Жалданма эне маселесин
мыйзамдаштыруу керекпи?
Кыргызстандагы аялдардын көбү тукумсуздук дартынан жапа чегишет. Канча жылдап дарыгерлерге, көзү ачыктарга, бакшыларга, мазарларга барганы талашсыз. Эндокринологиялык тукумсуздукту лабораторияларда аныктоого өтө көп акча талап кылынат. Карапайым калк үчүн бул кыйынчылыктарды жаратпай койбойт. Ошондуктан, бала жытына зар болгон аялзаты жалданма энелердин (суррогатная мать) кызматына кайрылууга аргасыз болушат.


Жалданма энелер… Аялдардын
тукумсуздугу…
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы аялдардын тукумсуздук көйгөйү мурдагы он жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн. Аялдардын арасындагы тукумсуздук үчкө бөлүнөт. Биринчиси, тукум куучулук проблемалары же болбосо турмуш курганга чейин эле төрөлгөндөн тартып жыныс бездеринин иштешинин бузулушу. Бул генетикалык ооруларга байланыштуу. Экинчиси, жугуштуу оорулардан улам келип чыгат. Үчүнчүсү эндокринологиялык оорулардан улам пайда болгон тукумсуздук. Эгер жыныс бездеринин ишин жөнгө салуучу нерв системасынын астында жаткан гипофиз, гипоталамус деп аталган бездердин иштеши начар болсо овуляцияга (жумурткалардын уруктануу процесси) терс таасирин тийгизет. Бул бездердин иштеши аял, эркекке да абдан манилүү болуп эсептелинет. Анткени өтө коркунучтуу онкологиялык оору болбосо дагы тамак-аштын, сырткы чөйрөнүн таасири тиет. Мындай көйгөйлөр бара-бара үй-бүлөнүн бузулушуна да алып келгени талашсыз.

Жасалма жол
аркылуу
уруктандыруу:
Учурда лабораториялык изилдөөлөр жогорку деңгээлде өнүккөндүктөн жогоруда аталган тукумсуздуктун себебин аныктоого мүмкүнчүлүк бар. Ал эми эндокринологиялык тукумсуздукту лабораторияларда аныктап, анализдерди кайра-кайра изилдөөгө көптөгөн каражат талап кылынат. Ошого карабастан учурда бир катар жеке менчик клиникалар ушул багытта иштешет. Буга профессор Гүлнара Асымбекованын клиникасы мисал боло алат. Бул жерге Казакстан, Түркия өңдүү мамлекеттерден адистер келип,өз тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. Жасалма жол менен уруктандыруу технологиясы өтө татаал, дүйнө жүзү боюнча да бул иштин натыйжалуулугу 30-40 пайызды гана түзөт. 1982-жылы бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөнү пландаштыруу федерациясы адамдардын сексуалдык укуктары боюнча жобону иштеп чыгышкан. Ал жободо эгер тукумсуздук жоюлбаса, адамдар экстрокорпоралдык уруктандырууга, суррогат (жалданып бала төрөөчү аял) энеге укуктуу деп жазылган.

Суррогат эне
маселесин
мыйзамдаштыруу
шарт.
Учурда аялдардын ден соолугуна көзөмөлдөөчү ооруканада жалданма энелердин базасын түзүү боюнча иштер каралууда. Жасалма уруктандыруу үчүн атайын донорлор жана биоматериалдар талап кылынат. Кыргызстанда бул маселе өз күчүнө кирсе, башка мамлекеттерге салыштырмалуу алда канча арзан болот, бирок жасалма жол менен төрөлгөн балдар кыйынчылыктарды жаратпаш үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына жаңылантуу киргизиши шарт. Кыргызстанда жалданма энелер үй-бүлө кодексинин мыйзамында "Жарандык нике жана анын абалы" жана "жарандын репродуктивдүү укуктары жана алардын ишке ашуусу" боюнча мыйзамдар каралып, суррогат энелердин укугун коргоо менен үй-бүлөгө тоскоолдук болбош үчүн, эки тарапты тең бирдей карап, суррогат эне маселесин мыйзамдаштыруу шарт" деп саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери белгилешүүдө. Бирок, бул иштин да көп көйгөйлөрү бар. Алсак, тукумсуздук маселеси күч алып, балалуу боло албагандарга балдарды сатуу маселеси келип чыккан. Мындай мыйзамсыз көрүнүштөр укук коргоо органдарынын, медициналык кызматкерлердин бекер акча табуу жолуна, адам укуктарынын тебеленишине алып келүүдө. Учурда балдар үйлөрүнүн башчылары балдарды чет элдиктерге сатып жатышкандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан балалуу боло албагандардын жана өз баласын бага албай таштап кеткен энелердин көйгөйүн чечүү максатында суррогат эне маселесин мыйзамдаштыруу шарт деп эсептешет дарыгерлер.

