Үркүн үшкүрүгү

Айнура Кадыракунова, "Кыргыз эл" коомдук бирикмесинин өкүлү:
"Андай болсо, Бакиевдин токтомун бузуп, Каркыраны кайра алалы"
Биздин татаал тарыхыбызда бейажал ата-бабаларыбыз боо түшүп шейит болгону, энелердин көз-жашы көлдөгөнү көп айтылат. Карап отурсаң кыргызга чын дилден жакшылык санаган бөтөндөр болбоптур. Алардын кесепетинен кокту-белде шагыраган сөөктөрдү жору мүлжүдү. Миңдеп-сандап кырылган кыргыздардын арасында не бир таланттар, баатырлар, акылы тунук асылдар кетпеди дейсиң. Балким ошолордун "алтын туяктары" бүгүнкүгө дейре даң салганда абалыбыз башкача болот беле... Үркүндүн үшкүрүгү кимдин жүрөгүн эзбейт? Кыргыз эместин. Аны үркүн үчүн үзүлүп түшө чуркаган Айнура кызыбыз жакшы билет.


- Айнура айым, азыр 1916-жылкы үркүн темасын көтөрүп жаткандардын бирисиз, ушул аракетиңизге не себеп?
- Ак-Суу районунун Зындан айылында төрөлгөм, кесибим боюнча экономист бухгалтермин. 2010-жылы "Кыргыз эл" коомдук бирикмесине мүчө болуп киргем. Ал бирикменин "Кыргыз баатыр", "Муундан-муунга" жана "1916-жыл - Үркүн" деген долбоорлору бар. Ушул долбоордун негизинде мен 1916-жылкы үркүнгө арнап сунуш киргизгем. Өзүм Ысык-Көлдө туулуп өскөндүктөнбү, чоң атам үркүнгө катышкандыктанбы, ошол окуяга өзгөчө баа берилишине каалоом бар эле.
- Үркүндү чоң атаңыз канча жашында көрүптүр?
- Үркүндө чоң атам 8 жашта экен. Андагы коркунучтуу окуяны, адамдардын өлүмүн өз көзү менен көргөндүктөн чоң атам: "Үркүндөгү адамдарды эскерип, куран окутуп, окуя өткөн жерге бак тигип кое алар бекенсиң" деген суроолуу керээзин айтып кеткен. Ал керээзди "Кыргыз элдеги" балдарга айттым. "Ошол жерге эстелик тургузуп, куран окутсак кандай болот" деп сунуш киргизип, чоң атамдан үркүн тууралуу уккандарымды айтып бердим.
- Кандай маалыматтарды айтты эле?
- Чоң атам 1916-жылы болгон жарманкени көрүптүр. Ал чоң жарманкеге тиягы Текестен тарта Түркстан, Казакстан, биягы Өзбекстандан бери эл келип, чоң жарманке өтчү экен. Ошол жарманке күндөрдүн биринде, орустун аскерлери отурукташып калат. Ал аскерлер "Кыргыздардын жакшы аттарын тартып алабыз, сатып албай эле минип кетебиз" деп коркутуп башташат. Андай зөөкүрлүккө ызаланган кыргыздар "Эмнеге ат беребиз, бербейбиз" деп каршы чыгышканда - орустар төрт миңдей кыргыздарды кырып жиберишет. (Кийин бул маалыматты изилдеп көрсөм, М.Ливанский 1936-жылы келип Кыргызстанды изилдеп жазган экен. Анын китебинде "ярмаркада атышуу болуп кеткендиги" туурасында жазылган.) Чоң атам адамдардын аябай кырылып калганын өз көзү менен көрүптүр. Кичинекей кезимде чоң атам мени ээрчитип алып, Каркырага барып ачылып калган сөөктөрдү көмүп, куран окучу. Көзү өткөнчө үркүн тууралуу айтып жүрдү. Ал киши азыркы жашоону бейишке салыштырар эле. "Кыйынчылык силердин бактыңарга туш келбей эле койсо экен" деп көп тиленчү.
- Сиз айткан жер казактарга өтүп кеткен Каркырадабы?
- Ошентип айтсак болот. Сөөктөр жаткан жер Каркырага кирет. Чочко Сай деген жер бар болчу, ал Казактарга өтүп кетиптир. Каркыра суусунун жээгинде сөөктөр жатчу экен. Алар боюнча үркүндө каза болгондордун урпактары менен таанышканыбызда, кайсыл жерде өлүктөр жатканынан өйдө айтып беришти. Андай жерлердин көбүнчөсү Каркыра менен кошо казактарга өтүп кетиптир. Чоң атам көрсөткөн жалгыз карагайдын жанына эстелик орнотолук десем, жергиликтүү элдер сөөк жаткан башка да көп жерлерди көрсөтүштү. Жолдун ортосу болсун, Чаар-Кудукка же бул жагы Чымынды-Сайга кетчү жол экен, тогуз жолдун тоомуна деп, үйүлгөн таштан берирээк жолдун четине эстелик тургузуп, 5-август күнү куран окутуп эскерүү иш-чарасын өткөрдүк.
- Мындан ары ошол эстелик аркылуу кыргыз-казак Каркырасында жаткан кыргыз сөөктөрүнө, үркүн курмандыгы болгон кыргыздардын рухтарына куран түшүрүлүп турат турбайбы?
- Эстелик белги коюлду, эми калганы элдин эрки да. Үркүн курмандыктары биздин жер үчүн, жерибизди башка бирөөлөргө тебелетпөө үчүн көтөрүлүшкө барып, өздөрүнүн канын төгүшкөн. Эгер кыргыздар көтөрүлбөсө 1917-жылкы Улуу революция болбой калмак деп айтып калышчу. Ал революция болбой башкаруу системасы ошол бойдон кала турган болсо, азыр заман башкача болмок дешет. Мына, андан бери 95 эле жыл өттү ата-бабаларыбыздын келечек үчүн, эркиндик үчүн массалык кыргынга учурап калганына татыктуу илимий-саясий баа бере албасак, аларга арнап "коркпой, үркпөй" куран окута албасак, анда биз кимбиз?!
- Эстелик тургузганга ким жардам берди, сиздер кимдерден колдоо таптыңыздар?
- Биз бул долбоорду жазып, президенттен баштап, жети облуска, мэрияга, коомдук ишмерлерге, бизнесмендердин баардыгына кат жөнөткөнбүз. Түп районунун Кудургу айылынын тургуну "Кыргыз полис" компаниясынын директору Эдуард Кубатов эстелик тургузганга өзүнүн чөнтөгүнөн каражат бөлүп, жардам берди. Байкенин жардамы менен биз үч эстелик тургуздук. Биринчи эстелик - корумдалып, үйүлгөн таштардын жанына, экинчиси - Көкөтөй атабыздын ашы өткөн жерге, үчүнчүсү - Улуттук университеттин тарыхчылар, археология бөлүмүндөгү окутуучулардын айтуусу боюнча Түп жолундагы Талды-Суу айылынын кесилишине тургузулду. Себеби, ошол Талды-Суунун сазында кыргыздарды аябай кырган экен.
- Өкмөт тараптан жардам болдубу?
- Кандай десем, колдогондой түр көрсөтүлгөнү менен эстелик тургузганга кандайдыр бут тосууну байкатып коюшту. Маселен, жергиликтүү бийликтегилер "Губернаторду, элдик көзөмөл кеңештерин чакырабыз, алар менен кеңешип туруп, кандай чечим чыгарышса ошого жараша силердин иш-чараңар чечилет, антпесек "Эмне үчүн эстелик тургузуп атасыңар" деп сурашып орустар каршы чыгып атышат" деп айтып калышты. А байкоочу кеңеши болсо: "Эмне үчүн Каркырага өткөрөсүңөр? Каркыра деген өзү чоң саясат, силер калп эле үркүндү шылтоолоп бир нерсенин башын баштай албай атасыңар, орустар же казактар менен кырылышкыңар келип атабы" дейт. Алардын пикиринде ата бабаларыбыз өлгөн жерге куран окутсак болбойт экен. Айтор, бир топ талаштар болду. Эмил Каптагаевге кирсек, ал киши "Колдойлу, илимий конференцияларды өткөрөлү" деди. "Өкмөттөн барып катышып бергиле" деп сурандык.
