Москва ыргактары

Рыскадыр Иманалиев,
"Замандаш" ассоциациясынын төрага орунбасары:
"Түнкү саат экиде
эшикте эмне кылып жүрөт?"
Ата-журттун кадырын алыста жүргөндөр жакшы билет. Кыргыздын тагдыры жөнүндө алар көбүрөөк ойлонот. Ушул ишеним менен Кыргызстандан тыш жүргөн замандаштарыбыздын үнүн ар саныбызда угузуп туралы дедик.

- Рыскадыр Жолдошевич, орунбасарлыкка чейин кандай жолду бастыңыз?
- Жыйырма жыл мурун Москва шаарында айыл чарба окуусуна тапшыргам, окууну бүтүп атканда союз таркап кетти. Союз таркагандан кийин Москвада калып калдык. Ошол мезгилде мигранттар агылып келе башташты. Мен мурунтан жашап калгандыктан көп нерселерди билчү элем. Мага кайрылгандар көбөйдү. Мамлекеттик органдарга барсам, "коомдук мекеме ачышың керек" деген кеңеш беришти. Ошондон улам демилгелик топ менен "Ала-Тоо" коомдук уюмун ачканбыз. Бул коомдук уюмдун негизги багыттары кыргыздар бир эле көчө шыпырып же идиш аяк жууп базарда гана иштеши керек эмес, алардын билим деңгээлин жергиликтүү элге көргөзүп башка тармактарга тартуу эле. Алгач футболдук команда түздүк. Командабыз жакшы ийгиликтерге жетише алды. Маданий иш-чараларды көп колдодук. Биздин төрайымыбыз Жамиля Бегиева эжебиз, баш болуп көп жылдар бою мигрант кыргыздар үчүн өтө көп иштерди аткарып келдик. Анын баарын майдалап санап отурууга убакып жетпейт.
- Ошол иш-аракетиңиздер канчалык натыйжа берди?
- Эми, Москва чоң шаар да. Ага жараша бир канча коомдор ачылды. Эмгегибиздин 60-70 пайызы жакшы натыйжа берди деп айта алам. 150 миң кишинин баарын мен тизмеме каттай албадым. Бирок, бизге кайрылган ар бир кыргызды жардамсыз калтырбоого жан үрөдүк.
- Ушул жылдар аралыгында маданий иш чаралардан тышкары кандай орчундуу маселелерди чече алдыңыздар?
- Бир мисал келтирейин, бир жараныбыз каза болуп калганда мекенге жөнөтүү кызмат акысы өтө эле кымбат болот экен. "Эдем" деген компанияны таап, сүйлөшсөк, алар биз акча төлөмүн азайтып берели деп калышты. Ошол эле убакта Кыргыстан авикомпаниясы менен сүйлөштүк, алар жок дегенде элүү пайыз төлөгүлө деди. Мисалы, Азербайжан же дагы башка өлкөлөрдүн жарандары каза болуп калса алар бекер алып кетишет. Ошол акчаны чогултуп болгон документтерин алып келип, мигрант болгону чын деп мөөр коюп берип, миграция министрлиги жолдун акчасын төлөп берет. Айтор, каза болгон жарандын сөөгүн узатуудагы машаакат жумушту моюнга алып алганбыз. Бул оорчундуу маселе.
- Жогоруда футболдук команда тууралуу айттыңыз, алар кимдер менен ойнойт?
- Биздин футболдук команда улуттар аралык мелдешке барып ойногон. Мен аларды кокустан таап калдым, бир көчөдө эле кичинекей аянтчада кыргыз балдар футбол ойноп атышыптыр. Ойногондорун карап олтуруп барып "Мен ушундай топ түзүп берейин" десем, ишенишкен эмес эле. "Лужники" стадионунда ойнойсуңар десем, андан бетер ишенишпейт. Ал жерге жетиш дагы кыйын да. Кийин улуттар аралык футболдо "Лужники" стадионунда ойношту. Андан кийин Калинградга чейин барып келишти. Ошондон кийин айтып атышпайбы, "Биз сизге ишенген эмеспиз, көп болсо, футболка, шортик алып берип коет, "Ала-Тоо" үчүн ойноп беребиз деп ойлогонбуз" деп.
- Биздин билген маалыматыбыз боюнча скинхеддердин коркунучу болуп атты.? Улутчулдарга каршы кандай иштер жүргүзүлдү?
- Ошондой өлүмдөргө дуушар болгондо биз коңгуроо кагып элчиликке кайрылдык, консулдарга бардык. "Ала-Тоо" коомдук уюмунун атынан улуттар аралык, диний комитетке кайрылдык. Москванын ГУВДсы менен жолуктук. Алар бул маселелин чечүүгө убада беришти. Өлүмгө себепкер болгондорду кармашып, эки-үчөөнү соттошту. Бирок, аларды алты-жети жыл эркинен ажыратып, кайра эле жылдарын кыскартып туруп чыгарып жиберишти.
- Москвада бардык улуттарга бирдей карашабы же өзбек, тажик, кыргыз деп бөлүшөбү?