Эки тараптуу
келишим
маанилүү:
Башка баланы тогуз ай көтөрүп, төрөгөн ар бир аял энелик мээриминен алыстап, баланы биологиялык ата-энесине берүүгө эрки жетпейт. Бул жерде сот иштери козголушу ыктымал. Тактап айтканда жалданма эне аркылуу бала күтүшкөн ата-энелер келишим түзгөн күндө да, балага ээ болушат деп 100 пайыз кепилдик берүүгө болбойт. Мындай кырдаалдарга жол бербеш үчүн юридикалык документтерден сырткары да, эки тарапта тең психологиялык даярдык болушу шарт. Жалданма энелерди тандоодо өзүн көзөмөлдөй алганына, ички сезимдерине терең ишенгенине, психологиялык жана эмоционалдык абалына көңүл бурушат.

Башка
мамлекеттерде:
Австралия, Норвегия, Швеция, Франция, Швейцария, Германия жана Американын бир нече штаттарында жалданма энелерге каршы мыйзам кабыл алынган. Эгер жалданма энелер ишке киргизилсе, мыйзамга ылайык жогорку суммадагы айып төлөөгө жада калса үч жылга эркинен ажыроосу күтүлөт. Ал эми мусулман өлкөлөрүндө, жалданма энелердин укутары корголгон. Түштүк Африка Республикасында, Грузияда, Украинада, Белоруссия жана Казакстанда коммерциялык жактан жалданма энелерге уруксат берилген. Ал эми Россияда жалданма эне боюнча мыйзам он жылдан бери иштейт. Кыргызстанда болсо, балага муктаж болгон үй-бүлөлөр жалданма энени тапкан соң, Казакстанга жасалма жол аркылуу жасоого жөнөшөт. Жакында жалданма энелердин укугу корголуп, мыйзамдаштырылат деп ишенишет дарыгерлер.



Асель, жалданма эне:
"Дагы бир адамга жашоо белек кылдым,
ата-энесине кубаныч тартууладым"
Жалданма энелерди башка көздөрдөн сактап, башка адамдарга көп көргөзбөй, өз алдынча караганга аракет кылышат. Баланын юридикалык түрдө документтерин алганга чейин жалданма энелер дарыгердин көзөмөлүндө болот. Мындай окуяны жалданма эненин оозунан уктук. Асель аттуу айым жалданма эне болгонун айтып берди.

Асель:
- Эки жыл мурун күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Мен беш жаштагы эки эгиз балдарым менен жалгыз калдым. Балдарыма алимент төлөп бергенден да баш тартты. Үй-бүлөдө акча каражат көйгөйү күч алды. Балдарымды багыш үчүн жалданма эне болуудан башка жол тапкан жокмун. "Жалданма эне болом", - деген кулактандырууну интернет булактарына бердим. Менин бактыма жараша ошол эле күнү кулактандыруу боюнча чалышты.

Кадыровалар:
- Биз 15 жылдан бери балалуу боло алган жокпуз, экөөбүз бирге жашагандан бери төрт жолу тең боюман түшүп калып жатты. Мындай трагедиядан өзүбүз да тажадык. Көп жылдан бери акча топтоп, машинабызды, квартирабызды сатып акча чогулткандан кийин Аселге кайрылдык. Уруктандыруу процедурасын Алматыдан өткөрдүк. Тогуз ай Аселди өзүбүз бактык, эгиз балдары да биз менен жашады. Асель Бишкектин бир төрөт үйүндө көз жарды. Төрөгөндөн кийин Казакстанда жасаган документтер жана келишим менен баланы бизге жаздырдык. Баланын атын Самат койдук. Буга чейин балалуу болбогондуктан, Саматты жаныбыздан артык көрөбүз.

Асель:
- Мен төрөгөндөн кийин баламды бере албай каламбы деп абдан коркуп жаткам. Күн сайын өзүмө "Бала меники эмес, аны өзүнүн биологиялык ата-энеси күтүп атат, менин өз балдарым бар, мен аларды бутуна тургузушум керек" - деген сөздөрдү айтып аудиотренинг өткөрүп турчумун. Мындай аудиотренингдер кыйын болсо дагы мага абдан жардам берди. Саматты төрөп атканда туткундан качып бараткандай сезимде болдум. Мен баланы эмизүүдөн баш тарттым. Келишим боюнча баланы эмизбей койгонго укугум бар эле. Төрөт үйүнөн чыккандан кийин, Саматты биологиялык ата-энеси алышты. Ооруканадан чыккандан кийин да мени бир нече убакытка чейин көзөмөлгө алышы керек эле. Бирок, мен аны күтүп олтура бербестен эгиз балдарымды алып, Бишкектен чыгып кеттим. Мен ал адамдар менен экинчи көрүшпөгөн дос адамдардай болуп эки жакка кеттик. Мен дагы бир адамга жашоо белек кылдым, ата-энесине кубаныч тартууладым деп өзүмдү алаксыттым. Саматты ата-энеси абдан жакшы көрүшөт, ал бактылуу болоруна толук ишенем. А менин балдарым болсо, эч нерседен кем болбой, жакшы мектепке барып, татыктуу жашашат.