"Гастрит-
тамекини өтө көп тартуудан пайда болуп, өбүшүүдөн жугат"
Адистердин айтымында, учурда ашказан оорулары менен жапа чеккен бейтаптар өтө көп, бирок медицинада аны толугу менен сакайтууга да мүмкүнчүлүктөр кеңири. Кийинки учурда гастрит оорусу жаштар арасында да көбөйүп, эмгекке жөндөмдүүлүк жоголуп, өлкөбүзгө экономикалык көп чыгымдарды келтирип жатканын белгилешкен. Ал эми бүгүнкү күндө ашказандын жарасы, он эки эли ичегинин жара ооруусу актуалдуу көйгөй болуп эсептелет.


Гастрит эмнеден
пайда болот?
Адамдын организми үчүн ашказан өтө маанилүү орган, себеби анын ичиндеги ыйлакча чел кабыктары 1-2 литрге чейин шире бөлүп чыгарат, ошонун жардамы менен адам жеген тамагын аш кылат. Эгерде адам ашказан оорусу менен жабыркаса, шире азайып олтуруп тамакты иштете албай калат. Аны учурунда дарылабай жүрө берсе, 30-40 жыл өткөндөн кийин, ашказандын бездери шире бөлүп чыга албай калат дагы оору пайда болот. Мындай оорунун пайда болушунун 20 пайызы нерв системасына байланыштуу. Стресстик абалга көп кабылганда, туура эмес тамактанып, тамакты өтө ысык же муздак ичкенде, режимди бузуп убагында тамактанбай бирде ачка, бирде ашыкча ичкенден, алкоголдук күчтүү ичимдиктерди ичип, тамекини көп тарткандан улам пайда болот. Кээде адамдар ооруга байланыштуу узакка дары ичкендиктен, химиялык заттарды уксус, жегич кислоталарды байкоосуздан жутуп алган учурлардан да жара пайда болот. Адамдан-адамга шилекей аркылуу идиш-аяктан, өбүшкөндөн жугат. Себеби, адамдын организминдеги бактерия көбөйүп, шилекей, заң аркылуу бөлүнүп сыртка чыга баштайт.
"Геликабактер"
инфекциясы
Мурда ашказан оорулары тамак-ашка байланыштуу (диетаны кармабай коюу, ысык же муздак ичүү, режимди бузуу) келип чыгат деп эсептелчү. Бирок, акыркы 20 жылда ашказан оорусун козгой турган "геликобактер" деп аталган инфекция табылган. Бул коркунучтуу инфекцияны изилдеп чыккан чет өлкөлүк окумуштуулар Нобель сыйлыгын алышкан. "Геликобактер" ашказандын ичиндеги былжырлуу челде жашап, заң, шилекей аркылуу сыртка чыгып, адамдан адамга жугат. Тиричилик шартында кашык, чыны аркылуу, аларды бир нече адамдын бир эле учурда колдонуусунан улам тарайт. Ал таза адамга жуккандан кийин ашказанга келип түшүп, аны сезгентет дагы гастрит оорусунун пайда болушуна алып келет.
Алгачкы белгилери:
Эгер ашказанда гастрит пайда болсо, тамак ичкенден кийин ашказан дүмпүйүп, тамак көпкө сиңбей калат да, адам дайыма зарна болуп, кусуп, жүрөгү айланат. Тамак ичсе сиңире албай сасык кекирет, ичи өтөт, арыктап кетет. Табит начарлай баштайт. Мындан улам өнөкөт гастрит, ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасы жана рак оорусу пайда болушуна алып келет. Бул оорулардын бардыгы өнөкөт гастриттен келип чыгат. Өнөкөт гастритти убагында аныктап, дарылабаса, жарага, андан ары ракка айланат. Бактерия ашказандын былжырлуу челине жабышып алып, өзүн коргой турган катмарды пайда кылып алгандыктан, аны жок кылуу бир топ кыйынчылыкты туудурат.

