Кадырбек Бусурманкулов, "Замандаш" эларалык ассоциациясынын төрагасы:

"Мухтар экөөбүз ысыкка чогуу күйүп,
суукка чогуу тоңдук"
(Уландысы. Башы 3-бетте)
- Ошондогу окуя тууралуу чаржайыт маалыматтар тарап кеткенин билесизби?
- Азамат, мындай да, адамдар түбөлүк турбайбыз. Жаратылыш айттырбайт экен. Мен да досум Мухтарды жанында туруп эле алдырып жибердим. Ыйладым, бирок ыйлаганым менен кайра кайтарып ала албайт экенбиз да. Ал жерде мен, Руслан деген досубуз, Мухтардын ден соолугун дайыма карап жүргөн Рашид деген досу бар эле. Отуруп тамашалашып тамак ичтик. 30-апрель болчу, 1-2-майда Гаванага барып парад көрүп алып, 3-май күнү Москвага учуп келмекпиз. Анан "биз ушул бойдон океанга келбейбиз, жүргүлө сууга түшүп келебиз" деп калдык. Барып жээктеги "лежактардан" үчөөбүз орун алдык, Рашид көлөкө тарапка кетип калды. Сууга менин негедир түшкүм келбей турду. Мухтар болсо "жүр эми" деп, сууга түштүк. Океанда толкун бар болчу, бирок кичине толкундар эле. Жээктен алыс болчубуз, үчөөбүз тең суу төшүбүзгө чейин келген тереңдикке барып, сүйлөшүп турганбыз. Толкун келатса, улам секирип коюп, ойноп жатканбыз. Сөзгө алаксыдыкпы, айтор байкабай калыппыз... Көрсө, бизди биринчи эле толкун тартып кетиптир. Бутубуз жерге тийбейт, карасак жээк алыс калган. Анан үчөөбүз тең ашкере корккон абалда жээкти карай чабак урсак, такыр жээк жакындабай койду. Улам-улам толкун удаа келип, биринчи мен, менин артымда Руслан, анын оң капталында Мухтар келаткан. Бир кезде эле Руслан Мухтарга кыйкырып калды "Мухтар өзүңдү карма" деп. "Бутум жерге тийеби" деп турсам чөгүп кеттим, кайра чабак урдум. Бизди улам толкун тартып кетип жатты окшойт. Бир кезде турсам бутум жерге тийип, суу төшүмдөн болуп калыптыр. Артты карасам, Руслан чөгүп баштаптыр, анын артында, болжол менен 60-70 метрдей аралыкта Мухтар көрүндү.Оң бутумдун тарамышы тырышып калып, болгон күчүм менен бутумду мыкчып, муштап жибердим. Артка бурулуп, Русланга барып, аны кармасам биринчи жолу кармалбай койду, экинчи аракетим менен эптеп колунан кармап аны жээкти көздөй булкуп, артынан түртүп атып, буту жерге тийип, туруп калганча жан алакетке түштүм. Анан Мухтарга карасам ал алысыраакта араңдан суу чапкылап жатыптыр. Барайын десем алым такыр кетип калды жете алчудай эмесмин, бутумду көтөрсөм эле толкун кайра алып кеткени турат, жээктегилер ичимдик ичип олтурушкан, куткаруучулар жок болчу. Баардыгы испанча, англисче сүйлөшөт экен. Жээктен 200 метрдей формачан кишилер отурган. Мен аларга чуркап барып эле, колум менен түшүндүрүп бердим, алар рациясы менен испанча бир нерсе дешти эле 6 киши чуркап барып сууга киришти. Бат сүзүшөт экен, тез эле алып чыгышты. Мухтарды алып чыкканда Руслан да өзүнө келе албай жээкте чөгөлөп, кусуп атыптыр. Мен "шоковое состояниеде" болгондуктанбы же ошондой көрүндүбү билбейм, мага Мухтар бир жолу көзүн ачкандай болду. Куткаруучулар өзүлөрүнүн эрежеси менен баардык чараларды жасап жатышты. Биринчи жолу суу чыкты, бирок колу-буттары кыймылдаган жок. Ошентип досумду ажал алып кеткен каралуу мүнөттөрдүн күбөсү болуп калдым. Кудай алдында болгон чындык ушундай...
- Досуңуз Мухтарбектин эмгегин улантуучу катары сиздин ассоциацияны жетектешиңиз кандай шартта чечилди?
- Ассоциациянын башында Мухтар турчу эле. Анын иштери, салымы өтө эле чоң, көптөгөн мигранттарга жардам берген. Биздин 10-конференциябызда көп иштер каралып, маселелер чечилди. Бизге дагы көп коомдук мекемелерден, Казакстан, Россиядан жана алыскы өлкөлөрдөн жаңы 14 диаспора кошулду. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Катышкан диаспора делегаттары мени Мухтардын ордуна төрагалыкка шайлашты. Мен бул жумушту өтө чоң жоопкерчилик деп ойлойм, себеби, бул фирма эмес.
- Саясаттан алыс болгуңуз келет экен, кырдаал мажбурласа саясатка кандай карайсыз?
- Азыр саясатта алдамай, мен алдагым келбейт. Мухтарга окшош чынчыл саясатчыларды басмырлашат, артка тартышат экен. Маселен, Мухтарга мамлекеттен эч нерсе кереги жок болчу, анын өзүнүн эле ресурсу чоң эле. Эгер саясатка кошула турган болсок, элди ойлогон, элге иштеген партияларды колдойбуз. Биз чет жерде жүргөнүбүз менен оюбуздун баары Кыргызстанда. Мекенибиз өсүп-өнүксө экен, тынчтык, барчылык болсо экен деп тилейбиз. Ошон үчүн эң туура жүргөн партияны тандап, бирге иш алып барганга даярбыз.
Маектешкен Азамат Кыязов





