Асель Койчуманова:
"Сулуулук айымдардын
биринчи куралы болушу керек"
"Колдо бар алтындын баркы жок"-дегендей, биз өз сулууларыбызды баалай бербейбиз. Кыргызстандын "Мисс Fashion" сыйлыгына ээ болгон кымча белдүү кыргыз кызы Асель Койчуманова он беш жашынан тартып моделдик мектептен билим алат. Көптөгөн эл аралык конкурстарга катышып, белгилүү дизайнерлердин көрсөтмөлөрү менен чыгып турат.

- Асель модель болуп калышыңа ким түрткү болгон?
- Мектепте окуп жүргөндө жакын курбу кызым, "East Models" моделдик мектебинен билим алчу. Ал жерде болгон окуяларын, өткөн сабактарын, бийлеген бийлерин, айтор ар бир кыймылын мага айтып келчү. Бир күнү "Жүрү менин окуумду көрүп келбейсиңби?" -деп калды. Мен ал убакта бийге катышчымын, абдан кызыкканыман убактымдын аздыгына карабай бардым. Барсам, моделдик метептин директору мени көрүп, "А сен эмнеге катышпайсың? Боюң узун, чачың узун жакшынакай кыз турбайсыңбы"-деп калды, анда мен кичине уялчаак кыз элем, "Мен бийге барам, убактым аз" -деп тартынып койгом. Андан кийин экинчи жолу чакырганынан бардым. Ошентип он беш жашыман баштап, моделдик мектептен билим алып баштадым. Мен азыр баардыгын жакшы өздөштүрдүм десем болот. Подиумдан басуунун эрежелерин, эл алдында өзүмдү алып жүрүүнү, кайсыл учурда эмне кылышымды жакшы билем. Модель тармагында сегиз жылдан бери аралашып жүргөндүктөн көп нерсени үйрөнө алдым.
-Профессионалдуу модель кандай болуш керек?
- Ар бир модель өз алдынча сулуу, ар биринин өз "изюминкасы" болот. Ал өзүнүн артыкчылыгын билиши керек. Ошол "изюминкасын" таап, туура пайдалана билсе өз сулуулугун элге көрсөтө алат. Моделдин эмоциясы, баскан-турганы, жылмаюусу, күлгөнү, жаңсоолору, көз караштары билинбегени менен чоң роль ойнойт. Ар бир моделдин өзүнө жарашыктуу, элди өзүнө тарта турчу бир элементи болуш керек. Мындай профессионалдардын катарына Тайра Берс, Кейт Мосс, Дар Венсти кошсок болот. Анткени, алардын дене түзүлүшү идеалдуу, подиумга чыкканда өздөрүн эркин сезишип, образга кирүү менен элдин көңүлүн өзүнө буруп алышат.
- Фотомодель менен топ моделдин айырмасы эмнеде?
- Фотомоделдин бою бир метр же андан да кичине болушу мүмкүн. Анткени алар подиумдан басышпайт, сүрөткө сулуулук гана берип турууну максат кылышат. Сулуу дене түзүлүштөгү харизмага ээ, сүрөткө түшүүнү жакшы билген кыздар фотомодель боло алышат. Ал эми топ моделге коюлган талаптар көп, мисалы, бою 1.70 см ден жогору болушу шарт.
- Модель болуш үчүн параметрлери идеалдуу болушу керекпи?
- Моделдин параметри 90-60-90 болуш керек деген туура эмес, бул аша чапкандык. Азыр андай талаптар жокко эсе. Эгер ошондой параметрлерге ээ боло турган болсо анда алар абдан арык көрүнүп калышат. Моделдер сулуу болгондон тышкары жан дүйнөсү бай болушу керек. Кийип чыккан ар бир кийимге образ берип, ар бир кадамына кошумча элемент берүүсү зарыл. Бул кээ бирине оңой көрүнгөнү менен чоң ишти талап кылат. Мисалы: эгер модель 60-80-жылдардагы кийимдерди кийип чыга турган болсо, сөзсүз ошол жылдардагы образга кирип, жайдары мүнөз, шайыр, жылмайып, тегеренип, көрүүчүлөргө кол булгалап, өзүн эркин алуусу керек. Ошонудуктан ар бир кийимде образ берүүнү өздөштүрүү зарыл.
- Сенин оюң боюнча бизде моделдик бизнес өнүгө алабы?
