К+СПОРТ
Жаныбектин жаалы катуу
Кыргызстандык мушкер Жаныбек Аматов "Битва под Москвой -4" аталыштагы турнирге катышат. Анда мекендеш мушкерибиз Евразия чемпиондугу үчүн кур талашып, чөлкөмдүн учурдагы чемпиону Шамил Зауров менен былчылдашат. Аталган турнир бул мезгилге чейин да уюштурулуп, ага Европа жана Азиянын мыкты делген чоң муштумдары катышып келген. Бул ирет Евразия чемпиондугун багынтуу Азия өкүлүнө туш келип, ал Жаныбектин колунда турган чагы. Баса, мелдеш 7-июль күнү Москва шаарында өтүп, ага эрежесиз мушташтын өкүлдөрү эле эмес, тай-бокс жана мушташ самбосу боюнча спорт чеберлери катышып, өз багыттарында күч сынашуу менен биргеликте келгендерге укмуш шоу көрсөтөт.


"Тил сынган" аталыштын чемпиондору
Жиу-житсу боюнча өлкө биринчилиги соңуна чыкты. 21-23-июнга чейин созулган чемпионат чоңдор жана өспүрүмдөр ортосунда өтүп, ага өлкөнүн ба рдык аймактарынан спортчулар катышкан. Натыйжада биринчилик үчүн болгон күрөштө чоңдор ичинен Абдисамат уулу Нурислам (56 кг), Якуб Алиев (69 кг), Адилет Жумабаев (77 кг), Табылды уулу Азамат (85 кг) жана Игорь Воробьев (94 кг) менен Алымбек Эгимбаев (+94 кг) аталган салмак чендеринде чемпиондук наамды алышкан. Ал эми өспүрүмдөр ортосунда жүргөн кызуу таймаштардан Бакыт Рыспаев (46 кг), Адилет Арстанбеков (60 кг), Ширзот Абдужапаров (66 кг), Медет Муратбек уулу (73 кг) жана Эмиль Абдуманапов (81 кг) атаандаштарынан айырмаланып, алдыга суурулуу менен биринчи орундарды камсыздап, чемпион аталышты. Мындан тышкары жиу-житсу биринчилиги кыздар ортосунда да жүргүзүлүп, анда алдыңкы төрт кыз чемпиондук наамдарды жеңип алган.


Шагырата шар атып…
Бильярд боюнча Алма-Ата шаарында Азия кубогу үчүн турнир уюштурулуп, ага он тогуз мамлекеттин бильярдчылары катышат. Алардын арасына Кыргызстан да кирип, аталган мелдеште өлкө намысын он спортчу коргомокчу. Азыртан даярдык көргөн мекендеш шар атарларыбыз, 29-июнь күнү биринчи таймаштарын өткөрүп, анда бильярддын "эркин пирамида" багыты боюнча күч сынашат. Бул мелдештин жыйынтыгы 3-июль күнү чыгат, андыктан күтүлгөн турнирде өлкө бильярдчылары алдыңкы орундарды камсыздаар деген үмүт чоң.


"Дордой" -"Алга" 3:0
Футбол боюнча өтүп жаткан өлкө биринчилигинин онунчу турунда "Дордой" командасы Оштун "Алай" футболдук клубун 3:0 эсебинде талкандады. Таймаштын биринчи бөлүгүндө командалар кызуу кармаш көрсөтүп, эсеп 0:0 менен жыйынтыкталса, экинчи мөөнөттө Девид Тетте биринчи голду алайлыктардын дарбазасына салган. Андан кийинки мүнөттөр да кызуу кармаштар менен коштолуп, Андерсон 83-минутада экинчи голду чулгаса, аны улай үчүнчү топту Талант Самсалиев эки мүнөттөн соң киргизип, мелдештин жыйынтыгы 3:0 эсебинде "Дордойчулардын" пайдасына чечилген. Бул жеңиши менен "Дордой" 23 упай чогултуп, турнирдик таблицанын башына турууга үлгүрсө, бомбардирлер Девид Тетте менен "Алгачы" Владимир Веревкин жеке упайларына жетиден гол чогултуп, жайкы эс алууга кеткен чагы. Алардан кийинки беттештин ээлери канттык "Абдыш-Ата" менен "Алга" командалары тең эсеп менен таймашты соңуна чыгарды. Эки клуб ортосунда болгон беттеште бир да гол атаандаштардын дарбазасынан орун алган эмес. Бул таймаштан соң турнирдик таблицада "Абдыш-Ата" он жети упай менен үчүнчү орунда калса, андан үч упай азырак эсеп менен "Алга" (14 упай)төртүнчү орунда келаткан чагы. Алардан алдыңкы орунга жыйырма упай менен "Нефтчи" клубу ээлик кылып туру. Ал өлкө чемпионатында "Ысык-Көл" командасын 3:0 эсебинде утуп алды.


Даярдаган Алмаз Калназаров