Ким бул,ой?

АДАХАН МАДУМАРОВ-
сөзүнө турган... элди ойлогон...саясатчы катары калыптана албаган...
Алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Саясатта салмагы бары да, жогу да астыртан кызуу даярдык көрүп, алдыдагы ажолук таймашка кам көрүүдө. Ооба, конституцияга ылайык бардык Кыргызстандын жараны президенттикке ат салышууга акылуу. Эл жүгүн көтөргөн эр уулдарын ажо кылып көтөрүп алуу-бул элдин колунда. Ошол ажолукка ат салышкан азаматтарга элден, саясатчылардан сурамжылоо жүргүзүп, алардын пикирин билүүнү колго алдык. Бул сапар эл элегине "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан ажо жарышка аттанган Адахан Мадумаров түштү.


Сыртбай Мусаев,
профессор:
- Адахан Мадумаров чоң саясатчылардын бири. Депутат болуп турган кезде кандай иштегенин көрдүк. Өз позициясын өзгөртпөй, сөзүнө туруп жакшы иштеди. Өзү мыкты жигит. Бирок, бийликке барганда эле төөдөй болуп артка чапты. Азыркыларга колуна бийлик тийсе эле ала качкан аттай болуп өз позицияларын заматта өзгөртүп жиберишет.

Зайнидин Курманов,
экс-депутат:
- Адахан Мадумаров саясатта көптөн бери иштеп келе жатат. Өзүнүн деңгээлин депутат болуп жүргөндө жакшы көрсөттү. Өзүнүн орду, максаты бар адам. Аны эми президенттикке татыктуу же татыктуу эмес экенин эл чечет, эл таразалайт. Бизде президенттин жумушу оор деле эмес. Иштердин көпчүлүгү өкмөттүн башына түшөт. Болгон проблемаларды парламент чечет. Президенттин функциясы оңой эле, өкүл катары башка чет мамлекеттерге чыгып иштерди бүтүрүп келүү президенттин негизги иши. Эгер премьер-министрликке аттанган адам болсо, мен бул тизмени бир топ кыскартмакмын. Себеби, премьер-министрдин иши президенттикине караганда алда канча оор деп айтат элем.

Бекбосун Бөрүбашев,
саясат таануучу.
- Адахан Мадумаров саясатта өз орду бар инсан. Дегеле президент эң биринчиден мамлекеттик деңгээлде ойлоно билиши керек. Анын өзүнүн орду, татыктуу билими да болушу керек деп ойлойм. Коомдун өнүгүшүнүн негизги принциптерин билүү керек. Ар бир талапкердин өзүнүн программалык концепциясы болушу шарт. Азыр биз кризистен чыга албай турган убагыбыз. Ошондуктан конкреттүү аткара турган иши, планы болушу керек. Биздин талапкерлерибиздин арасында акчасына таянып чыккандар бар, арасында пул тапкандар да бар. Негизи биздин шайлоо системабыз талапка жооп бербейт. Коррупцияланышып кеткен, юридикалык базасын дагы эске алып кароо зарыл.

Абдувахап Мониев,
журналист:
- Эшегине жараша тушагы деген сөз бар эмеспи, эми кыргыздар канчалык мактанганыбыз менен эч майнап чыкпаарына көзүбүз жетти. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонубузга мына жыйырма жыл болуп калды. Бизде мамлекеттик инстинкт жок экенин көрсөтүштү. Биздин саясатчыларыбызда мамлекеттик деңгээлдеги көз караш, ой жүгүртүү жок. Мадумаров деле эптеп бийликке жетсем деп жүргөн саясатчылардын бири деп айтат элем. Биздин деңгээлибиз ушундай болуп калды, ар бир адам президентке талапкерлигин койсо болот. Карапайым эл дагы аларга ишенип, өз добуштарын беришет.

Карыбек Байбосунов,
философ:
- Адахан Мадумаров саясатта бышып келе жатат. Бирок саясий тажрыйбасы жогурактай, саясатта күрөшкө көп жылдан бери бышты. Президент болом деген адам мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүсү шарт. Азыркы саясатчыларыбыз жүз, балким миң кишиге таасирин тийгизиши мүмкүн. А бирок бүткүл элди аркасынан ээрчитип кете алабы, башына түшкөн мамлекеттин жүгүн көтөрө алабы? Аны эч ким айта албайт. Бир гана Мадумаров эмес баардык аткаминерлерге байланыштуу деп айтат элем. Президент болгондон кийин элдин тагдыры кандай болот? Кимдин колуна түшөт бул өтө оор маселе. Эл аралык аренага чыга билиши керек. Адахан Мадумаров башына түшкөн жүктү көтөрө алабы(?) кеп ошондо. Ал эми Адахандын болсо татыктуу да билими жок.


Артур Медетбеков,
генерал:
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан президентикке аттангандар көп чыгышкан. Алардын ичинен Адахан Мадумаров чыкканы туура деп ойлойм. Ал адам тууралуу ар кандай сөздөр айтылат. Спикер болуп да, вице-премьер болуп да иштеди. Ошол убактарда өзүн жакшы көрсөтө алды. Ушул күндөргө чейин иштеген иштери боюнча менчиктештирүү же уурдагандарга катышкандыгы туурасында бир да фактыны көрө алган жокмун. Былтыр шайлоодо 150 миң добуш алса дагы Шайлоо комисиясынын жетекчилиги белгисиз бир себептер менен ал добуштарды жокко чыгарып, парламентке киргизбей коюшкан. Адахан ага нааразы болсо да, арызданып ызы- чуу чыгарбастан, эл арасында башаламандык болуп кетпесин деп, элдин тынчтыгын колдоп, акылдуулук көрсөткөн. Адахан элди ойлогон жагынан алдынкы орундарда турат. Президенттике татыктуу деп айтса болот.

Данияр Нарынбаев,
юрист:
- Кыргызстанда ар бир инсан президенттике өз талапкерлигин койгонго укуктуу. Ал эми Адахан Мадумаров тууралуу айта турган болсок, ал саясатта көп жылдан бери аралашып жүргөн адам. Чоң, жооптуу кызматтарда дагы иштеди. Буга чейин көп шайлоолорго катышып жүргөн, тажырыйбасы дагы бар. Президенттикке татыктуу деп айтсак да болот. Анын президенттикке аттанып атканын эч ким тана албайт. Сөзгө чечен киши, көп жыл бою депутат болуп иштеди. Шайланып президент болуп калууга мүмкүнчүлүгү да бар.

Эркин Алымбеков,
ЖК депутаты:
- Адахан Мадумаровдун басып өткөн жолун карай турган болсок, бул киши убагында "Акжол" партиясын жетектеген, андан кийин өз алдынча көз карандысыз саясатчы катары калыптана албай калды. Адахан тууралуу эл арасында, саясатта дагы көп ушак айыңдар айтылып эле келе жатат. Бирок, Адахан учурда өз укугун пайдаланып, талапкерлигин коюп жатат. Бул анын өз эрки. Балким утуп кетиши мүмкүн. Биз аны алдын ала айта албайбыз.


Нургүл Ибраева