Адилетсиз соттун дагы бир курмандыгы

Таалайбек Кенжеакунов, Кочкор районунун тургуну:
"Балык менен элди ууланткан шылуундун
айтканы - райсот үчүн мыйзамбы?"
Дал ушул суроонун тегерегинде чындык издеп чыркыраган Таалайбек Кенжеакунов Кочкор районунун, Жаңы-Жол айылынан борборго чейин келиптир. Соттордун адилетсиз өкүмүнөн, мыйзамды чемичкедей чагып, анысын кыянаттык менен пайдаланган, "кыйын чыкма" доогерден улам адилетсиздикке кабыргасы кайышкан мекендешибиз Таалайбек биздин редакцияга кайрылып, чыркыраган чындыкты элге жарыялап коюубузду өтүндү.

- Таалайбек мырза, чындык издеп борборго чейин келипсиз, ага себеп болгон окуя менен тааныштыра кетсеңиз?
- Окуя ушу жылдын 9-апрель күнү болгон. Биз айылдын четинде турабыз. Мен үйдө жок болчумун. Уулум Тилек 10-класста окуйт. Ага кошунабыздын 11-класста окуган уулу Зарипбек эгинине кулак суу байлатып, телефонуна бирдик жүктөтүп, көп басым көрсөтчү экен. Ошол күнү уулум теңтуш балдары менен көчөдө сүйлөшүп турушса, Зарипбек кол араба сүйрөп чөпкө баратыптыр. Анан жолу менен кете бербей уулума тийиштик кылып: "Эй, сен каякта окуп жатасың?" деп, матап сураптыр. Тилек жаңы эле электриктин окуусуна кесиптик лицейде окуп жаткан. Алаксып калганбы айтор, дароо жооп бере койбоптур. Ага тырчыган Зарипбек "сен эмне керсейесиң, сени менен башкача сүйлөшөм" деп ызырынат. Анан "жүрү мага чөпкө жардамдаш?!" деп чакырган го, кыязы. Уулум "бош эмесмин" деп макул болбоптур. Анда Зарипбек уулума "сен көөп калдың, кечинде кел, сени менен "разборка" кылбасам" деп сөөмөйүн кезеген тейде кетип калыптыр. Чөбүн тартып кайра келе жаткан Зарипбекке Тилек "мен кечинде бара албайм" деп айтса, ошол турган жеринен уулуму муштагылап жибериптир. Күбөлөрдүн айтымында тиги экөө мушташа кеткенде эле Зарипбек Тилекти жерге жыгыптыр. Анан Тилек тура калып сүзүп жибергенби айтор, Зарипбек да кулап калыптыр. Кулаганда уулум качып, тигиниси кубалап жөнөгөндө жанында турган жолдоштору ажыратканы кармай калышыптыр. Ошондо чоңураак балдардан "андай болсо, жекеме-жеке сүйлөшүп чечишип албайсыңарбы" деген сунуш болот. "Жекеме-жеке чечишебиз" деп айылдын четиндеги айдоого барышат. Бирок, мушташ башталганда эле Зарипбек: "Балдар менин аруум бар болчу" деп жыгылат. Ошондо Тилек жана балдар жанына барып "эмне кылуу керек?" деп өзүнөн сураса, тигинин эпилепсиясы кармап ээги карыша баштаган экен. "Мени ушалагыла" дейт. Анан "суу чачкыла" деп үйрөтөт. Тилек жанындагы досу менен Зарипбектин жүзүнө колонкадан суу чачып, тез жардам чакырышат. Атасы Мүзүралиев Кудайбергенди чакырышат. Ал келип уулум менен жанындагы баланы сабайт. Ошентсе да, уулум да достору да качып кетпей, тескерисинче Зарипбекти тез жардамга салууга жардамдашат.
- Ал жерде Мүзүралиев эч нерсени териштирбей туруп эле уулуңузду сабаптырбы?
