Өмүрбек Суваналиев:
"Парламенттик башаламандыкты
президент токтото алат.
Ошол үчүн-шайлоого баратам"
Өмүрбек Суваналиев-Кыргызстандын экс-ички иштер министри, Нарын облусунун мурдагы губернатору (булар-өмүр жолундагы чоң делген кызматтары, калганы оголе көп)-президенттик шайлоого катышам деп так кесе айтып турган учуру. Муну ал биз менен болгон маекте да тастыктады.

- Мындай чечимге качан келдиңиз эле?
- Ачыгын айтсам, 2010-жылдын апрелинде эле. Куралдуу көңтөрүштүн арты менен бийликке келгендердин баарын абдан жакшы билем. Мамлекетти башкарып кетүүгө чамалары чак экенин, Кыргызстан элин бириктире алышпастарын, коррупцияны ооздуктоо колдорунан келбей турганын, өлкөдө стабилдүүлүк менен тартипти орнотууга күчтөрү жетпесин ошондо эле сезип тургам. Кантсе да бийликке төгүлгөн кан аркылуу келишти. Ошондо эле эч кандай принципке баш ийбей, өздөрүнүн душмандары менен да ойной баштары белгилүү болуп калган. Ошол себептен алардын командасына кирбедим, киргим да келбеди. Былтыркы июндагы Түштүктөгү коогалаңда гана Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын ачендиги болуу сунушун кабыл алдым. Согушту токтотуш керек эле... Коркконум орундалып келатат.
-Эмнеси орундалып жатат?
- Бүт баары. Кыргызстанда стабилдүүлүк барбы? Жок. Убактылуу гана тынчтык орноп тургандай, бир эле көз ирмемде баары жарылып кетчүдөй болуп турат. Элде дале болсо жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк бар, эми болсо улутуна жараша бөлүнүү жарасы ырбап кетти. Эгерде өлкөдө улуттук, шовинисттик маанайдын тикендери гүлдөй баштаса, анда бул өлкөдө бийликтин жок экендигинин, башаламандыктын белгиси. Анткени ар түрдүү улутчулдар, экстремисттер чаңдаган суудан балык кармаганды жакшы көрүшөт.
Экономикабызды алалы. Ага Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү, азыркы премьер-министр Алмазбек Атамбаев башында турган өкмөт жооп берет. Эстесеңер, былтыркы парламенттик шайлоодо (ошонун арты менен азыркы кызматына келбедиби), андан мурун 2009-жылдагы президенттик шайлоодо элге эмнелерди убада кылды эле? Жарым жылда бюджетти оңдоп, кирешелүү кылам деген. Акча кандай жок эле, ошол бойдон жок болуп турат. Өкмөт акча каражаттарын бир статьядан экинчи, үчүнчү статьяларга ыргытып коюп олтурат. Популисттик чечимдер кабыл алынды - шайлоого таасири күч элдин катмарына айлыгын көтөрүп койду. Атамбаев жөн эле шайлоого баратат деп атасыңарбы - жок, жооптуу кызматтан качып, экономика үчүн жооп бербеген кызматты көздөп турат.
- Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө жылыш жокпу?
- Бул - кадимки эле кампанейщина, көз боёмочулук, башкы максат - коомчулуктун көңүлүн чыныгы күрөш жок экенинен алаксытыш керек болду. Мен мурда эле айткам, дагы кайталайын: коррупция менен күрөшпөй туруп, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшө албайсың. Ошол кылмыштуу топтор башкы кирешени кайдан алып жатышат? Экономикабыздагы кара, боз-ала, ар түстөгү ар кыл коррупциялык схемалардан алышат. Азыр кримавторитеттердин баары өлкөдөн чыгып кетишкен. Бирок жанагы схемалардан өз үлүшүн алып жатышат деп эсептейм. Анда "күрөштүн" мааниси эмнеде? Эгерде башкесер бандиттер өз үлүшүн албай калышкан болсо, анда ким алып жатат?
Эсиңерде болсо керек - бийликке келгенчекти революционерлер бардык интервьюларында, митингдерде айкырып жатышпады беле: коррупциялык схемалардын айынан миллиарддаган долларлар Бакиевдердин үй-бүлөсүнө кетип жатат, ошондуктан экономикабыз өспөй жатат деп. Мына Бакиевдер да жок болду - демек, логикага таянсак, ошол миллиарддар бюджетке түшүшү керек эле да. Кайда алар?
(Уландысы 7-бетте)





  ТурмушуҢ кандай, замандаш?

