Кыйчалыш кырдаалда

Шайлоо - баңгибизнестин куралыбы?
Россиялык ММК жана эксперттер Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан ооган баңгиси Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп белгилешет. Муну менен бирге эле Россиянын күч тармагындагылар 2010-жылы баңги агымы көбөйгөнүн, ал июнь трагедиясында өз ролун ойногонун, ошондой эле келе жаткан президенттик шайлоодо да таасирин тийгизерин айтып жатышат. Мындан тышкары жергиликтүү жана чет элдик адистер баңги агымын күч органдары "крышевать" этишет деп ынандырышууда. Укук коргоочулар болсо күч структураларынын кулачы мурда болуп көрбөгөндөй узарып, алардын теңирден тескери иштери жазасыз калып, ал үчүн жоопкерчилик тартпай жатышкандыктарын саймедиреп жатышат. Аны менен бирге эле өкмөттүн жана анын жетекчиси (президенттикке ат салышууга чыккан) Алмазбек Атамбаевдин көңүлүн буга бурууга аракеттенишүүдө. Бирок, өкмөт башы өзү дайындап жаткан соң, баңгитрафигин канатына калкалаган күч структура жетекчилигин кантип жазалай алмакчы?

Кыргызстан
ооган героининин
басымы астында
Кыргыз өкмөтү ооган баңгисинин башкы керектөөчүсү Орусияны мамлекет катары жер жүзүнөн жоготуш үчүн атайылап эле баңгитрафиги менен күрөшпөй жатат дегенге болобу? Муну далилдеш чынында кыйын деле эмес. Же болбосо, биздин өкмөт баңгибарондор менен күрөшүүдө тырмактай да кыймыл жасабаганын, жок дегенде аларды азайтуу үчүн чара көрбөй жатканын кантип түшүнүүгө болот? Бул жерде мактоого арзый турган жападан жалгыз аракет кезинде Жаныш Бакиевдин кысымы астында жоюлуп кеткен Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин калыбына келтирилгени. Бирок, бул мекеме деле мурунку доорунда тескерисинче, баңгибизнести калкалайт деген айыптоолор кайрадан эске түшөт.
Бийлик баңгибизнес менен күрөшүү тууралуу дайыма жалындуу билдирүүлөрдү таратып келет. Бирок, анын агымы азаймак түгүл көбөйүүдө. Демек, ал билдирүүлөр болгону популизм, куру сөз. Анткени, баңгизаты Кыргызстан аркылуу россиялыктарга тонналап өтчү жана өтүп жатат. Болжолдуу эле эсептерге таяна турган болсок, биздин өлкө аркылуу 20-25 тонна героин жана апийим өтүп турат. Ал эми 2010-жылы болсо бул дагы өскөн. Бул аймактын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет дегенди билдирет.
Ооган баңгиси менен бирге эле ислам радикал топторун алса болот. Буларга да Борбор Азия өлкөлөрүндө стабилдүүлүктүн болбошу, ал өлкөлөрдү "куурчак" жетекчилер башкарышы пайдалуу. Баңгибизнес менен террористтик топтордун айкалышы башка өлкөлөргө да жол издеген Талибан менен түздөн-түз байланыштуу. А Талибан болсо өз кезегинде АКШ менен байланышта делет. Дегеле, Америка Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда өз абалын бекемдеп алууга кызыкдар экенин жашырбайт. А бул өз кезегинде кайра эле Россиянын кызыкчылыктарын четке сүрүүдө. Так ушундан улам баңги маселеси шайлоо алдындагы жарышта маанилүү болмокчу.
Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан лидерлерди баңгиташуучулук жаатында көмөкчү катары эсептеп келишет. Бирок, анча өлчөмдүн баарын чакан өлкө аркылуу алып өтүү оңой-олтоң иш эмес. Демек, ташып өтүүнүн жөнөкөйлүгү бардык күч структураларынын коррупциялашкандыгына байланыштуу экени баарыбызга белгилүү. Ал чек арачылардан тарта өкмөттөгү үлкөн адамдарга чейин.