- Барыштыбы анан?
- Ысык-Көл губернаторунун 1-орун басары менен Түп районунун акими катышты. Биз өзүбүздүн принципке туруп, куран окуттук, бир жарым миң киши чогулду. 2 жылкыбызды сойдук. Колубуздан келишинче салтын, шартын жасап куран окутуп, эстеликти ачтык. Анан Каракол шаарында уюштурулган илимий конференцияга катышып, жыйынтыктадык.
- "Байкоочу кеңеш" дегенинде кимдер бар экен?
- Касым Тыныстанов атындагы Жогорку окуу жайдын аксакал ардагерлери. Тээ, Акаев менен Бакиевдин тушундагы "ардактуу аксакалдар". Баягы-ы, бир кездеги оппозиционерлерди жумуртка менен чапкандарды колдогондор.
- Демек, үркүн, геноцид маселесин козгоо - азыркы кырдаалга, саясатка туура келбейт экен да…
- Тарых музейинде 9-августта илимий конференция болду. Бирок, конференциядан бир дагы "геноцид" деген сөздү уккан жокмун. Үркүндө шейит кеткен ата-бабаларыбыздын саясий да, тарыхый да баасын беришибиз керек да. Геноцид болгон. 80 пайыз Көлдүн эли кырылып калган. Кээ бири 43%, кээ бири болсо 60 % деп айтып жатышат. Эмнеси болсо дагы Ак падышанын саясаты менен геноцид болгон. Эптеп кыргыздарды тоого сүрүп таштап жакшы жерлерибизди басып алуу максаты көздөлгөнүн көптөгөн китептерден окуп атабыз. "Геноцид" деп тарыхка татыктуу баа бере албай, алсыз саясатты бетке кармап отура берсек кеч калабыз. Үркүн чындыгын айтууга 5 гана жылдык мөөнөтүбүз калды. Маанилүү эч нерсе айтылбай өткөрүлгөн конференциялардан не пайда? А куран окуткан жерге губернатордун орун басарынан башка эч ким барган жок. 4-августта боз үйлөрдү тигип, "Ооз ачкан маалга даярдайлы" деп жатсак Түп району боюнча бир дагы боз үй тигилген жок. Анткени бийлик тараптан катуу буйрук берилген имиш. Өзүмдүн Ак-Суу айылыма барып боз үй алып кетейин десем айыл башчысы боз үй бербейт. Элдерге дагы туура эмес маалымат берип коюшуптур. "Барбагыла, катышпагыла, ызы-чуу болуп кетет" деген сөздөрдү айтышыптыр. Ак-Суу районунун акими айыл башчыларын чогултуп, "Бирөөң да басып барбайсың, бир да боз үй чыкпасын" деген катуу буйрук бериптир.
- Кызык го, негизи үркүндүн 95 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүшү керек беле?
- Ооба, ушул убакытка чейин үркүн боюнча мамлекеттик деңгээлде жалпы бир да иш-чара өткөрүлө элегине нааразымын. 2008-жылы ЖК депутаты Бейшенбек Абдыразаков үч ай "ызылдап" атып, токтом кабыл алдырткан экен. Ал токтомдо ар жылдын август айынын биринчи жума күнү - Улуттук боштондук үчүн көтөрүлүштө шейит кеткен ата-энелерибизди эскерүү күнү болсун деп жазылган. Ата-энелерди эскерүү күнү болсо жаманбы? Календарга деле киргизип койсок болот да, негизи элге жарыяланып куран окутулуп, билдирүү жасалышы керек болчу. Мен губернатор Нурлан Абдылдаевге жолугуп бул маселени козгосом, "Бул Бакиев убагында кабыл алынган токтом, мен муну кабыл албайм" дейт. "Эгер андай болсо, Бакиев убагында кабыл алган бардык токтомдорду кайра иштеп чыгалы, Бакиев убагында кабыл алынган Каркыраны кайра алалы" десем, "Мен мындай мааниде айткан жокмун" дейт. Ким кабыл алса дагы токтом болгондон кийин биз аны сыйлашыбыз керек да.