Элдин турмушу барган сайын оорлоп барат. Кайсыл адамга кайрылба, баардыгы жашоосуна нааразы, кымбатчылык, жокчулук, жакырчылыкта жашап атканын айтышат. Эл менен жолугуп, көйгөйүн сурап, аларга жардам берейин деген чиновниктер жокко эсе. Эл турмушун кантип кечирип жатканын өз үнүндө угалык.

Гүлзана, 40 жашта, дарыгер:
- Мен төрт балам менен үйдө олтурчумун. Жаңы эле №3 ооруканага жумушка орноштум. Мугалимдерге, дарыгерлерге айлык маянасын көтөрүп коюшту. Мамлекеттин башчыларына ыраазычылык билдирсек болот. Бирок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалууларга кичине көңүл буруп, жеңилдик же жөлөк пул берип коюшса жакшы болмок. Беришсе дагы аз эле суммада беришет. Аны алыш да өтө көп кыйынчылыктарды жаратат.


Урмат, 30 жашта,
ырчы:
- Жашоом кудайга шүгүр. Элден кем калбай, ашып кетпей жашап жүрөбүз. Ырчы болгондон кийин элдин суранычы менен тойлордо ырдап жан багабыз. Өзгөчө күз айларында иш көп болот. Келечекке жакшы пландарым бар, буюрса бардыгы ишке ашып, жакшы болот деген үмүттөмүн. Акырындык менен бутума турганга аракет кылам.


Матиса, 40 жашта, мугалим:
- Менин жашоом өзүмдү канааттандырбайт. Батирде беш балам менен жашайм. Алган акчабыз абдан аз. Баары кымбат, эч нерсеге жетпейт. Жолдошум экөөбүз тең аракет кылып иштеп, балдарды багып атабыз. Тапкан акчабызды балдарыбызга жумшайбыз. Бала бакчаларга, мектептерге киргизиш үчүн акча талап кылынат. Жакшы окуткан гимназиялар көп акча сурашат. Билим алуу дагы абдан кымбаттап кетти.


Базира, 44 жашта,
музыкант:
- Турмуш азыркы заманда оор. Баары кымбат. Акча маянабыз аз. Мен мамлекеттик жумуштарда беш жерде иштейм. Музыкадан сабак берем. Ар бир жумушуман миң сомдой акча алам. Ал эмнеге жетмек эле, өзүңөр ойлонуп көрсөңөр. Буга чейин башка мамлекетке кетип калбаганыма абдан өкүнөм. Бирок, мен өз жеримди Кыргызстанымды жакшы көрөм, анткени менен жашоо бул жерде абдан оор. Мамлекет өз элин тыңгылыктуу бага албайт.


Съездгүл, 50 жашта, мугалим:
- Жашоо оор. Мугалимдердин айлык маянасын көтөрдү деп айтканы менен болгону 1200 сом кошулду. Мен эки категория менен иштеп, араң сегиз миң алам. Кошулганы бир жарым миң сом болуптур. Айлык маянаны көтөрөбүз дегенде чын эле сүйүнгөм. Дагы көтөрүлөт деген үмүт менен жашайбыз. Бийликтеги адамдар жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп коюшса болмок. Анткени, азыркы жаштар балалуу болгондон коркушат. Балдарды багыш кыйын болуп калды.


Абдулла, 30 жашта, ашпозчу:
- Турмушум жакшы, өзүмдү жана үй-бүлөмдү татыктуу бага алам. Борбордогу кафелердин биринде ашпозчу болуп иштейм. Айына беш жүз доллар алам. Кудайга шүгүр, мени толугу менен канааттандырат. Азыр бийликти карап олтура бергенден пайда жок. Ар бирибиз өз алдыбызча аракет кылышыбыз керек. Ынтымакта жана биримдикте болсок, жашоо турмуш оңолот деп ойлойм.


Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА