Фемида көзү таңылуу

Роза Отунбаева, Президент:
"Консот болуучулардын деңгээли ортодон төмөн"
Конституциялык соттун судьялыгына талапкерлерден "экзамен" алган ажо айымыбыз жакасын кармай төмөнкүдөй баа берди.
Дем алыш күндөрү, 13-14-августта, судьялыкка талапкерлер менен аңгемелештик. Аңгемелешүү процесси али бүтө элек. Белгилүү болгондой, бул процедурага мыйзам боюнча 10 жумушчу күн каралган, башкача айтканда, бизде 19-августка чейин дагы убакыт бар. Сот системасын реформалоо азыркы убактын эң бир актуалдуу маселелеринин бири экендигин баарыбыз мыкты түшүнүп турабыз. Учурда коомчулук тарабынан көптөгөн сотторго каршы нааразычылыктар билдирилип, арыздар жана кайрылуулар түшүп жатат. Татыктуу талапкерлерди тандоо боюнча менин алдымда чоң милдет турат. Тилекке каршы, 13-14-августта өткөрүлгөн аңгемелешүүлөр айрым талапкерлердин компетенттүүлүгүнүн деңгээли Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьясынын деңгээлине ылайык эмес экендигин көрсөттү. Анын ичинде соттордун функцияларына жана милдеттерине байланышкан жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албагандары да болду. Айрымдарынын берген жооптору мени шок боло тургандай таң калтырды. Бирок, алар компетенциясы жана кесипкөйлүгү боюнча башкаларга үлгү боло ала тургандай болушу керек да. Ал эми алардын деңгээли ортодон төмөн. Бир катар башка уюм, бейөкмөт уюмдардын деңгээли алардан бир кыйла жогору турат. Негизинен коомчулуктун нааразычылыгын туудурган жана президент колдобогон талапкерлер Жогорку Кеңешке бекитилүүгө жөнөтүлбөшү керек деп эсептейм.
Мен каршы болгон талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайрадан кайтарылат. Эгерде алар кандайдыр бир жолдор менен Жогорку Кеңештин кароосуна өтүп кетсе, Судьяларды тандоо кеңешинин ишинин сапаты жана деңгээли сот системасындагы реформанын талаптарына жооп бербей тургандыгын көрсөтөт. Талапкерлерди караган ар бир инстанция судьяларды тандоодо бийик критерийлерди кармануусу зарыл.




  Соболтөр

Сотторду тандоо кеңеши, талаш-тартыштуу кырдаалды жаратты
Сиздин пикириңиз?

Марс Сариев,

саясат
таануучу:
- Менин оюмча сотторду тандоо кеңеши ачык-айкын, адилет тандоо жасай алган жок. Коррупцияга аралашпаган, эл ишенимине кирген сотторду тандап алуу керек эле. Тилекке каршы андай болбоду. Соттор парламенттин көрсөтмөсү менен, андагы партиялардын кызыкчылыгына жараша тандалды. Элдин нааразы боло турган жөнү бар. "Мекен шейиттери" сыяктуу кыймылдар да бул маселени туура эле көтөрүп жатышат. Тандоо ачык-айкын өтүп, элдин сунуш-пикири эске алынса болмок.

Азиза
Абдырасулова, укук коргоочу:
- Сотторду тандоо кеңешинин тегерегиндеги талаш-тартыштарга негизги 2 фактор себеп болду. Биринчи фактор: Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн парламент өзү каалагандай гана чечип койду. Кеңешке кимди, эмне үчүн тандаганын элге ачык-айкын көргөзгөн жок. Өз чечимин, даяр фактыны гана калкка жайып койду. Экинчи фактор: Кеңештин мүчөлөрү да парламенттин үлгүсү менен иш алып барышты. Мыйзамга, өзүлөрүнүн ички регламентине карама-каршы келген кадамдарга барышты. Сотторду тандоодо элдин пикири эске алынган жок. Жер-жерлерден келген арыздар, кайсы талапкерге кандай доомат келгени коомго жетпеди, көмүскөдө калды. Арыздарды кабыл алуу үчүн 5 гана күн берилгендиктен алыстан жиберилген арыздар кабыл алынбай калды. Дагы бир чоң мыйзам бузуу, добуш берүү жабык түрдө өттү. Ким кайсы талапкерге эмне үчүн добуш бергени же каршы чыкканы белгисиз, түшүнүксүз болду. Бул себептер калктын нааразылыгын жаратты, талаш-тартышка себеп болду.


Ишенбай
Абдуразаков,
коомдук ишмер:
- Сотторду тандоо кеңешинин чечимине калк эмнеге нааразы болгону белгилүү эле. Бүгүнкү күндө мамлекетте эң начар тармак сот системасы. Калган тармактарда кемчилик болсо да, майда-барат жылыш бар. Ал эми сот системасында ич жылытарлык өзгөрүү болбоду. Тескерисинче, элдин ишениминен чыгып, жек көрүндүгө айланды. Андыктан бизге азыр баарынан сот системасын туура жолго салуу манилүү. Сотторду электен өткөрүп, калыс, таза иштей тургандарын тандап алуу зарыл. Ичип-жегенге маш сотторду жолотпоо керек.

Мукар
Чолпонбаев,
экс-адилет
министри:
- Элдин нааразы болуусуна себеп бар. Сотторду мындай жол менен тандоо туура эмес. Сотторду тандоо кеңеши өзү эл канааттангандай куралган жок. Комиссиянын өзүндө таза эмес адамдар отурса, анан кайдагы адилет чечим чыкмак эле. Жогорку Сотко 29, Конституциялык сотко 11 адам тандалды. Кандай адамдар келгени элдин кыжырына гана тийбесе, ыраазы болгон эч ким жок. Аларды президент өзү кабыл алып, баарлашып көрдү. Конституциялык сотко дайындалган талапкерлер арасында конституция тууралуу эч нерсе билбегендери да бар экен. "Кызматка бара берсем, үйрөнүп кетем" дегендер тандоодон өтүп кетиптир. Андай болбош керек. "Бул менин колуман келет, даярдыгым бар" дегендер гана кызматка келүүсү кажет. Бул ирет да элдин "Б аарынан адилеттикти жогору койгон таза соттор тандалат" деген үмүтү акталган жок.


Карыбек
Байбосунов, аналитик-философ:
- Эң негизгиси эл өзү бийликке ээ чыгып, адилет соттор аркылуу адилет башкарууга жетүү үчүн кандай деңгээлде умтулганы дагы бир ирет аныкталды. Бул ирет да дилетант соттордун бетин эл өзү ачып берди. "Митингстан" деп айрымдар бизди шылдың кылышат. Анткен менен ал өз натыйжасын берип жатат. Кезектеги митинг да тегинден болбоптур, эл бекеринен көчөгө чыкпаптыр. Себеби талапкерлер президент менен маектешкенде эле алардын ким экени түшүнүктүү болду. Сотторду тандоо жыйынтыгына каршылык көргөзүү менен эл бийликтен четте калбаганын көргөздү. Мындан Кыргызстан элдик бийлик жүргүзүүгө даяр болуп, түптөлүп калыптыр деген жыйынтык чыгарууга болот.


Даярдаган
Анара Дыйканова