Эл сурак!

Эсепсиз суроо элде бар
Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Анткени бийликке ким келсе да элди экинчи орунга калтырып, өз арбайын гана согууда. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын гезит аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо "Эл сурак" рубрикасына кайрылыңыз.
Байланыш номуру 0773 34 07 62. Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.

Чек Ара кызматынын башчысы Закир Тиленовго
Качан жөнгө салынат?
Өлкөнүн талуу жери-чек ара көйгөйү экени баарына маалым. Айрыкча, Баткен облусунда бул маселе калктын "баш оорусуна" айланган. Эгемен болгонубузга жыйырма жылдан ашып баратканы менен чек ара маселесин бир жаңсыл чечип, чекит койгон жетекчи болбоду. Мамат Айбалаев кызматта турганда гана кыргыз-өзбек чек арасын таасындап, жолго салып, элдин ыраазылыгын алган болчу. Ошондон бери мындай чечкиндүү кадамдарга бир да жетекчи бара элек. Маселен, Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл округу Тажикстан менен чектешет. Ал тарапта чек ара көзөмөлү жетиштүү болбогондуктан контрабандалык жүктөр, атүгүл баңгизаттар оңой-олтоң өтүп кетерин угуп жүрөм. Баткен-Сох анклавында болсо Өзбектердин чек арачылары кыргыз жүргүнчүлөрдөн кылдан кыйкым таап, акча үмүт этип турушат. Ал эми 10 кадам бериректе турган кыргыз чек арачыларынын абалына боор ооруйт. Жоокерлердин кийими эски, жүдөө. Анысынан корунушабы, айтор сөздөрү да өтүмдүү эмес. Ал эми кошуна мамлекеттер чек арасын чычкан жөрмөлөгүс кылып сактап, мыйзамсыз бир кадам таштагандарды каалагандай кармап, атканга чейин жетишет. Бизде неге андай тартип жок? Урматтуу Закир мырза бул маселе деги жөнгө салынабы?
Адилет Алжанов, Бишкек шаары




Айыл чарба Министри Төрөгул Бековго
Сууда эмне кызыкчылыгыңыз бар?
Азыр элди "Айыл чарба министрлигинин кереги барбы?" деген суроо кызыктырып туру. Анткени, бул министрликке жыл сайын мамлекеттен олчойгон каражат бөлүнөт. Бирок, элдин "чекесин жылытып", көрүнүктүү иш жасаганын билбейбиз. Орой айтканда "ашка жүк, башка жүк" министрликтей таасир калтырат. Урматтуу Төрөгул мырза бул пикирлерди эске алып, оңдоп, жолго салуу ордуна кепке чалынып жүрөсүз. Эмгек сиңирген ардагерди "бүкүр" атап нааразылык жараттыңыз эле. Эми "суу чарбасына" сук артып жатыпсыз. Бул багытта да сиздердин министрликте "Таза суу"долбоору аркылуу миллиондогон сомдор солонуп, бирок сапатсыз суу түтүктөрү жасалганы айтылууда. Булар туурасында жоопторуңузду өз оозуңуздан уга алабызбы?
Эльвира Муратаалы кызы, Ош облусу


5-каналдын жетекчилигине
Бөлүп-жаруу эмеспи?
10-июнда "июнь каргашасынын жылдыгына" байланыштуу негизги иш-чара Ош шаарында өттү. Аны Кыргызстандагы телеканалдар түз эфирде көргөзүштү. Эмнегедир улутташтырылган "5 канал" аны башынан эмес, өлкө башчысы, спикер, вице-премьер министр сүйлөп бүткөн соң, Россия элчиси Власовго сөз берилгенде гана көрсөтө баштады. Эмне үчүн ага чейинки өлкө башчыларын көрсөтпөгөнүн түшүнбөй калдык. Телеканалдын баарына тегиз карабагандай мамилеси көрүүчүлөрдү ойго салууда. Мамлекеттик тилде (кыргызча) сүйлөгөндөрдү көргөзүүнү каалабагандай таасир калтырууда. Акыркы мезгилде бул каналдан Россияга байланыштуу гана адамдарды көргөзүү күч алып, Москва тараптан ким келбесин, сөзсүз кечинде "Майдан" берүүсүнөн чыгарышат. "Кыргыз тили кантип өнүгүшү керек?" деп акыл айтып кеткен орус президентинин маданият боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкону кандай гана кылып көрсөтүшкөн жок. Эки мамлекеттин ортосунда алакалар бекемделе берсин, ага каршылык жок. Болгону Кыргызстандын каналы Орусиядан келгендерге неге мынча жагалданат? Ансыз да орус телеканалдары аркылуу, алардын идеалогиясына сугарылып келгенибиз азбы? Учурда бизде онго жакын орус телеканалдары көргөзүлөт. СССР курамынан чыккан өлкөлөрдүн ичинен биринде да мындай эмес. Бул аз келгенсип жергиликтүү теле болгон "5 канал" дагы "орусиялашып" бара жатканы жанды күйгүзөт . Маселен, жакында НТС телеканалынын жетекчиси алмашты. А. Цветков дегендин ордуна Б. Аманбаев келди. Дароо эле мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн саны көбөйдү. Же түштүктөгү "ОшТВны" алалы. Толук өзбек тилинде болуп келгени баарыбызга эле маалым. Кожоюндары алмашып, жаңы жетекчи келди эле - үч айга жетпей толук мамлекеттик тилде көргөзүп кетти. Урматтуу, Евгения айым жогорудагы суроолорго жооп берүү менен бирге эмнеликтен 5-каналда мамлекеттик тилге жетиштүү көңүл бурулбай жатканын түшүндүрүп коёсуз деп ишенем?!
Адилет Мураталиев, Бишкек шаары


