичи мекени "Кегети" айылына үч кабаттуу килейген хан-сарайды салдыруу менен курулуш жумуштарынан башкага эч чолоосу тийбей жүрү.


"Ээрин" көксөгөн экстер…
Бакиев доорунун отко салса күйбөгөн "ляппайчы" аким-өкүм, министр-губернатор аткаминээрлери ушу тапта кайрадан бийлик бутактарына этап-этабы менен тамырлап, кызматка кайрадан келе электери эңсеген ээрлерине миниш үчүн "ак-кара" аракеттерин ылгабай кылышууда. Мындай эскилердин кресло көксөө шыбагасынан билим берүү флагманы аталган КУУ да кур эмес. Айталы, 7-апрель окуясынан соң аталган ЖОЖго көпчүлүк жамааттын колдоосу менен келген Алыбек Акуновду учурда бир ууч профессор, доценттер негизсиз каралап, (араларында убагында так ушул ЖОЖду жетектегендери да бар) ал тургай айрым студенттерди ректордун отставкасын талап кылган митинг өткөрүүгө мажбурлашууда. Буга үстүбүздөгү жылдын 3-июнь күнү бир ууч топ менен өткөрүлгөн митинг күбө. Акунов чын эле акылга сыйбагыдай иш кылуудабы? -деген суроо менен КУУ күзөтчүсүнөн эсеп жеткис академиктерине дейре тиешелүү кызматтарынын телефонун бураганыбызда, бул жөн гана эски режим тушундагы карышкырлардын Аалыбекти аңга түрткүсү келгендердин арам тобунун кылганы деген жоопко тушуктук. Академик жана экстердин кылаары "өскөнүнөн эмес, өмгөктөп калганынан ырахат алуу болсо" анда эле "кайф" заманда экенбиз эй!!!


Айдар жокто Максим тоюс, Акмат бар…
Кыргыз кыйырына "Mega Com" компаниясынын ырынан-чыры эбак тарап бүттү. Бул чатак эгерим басылбас да болду. Адегенде эле Байболов бул чыр боюнча кызматынан садага чабылса, Бабанов аңга түшө жаздап, кубулма саясатчылык касиетинен улам суудан кургак чыкса, Жекшенкуловдун "жан сакчысын" айласыз тушап турушат. Бир кездери көмүскө кожоюн М.Бакиев аталган компанияны орус инвесторлорунан өкүмзордук менен кызылдай тартып алып, казактардын "Serpeys Inc" компаниясына "үлкөн жашылбайларга" сатып жиберген. Албетте, доору гүлдөп, түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган маалда. 7-апрель окуясынан соң бул чуулгандуу ишке адилет чечим чыгаары күтүлгөн. Бирок, бул тилектер аргасыз таш каап, "Mega Com" кайрадан казактардын жогоруда аталган компаниясына соттордун өкүм-зордук аракети менен сатылганы туру. Болгондо да спикер Келдибековдун амири менен. Акмат мырза сотторго телефон шыңгыратпастан, сылык-сыпаа иш бөлмөсүнө чакырып, "казактарга жан тартпасаңар кашайтам" таризинде опурулганын эшиттик. Көрдүңөрбү, ким-кимдин планы менен иш жүргүзүп жаткандыгын окурман журт өздөрү аңдап алышсын. Максимчик жок болсо да анын бир кездеги идеялары "кол жоолук" балдары тарабынан колдоого алынып жаткандыгын.


