"Залкар Банк": бухгалтерия сырлары
Бактыгүл Жээнбаева канатына калкалаган "Залкар банктын" балансы көмүскө сакталганы тегин эмес. Банкты негиздөөдөгү бөлүштүрүү балансын жашырып жатканын түшүнүү деле кыйын эмес экен. Отчёттор учурда Улуттук банк көз жаздым кылып жаткан финансылык көз боёмочулуктан улам "жагымдуу" кейип кийип, жымсалданып калыптыр.

Мыйзам боюнча ар бир банк кварталдык отчётун берүүгө милдеттүү. Бирок, "Залкар банк" бул милдет тууралуу ойлогусу да келбейт. Албетте,бул башка жоруктарына салыштырмалуу "майда-барат" нерсе. Ал эми банк 2011-жылдын башынан эле акчаны депозитке кабыл алып, депозиттерди коргоо системасына июнда гана киргенин кандай түшүнүүгө болот? Анын айынан акча салуучулар катуу тобокелдиктерде кабылышкан. Баланстан "Азия УниверсалБанктын" убактылуу жетекчиси өткөн жылы акчаны атайлап "болочок жоготууларды жана чыгашаларды жабуу" резервине салып жатканын байкаса болот. Ошентип, АУБдун активдери азайып, мындан улам финансылык абалы начарлап кеткен. Бул болсо атайын жасалган банкроттукка алып келди. Андан кийин айтылган резервдердин бир бөлүгү, кайрадан, абалын жакшыртуу үчүн "Залкар Банкта" калкып чыкты. Шылуун кадамдар муну менен чектелип калган жок. Башка көз боёмочулук аракеттер менен улантылды. Мисалы, 2010-жылдын июнунда АУБдун насыялык портфели 3,47 млрд. сомду түзгөн. "Залкар Банкты" негиздөөдө ага АУБдун 2,2 млрд. сомдук насыялык портфели берилип, ошол эле учурда 1,2 миллиарддык атайы резерв пайда болду. Бул кайтарылбаган насыялар боюнча резервдер банктын чыгашаларында көрсөтүлүшү керек болчу. Ошондо "Залкардын" капиталы терс: -760 миллион сомду түзмөк. Башкача айтканда, Жээнбаева жана банктын жетекчиси Максат Ишенбаев "туушкандан" тарта "Залкар" техникалык банкрот болчу. Банк капиталдаштырууга муктаж эле. Ал эми аталган банкирлер жасалма балансы бар банкты сатып жиберүүнү көздөгөнбү, же ойлогон башка нерсеси бар беле…
2011-жылдын мартында, насыялык портфелдин сапаты начар экенин жана андан да төмөндөп баратканын көрүп, Жээнбаева, атайы администратор Каныш Шаршекээва жана Ишенбаев "Залкар банктын" балансын жакшыртуу максатында суммасы 760 млн. сомду түзгөн "пайдасыз" насыяларды кайрадан АУБга которууну чечишкен имиш (мындай насыялар негизинен жоготууларга кирет). Бул ирет да, бөлүштүрүүчү баланс кайрадан түзүлгөн эмес. Бул тууралуу маалымат алууга эч кимде мүмкүнчүлүк да болгон эмес. Июндун башына "Залкар Банктын" насыяларынын сапаты жакшырак боло баштайт, бирок болочок жоготууларды жана чыгашаларды жабуу резерви 550 млн. сомду түзөт. Бул банктын жоготуулары. Ал эми банктын жалпы капиталы болсо 453 млн. сомду түздү. Муну менен "Залкар Банк" техникалык банкрот бойдон кала берери айтпаса да түшүнүктүү. Киреше алып келген негизги статья катары насыялар боюнча үстөк пайыздарды айтууга болот. Белгилей кетсек, бул АУБдан мураска өткөн насыялар. Баарынан да, жылдын башынан бери чет элдик валюта менен болгон операциялардан түшкөн киреше 73 млн. сом, май айыныкы - 31 млн. сом болгону таң калычтуу. Мындай мыкты көрсөткүчтөр кайдан келип чыкты? Жообу абдан оңой: "Залкар Банктын" казыначысы болуп Улуттук банктын диллинг бөлүмүнүн жетекчиси иштей баштады. Ал жерде болсо кирешени сомдун кунунун төмөндөшүнөн табышат.
Жалпысынан алганда Жээнбаеванын жетеги менен Улуттук банк АУБдан баштап "банкрот" болгон "Залкарды" негиздеди.Эмне үчүн? Бул жерде бардыгын тыйынга сатып алуу ниетинен эч качан кайтпаган ири адамдардын кызыкчылыктары оркоюп көрүнүп турат. "Залкар" инвесторлорго сатылып кетпесе, анын активдерин талап кетүүнүн жаңы схемасы ойлонулуп жатат: айрым имараттарын, филиалдарын, банкоматтары жана терминалдарын сатып жиберүү.
Кадырбек ТЕМИР




  ТурмушуҢ кандай, замандаш?

