Жумшак капкан…

Атамбаев
"түрктөштүрүү сүйрүпризин"
даярдадыбы?
Кыргыз саясатчыларынын чет мамлекеттерден саясий колдоо издеп, ат тезегин кургатпай каттагандары өөн деле учурабай калды. Деген менен чет өлкөлөргө саясий "күнкор" болуп элдин, мамлекеттин тагдыры менен ойногонуна беттери чымырап койбогон жетекчилердин арсыздыгы жан кашайтат. Чет мамлекеттин жашыл сөлкөбайлары ошончолук эле көзүн кызартып жатса керт башын, өз тагдырын алардын колуна салмактан, талпак болуп жайылып берсин. Эмне үчүн кимдир бирөөнүн жеке саясий кумары үчүн Кыргызстандын саясаты, элдин тагдыры курмандыкка чалынышы керек?


Айталы Өкмөт башчыбыз Алмазбек Атамбаев түрк боордоштор менен ымаласы улам "ысып" барат. Албетте, олчойгон суммаларды ойлонбой карматып, кыргыз саясатчыларына эшикти кенен ачып койгон Түркияга ыраазы болбой анан… Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Ердоган Кыргызстанга келгенде Алмаз Шаршенович толкунданып беке-ем кучактап кубанычтын жашын кылгыртканда эки элдин ынтымагына дүркүрөп алакандар чабылган. Түрк маалымат каражаттары Атамбаев "Тайип мырза келер күнү бактылуулуктан уктай албадым" деп толкунданганын унутта калтырбай чагылдырышты. Андан көп өтпөй өкмөт башчыбыз Түркияга аттанды. Анда да Алмаз Шаршеновичтин жалаң түркчө сайраган бал тили түрк калкынын жана журналисттеринин жарпын жазды. Айрыкча, Кыргызстандын Өкмөт башчысы Түркиянын өкмөт башчысын "Тайип акежан, акча бер" деп агатайлаганда түрк боордоштор ыраазы боло боору ачып, бержактагы кыргыздардын башы шылкыйып эле калды дешет. "Акча үчүн кыргыздын намысын тебелеп…" деп ызырынуунун зарылчылыгы жок. Анткени, болору болду, боёсу канды. Кеп төркүнө башкада. Аке-жакеге салса да Атамбаев миллиондорго карк болуп кайтты. Баарынан да "Тайип агатай" 50 млн доллар карызды кечирип жиберди. Казына каңгырап бош турганда Ө кмөт башчыбыздын куржун толо долларбай алып келген эрдигин мактагандардын аягы али тыйыла элек. "Кантип эле Түркия ошончо көп карызды опоңой кечирип, аз келгенсип Атамбаевди жашылбайларга ороп жөнөттү? Бекер тамак капканда гана болот эмеспи" деп жүрөксүгөндөр да болгон. Чын эле Тайип Ердоган менен Атамбаевдин саясий соодасы кандай жүргөнү, кайсы тараптын пайдасына чечилип, ким уттурганы али белгисиз. Ошентсе да, сооданын "атасы" Тайип Ердогандын уттурбаганы, тегин жерден Кыргызстанга самандай акча сапырбаганы шексиз. Тарыхта биринчилерден болуп шайлоодо 3-ирет премьер-министр болуп жеңишке жетишкен Ердоган саясатта кыйын көсөм. Оппозициялык маанайдагы Лайиктер (Layikter)партиясы: "Тайип Ердоган соодагер. Ал соодагерлигине салып Түркияны сатып түгөтөт " деп наалыгандары тегин эмес. Анткени, Ердоган 3 -класстагы окуучу кезинде булочка, лимонад сатып соодага аралашат. Атамбаев 90-жылдары жаңыдан соодага кадам коё баштаганда Ердоган сооданын битин сыгып канын жалаган тажрыйбага ээ болгон. Андыктан бул соодада ким жеңишке жетти деген суроо карт карышкыр менен бөлтүрүктү салыштыргандай эле кеп. Андыктан, Тайип Ердоган Атамбаевге акча бөктөргөндө өз улутунун кызыкчылыгын жогору коюп, келечегине из салып койгондой. Ал жемиштүү сапардан кийин эл арасында "Атамбайдын баласы Ердогандан акча алганда "Манас" университетинин жобосун өзгөртүп келиптир" деген күбүр-шыбыр аралай баштады. Албетте, бул маалымат али тактала элек, жаңы жобо али ачыкка чыга элек. Кантсе да, шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Маалыматтарга караганда жаңы жобо боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору түрк улутунан шайланат экен (эски жобо боюнча ректор кыргыз, проректор түрк болуп келген). "Манас" университети Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бири. Университеттеги 700 чамалуу мугалимдин теңинен көбү (400 чамалуусу) кыргыз. Административдик 300 кызматкердин 200дөн ашууну да кыргыз. Буга чейин баарынын эмгек маянасы Түркия тарабынан төлөнүп келди. Бирок, жаңы жобого ылайык жаңы окуу жылынан тартып университетте эмгектенген кыргыздардын айлык акысын Кыргызстан өзү төлөйт имиш деген маалымат бар. Кыязы, акча берерде Тайип Ердоган "университетти башкарууну бизге өткөрүп, кыргыздардын маянасын болсо өзүңөр моюндагыла" деп шарт койгон го. Албетте, акчасын алып алган соң анын айтканы айткандай болору турган иш.
Маселе - Кыргызстан ЖОЖ, мектеп мугалимдеринин, бюджеттик кызматкерлерин дурусурак маяна менен камсыздай албай жатып "Манас" университетинде эмгектенгендерди да моюнуна кошуп алганында. Бул кадамдын айынан коррупцияга батпаган бирден-бир университеттин тагдырына коркунуч туулуп жатат. Анткени, башка ЖОЖдордо 4000-5000сом болгон кымындай айлыктын айынан мугалимдер сессия убагында "шабашка" жасоого аргасыз. Ал эми буга чейин 20 000 сомдун тегерегинде маяна алып келген "Манастын" мугалимдеринин айлыгы 4 эсе азайса, анда алар да коррупция жолу менен акча жасоого өтпөйбү деп тынчсыздангандар бар. Деги, коррупция менен күрөшпөй эле, кайра из салып берип жаткандарга кеп жок. Маалыматтарга караганда бул кептин чын-төгүнү күзгө карай тастыкталат. Кыязы, Алмаз Шаршенович бул аракети жылуу кабылданбасын билип, шайлоо алдында аптаракатын төгүп алуудан чочулайбы бул тууралуу али кеп сала элек. Эгер тымпыйып унчукпагандай "апакай" болсо анда бул маалымат кайдан жаралды? Кантсе да, күтө туралы. Эртедир, кечтир, Алмаз Шаршеновичтин Түркиядан эмне "сүйрүприз" менен келгенине өзүбүз күбө болобуз.
Анара Дыйканова




