Исламды тааныйсыңбы?

Чубак Жалилов, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи:
"Биз демократиялуу коомдо жашайбыз, ар ким өзүнө жаккандай кийинет"
Ыйык Рамазан айын утурлап, дин башкармалыгына кайрылып, Чубак ажыга бирин-экин собол узаттык...

- Орозо айы аяктады, дегеле, орозонун маанисине токтолсоңуз...
- Орозо араб тилиндеги "саум" деген сөздөн алынган. Биздин тилге которсок "кармануу" дегенди түшүндүрөт. Башка баардык нерселердин сырткы келбети жана ички дүйнөсү болгондой эле, орозо да экиге бөлүнөт. Орозонун негизги өзөгүн - тамак жеп, ичкенден жана жыныстык байланыштан сактануу түзөт. Бул орозонун сырткы көрүнүшү. Ал эми орозонун ички көрүнүшүн адамдын жаман нерселерден кармануусу түзөт. Алсак, көралбастык, ичитардык, ушак сүйлөө, терс пикир жаратуу дегендерден алыс болууга чакырат. Орозонун негизги зыйнаты - пенделерди сабырдуулукка, каниеттүүлүккө, жакшылык жасоого, ариеттүүлүккө, ар намыстуулукка, дөөлөттүүлүккө чакыруу. Айтылган нерселердин баары бүтүндөй аткарылганда гана орозо өзүнүн жанына, рухуна кирип, Кудай алдында толугу менен кабыл кылынат. Бул жөнүндө далил катарында пайгамбарыбыз Аллейхи-во-салам айткан сөздү мисал тартсак болот. Ыйык пайгамбар, "Кээ бир адамдардын туткан орозолорунан эртеден кечке ачка болуусу гана калат" деп айткан экен. Бул сөз орозо тутуп, бирок, ушак сөздөн арылбаган, урушкан, жаман айткан, айтор арам иштерди жасаган пенделерге карата айтылган кеп. Мындай адамдар өз жүрүм-турумдары менен орозонун сооп иштеринин барын жеп коет.
- Орозо тутууну жан дүйнөнүн тазарышы деп түшүнсөк болобу?
- Пайгамбарыбыз Алейхи-вьа- сальям күндөрдүн бир күнүндө, денесинен кан алдырып жаткан адамдын жанынан өтүп бара жатып, "кан алгандын дагы, кан алдырып жаткандын дагы орозосу бузулду" деп айткан. Айланасындагы адамдар: -Адатта, орозо денеге бир нерсе кирсе гана бузулат, бул жерде кан чыгып жатпайбы, анан кандайча орозо бузулууга дуушарланды? - деп суроо узатышат. Көрсө, кан алып жана алдырып жаткан адамдар, тим отурбай ушак сүйлөшүп жатышкан экен. Дагы бир осуятта пайгамбар мындай айтат: -Эгерде сага бирөө жаман айта турган болсо, мен орозомун деп айт. Бул нерсеин бардыгы орозонун касиетинен кабар берет. Пайгамбардын дагы бир осуятында Аллах-Таала айтат: -Адамдын бардык кылган ибадаттарынын сообу белгилүү. Мисалы, намаздыкы, зекеттики, хадждыкы. Бирок, орозонун сообун эч киге айтпастан өзүм билип берем, - деген. Кээ бир адамдар тутпай туруп, орозо туттум деп айтып коюуусу мүмкүн. Эгер чын ниеттен орозо тутса сообун Кудай өзү билип, берет экен. Орозо тутуунун негизги мааниси, жан дүйнөнүн тазарышы, адамдык сапаттын арууланышы. Жан дүйнөнүн аруулануусу - адамдын руханий дүйнөсүнүн көтөрүлүүсүн камсыз кылат. Кала берсе 12 айдын баарында орозо тутсак кана…
- Кыргыз журтунда канча адам орозо тутат, сиздерде маалымат барбы?
- Так маалымат алуу өтө кыйын. Башынан эле намаз окуучулардын санына караганда, орозо кармоочулардын саны көп болуп келген. Намаз саатарында мечитке батпай калып жатканын айта турган болсок, намаз окугандар көп, демек орозо туткандар андан да көп. Менимче, орозо туткандардын саны менен айт намазына келгендердин саны барабар болсо керек. Айт намазына жылда Бишкектин 45 мечитине 300 000ден ашуун эл чогулат. Бул аялдарды кошпогондо. Божомолдуу айтсак, шаарыбызда эле жарым миллион адам орозо тутат.
- Өлкөдө жалпы канча мечит бар?
- Республикка боюнча бизде 2050гө чукул мечит бар. Катталбаганы да бар.
- Мечитти ыйык жай деп билебиз. Демек анын жайгашкан жери дагы талапка ылайык болушу шартпы?
- Чиркөө сымал жумасына бир ирээт бара турган болсок, жөнү башка эле. Мечитке адамдар бир күндө беш жолу кирип чыгат. Керек болсо кечке ошол жерде болот. Андыктан мечит адамдар жашаган аймак ичинде болсо, талапка ылайык.
- Исламды, динди бетине кармаган "кой терисин жамынган" күчтөр арабызда бар экени жашыруун эмес. Жер жерлердеги мечиттер диний экстремисттердин очогуна айланып кетүү коркунучун жаратышы мүмкүнбү?
