смсте эл үнү
Урматтуу окурмандар ар кандай маанайдагы пикир, куттуктоо, сунуш, сын-пикир ж.б. билдирүүлөрдү 0773 34 07 62 номуруна жиберсеңиз болот. Оригиналдуу ойлор менен айырмаланган СМС ээлери "Керегенин" атайын сыйлыгына арзыйт.


Кыргызстан бай өлкө. Айрыкча саясий интригаларга. Бөкчөйгөн кемпир-чалдан тарта саясатчыларды аңдыйт... Саястчылар бири-бирин, Текебаев Бабановду, Бабанов Абдырахмановду…Ушинтип жатып бири эмнени кулмап жутуп койгонун экинчиси чукуп чыгат. Кайра эле "Сен меникин айтпа, мен сеникин " болуп соодалашып, жең ичинен бүтүрүп алышат. Бул "Карга карганын көзүн чокубайт" деп аталат.
Майра 0778 86 72 ХХ

Малика Мадумарова асмандан түшкөн пери болсоң да, менин иними жайына кой. Ал сен сыяктуу жеңил ойлуу, чүпүрөк-чапырактан башканы билбеген түйдөк чачтын теңи эмес. Ансыз деле сенин айыңан окуусунан аксады.
Калийча , 0555 89 56 ХХ

Саясатчылардын сазайын колуна берип, карапайым элдин ой-тилегин колдоп жаткан "Кереге" гезитинин коллективине ыс-сык салам! Кубаныч байке, байлардын байлыгын санап орозодо далайдын "оозун ачырдыңыз" го, дагы жазыңызчы!
Марат, Нурлан, Эльнур, 0550 77 79 ХХ

Мен президенттик шайлоого барууга бетим чыдабай жатат. Анткени, куусу деле, куудулу деле катталып алган тизмени арданбай кантип колума алып, кантип аларды өлкө башчысы кылып тандайм? Ий, бетим…
Нагима 0773 45 08 ХХ

Туугандар, Мадумаровду деле президент кылып шайлап көрбөйлүбү? "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" дегендей кыйынсынып акыл үйрөткөндөрүн иш жүзүндө аткара алар бекен, көрөбүз. Же Каркырадай кылып дагы бир жайлообузду кайындарына соога кылып шорубузду кайнатар бекен? Ай ким билет…
Таке, 0550 67 89 ХХ

Журналист Мелис Эшимкановдун чукугандай сөз тапкычтыгы жагат. Ар бир сөзү орду менен, ырааты менен, курч жана юмор аралашкан. Буга атайын талант керекпи, же үйрөнүүгө болобу? Жообун ким билет же өзүнөн сурап бересиңерби?
Мирлан, 0777 82 36 ХХ

Апаке суранам, ичпечи. Мени кайындарымдын алдында сөзгө сындырып жатканыңды сезсең боло… Супсулуу, жайдары жүзүңдүн нуру өчүп баратканын карачы. Алтын апа, ичпей, намаз окучу болсоң, мындан ары эч качан сага тил кайрып, өйдө карабайм.
Нуржан, 0772 60 05 ХХ

Жарыкка келгенине аз убакыт болсо да, окурман элдин жүрөгүн багынткан "Кереге" гезитин Эркиндиктин 20 жылдык майрамы менен куттуктайм! Дайыма калыстыгыңардан тайбагыла!
Нургазы, 0705 7667 ХХ

Тахмина, мага турмушка чык десем так түйүлүп секирбедиң беле. Тандап жүрүп тазга жолугуптурсуң го. Кечээ жүдөө кейпиңи, колуңдагы көгала такты байкап зээним кейиди. Али деле эсиңе кире элек экенсиң, секелегим. Баарына чыдап, ай жүзүңдү кор кылып жүргөндөй жаныңа эмне күч келди?
Адилет, 0555 78 56 ХХ

Шайланганына жыл толсо да аты-жыты таанылбаган депутаттар! Мамлекетке пайдалуу иш бүтүрө албасаңар жок дегенде орозодон пайдаланып мусапырларга олчойгон битир садага берип атыңарды таанытпайсыңарбы.
Белек, 0777 48 63 ХХ

Руслан, сени көргөндө апкаарып, калтырап-титиреп бир байкуш болуп калам. Сен болсо сүйөрүмдү билсең да, байкамаксан болосуң. Ушунчалык текеберсиң. Аның үчүн кээде жек көрүп кетем.
Алина, 0777 67 93 ХХ