Кыз-кыркындан кыя өтпөгөн Сааданбеков
Оо кыйла жылдар Кыргызстандагы губернаторлук кызматтарды атасынан калгансып менчиктеп, азыркы тапта ТИМ министрлигинин алдындагы дипломатиялык академияны жетектеген Жумагул Сааданбековго байланышкан "катта" жаңылык табылды. Тагыраагы, Сааданбеков жетектеген академиядагы кыз-кыркын, келиндердин кайрылуусу өкмөт башчы Алмаз Атамбаевге жолдонуптур. Кайрылуу мазмунунда ректор учурда академиядагы "сулуу айымдардан" кыя өтпөй, төшөк мамилесине дейре мажбурлап жаткандыгы ачыкталып, мындай аңги дипломаттарды тезинен чүлүктөп берүүсүн өтүнгөндүктөрү жазылып, атургай бул кайрылуу толук мазмуну менен жакынкы күндөрү ММКларга жарыялана турганы да кеп болууда. Биз болгону уккан маалыматыбызды тактап коёлу деп Жумагул аксакалга собол жолдоп турубуз. Аксакал, ушунун чын төгүнүнө бирдеме деп коёсуз го? Болбосо, "капырай, Жумагул аксакалдын делөөрүп, дүүлүккөнүнө караганда "бир балээ" ичип алган бейм. Ушинтип жаңы муунга улам бир ачылыштарыңар менен кызык жаратып, элди эриктирбегиле, урматтуу биз сыймыктанган карылар" деген кеп бүтүндөй сыймыктуу карыларыбыздын бетине көө болуп сүйкөлөрү турган иш.


Көлдүктөр Каптагаевди "кашайтабыз" дешти
Бийлик сересиндеги атка минерлердин жолдо эле калгыр жоруктары бар. Алардын катарында президенттик администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаевге байланышкан иш өткөн жумада эркин басылмаларга чыккан маалыматтан улам кызуу талкууда. Тагыраагы, буга дейре Осмонов Ишенбек аттуу авторго таандык "Кайран Эл" китебинде Ысык-Көлдүн "Бугу" уруусундагыларды өлөрчө "поктогон". Муну китеп автору Осмонов президенттин администрация башчысы Каптагаевдин жеке кийлигишүүсүнөн, анын тикелей көрсөтмөсүнөн улам жазгандыгын ачык айткан. Маалыматты угары менен "Бугу" уруусунун өкүлдөрү жөн турсунбу, бул ыксыз асылган материалды төгүнгө чыгарып, кечирим сурабаса бийликке жетери менен көзүн май баскан Каптагаевди "кашайтып коёбуз" таризинде шымаланып турушат. Эл башчылар өздөрү ушинтип уруу-урууга, өзөн-сайга бөлүп турса анан өлкөбүздө кайдан ынтымак болот ыя?. Ушуларга корогон кайран сөз десең таңгору!!!


"Ар-Намыстын" айныкейи кармадыбы?
Дээрлик бир айдан бери ЖКдагы "Ар-Намысчылардын" кеңейтилген коалиция курамына кирери айкындалып, ал тургай мындай маалыматты өздөрү бир-эки ирээт тастыкташканы бар. Ак үйдөн алган "сип-свежий" маалыматыбыз боюнча "Ар намыс" кеңейтилген коалиция курамына "он тентеги" баш болуп кирбей тургандарын бүгүн эртең шардана кылышат. Максаттарынын ара жолдо калышына АШАнын ажо жарыш алдында рейтинги күн санап түшүп, мугалимдерге деген айлык татыктуу түрдө көбөйбөй, жөн гана куу чөп менен ооз арчып, агартуу кызматкерлерин алдап койгондоруна жинденишкен экен. Саясий соодалашуунун минтип "банкротко" учурашы менен "Ар-Намысчылар" президенттикке А.Жапаров менен Т.Бакир уулун эмес, төрага Фил акеңдин (Феликс Кулов) өзүн чыгууга мажбурлап жатышкандыгын, Фил акең бул маселеге Москва сапарынан соң жооп берерин билдириптир. Иши кылса тышкы күчтөрдүн оң батасын алсаңар экен, сол батасына тушукпай. Деги тышкы күчтөрдөн бата алуу жөрөлгөбүз качан токтоп, өз киндигибизди өзүбүз кесер доор башталар болду экен?


Ийгилик Болсунбаев