Ашказандын, он эки эли ичегинин жарасы
Айрым учурда гастрит жарага өтүп кетет, кээде гастрит жок эле жара пайда болот. Ашказандын дагы, он эки эли ичегинин да жараларын жогоруда айтылган бактерия козгой тургандыгын окумуштуулар далилдеп чыгышкан. Ашказандын жарасында өтө катуу оору байкалат. Бул адатта тамак ичкенден 15-30 мүнөт өткөндөн кийин тызылдатып оорутуу менен башталат дагы зарна болуу жана кусуу менен коштолот. Бел, бөйрөк тушка чейин сыздап оорутат. Он эки эли ичегинин жарасындагы белгилер айырмаланып турат. Ашказан жарасынын оорусу ачка болгондо басылып калса, ал эми он эки эли ичегинин жарасында тамак ичкенде оорубай калат. Муну менен жапа чеккендердин ашказаны түнкүсүн жана таңга жуук ооруйт. Бүгүнкү күндө бул оорулар айыга турган оорулардын катарына кирет. Бул жараттарда деле микробду таап, дарылар менен жок кылса болот. Анын күчөп кеткен түрлөрү гана операция жолу менен дарыланат.
Туура тамактануу:
Гастрит болгон учурда туура тамактануу өтө зарыл, алгачкы күндөрү күчтүү тамактардан алыс болуш керек. Күнүнө эки үч маал көк чай ичип коюуга болот. Дарыгерлер майлуу эмес тамактарды жегенге уруксат беришет. Мисалы: кайнатылган шорпо, күрүч быламыгы, айран ж.б. мындай учурда диетаны көзөмөлдөө керек. 6-8 күндөн соң кадимки режимге өтсө болот. Тамакты бат-баттан бирок аз-аздан жеп, кылдаттык менен чайноо керек. Мындай учурда ашказан кыйналбайт да, тамак бат сиңет.





Жыпара Акматова, Улуттук госпиталдын кесиптик оорулар жана терапия бөлүмүнүн башчысы:
"адам өз убагында туура тамактануусу зарыл "
- Гастрит оорусуна каршы кандай дарылар сунушталат?
- Гастрит катуу оорубагандыктан адам көп жыл дарыгерлерге кайрылбай жүрө берип жарага өтүп кетет. Мындай учурда оорулууга аппарат жуткуруп, ашказандын ширесинен анализ алып текшеребиз дагы 10 күндүк дарылоо курсуна дайындайбыз. Ашказандагы микробдорду жок кылуу үчүн антибиотиктерди колдонобуз. Бүгүнкү күндө бул оорулар айыга турган оорулардын катарына кирет.
- Өтүшүп кеткенде кандай коркунучтарды жаратат?
- Адам ооруга чыдап, табыптарга барып чөп-чар ичип, убакытты өткөрүп жүрө берсе ашказандын былжыр кабыкчасындагы жара тереңдеп, ашказанды тешет. Ашказанбы, он эки эли ичегиби жаранын кесепетинен тешилсе "перитонит" деген өтө оор ооруга алып келет. Бул оорудан айыгыш кыйын. Тешилген жерин бүтөп, ичин тазалаш керек.
Өнөкөт гастриттин 70-80 пайызы "геликобактер" микробун жуктуруп алгандан келип чыкса, муну менен катар дарыдан пайда болгондору да бар. Муун оорулары, анын ичинен "ревматикалык артрит" менен жабыркаган адамдар дары ичип турбаса, муундары шишип баса албай калышат. Аларга дарыны өмүр бою ичкенге туура келет. Мына ошол дарыны ичкен бейтаптар "дары гастрити" менен ооруп калышат. Кээде химиялык заттарды байкабастан ичип алгандан "химиялык гастрит" келип чыгат. Кээ бир адамдардын өтү начар иштесе, он эки эли ичегидеги өт ашказанга кайра куюлса ал да гастритти козгойт, ал "рефлюкс-гастрит" деп аталат. Ал эми "аутоиммундук гастрит" боор оору менен байланыштуу пайда болот.
- Булардын алдын алуунун кандай жолдору бар?
- Аталган эки органга 80 пайыз жаранын пайда болуусуна "Геликобактер Пилори" деп аталган бактерия себепкер болот. Бул бактерия адамга ичкен тамак-ашы менен кошо жугат. Андыктан, дайыма таза жуулган идиш аяктарды колдонуу керек. Кайсыл гана азык түлүктү албайлы баардыгын жууп тазалоо зарыл. Өзгөчө жаштар акыркы күндөрү эшиктен, бат жасалуучу тамактарды алып жегенге көнүп калышты. Микробдордун баардыгы кир идиштерден, жуулбаган тамактардан жугат. Ар бир адам өз убагында, ашказанды кыйнабастан туура тамактануусу зарыл.


Нургүл ИБРАЕВА