- Ысык-Көл губернатору алмашылбадыбы, ага силердин таасириңер болбодубу?
- Губернатор 4-август күнү бошотулду. Ага биздин таасирибиз болгон болбогонун билбейм. Иш-чара аяктагандан кийин, Н.Абдылдаев менен байланышып сурасам - "Мени чакырышып эч себебин айтпастан эле кызматтан алып коюшту" деди.
- Байкашымча "улутчул" деген "кара тизмеге" илинген окшойсуз, улутун сүйүү - кылмышпы?
- Өзүбүзчө көз карандысыз мамлекет болгондон кийин, өз алдынча улут болуп аткандан соң тарыхыбызга көз жүгүртүүгө акыбыз жокпу? Манас эпосу көлөмү боюнча эң биринчи орунда турат. Эмне үчүн өзүбүздү көтөрбөшүбүз керек? Биз өзүбүздү-өзүбүз тааный албаганыбыз үчүн өсө албай атабыз. Ким экенибизди унутуп калганыбыз үчүн өнүкпөй атабыз. Аталарыбызга куран окутуп турушубуз керек. Алардын руху ыраазы болмоюнча биз… Биздин коом акырындап бузулуп баратат, элдин баары саясатташып калыптыр. Чыныгы жүрөгүң менен эстелик тургузуп куран окутайын десең дагы саясат издешет.
- Азыр шайлоого карата шылтоолоп куран окутмай, белгилүү инсандарды эскермей күчөбөдүбү, балким сиздерге ошол өңүттөн саясат илээшип калгандыр?
- Балким. Ажолукка ат салышып аткан адамдарыбызды көрүп атпайбызды, жер-жерлерди кыдырып, малын союп, элди чакырып батасын алымыш болуп жүрүшөт. Бир четинен алар ата-бабаларга куран окуткандан башташса жакшы болмок. Азыркылардын түшүнүгү боюнча эптеп эле креслону ээлеп калмай тура. А эл Улуттук лидерди күтүүдө. Бирок, азырынча бийликтин бутагында олтургандарда улуттун лидери жок экенине ынандым. 7-апрелде элдик бийлик келди деп ойлогонбуз…
- Бизде эскерүү иш-чарасын эстелик орнотуу менен өлчөө адатка айлангандай, башкача да эскерүүгө болобу?
- Эң жакшысы - китеп. Кеңеш Жусуповдун "Үркүн" деген китеби бар экен. Убагында бул китепти ачыкка чыгарганга тыюу салгандыктан азыркыга чейин катылып жатыптыр. "Силерге кошкон салымым болсун" деп, 500 китеп алып келип берди автор. Ал китепти элдер талап кетти. Анткени, үркүн тууралуу кеңири маалымат жок. Бул иш-чараны уюштуруп атканда Түгөлбай Казаковдун "Улутман" көрсөтүүсүнөн чыгып элге чакырык кылганбыз.
- Үркүн боюнча силерден башкалардын да аракети барбы?
- 1991-жылы "Өмүр көчү" деп Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Казат Акматовдор башында туруп жүрүш жасашкан экен. Бишкектин Түштүк дарбазасынан 4 гектар жер берилип, ошол жерге маданий коплекс тургузулмай болуптур. Бирок, ал жерге кафелер салынып 4 гектер жерден 4 сотых эле жер калыптыр. Ошол жердин документтерин чогултуп, бийликке кайрылалы деп турабыз. Күзүндө илимий конференция өткөрсөк деген тилегибиз бар.
Маектешкен Азамат КЫЯЗОВ