- Моделдик бизнестин өнүгүүсү өлкөдөгү саясий, экономикалык абалга түздөн-түз байланыштуу. Өнөр-жай иштеп, жаңы товарлар өндүрүлсө, аны рекламалаш үчүн моделдин кызматы керек болот.Биздин өлкөдө андай шарттар болбогону үчүн кыздар моделдик кесипти хобби катары эле карап жүрүшпөйбү.
- Моделдик кесип чын эле хобби эмеспи, кооз кийинип, подиумда ары-бери баскандын эмнеси кыйын?
- Бул оюңузга кошула албайм. Модель - бул көп эмгекти талап кылган кесип. Аны тандагандар, бардык жагынан үлгүлүү болушу керек. Модель биринчи кезекте адамдар менен мамиле түзүүнү, өзүн тыкан алып жүрүүнү, кийимдерди тандай билүүнү, жарашыктуу боёнууну жана эң негизгиси профессионалдык чеберчиликти өздөштүрүүгө тийиш. Муну ар бир эле аялзаты биле бербейт го дейм…
- Сулуулар неге дайым моделдик бизнеске аралашат?
- Менимче, алар өз сулуулугун, талантын дал ушул моделдик бизнесте кеңири ачып, моделдик жөндөмүн өстүрүп, өнүгө алышат. Моделдик агенттиктер аларга кыялындагыдай сулуулук, мода жана эксклюзив дүйнөсүнө эшик ачып беришет.
- Моделдик кесип бардыгын өлчөп, көзөмөлдөп турат эмеспи. Сен да өзүңө көп нерсеге тыюу саласыңбы?
- Ооба, кээ бир нерселерден толук баш тартабыз. Мисалы: спирт ичимдиктерин колдонбойбуз, тамеки чекпейбиз. Модель болгондуктан гана эмес, негизи кыздарга ичип, тамеки чегип турган жарашпайт, менталитетке да туура келбейт.
- Дайыма бир калыпта жүрөсүң, диетаны катуу көзөмөлдөйсүң го?
- Мен дайыма диетага олтурбайм. Эртең менен үйдөн чыгып кетип, бий менен машыгып, андан соң окууларыма барып, жумуштарым менен жүгүрүп жүрүп үйгө кечинде келем. Ал эми дайыма кыймылда жүргөн адам эч убакта толбойт. Ага диетанын деле кереги жок. Көбүнчө мөмө жемиштер менен тамактанам. Бирок, үч жылда бир диетага олтуруп коем. Анткени, дене дагы өзүнүн нормасын жоготпой, сергек, жеңил көрүнүшү керек.
- Кандай айымдар өздөрүн сулуу көрсөтө алышат?
- Сулуу эмес айымдар болбойт, болгону азыр айымдар өзүнө кам көрүүдөн жалкоолонушат. Ар бир айымдын эзүнө тиешелүү табигаттан берилген сулуулугу бар. Аны колдонуп кошо алып жүрүшү керек. Ар бир айымдын ички дүйнөсүндө сулуулук жылуулук, адамды өзүнө тартып турган бир сапат бар деп ойлойм. Адам менен сүйлөшкөндө ага кайрылганда дайыма жылмаюу менен карап турганы жакшы да. Ошол табигый сулуулук менен ички дүйнөдөгү байлык ширелишип турса, айымдарды сулуу деп айтууга болот. Кээ бир айымдар ошол табигый сулуулукту таап, жашоодо колдоно алышат. Ал эми сулуулук айымдардын биринчи орунда турган куралы болушу керек.
- Сулуулуктун жакшылыгы арбындыр, азабына кабыла элексиңби?
- Өзүмдү супер сулуумун деп эсептебейм, болгону жылдыздуу экенимди көп айтышат. Ал эми жылдыздуулук адамга жакшы гана нерселерди тартуулайт. Азабына Кудай кабылтпай эле койсун.
- Турмушта көксөп, тилеп, самаганың эмне?
- Өлбөс адамдар тизмектелген китепке ысымымдын жазылып калышын тилейм. Артымдан өчпөс из калтыргым келет. Мейли искусство, мейли азыр окуп аткан кесип жаатында болсо да… Кийин-кийин менин эрдиктерим, кылган эмгегим эл оозунда, ысымым калган китептер элдин китеп текчелеринде турса…

Маектешкен
Нургүл ИБРАЕВА