- Кыргызстандын келечегине күйгөн ар бир жаран азыр ушул суроо менен баш оорутат. Демек, туура суроо. Бирок мен кыргызстан үчүн биздеги мечиттердин саны аз дээр элем. Мектептер менен салыштыра турган болсок, мектепте жалпысынан 10-15 класс бар. 10-жыл билим берет. Ал эми мечитке адамдар өмүрү өткөнчө катташат да. Өзгөчө кары-картаңдарга мечитке келүү оордук жаратат. Андыктан мечиттердин саны дагы көбөйүшүн каалар элем. Мечиттер да мамлекет же өкмөт тарабынан көзөмөлдөнсө. талап-шартка ылайык кадрлар иш алып барса эч кандай экстремисттик топторго жол берилбейт. Эгер мечит кызматкерлери өз адистигинде билимдүү болсо, мечитке баргандар эч убакта башка нук менен агып кетпейт. Адамдар руханий кризке кабылып калбашы үчүн мечиттер сөзсүз керек. Эгерде мечиттер жоюлса же аз болсо, рухуна азык издеген күнөөсүз адам да хизб-ут-тахричилерге кез болуп калышы мүмкүн. Түркияны мисал тарталы, ал жерде "диний экстремисттер" деген түшүнүк жок. Себеби, орто мектепти бүткөн бала таза дин жөнүндө маалымдуу болот. Түркиялык мектеп окучу исламдагы ар кандай агымдар, чын, жалган нерселер жөнүндө толук билет.
- Демек, сиздер көзөмөлдөгөн мечиттерге ишенүүгө болот экен да?
- "Мал аласы сыртында, киши аласы ичинде" болгон сымал, сынакта суроого туура жооп берген дин кызматкеринин ичинде эмне бышып жатканын билүүгө мүмкүн эмес. Кээ бир жерлерде сабаттуу дин кызматкери жокко эсе. Окуу жайды бүткөн жаш адистерибиз айылга барып, маяна төлөнбөгөн мечите имамдык кылуудан, Россияга барып курулушта иштөөнү жактырат. Андайда жаназа окулбай, нике кыйылбай калбасын деп, аргасыздан чала сабат "молдокени" имам шайлайбыз. Мындай шартта "бейбаш имамдар" чыкпайт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес.
- Бизде азыр Теңирчилер, атеисттер, ашкере мусулмандар, кара чүмбөт жамынган агым өкүлдөрү, чиркөөлөргө баргандар ж.б. бар. Алакандай Кыргызстанда ар тараптуу жол тандаган атуулдардын көбөйүшү сизди ойлондурабы? Кыргызстандагы мусулмандар башчысы катары ар тараптуу багыт алган атуулдарды сөзгө чакырып көргөнсүзбү?
- Бул жүрөк ооруткан маселе. Биз көп улуттуу мамлекетпиз. Демек, ар тараптуу диний көз караштардын боло бермеги мыйзам ченемдүү. Азыр биздин улуттун көпчүлүгү, кала берсе интелигенция чөйрөсү теңирчиликке ооп бара жаткандай. Манас жалпы мусулмандардын баатыры. Манаска сыйынуу, Манасты сыйлоо деген эки башка түшүнүк. Келечек муун Манасты туура тааныбай калышы мүмкүн. Манастагы айрым Теңирге теңеген салыштырмалар, бул фольклор жанрында боло берчүү адабияттагы күчөтмө сындар. Аны түз кабылдоо билимсиздик. Манаста исламга туура келген жерлер абдан арбын. Айрым замандаштарыбыз Хакасиядан от, суу алып келип жатышат. Хакасиялыктар жок болуп бара жаткан эл. Ал эми кыргызды илимдүү кылган ислам маданияты. Кудайды Кудайдай, Манасты Манастай таануубуз керек.
-Кыргыздарда өздөрүнө тиешелүү өлүк коюуунун салт болуп калган тартиби бар. Кийинки кезде ошол калып бузулганы байкалат. Алсак, өкүрүү, кошок кошуу деген байыртадан келе жаткан зыйнаттарга тыйуу салынып жатат. Ушуга не дейсиз?
- Тирүүчүлүктө ар бир пенде Кудайды жадынан чыгарбоосу зарыл. Мусулман баласы кийген кийимди ислам аалымдары жектебегени туура жана башкалар шылдыңдабагандай болушу керек. Бул эки шарттын туура сакталышы исламдын талабына жооп берет. Шариятта эркек адамдын кыпкызыл, сапсары кийим кийүүсүнө тыйуу салынат. Орусташканга чейинки кыргыздарды карасак баардыгынын сакалы бар. Сакал коюуунун да өзүнүн маданияты бар. Азыр кээ бирлердин сакалы киндигине жетип, анысынын учу батташып кеткен. Сакал деген бир тутам болуусу керек. Эки тарабы кулагынан ашпашы керек. Бет сакал, моюн сакалдар - сакал эмес. Мурутту кыскартып, сакалды майлап турган оң. Биз демократиялуу коомдо жашайбыз. Ар ким өзүнө жаккандай кийинет. Ал эми дин агымдары боюнча айтсак бары чеги менен болгону жакшы. Аша чапкандык пикир келишпестикке алып келет. Өтүп кеткен адамга чындап ыйлаганга, чындап кошок айтканга неге болбосун, бирок Кудай-Таалага нааразчылык келтирбөө керек.
Нургүл
ИБРАЕВА