Өзүңүздөр билгендей бул иште "крышасыз" дегеле жашоого мүмкүн эмес. Болбосо ушунча чоң өлчөмдөгү баңгинин Кыргызстан аркылуу "агып" жатканын кантип түшүндүрүүгө болот? Иштин баары күч органдарынын компетентсиздигиндеби? Демек, андай болсо премьер-министр аларды желкеден алып туруп кызматтан айдашы керек го?..
Баңгибизнесте кыргыз өкмөтүнүн жетекчисинин кызыкчылыгы бар деп таккесе айтуу аша чапкандык болор. Бирок, андай болгондо өзүнөн-өзү бир нече суроолор каптап келет. Премьер-министр өз өкмөтүндөгү коррупция жана Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан баңгизатынын көлөмү жөнүндө билбейт деп айтуу чоң күмөн туудурат. Анткени, чоңбу, же кичиби, кайсы гана россиялык саясатчы болбосун Кыргызстанга келген сайын ушул көйгөй тууралуу сөз козгошору, ал эмес бул жаатта көп маалыматтарды да беришери баарыбызга маалым. Жада калса кыргыз-орус экономикалык форумунда да баңгитрафик маселеси экономикалыктан биринчи каралып, бул жааттагы көйгөйгө орус бажысынын башчысы Андрей Бельянинов токтолуп өткөн.
Кыргызстан аркылуу Орусияга ооп жаткан ооган баңгисинин сары изине чөп салган жөнөкөй эле анализ кайсы гана "точкада" болбосун мамлекеттик биринчи даражадагы адамдардын өкүлдөрү, же болбосо партиялашы отурарын таап чыгат. "Ак- Жолду" алмаштырган СДПК партиясынын тору аймактарды камтып эле токтоп калган жок. Анын койгон адамдары кайсы бир деңгээлде чек ара, коомдук коопсуздук, товар жүгүртүү, УКМК, ИИМ, мамлекеттик бажы кызматы сыяктуулар менен байланышкан кызматтарды жетектеп турушат.
Андыктан,өлкө жетекчилиги эч нерсени көрбөйт, билбейт деп айтуу бери дегенде ишенчээктик. Бирок, ошол эле учурда, мындайга көз жуумп, эч аракет этпей коюу менен өкмөт өзү отурган бутакты өзү кыркып жаткан жокпу?
Кыргыз өкмөтүнүн ооган баңгисине (буга кошо эле исламисттик топтордун таасиринин артышына) каршы күрөшүүдөгү шалкы мамилесине Москва эртеби кечпи реакция берери бышык. Реакция негативдүү болушу да ыктымал. А өз жетекчилигинин мындай эрежесиз оюндарынан карапайым калк гана жабыр тартат. Анткени, Россияда басым жасоо рычагдары көп. Маселен, биринчи кезекте Бажы бирлигинин түштүк чегарасын жаап салуу рычагы. Бул бизге кай жагынан катуу тиерин 2010-жылы жон терибиз менен сезген жайыбыз бар. Андан соң акча издеп сыртка агылган эмгек мигранттарында проблемалар жаралышы күтүлөт. Мындан сырткары күйүүчү май жаатында да дагы бир рычагы бар.
Эң кызыгы, кыргыз саясатчыларынын басымдуу бөлүгү Кремлдин колдоосуна арзыгысы келишет. Ошол эле Алмазбек Атамбаев Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин айтып келет. Бирок, бул жерде чоң суроо туулат: Бакиев маалындагыдай Россия саясатына каршы аракет жаманбы, же, таптакыр аракет этпей койгон жаманбы? Статистикага таянсак, Россиядагы адам өлүмүнө бирден-бир таасир этип жаткан баңгитрафиктин тамырын кыруу тууралуу Москванын өтүнүчүнө жооп катары кыргыз өкмөтү тараптан эч бир кыймыл азырынча байкала элек.
Максүт
БӨРҮЕВ