КР Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине
Кайсынысы туура?
Буюрса жакында наристелүү болобуз. Кыргыз элине, ошол эле учурда заманга төп келген ысым ыйгарууну көздөп жатам. Бирок кайсы вариант туура келээрин билбей башым катты. Маселен "Кадыр кызы Айгерим…(уулу)", же " Адилет Кадыр Тегин" деп аталып жүргөндөр бар. Атургай Турсунбек Акун деп деле жүрбөйбү. Бул багытта талаш-тартыштар жаралып келет. Эгер "ова" деген эле эски вариант (совет доорунан келаткан) менен катталбаса чет өлкөлөргө чыга албайт имиш деген пикирлер бар. Андай болсо бийлик бутактарындагы айрым чиновниктер, таанымал кишилер арасында мындай аталыштагылары толуп жүрбөйбү? Мисалы, Болот Шер, Актан Арым Кубат, Садык Шер Нияз, ж.б. Алар -ов, -овасы жок эле каалаган жагына барып, каалагандай жүрбөйбү. Урматтуу жетекчилик, кеңеш берип коюуңуздарды өтүнөм.
Бакыт Азизбек уулу, Ысык-Көл облусу




Нуржигит КАДЫРБЕКОВ
Япон кереметинин сыры
Сылык, бирок катаал
Япон тили сабагынан бир окуяны уктум. Жетекчи жумушка кечигип келген кызматкерге: "Телефон чалбаганыңдан улам кабатыр болуп жаттык эле", дейт. Көрсө анысы: "Эмнеге телефон чалып койбойсуң?" - деп урушканы экен. Мындайды чыныгы турмушта деле көп байкадым. Япон уюмунан бизге координатор болуп дайындалган вакамия-сан бир жолу: "Мен сураган документти жибербегениңден улам аябай кайгырып жатам", - деп кат жазыптыр. Көрсө ал документти жиберүүгө милдеттүү болсок да, байкабай мөөнөтүн өткөрүп жибериптирбиз. "Эмне үчүн жибербедиң, мына бул күнгө чейин жибер деп айтпадым беле?" - деп кат жазса деле кечирим сурап жасап коймокмун.
Сабакта көп окуучулардын мамилеси да ошондой. Даисуке - сан деген япон аспирант өз профессорун эки эле сөз менен "сылык, бирок катаал" деп так сүрөттөгөн. Сылыктык, бирок катаалдык булардын башкаруу менеджментинде, дегеле маданиятында абдан күчтүү. "Мен иштеген ресторанда, - дейт бир таанышым, - эгер жетекчи сынды бетиңе айта албаса, кагазга жазып, конвертке салып, колуңа карматып коет".
Жүрөктөгү жылуулуктар
Япон телеканалында Кыргызстан тууралуу телеберүү болду. Бир япон аял Бишкекке барып, мектеп окуучуларына япон тилинен сабак берип жүрүп, чоор ойногонду да үйрөтүптүр. Насили кеминдик Айдай деген кыз менен эне - баладай жакын мамиледе болуп калган экен. Кайра Японияга кайтып келгенден кийин да кат алышып жүрүшүптүр. Бир күнү Айдайдан "Мен Кеминге чоң энемди караганы кетип баратам" деген кат келип, ошол бойдон байланыш үзүлүптүр. Тигил аял канча кат жазса да Айдайдан жооп болбогондуктан, кабары билинбеген тааныштарды издеп, таба турган япон коомдук телеканалынын "Постман" деген телеберүүсүнө кайрылыптыр. Бир япон кызы "постман" болуп Кыргызстанга барып, Кемин менен Бишкектен канча күн издеп жүрүп, Айдайды араң тааптыр. Айдайды телевизордон көрсөткөндө, байкуш япон аялдын сызылып ыйлаганын айтпа. Кыргыз кызын өз кызындай көрүп калган экен. Анын видеого жаздырып жиберген салам, сагынычын угуп, Айдайдын да көз жашы кулап түштү. Айдай япон эжекесин эскерип: "Эки жылда бир да жолу урушкан жок", - деди.
Көп мамилелер артында урандылар менен муздаган көңүлдөрдү калтырат. Жүрөктө япон эжейи сыяктуу жылуу менен орун алган инсандар кандай аз. Сакурадай беш күндүк бул өмүрдө бири-бирибиздин шагыбызды сындырбасак болгону. Япондордун көбү бул өңүттөн өрнөк боло алат. Быйылкы сакуранын гүлдөрү эмнегедир ушундай ойлорго салды.