- Чын-төгүнүн териштирүү алардын оюна да келген эмес. Уулу жадагалса мурду канабай, бир да жери көгала болбосо да элге "өлөрчө таяк жеп, араң жаны калды. Бишкеке оорукканага алып кеттик" деп жайышкан. Чындыгында кечинде оорукканага жеткирилген Зарипбек эрте менен куландан соо кайтыптыр. Анан калса ал таяк жебей эле эпилепсиясы кармап оорукканага түшкөнүн эч ооздорунан чыгарышпайт. Кошуналардын айтымында мындан 2 жыл мурун чатырдан кулап кабыргасы сынганда талмалуу болуп калган экен. Аны моюнуна алгысы келбей, "сопсоо болчу" деп долуланышат. 10-апрелде Кочкордогу ооруканадан "догдурларга доом жок, уулумдун абалы жакшы" деп жазып берип чыгарып кетет. Анан Бишкекке алып келип 14-апрелде ооруканага жаткырып 28-апрелде чыгарып барат. Ал жерден "жеңил жаракат алды" деп жазып беришиптир. Ал негизде уулумду жанындагы досу менен сотко берип коет. Ошентип бизди тергөөгө чакыра башташты. Балдар баарын төкпөй-чачпай айтышты, жанындагы күбөлөр да Зарипбек өзү уруш баштаганын, мушташ башталаар замат эле "ооруум бар" деп кулап калганынан бери айтып беришти. Тергөөдө "эми кечиришкиле" деп кеп-кеңешин берип узатышкан. Биз 10 000 сом чогултуп тез жардамына, укол-дарысына кеткен чыгымына деп сундук. Анда Зарипбектин атасы Кудайберген биздин 10 000 сомду албай 269 044 (эки жүз алтымыш тогуз миң кырк төрт) сомдук тизмени сунду. "Мына ушул сумманы берсеңер доом жок" дейт камырабай. Анан "уулумду 12000 сомдон жылына эки жолудан 3 жыл 72 000 сомго Воронцовкада дарылатасыңар" дейт. Кыскасы Кудайберген уулу Зарипбекти жарым жандуу оорукчал болуп калгандай көргөзүүдө. Ал эми уулу тайраңдап, кампаниядан чыкпай шарактап, 11-классты бүтүрдү. Борборго кайсы бир окууга да өтүптүр. Окууга өткөн студентер саламаттыгын билдирген 086 өлчөмүндө медсправка тапшырчу эле. Андан Мүзүралиев айткандай оорулуу уулу кантип өттү? Же адатынча жасалма жол менен медсправка сатып алгандыр же уулу куландан сопсоо.
- Ал асмандын баасын чапчыган тизмени кайдан түзүп жүрөт? Анысы негиздүүбү, ошончо каражат сарпталганын сиздерге далилдеп бердиби деги?
- Ал тизмени алып карасак чындыкка такыр коошпойт. Баары он эселеп күчөтүлүп кошулуп жазылган. Маселен Кочкордон Бишкекке чейин 8 орундуу минивенди жалгыз айдатып келишкен имиш. Анысы 7 800 сомду түзгөн имиш. (негизи такси борборго чейин киши башына 250 сомдон эле). Анысына далил катары айдоочу Салимов Рахаттын патенти көргөзүлүп, колу коюлган ишеним катты тиркептир. Биз ал айдоочуну издеп таптык. Ал "Мен Кудайберген Мүзүралиевди тааныбайм. Патентим, мөөрүмдү клиенттериме берип койчумун. Бирок, ал кишиге мен эч нерсе, эч кандай ишеним кат да берген эмесмин" деп таң калып, аны тааныбаганын өз колу менен жазып берди. Анан борбордо да жалаң такси менен жүргөн имиш. Анысы 7800 сом болуптур. Анысына далил катары тиркеген айдоочу Жекешовдун патенти болсо жасалма экен. Дареги да, унаасынын маркасы, номери көргөзүлбөгөн. Анан кантип буга ынанууга болот. Бишкекте 8200 сомго батир жалдадым деп тиркеген дареги боюнча бардык. Дордой жакта Келечекте экен. Ал жерде жашоо дегеле мүмкүн эмес, пескоблок чыгарылган үй экен. Алгач сурамжыласак үй ээси Мамбеталиев Бактыбек "мен бул үйдө батирге берген эмесмин, бербейм да" деп жаткан. Аны менен да сот болоордо "сүйлөшүп" коюшканбы, эми башкача сүйлөп калыптыр. Бирок, журналисттик иликтөө кылып барып көргүлө. Ал жерде жашоого такыр шарт жок. Анан ушунчалык "каприздүү" Кудайберген мырза андай жерде кантип жашай алганын мен элестете да албайм. Дары-дармектерге кеткен чыгымдарын тастыктаган эсеп дүмүрчөктөрү да чындыкка коошпойт. Дарылардын аты так көргөзүлбөй эле "медикаменты" деп туруп олчойгон суммаларды жаздырып алган. Эмне дарылар, канча турат анысын биле албадык. Жадагалса "оорусу тууралуу" түшүндүрмөсү (история болезни) жок.
