"Кереге kg" коомдук саясий гезити сунуш кылат:
Урматтуу элеттик окурман, колуңуздагы "Кереге" гезитинин дайымкы күйөрманы болуп, ушул мүнөттөрдөн тарта бекем байланыш кармаңыз! Анткени, "Кереге" гезити сиздин буга чейинки чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүңүздү чечүүгө, жарандык укугуңузду коргоого, сизге түшүнүксүз болуп келген суроолорго тиешелүү органдардан ыкчам жооп алып берүүгө, кандайдыр калыссыздыкка дуушар болсоңуз талапташ болууга милдеттенет. Гезиттин ар санында айылдан келген кат-кабарлар маанисине ылайык токтоосуз жарыяланат. Президенткеби, министргеби, депутаткабы, айтор, кайсы аткаминерге жүйөлүү пикириңиз болсо билдире бериңиз. "Керегенин" аймактык координатору менен тыкыс кызматташыңыз.
Телефондор:
0 (773) 34 07 62
0 (779) 99 70 81

Ала-Тоо аянтына
Манастын эстелиги коюлат
Ушундай жакшы кабар эшиттик. Борбордук аянттагы Тургунбай Садыковдун жумуртка баскан жарым жылаңач аялынын күнү бүткөнү калыптыр. Дордойдун ээси кадимки Аскар Салымбеков өз чөнтөгүнөнбү, мамлекет каржысынанбы, айтор Москвада Манастын айкелин, Манасты эле эмес Чыңгыз Айтматовдун да айкелин жасаттырып, алар даяр болуп калганы тууралуу далилдүү кабарга кубанып турабыз. Айкелдер жазалып бүтсө эле Бишкекке алып келип, Манас атанын айкелин борбордогу аянтка, Садыковдун жылаңач "периштесинин" ордуна коёт экен. Ал эми Айтматовдун айкелин кайсы жерге коёорун так биле алган жокпуз. Неси болсо да Аскар Мырза эрдик кылып жатыптыр. Улут сыймыгы, куту болгон Манасыбыз, Чыңгызыбыз турганда каяктагы канатчан аялга түндүгүбүздү карматып борбордун чок ортосуна чокчойтуп коюп алгандарга тиш кайрап жүргөндөрдүн тилеги ишке ашты бейм.


Соцфонддун акчасын Бабанов көзөмөлдөйбү?
Соцфонддун каражаты негизинен мамлекет ээлик кылган "РСК-банкында" сакталат. Бирок, бул банктын дагы күнү бүтөр кези келди окшойт. Себеби, аталган банктын кредит берүү үчүн эркин каражаттары жетишсиз деген сөздөр айтылууда. Өмүрбек Бабанов көшөрүп отуруп, Соцфонддун акчаларын өзүнүн чөнтөк банкы болгон "Кыргызстан" банкына которткондон кийин банкта ушундай абал жүз берүүдө. АУБ банкрот болгондон кийин анда өтө шектүү операциялар жүрүп жатканын Улуттук банктын башчылары билсе да билмексен. Анткени, Улуттук банкта "Кыргызстан" банкынын мурунку башчысы Бактыгүл Жээнбаева отурат.
Соцфонддун каражатын сактоодо "Кыргызстан" банкы көп пайыздык үстөгүн төлөп берет дегендей түр менен акча каражаттары которулушу мүмкүн. Бирок, элдин акчасын бөлүштүрүүдө тобокелчиликке барууга болбой тургандыгын эмнегедир бийликтегилер унутуп жатышат. Ошону менен бирге "Кыргызстан" банкы шектүү операция жүргүзүү боюнча Кыргызстандагы лидер болуп эсептелет. Балким, азыр ал жерде миллиондогон доллар акчалар "агылып" кетип жатат. Ал деген элдин акчасы. Эгерде, шайлоодон кийин Бабановдо проблема пайда боло баштаса, ал акчаларды өлкөдөн чыгарып кетиши мүмкүн. Азыр ага эч кандай санкция жок. Себеби, бабановдук банкты Жээнбаева калкалап турат.
Бабанов - Максим Бакиевдин мураскери деп бекеринен айтылбаса керек. Ал банк секторундагы дээрлик бардык банкты өзүнүн кол алдына тартканы калды дейт. Бир нече банктар ага зарыл болгон операцияларды жасоого даяр турганы айтылууда.


"Мелис издеген чындык"
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов "Мен издеген чындык" аттуу китеп жазды. Аталган китепте былтыркы июнь коогалаңынын тутаныш себептери чагылдырылып, июнь окуясы жөнүндө интервьюлар, ар кыл документтер, түстүү сүрөттөр камтылган. Автор китебинде окуянын чыгышы боюнча өз пикирин билдирип, ага байланыштуу жаңы жагдайларды жана жаңы документтерди жарыялаган. Айрымдар муну шайлоо алдындагы пиар дешсе, айрымдар "Мырзакматов китебин өзү жазбай эле бирөөнө олчойгон акчага жаздырды" дешүүдө. Өзү биз Кыргыздар бөйрөктөн шыйрак чыгарганды жакшы көрөт эмеспизби. Кыскасы жаздырдыбы, жаздыбы иши кылса китеп 3000 нуска менен чыгып, Бишкектеги "Турар" басмаканасында басылган. Мелис мырзанын китебинде али белгисиз бир топ фактылар бар экени талашсыз. Окуп койгула. Кайдыгер калбайсыңар.


Келдибековдун кебин Акун айыптады
18-июль күнү, укук коргоочу Турсунбек Акун төрага Ахматбек Келдибековдун Индонезияда камакта отурган кыргызстандык Жибек Сакеева тууралуу сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү жасады.
Акундун билдирүүсүндө 17-июль күнү төрага Ахматбек Келдибеков Индонезия мамлекетинин борбору - Джакарта шаарында телекөрсөтүүдөн "баңги затын алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн" деп күнөөлөнүп жаткан Жибек Сакееваны Кыргызстанга өткөрүп берүүсүн сурангандыгы үчүн чо-оң "косякка" илиниптир. Анткени, төрага Сакееваны түз эле "күнөөлүү" деп жалаа жаап салыптыр. Тукенин айтымында Сакеева азырынча соттун акыркы чечимин күтүп жатыптыр. "Ал биринчи инстанцияда сот тарабынан күнөөлүү деп табылды, дагы акыркы чечимди чыгаруучу экинчи жана үчүнчү инстанция бар", - дейт Турсунбек Акун.
Кыскасы Акун аксакалдын баласы Ахмат мырзадан эптеп өч алуунун арбайын согуп аткандай. Анткени Турсунбек Акунду Акыйкатчылыгына карабай туруп депутаттар залдан кууп чыгышпады беле.
Укук коргоочу Турсунбек Акун кошумчалагандай, Акыйкатчы институту бул ишти кайрадан карап чыгуу үчүн Индонезия мамлекетинин бийлигине аппеляциялык арыз жиберген.
Эскерте кетсек, мурунку жумада төрага А.Келдибеков Жибек Сакееваны жаза өтөө мөөнөтүн өз өлкөсүндө өтөөсү үчүн аны Кыргызстанга өткөрүп берүүнү Индонезия бийлигинен суранган.
Маалымат үчүн: Жибек Сакеева 2010-жылы Индонезия мамлекетинин Жогорку Соту тарабынан баңги затын алып өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал Бандунг шаарында жаза өтөөдө.


"Кереге-ПРЕСС"