- Өкмөтү, укук коргоо органдары баарына бирдей карайт. Бир жылда бир жалпы чогулуш болуп турат. "Бала ыйлабаса эмчек кайда" деген сөз бар эмеспи. Биздин аракеттерибизге кандайдыр деңгээлде көңүл бурулат. Кыргыздардын азербайжандардан же казактардан кемсинтилген учурун байкабадым. Мен ошонусуна ыраазымын.
- Кыргызстанда жашаган орустардын укуктары, мүмкүнчүлүктөрү чоң. Ошол нерсе Орусияда ойго алынып, кыргыздарга карата болгон кандайдыр сый-урматы сезилеби?
- Бул жерде "бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп, айрым түшүнүгү аздардын кесепети тиет. Кээде өзүбүздүн кыргыз жарандарыбыздын кылган жаман иштери деле бар. Айылдан барып алышып эле дароо Москвага түшөт. Барып "адаптация" болуп, аркы берки жактарын көрөт, анан кечкисин эшиктин алдында колуна пиво кармап алып каткырып, өкүрүп турушат. Мындай көрүнүш жергиликтүү элдин маданиятына жатпайт да. Ошол жерден чатак иштер башталат. Кээде "түнкү саат экиде келе жатса бир кызды минтип салыптыр" деген сөздөр айтылат. Мен ошолорго айтат элем, түнкү саат экиде эшикте эмне кылып жүрөт? Же эмне, Москвага дискотека тепкени келди беле? Биз "тигинтип же минтип салыптыр" дештен мурда анын негизги себебин, аркы жагын айтпайбыз. Мисалы, нанды жеш үчүн алгач эгинди өстүрүш керек анан камыр жууруп анан бышырып жеш керек да. Биз "эгинди өстүрбөй эле" берки жагын айтабыз. Ошол жагы туура эмес. Алардын мамилелери жакшы эле, кемчилик өзүбүздөн да кетип калат.
- Жылдардын өтүшү менен кыргыз мигранттарынын абалы кандай жакка ооп баратат, баласын төрөп таштап кеткендер, чектен чыккан ыплас окуялар жөнүндө угуп калабыз, негизи Москвада абал кандай?
- Ал сөздөргө мен дагы макулмун. Биз жаңы барганда биринчи экинчи курстардын балдары чогулуп, ошол жерде бизди кабыл алышты эле. Ошол эсимен кетпейт. "Сен бул жерге келдиң, эми биякта мындай кийинет, тигиндей болуп жүрөт, жардам берели, сүйлөгөндө так сүйлө"-деп кеңештерин, акыл насааттарын айтышты эле. Анан эшикке чыкканда так ошондой болуп өзүбүздү алып жүргөнгө аракет кылчубуз. Азыркылар акыл угушпайт. Ошол убакта бизди орустар жакшы көрүшчү. Азыр болсо өзүбүздүн көчөдө маданиятсыз жүргөнүбүз үчүн орустардын мамилеси салкындап калды.
- Бул эмнеден деп ойлойсуз, кыргыздардын улуттук сапаты начарлап кеттиби же бийликтин туруксуздугунанбы?
- Себебин айтып берейин. Мисалы, токсонунчу жылы төрөлгөн балдар азыр жыйырмага чыгып калышты. Мына ошолор жакшы билим алышкан жок. Кезегинде Нарында сельхоз техникумунда окугам. Ал жерде этика, эстетика деген сабак бар болчу. Жүрүм-турум эрежесин мектепте жа жакшы окутушчу. Баскан-турганды, эрежелерди үйрөтүшчү. Азыркылардын билим деңгээли өтө төмөн. "Китеп же газета оку" десең эч ким окубайт. Шаардык балдар башкача болушат. Билимсиздиктин айынан, тарбиянын азайышынан, улуттук сапаттын начарлашынан улам ушундай иштер болуп жатат деп ойлойм.
- Азыркы жаңы кызматыңыз жөнүндө жана мындан аркы пландарыңыз тууралуу айтсаңыз?
- Былтыр Москвадан ноябрь айында келгенден бери бул коомдук уюмда жүрдүм. "Замандаштын" 10-конференциясында өкүлдөр мага ишеним көргөзүшүп төраганын орун басарлыгына дайындашты. Эми алардын ишеничин актаганга бүтүндөй аракетимди жумшайм. Анткени бул иш - абдан оор, чоң жүк. Бир эле уюмда кырктан ашуун диаспоралардын иши болот. Алардын көйгөйүн Бишкектен чечип туруш керек. Мына, жаңы 14 уюм кирип атат. "Замандаш" ассоциациясы түзүлгөндөн баштап, ишти түшүнгөн мыкты адамдар улам кошулуп келет. Алар бизге дем күч берип, өздөрүнүн жаңы идеясы тажрыйбасы менен бөлүшүп келип атышат. Биздин ишибиздин келечеги кең. Ар тармактуу багыттарда иш пландарыбыз түзүлгөн.
Азамат КЫЯЗОВ