КУДАЙ СҮЙГӨН КУЙРУЧУКтун тоюнда
Тойдон кийинки толгонгон ойлор…
Өткөн жуманын ортосунда кадимки жер соорусу Соң-Көлдүн боюнда ашкере куудул, келечекти көрө билген олуя, адамдын тагдырын алаканга салгандай билген сынчы, эр сайышка түшкөн баатыр, манасчы Куйручук бабабыздын 145 жылдык мааракеси белгиленди. Көргөндөр бул тойду "Көкөтөйдүн ашы" менен салыштырып жибергенге да үлгүрүштү. Себеби, кыргызда "барса дагы той жакшы, барбаса да той жакшы" демекчи, каз катар ак боз үйлөр тигилип, көгөндөлүп козулар байланып, кемегелерден түтүн буркурап турду. Негизги демилгечи, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков болгондуктан уламбы, Жумгал эли басымдуу көпчүлүктү ээлеп, тойдун негизги билермандары да ошолор болду. Той ичинде эми көпчүлүк деген көпчүлүк да. Негизги мындай деңгээлдеги ири мааракелер "тоголок дата" демекчи, айрым инсандардын 100, 110 же 150 жылдыгы катары өткөрүлөт эмеспи. Демек, буга чейин эстелбеген Куйручук куудулдун 145 жылдыгынын өтүп жатышы,(болбосо Нарында далай тоголок жылдыктар, мисалы: Казыбек казалчынын 110 жылдыгы сыяктуулар уктап жатпайбы!) түздөн-түз ошол Канат Камбарбековичтин (губернатор) саясий чечими, бери кеткенде коомчулукка өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн көргөзүү, атын чыгаруу болсо, ары кеткенде бийлик төбөлдөрүнө жогорку сый көрсөтүп, жаңы башталаган мамлекеттик карьерасына жол чаап алуу болсо керек деген пикирлер да болбой койгон жок.
Бирок, чындык сөздү буйлаласак, Соң-Көлгө келген 40 миңден ашык калың кыргызды тейлеп, расмий чакырылган 2 миңден ашык мейманды коноктоп, улуттук оюндарды көркүнө чыгара өткөрүп, башкасын айтпаганда да байге катары 10 темир күлүктү даярдаган, бул иш чаралар боюнча мамлекеттин казынасынан бир тыйын сурабаган Жумгалдын кулундары болгондугу мактоого татырлык иш.
"Тойдо кыз жоголот" демекчи, топураган көпчүлүктө айрым көзгө комсоо көрүнгөн окуяларга келсек. Баягы кыргыздын ичинен сыртына чыкпаган "кол ийрисине тартат" мамилеси орун алып, негизинен байгени түндүк тарапка, анын ичинен Нарын чөлкөмүнө оодаруу ачык эле байкалды. Буга мисал, "тиягы Америкадан бери кулагына тургузган айтылуу манасчы Рыспай Исаковго эмес, Көлдүн кулуну Дөөлөт Сыдыковго башбайге темир күлүктүн ыйгарылышы болду",- дегендер болду. Ошондой эле атайын эки үч ашуу ашып келген Токтогулдун Тоолугунан келген ажайып бозүйдүн байгеге илинбей, жумгалдыктардын боз үйүнө автоунаанын тартууланышы деле ичибиздеги иттин өлүгүн сыртка чыгарып тургандай. Байгени кызгануу боюнча, той аягындагы дагы бир окуя, куудулдардан Күмөндөр Абыловдун башбайгеге ээ болушуна, той ээлеринин бири Борончу аке Кудайбергеновдун ичи тызылдап, "мен алат элем" таарынычын чыгарып, ага негизги демөөрчү Канат Муратбеков менен Автандил Кулбараков "сага мындай эле машине алып беребиз" деп көңүл жайгарганын да эшиткендер жок эмес. Буга кошумча сулуулардын сынагында да калыстар менен кашкая айтышып, сынактын таза өтпөгөнүнө чыр салган катышуучуларды да өз көзүбүз менен көрдүк. Мындан тышкары тойго чакырылганына карабастан, Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын губернатор, аким, мэрлеринин келбегени, спикердин убактысынын болбогону өздөрү караманча танып турган "түндүк-түштүк" оорусунун дале ылаңдап жатканынан кабар бербейби?! Улут үчүн күйүп жангандар жалпы кыргыздын жеринде неге кыйкыра албайт?!"
Оюмду аяктап жатып, биздеги ушул сыяктуу улуттук деңгээлдеги майрам, тойлорубузга жалпы кыргыздын бирдей кубанып, бирдей катышпай, бирдей кызмат кылбай, капталдан сынашып турганы эртеңки келечегибиздин тунгуюктугунан кабар берип тураарын байкадым. Ушундан арылып, "жабыла көтөргөн жүк жеңил" болуп, качан деги ынтымакты туу тутабыз???






Куйручуктун 145 жылдыгында
байге бөктөргөндөр:
Аламан байге -(Нарын) Мамбетайыповдун күлүгү, автоунаа;
Кунан чабыш- (Нарын) Мамбетайыповдун кунаны, автоунаа;
Жорго салыш-(Ысык-Көл) "Айкол" үрөн-чарбачылык кооперативи,
З. Мукашевдин жоргосу, автоунаа;
Көк бөрү оюну-(Кара-Балта) "Кабылан" командасы, автоунаа;
Кыргыз күрөш-(75 кг. чейин)-1-2 орун Таластын балбандары,
150 миң;
(75 кг. жогору)- жумгалдык Бека жана жалал-абаддык Чыңгыз
автоунааны тең бөлүп алышты.
Төкмөлөрдүн айтышы-Жеңишбек Жумакадыр, автоунаа;
Куудулдар конкурсу-Күмөндөр Абылов, автоунаа;
Манасчылар конкурсу-Дөөлөт Сыдыков, автоунаа;
Мыкты жасалгалуу боз үй- Жумгалдын Дыйкан айылынан келген
Аман Токтомамбетовдун боз үйү, автоунаа;
"Соң-Көл сулуусу-2011"- Жумгалдын Миң-Кушунан 23 жаштагы
Каникова Айзада (бою 178 см.), автоунаа