"Бета-Сторестин" алдындагы "беттешүү"
(Уландысы. Башы 8-бетте)
Анын баамында белгисиз күчтөр компаниянын эки кызматкеринин ортосундагы араздашуудан пайдаланып улут аралык кастыкты тутантып жатыптыр. Ошондой эле, Бета-Сторестин астына чогулган жаштар дүкөндү талкалоого аракет кылганын, илинип турган Түркиянын желегин алып түшкөнүн туура эмес деп эсептегенин билдирди. Салих Эрдоглу эки ыңкылапта кайра-кайра талоонго алынган компания кыргыз жетекчилигинин суранычы менен ишин улантканын билдирип, эми ошол жетекчилер компаниянын коопсуздугуна кепил болуусу зарылдыгын кыйытты. Чолпон кордолгон окуядан улам аталган компаниянын 3 кызматкери жумуштан айдалган Төмөндө алар койгон талаптарды жана акция жүрүшүн камтыган фото-ирмемдерди жарыялап турубуз.
1. Зөөкүр Г.Йылмаз кармалып, ага сот тарабынан тиешелүү чара көрүлүп камакка алынгыча "Бета-Сторес" соода түйүндөрү жабылсын.
2."Бета-Сторес" соода түйүнүнүн башкы жетекчилиги Чолпон Орузбаевага компенсация төлөп, ооруканага жаткандагы чыгымдарын толугу менен төлөп берсин.
3.Г.Йылмаз кармалып, акыйкат сот жообуна тартылган соң, "Бета-Сторес" соода-түйүнүнүн жетекчилиги толугу менен кызматтарынан кетишип, алмаштырылсын.
4. "Бета-Сторес" соода түйүнүнө профсоюз комитети түзүлүп, анда иштеп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары корголсун.
5. "Бета-Сторес" соода түйүнүнүн жетекчиси аталган кыянат иши үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кыргыз элинен кечирим сурасын.
6. Аталган соода түйүнүнүн профсоюз комитетине кыргыз жарандарынан да турган топ кошулсун.

Даярдаган
Ийгилик Болсунбаев