- Сотто бул далилдер негизсиз экени териштирилген жокпу?
- Биз талап кылынган акчаны берүүгө чамабыз жетпейт десек, Мүзүралиев: "Анда сот аркылуу сыгып алам" деп албууттанды. Тергөөчүгө да, прокурорго да кайрылбай, түз эле Сотко жетти. Мүзүралиевдин алар менен жакшы санаалаш экени айтылып эле жүрү. Анын сөзүн сүйлөп, ал каалаган өкүмдү чыгарып берген Кочкор районунун соту Нуркалый Асанбаев менен жакын достордон экенин айтышат. Катсе да, ал жактагы сот, адвокаттардан бери Мүзүралиевдин сөзүн сүйлөшөт. Кочкордон жалдаган адвокатыбыз да "сураганын берип эле койсоңорчу" деп шөлбүрөйт. Судья Асанбаев да эч кандай чындык издеп отурбай эле, болгону Зарипбектин жеңил жараат менен улуттук госпиталда 14 күн жатканын тастыктаган баракча менен 2 жаш баланы 3 жылдан эркинен ажыратып койду. Анан да 234-ст. 2-б. 2-п менен өкүм чыгарды. Бул "коомдук жайларда хулигандык кылгандыгы үчүн" деген статья экен. Ал туура эмес. Биринчиден, окуя коомдук жайда эмес, эч ким жок айдоодо болгон. Экинчиден, уулум хулигандык кылган эмес. Ага Зарипбек өзү катылып, муштагылаган. Анан кыбыр эткен жандын баары өзүн коргоого укугу барбы же жокпу? Бул тараптарын соттор эсине алышкан жок. Доогер Мүзүралиев дарыларга 45 миңден ашык акча кетти деп оозуна батышынча сурап, эмне дарылар экенин бизге айта алган жок. Жеңил жаракат алган балага 14 күндө 45 000 сомдон ашык ачкага кандай дарылар сайылганын түшүнбөй калдык. Андан да уулу апрель айында дарыланса, дары чектери май, июнь айында алынган чектер экен. Улуттук госпиталга келип тактап көрдүм. Алар мага Мүзүралиевдин уулу тууралуу так маалымат берүүдөн качкан менен, жеңил жаракат алгандарга эң көп 2000 сомдун тегерегинде дары жумшалаарын түшүндүрүштү.
- Мүзүралиев ушунчалык эле "кыйын" кишиби?
- Албетте, кыйын киши. Бир кездерде Нарында эл балыктан ууланып, кырылганда так ушул Кудайберген балык барону эле. Башкача айтканда балыктар анын колу аркылуу гана тарачу. Ошончо адам өмүрү кыйылган окуядан купкургак чыккан Мүзүралиев кыйын болбогондо анан… Айылдашынын сарайын зордук менен өз атына өткөртүп тартып алган Мүзүралиев кыйын болбогондочу… Учурда "Дос Кредо Банкта" бухгалтер болуп эмгектенет. Мыйзамды кыйын билген киши болуп, эми негизсиз далилдерин бетке сунуп бизден олчойгон сумма өндүргүсү келип отурат. Ушуга чейин анын айтканын айткандай аткарып берген сот эмки кароодо деле биздин арманыбызды эске алаары күмөн. Эмнеси болсо да, элдин баарын каалагандай калчап, мыйзамды кыянаттык, жасалмалуулук менен пайдаланган Мүзүралиевге эч кимдин алы жетпей калгандай… Ал да бир күнү "төшү түктүүгө" жолугуп, эсине келери шексиз дечи. Ошентсе да, анын митайымдыгынан жана соттордун адилетсиздигинен улам күнөөсүз жерден жапжаш балам 3 жылга камалып, тагдырына балта чабылбаса экен деп ак эткенде так этип соттун акыркы өкүмүн күтүп жатабыз...