Элдин турмушу барган сайын оорлоп барат. Кайсыл адамга кайрылба, баардыгы жашоосуна нааразы, кымбатчылык, жокчулук, жакырчылыкта жашап атканын айтышат. Эл менен жолугуп, көйгөйүн сурап, аларга жардам берейин деген чиновниктер жокко эсе. Эл турмушун кантип кечирип жатканын өз үнүндө угалык.


Унит, 25 жашта,
укук коргоочу:
- Турмуш кудайга шүгүр. Аракет кылсаң берекет дегендей, өз кесибим менен иштебесем дагы кичинекей ишкананы ижарага алып, досторум менен иштетип, аз да болсо акча таап, жашайбыз. Албетте, салык төлөйбүз, канчалык көп ишти аркаласак, ошого жараша төлөп иш кылабыз. Мен жылына 24 миң сом контракт төлөп, беш жыл окудум. Азыр толук кандуу адис болгондон кийин өз кесибим менен иштебегениме абдан өкүнөм. Анткени, Кыргызстанда юристерге жумуш жок.


Гаухар, 32 жашта,
мээрман:
- Ой, элдин жашоо, турмушу кыйын. Анткени, баардыгы кымбат, иш жок, акча маянабыз аз. Көпчүлүк кесиптин мыкты адистери соодага берилип кетишкен. Аялдардын көбү базарларда иштешет. Алар дагы үй-бүлөсүн багыш керек да. Мен маянамдын аздыгына карабай, мээрман болуп иштейм. Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз, ошондо деле жетишпейт. Ал үй-бүлөдө иштебегендер кантип оокат кылышат билбейм. Азыр эл жанын эптеп багын аткан учуру.


Жеңишбек,
42 жашта, механик:
- Биз эми айылда жашагандыктан көбүнчө мал, жер иштери менен алекпиз да. Отун суу, малга чөп даярдап, кышкыга кам көрөбүз. Жай айларыбыз ошонусу менен өтүп кетет. Күзүндө эгиндерди жыйып алган учурда, солярка кымбаттайт. Элге жетишсиз болуп кыйналабыз. Эгинди убагында албасак да күйүп кетет. Күзүндө малдарыбызды сатып, балдарыбызды кийинтип, окутабыз.


Төрөбек, 24 жашта, менеджер:
- Кыргызстанда жашоо жок. Жаштарга боорум ооруйт. Чет өлкөдө бир да мүнөттү текке кетирбей окуп билим алышып, ошону менен катар иштешип жанталашышат. Бизде жумуш жок, билим алууга да мүмкүнүлүк жок. Жаштардын келечеги караңгыдай сезилет. Эмне үчүн бийлик буларды көзөмөлдөбөйт. Алкоголь, наркотик колдонгон жаштар көп. Көчөнү таптагандар толтура. Баары оңой иштерге умтулушат. Жаштарды кызыктыра турган, көтөрө турган иштер жок.


Бакча, 55 жашта,
мугалим:
- Мен көп жылдардан бери, мугалим болуп иштейм. Пенсияга чыккам, төрт балам бар. Мугалимдердин айлык маянасын көтөрүп койгону жакшы болду. өзүм оорулуу болгондуктан бир жылда бир барып, дарыгерлерге көрүнүп турам. Дары-дармектер абдан кымбат. Мугалимдерге кандайдыр бир жеңилдик кылып коюшса абдан жакшы болмок. Пенсия алганым менен эч кандай жеңилдиктерди көрө алган жокмун.


Зафар, 29 жашта,
котормочу:
- Мен авикомпанияда иштейм. Турмуш жаман эмес. Мен азыркы жаштарды билим алууга үндөйт элем. Канчалык чет тилдерди билсең, ошончо жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Келечекке жол ачылат. Биз башка улуттардай болуп, эл-жерибиз менен сыймыктанышыбыз керек. Биз тескерисинче түндүк-түштүккө бөлүнүп алып, бири-бирибизди шылдыңга алабыз. Бул ар бир инсандын, мамлекеттин көйгөйү.


Даярдаган Нургүл Ибраева