Ким бул,ой?

Марат султанов
күчтүү экономист, дасыккан адис,
бирок, саясатта өткүр эмес
Алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Саясатта салмагы бары да, жогу да астыртан кызуу даярдык көрүп, алдыдагы ажолук таймашка кам көрүүдө. Ооба, конституцияга ылайык бардык Кыргызстандын жараны перзиденттикке ат салышууга акылуу. Эл жүгүн көтөргөн эр уулдарын ажо кылып көтөрүп алуу-бул элдин колунда. Бүгүнтөн тартып ошол ажолукка ат салышкан азаматтарга элден, саясатчылардан сурамжылоо жүргүзүп, алардын пикирин билүүнү колго алдык. Эл элегине биринчи болуп ЖК депутаты Марат Султанов түштү.

Мелис Эшимканов,
экс-депутат:
- Мен Маратты 20 жылдан бери жакшы билем. Ошол эле 20 жылдан бери саясаттын таш талканын чыгарып келе жаткан саясатчылардан айырмаланып, Марат өзүн бул чөйрөдө түз алып келе жатат. Алардан Марат иш билгилиги, тажрыйбасы , маданияттуулугу менен өзгөчөлөнөт. Мыкты экономист, финансист. Президентке татыктуу талапкер. Мен муну бир катар ММК менен болгон маектеримде да айткам.
Керим Айдаров,
"Асман пресс" гезитинин
башкы редактору:
- Марат Султанов саясатта өз орду бар, өз ишин билген, тыкан киши. Саясатта өзүнүн өткүрлүгүн көргөзө элек. Бирок, токтоолугу, маданияттуулугу менен оозго аларлык. Президенттикке талапкер экен. Эгер өтүп кетсе, анын билими, саясаттагы иш тажрыйбасы да жетиштүү деп ойлойм.
Табылды Акеров,
саясий серепчи:
- Марат Султанов Акаевдин, Бакиевдин убагынан бери эле кызматта жүргөн киши. Менин пикиримче ал дасыккан саясатчы эмес. Бирок, экономика, финансы жаатында теңдешсиз адис. Президент болсо мамлекетти өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүгү бар. Аны эми эл чечет. Баса белгилеп айтчу нерсе, Марат Султановдун башка чиновник, депутаттардан айырмасы, маданияттуулугунда. Элди экиге бөлүп жаткан айрым бир регионалисттик депутаттардан айырмаланып, бул киши мындай катачылыкка жол бербей келет. Бул анын эң чоң жетишкендиги.
Өмүрбек
Абдырахманов,
ЖК депутаты:
- Марат мырза көп жылдан бери саясатта жүрөт. Өтө катуу кетпей, өтө жай жүрбөй, айтор көчтөн калбай келет. Мен Маратка айтар элем. Эгерде президент болсо, Марат иштей алат. Бир жактуу эмес, көп тараптуу, ийкемдүү, экономиканы көтөрүү жолун жакшы билет, ж.б. жакшы адамдык сапатка ээ.
Жумакадыр Акенеев,
экономист:
- Маратты кесиптеш катары жакшы билем. Марат Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп турганында таанышкам. Андан бери көп кызматтарды аркалады. Саясатта такшалып келе жатат. Маратты саясатчы катары эмес, экономист, өз кесибин эң жогорку деңгээлде өздөштүргөн адис катары сыйлайм. Президенттикке коюп жатыптыр. Ийгилик! Өтүп кетсе эл жүгүн көтөргөн мыкты башчы боло алат деп айта алам.
Жаркынбек
Касымбеков,
"Элиме" коомдук
фондунун директору:
- Марат Абдыразакович абдан күчтүү саясатчы, мыкты экономист, мыкты уюштургуч, жана президенттикке татыктуу, туруктуу талапкер.
даярдаган
Анарбек
АБАЗБЕКОВ




  Буюурса...