К+спорт
Бразилиялыктар былчылдашканда
Ишемби түнү Рио-де-Женейродо "UFCтин" 134-беттештери өттү. Таймаштардын негизги каармандары катышкан беттештердин баары нокаут менен аяктады. Бүйүрдү кызыткан кармаштардын биринде Бразилиялык Антонио Родриго Ногейра америкалык каршылашы Брендан Шаубаны биринчи раунда эле талкалап, нокаутка сулатса, анын жердеши Маурисио Руа да америкалык Форрест Гриффинди экинчи раундга жеткизбей жайлады. Ал эми беттештин көркүн ачкан негизги кармашта, дагы бир бразилиялык мушкер Андерсон Силва жапониялык Юшин Оками менен былчылдашып жатып, экинчи раундда атаандашын нокаутка учуратты. Ошентип бразилиялык чоң муштумдар, муштумунун жардамы менен баарын талкалоодо. Эми кимди жайлайт болду экен?
Поветкин Чагаевди талкалады,
эми кезек Холифилддеби?
Орусиялык мушкер Александр Поветкин Германиянын Эрфуртунда өзбек боксчусу Руслан Чагаев менен былчылдашып, WBA титулун жеңип алды. Мындай жеңиши менен Александр Орусиянын бокс тарыхында "хандар дивизионундагы" төртүнчү чемпион болуп табылды. Бул тизмеге буга чейин Николай Валуев, Олег Маскаев, Султан Ибрагимов өңдүү мушкерлер катталган болчу. Эми Поветкиндин ысымы да жогорудагы тизмеден орун алып, атагы ааламга тарап турган кези. Бирок, Поветкин жеңишин толук майрамдабай жатып, аны менен эсептешкиси келген мушкерлер чекеден чыга башташты. Алардын бири бокс дүйнөсүндөгү ардагерлерге айланган 48 жаштагы Эвандер Холифилд. Ал илгертен Поветкин-Чагаев таймашына көз салып, беттештин жеңүүчүсү менен кармашсам деп жүргөн. Алтургай таймашты өз көзү менен көрүш үчүн Германияга келерин эскертип, тараза ташын Поветкин тарапка тоголоткон болчу. Кармаштын жыйынтыгы да Холифилд баамдагандай чыгып, Поветкин жеңүүчү аталды. Кайрадан чемпион болууну эңсеген Холифилд эми Александр менен кармашсам деп турган чагы. Кошумчалап кетсек Эвандер бул мезгилге чейин Поветкиндин промоутерлери менен сүйлөшкөнгө да жетишкен. Эгерде тараптар келишип калса Поветкин-Холифилд таймашынын убак-сааты да белгиленчү күн алыс эмес.
Дрогба менен Джуджак
"Челсинин" чабуулчусу Дидье Дрогба Англия чемпионатынын 3-турунда, "Норвич" клубунун футболчулары менен топ талашып жатып, башынан жараат алган болчу. Алтургай ооруканага жатууга мажбур болуп, убактылуу оюн талаасынан четтетилген. Ал күнү футболчу ооруканага кеткен менен ал ойногон команда "Норвичти" 3:1 эсебинде талкандап, кийинки бөлүккө өткөн. Азыркы тапта Дрогба ооруканадан чыгып, айланасындагылардын камкордугуна бөлөнүп жаткан чагы. Клубдун ырасмий сайты билдиргенине караганда 33 жаштагы чабуулчу жакынкы күндөрү кайрадан командасына кайтып келет. Буга катар дагы бир футболчу футболдон убактынча алыстаганга мажбур болуп отурат. Ал спортчу "Анжи" клубунун жарым коргоочусу Балаж Джуджак. Ал Орусия премьер-лигасынын 22-турунун 8-мүнөтүндө "Ростов" оюнчулары менен атаандашып жатып жараатка кабылган. Жарааттан улам жарым коргоочу кийинки таймаштарга катышпай турган болду.
Балбандар дүйнө биринчилигине
аттанат
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда дүйнөлүк чемпионатка кызуу даярданып жаткан кези. Жыйырмага жакын балбандар көгүлтүр Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүп, булчуңдарын чыңдап жатышат. Алардын ичинен 7-8 гана спортчу дүйнө биринчилигине катышмакчы. Буга катар команданын негизги курамында күрөшкөн айрым балбандарыбыз Украинада машыгууларды өткөрүп келген. Эми болсо Ысык-Көлдөн келген соң жыйынтыктоочу машыгууларды Канттан өткөрүп, андан кийин дүйнөлүккө карай сапар тартышат. Азыркы тапта машыгууларды улуттук команданын башкы машыктыруучусу Эмиль Алыкулов жана машыктыруучулар Ороз Шаршекеев менен Ислам Өмүрзаковдор өткөрүүдө. Буюрса балбандарыбыз дүйнө биринчилигинде атаандаштарын оодарып кайтаттыр деген ишеничте биз турабыз.
Айдоочулардан автожарыш
17-18-сентябрь күндөрү Чүй облусунун бир бурчунда жолтандабас автоунааларын ызылдатып, айдоочулар атайын фестиваль өткөрөт. Азырынча так кайсы жерде өтөрү тууралуу маалымат жок. Бирок, өтөт. Уюштуруучулардын айрым маалымат булактарына берген маалыматына караганда фестивалда "джип-спринт", "квадроцикл", "Субару" деген сынактар уюштурулат экен. Мындан тышкары айдоочулар "автоүн" (кимдин автоунаасы музыканы катуу жаңыртат) деген сынак боюнча да жарышмакчы. Ага автоунааларын ар кандай кооздоочу буюмдар менен шөкөттөгөн шоопурлар келип, элдин оозун ача турган болуп жатат. Күтө турсак, ал күн да келер.


Алмаз Калназаров