Кочкордун "эркеси" он салаасын оозго кантип батырды?
Таалай Кенжеакуновдун маеги жана доогер Кудайберген Мүзүралиев анын колуна карматкан "чыгым" тизмеси жөнөкөй чатак эмес. Эгер орундатылбаса эки өспүрүмдү 3 жылдан темир торго тыкчу "сыйкырдуу" тизме. Тизмеге көз жүгүрткөн жан, жеңил жаракат алган (балким албаган, кагазда ошондой көргөзүлгөн) уулун бетке кармап Кудайберген Мүзүралиев айылдашы Кенжеакуновдон олчойгон сумма сыгып алгысы келгенин байкайт.
Уулунун өзүн коргогон "айыбын" моюнуна алып, соттор менен ымалалаш Мүзүралиев талап кылган эки жүз жетимиш миңге чукул акчаны байкуш Таалай мырза айлык акысын бир тыйынын коротпой чогултса, 4-5 жылда таап берет экен (эгер бүлөсү ушунча убакыт эч нерсе жебей-ичпей, карандай суу менен жашай алса). Кызыктын баары тизменин ичиндеги цифраларда. Аны эки өңүттө чечмелесек болот. Биринчиси, бул тизме карандай калп, асман чапчыган баалар ойдон чыгарылган. Экинчиден, эгер бул тизме кашкайган чындык болсо, андале анын изинде мыйзамды одоно бузган кишилерди опоңой кармап алууга болот. Маселен, Мүзүралиевдин тизмеси боюнча уулун оорукканага жаткырганда реанимацияга 1500 сом, палаталык дарыгерге 2000 сом, ооруканадагы бөлүм башчыга 3000 сом, стационардык дарылоого 4100 сом жана физдарылоого 1000 сом төлөптүр. Мына окурмандар, коррупция каяктан башталат. Эгер тизме калп айтпаса анда Зарипбекти дарылаган дарыгер, бөлүм башчысынан бери акча алганы үчүн жоопко тартылышы керек. Анткени алардын кызматына мамлекеттен айлык акы чегерилет. Ошондой эле Кудайберген мырза уулун "бир өлүмдөн калганына" түлөө өткөргөнүн тизмеге киргизүүнү унутпаптыр. Түлөөгө ар бири 7 500 сом турган эки кой (15 000 сомго) чалыныптыр. Жалпы 20 000 сом коротулуптур. Аты жазылбай, баасы гана жазылган "жашыруун" дарылар 45 000 сомго бааланыптыр. Андан тышкары Воронцовкадагы бир курс дарылоону Мүзүралиев 12 000 сомго баалаптыр. Уулун 3 жыл эки иреттен 72 000 сомго Воронцавкада чардатып берүүнү да талапка кошо тиркептир.
Жашасын айла кер, шылуун аталар! Ушинтип ураан чакырсак куп жарашчудай. Анткени, карапайымдардын балдары "өзүн коргогон" аракети үчүн айыпка тартылып мыкчылып жатканда, шылуундардын балдары тайраңдап "бейиштин төрүндө". Кантсе да, Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын "кыйын чыкмасы" Кудайберген Мүзүралиевдин ажыдаар тизмеси же эки баланын темир капаска салат же... Кыргызда "айылдаш", "мекендеш", эң негизгиси "адам" деп ылым санаган айкөлдүк сапаттарды аталар балдарга үйрөтчү эле... Деги сот жыйынтыгын күтө туралычы.
Анара Дыйканова