Туристтерден быйыл
500 миллион дейт!
Экономиканы тескөө министрлиги быйыл туристтер өлкөгө 500 миллион доллардай киреше калтыраарын болжоодо. Ишкерлер болсо чек аранын катаалдыгын, жарнаманын аздыгын айтышат.
Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасында четтен келген туристтердин үлүшү жай айларына туура келип, алар негизинен Ысык-Көлгө барышат. Аптап башталганда эле ысыктан коргологон коңшу өлкөнүн жарандары келе башташат. Көбүнчө Казакстандан келип эс алгандардын саны арбын. Орусия, Өзбекстан, Тажикстандан ж.б өлкөлөрдөн келип эс алгандар бар. Бирок былтыркы коогалаңдан кийин Өзбекстан менен чек ара катаалдашып, ишкерлер быйыл ал жактан эс алуучуларды күтпөгөнүн айтышат. Ал тургай Казакстан деле чек араны катаалдаштырып, айрым өткөрмө бекеттери азыр да жабык турат. Андан тышкары көлгө эле эмес тоолорго, шар аккан тентек сууларга кызыккан туристтер бар. Бирок алыскы өлкөлөрдөн келген мындай туристтердин саны азырынча аз.
Экономиканы тескөө министрлиги болсо, Ысык-Көлдөгү быйылкы туристтик сезон тууралуу оптимисттик божомолдорду билдирүүдө. Министр Учкунбек Ташбаев билдиргендей, бул жылы Ысык-Көлгө 2 миллиондой турист келип, 500 миллион доллардай акча калтырып кетиши ажеп эмес. Учурда туризм тармагын кошо тескеп аткан аталган министрликтин маалыматы боюнча, былтыр Ички дүң өнүмдөгү туризмдин үлүшү 3,8 пайызды түзгөн. Быйыл ал көрсөткүч 4,6 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Туристтерди кыжаалат кылып, кыргыз чегине өтүүгө тоскоол болчу чек ара маселеси да кырынан турат. Былтыркы кандуу окуялардан кийин Өзбекстан менен чек ара катуулап, Казакстан да чек арадагы өткөрмө бекеттерин күчөтүлгөн тартипке өткөргөн. Негизги туристтер Казакстан аркылуу келгендиктен, бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин чечүү жаатында жетиштүү аракет көрүшкөн жок. Анткени кыргыз-казак чек арасы чектелген шартта иштеп, Ысык-Көлгө кетүүчү эки өткөрмө бекети дале жабык турат. Бул өз кезегинде туристтерге ыңгайсыздыкты жаратмакчы.
Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасында 12 өткөрмө бекети бар. Алардын алтоосу эл аралык, дагы алтоосу эки тараптуу бекеттер. Азыркы тапта эл аралык өткөрмө бекеттеринен "Каркыра", эки тараптуу бекеттерден "Кең-Булуң" бекети казак тараптын чечими боюнча жабык турат. 2009-жылы казак тарап "Күркүрө" аттуу дагы бир бекетти "максатка ылайык эмес" деп жаап салгандыктан, ал өткөрмө бекети толук жоюлуп кеткен. Туризм тармагына жооптуу мамлекеттик мекеменин болбогону да бул тармактын өнүгүшүнө тоскоол болууда. Учурда туризм тармагын Экономиканы тескөө министрлигиндеги 5 кишиден турган чакан бөлүм колго алган. Аталган бөлүмдүн жетекчиси Гүлмира Карымшакованын айтымында бул чакан бөлүмдүн иши жетишсиз. Андыктан туризм менен иштеген өзүнчө орган болсо...
Салыштырсак, 2008-жылы өлкөгө 2 миллиондон ашык турист келип, 509 миллион доллардай каражат калтырса, 2009-жылы 2 миллиондой турист келип, 500 миллион доллардай акча коротушкан. Туруктуулук сакталса, туристтердин саны мерчемделгендей болсо, министрлик болжогондой быйыл туризм тармагындагылар жакшы киреше табышы мүмкүн.
"Азаттык" маалыматынан




Оо, "Ойгон kg" ойгонду!
Интернет булагында "Ойгон kg " деген аталыштагы жаңы сайт ачылды! Сайттын багыты эл аралык ынтымакты бекемдеп, улуттар аралык биримдикти ширетүүнү максат кылат. Интернационалдык үй-бүлөлөр тууралуу кызыктуу маалыматтар жана алардын турмуштагы өзгөчөлүгү, эң кызыктуу тагдырлары чагылдарылат. Ошентип, "Ойгон kg" жаш муундарга, жалпы замандаштарга адамзаттын жашоо образы, тагдыр бакыты улутуна карай айгинеленбесин жайылтат. Эмесе, миң уккандан бир көргөн деп, сайтка өзүңүз көз жүгүртүп, ийгилигине ортоктош болуңуз.