Турмушуң кандай, замандаш?
Элдин турмушу барган сайын оорлоп барат. Кайсыл адамга кайрылба, баардыгы жашоосуна нааразы, кымбатчылык, жокчулук, жакырчылыкта жашап атканын айтышат. Эл менен жолугуп, көйгөйүн сурап, аларга жардам берейин деген чиновниктер жокко эсе. Эл турмушун кантип кечирип жатканын өз үнүндө угалык.

Жаңыл 23 жашта,
бухгалтер:
- Турмушум жакшы эле, университетте бухгалтер болуп иштейм. Айлыгым өтө эле аз. Жолума кеткен чыгымды да жаппайт. Ата-энемден акча сураганга туура келет. Мен акча жакшы төлөгөн жумушка деле кетип калсам болот. Бирок мен үчүн акча эмес, карьера баалуу. Кичинеден баштап өсүп отуруп, анан бийиктиктерге жетиш керек деп ойлойм. Ата-энем сүйүнсө эле ичим жылып калат. Колумдан келсе атам менен апамды көлгө эс алдырып келсем жакшы болгону турат.


Канат 18 жашта,
студент:
- Күндөн-күнгө Кыргызстан канчалаган жарандарын жоготуп жатат. Өлкөнүн өнүгүшүнө биринчиден, инфраструктураны өнүктүрүү зарыл деп ойлойм. Өнөр жай, ишканаларды өнүктүрүп алсак мамлекеттин экономикасы өнүгүп, жумуш орундары да табылып калат беле. Мен Мекенимдин аксап турганын көрүп, чет жакада жыргап жашагым келбейт. Кайра жеримди гүлдөтүп туруп, мигранттарыбызды кайра чакыргым келет. Алар кандай болсо да Кыргызстандын бир тамыры.


Орозобек 54 жашта, жеке ишкер:
- Мен айыл жергесинде жашайм. Мал чарбам, жерим бар. Көбүнчө убактым ошол малчылык, дыйканчылык менен өтөт. Андан сырткары үйүмдүн жанына азык-түлүк дүкөнүн ачып алганбыз. Аны келинчегим иштетет. Жашоом жакшы эле, бирок, башкалардын жашоосун көрүп алып, оор дем алып, жүрөгүм ооруйт. Өкмөттүн эл менен иши жок, өздөрүнчө кырылмай. Эл өзүн-өзү багып, күнүн өткөрүүдө. Ошондо да элди жөн койбой, салыктардын түрүн кошуп, көбөйтүп жатышат.


Замирбек 15 жашта, окуучу:
- Мен шаарга иштегени келдим. Ишим жакшы, тигүү цехинде иштейм. Каникулда эмне кылуу боюнча менде эки жол турган: биринчиси, ар кандай курстарга жазылып, чет тилдерди үйрөнүү, экинчиси, иштеп ат-энеме жардам берүү. Бирок бардык нерселерди биз чече бербейт экенбиз да. Жашоо ушундай экен, иштөөгө туура келди. Окуумду бүтүп, кайра шаарга келсем окуу менен гана алек болууну каалайт элем, себеби, акчанын жытын билип алгандан кийин окуу экинчи планга жылып калат эмеспи.


Эльнура 19 жашта,
котормочу:
- Турмушум жакшы. Бирок убакытты кармап кала албайт экенбиз. Турмуш да өз агымы менен өтө берет экен. Кээде жашоом жакшы көрүнгөнү менен, кээде татаалдашып кеткен учурлар да болот. Азыр окуу менен эле алектенип жүрүү жетишсиз, керек болсо бир эмес, эки жумушта да иштеш керек. Кичинекей кезимде көп нерселерди кыялданчу элем. Инимди окууга өткөрүп, өзүм окутам деп ойлочумун. Бирок ошол иним быйыл окууну бүтүп келди. Мен эч нерсесинен жардам бере алган жокмун.


Нурзат 27 жашта,
мугалим:
- Жашоом мени канааттандырат. Бирок, өзүмдүн кылган иш аракеттерим канааттандырганы менен жашаган жашоо шартым канааттандырбайт. Себеби мамлекеттик иштерде иштеген адамдарга жашоо үчүн эч кандай шарттар каралган эмес. Алыс жактан барып келип иштөөгө туура келет. Эгер мамлекет жалпы социалдык коомго квартира куруп берсе, алар бир жаңсыл болуп, өнүгүүнүн жолуна түшмөк. А азыр болсо, өнүгүү эмес, өздөрүнүн жайын таба албай жатышат.


Даярдаган Айзат АСАНБЕКОВА