Маек-сап

Марат Иманкулов:
"Бийлик мага басым көргөзүп жатканы чын..."
Акыркы мезгилдерде саясий кырдаал бир калыпка түшпөй, улам жаңы маселелер калкып чыгууда. Мындай шартта коомдун коопсуздугу ар кимди ойлондурбай койбойт. Биз улуттук коопсуздук кызматынын профессионал адисине собол салдык.

- Марат Муканович, механик-инженерлик кесибиңизди таштап коопсуздук кызматына өтүүңүзгө эмне түрткү болгон?
- 1977-жылы Политехникалык институттун механикалык факультетине тапшырганымда сынак бааларым жогору болгондуктан Москвага окууга жөнөтүшкөн. Ошентип, Москвада Полиграф институтунда 5 жыл окудум. Мен окуган институтта аскердик кафедра жок болчу. Андыктан өзүм суранып жатып аскерге кеттим. Ырааккы Чыгышта армияга кызмат өтөдүм, офицердик курсту аяктадым. Кесибим боюнча Нарында башкы инженер болуп иштеп жатканымда Нарын облусунун коопсуздук комитетинин башкармалыгы мени сыртыман көзөмөлдөп башташыптыр. 1983-жылдан баштап 3 жыл бою мени сындан өткөрүп жүрүшүптүр. Анан өздөрүнүн аскердик бөлүмү аркылуу Киевдеги КГБнын окуусуна жөнөтүштү. Жыл бою оперативдик чеберчилик ыкмаларын окуп өздөштүрдүм. Ал негизде коопсуздук тармагында иштеп ийгиликтерге жеттим. Нарында, Ошто Жалал-Абадда жетекчилик курамда иш алпарып жүрдүм.
- Кечиресиз, ушундай татаал, жоопкерчиликтүү кызматка бир жылдык курс окуп коюу жетиштүүбү?
- Ал убакта Советтик доордун өз эрежеси бар болчу. Коопсуздук кызматына ар кайсы тармакта иштеген, эл менен аралашып, алар менен тил табыша билген адистерди тартышчу. Эреже боюнча коопсуздук комитетинин талаптарына жооп бере алчу адистерди жашыруун тандап алып, сыртынан көзөмөлгө алып сындан өткөрөт. Ал негизде тандап алган адистер атайын КГБнын окуусуна жиберилет. Ага сөзсүз эле юридикалык кесип кажет эмес. Болгону жогорку билими болсо жетиштүү. Ал эми КГБ курстарына жалаң жогорку билимдүүлөр алынгандыктан аны бир жыл окуу жетиштүү. Ошол эле бир жылдык курстан өтүп, зор эмгектерди жараткан кыйын адистер көп.
- Ошол убактан бүгүнкүгө чейин коопсуздук кызматындасыз. Учурда УКМК тууралуу бир топ сындар айтылууда. Суракка алганда кыйноого тартуу ыкмаларын колдонушат дешет, Фирузхан Физиевдин жансыз денеси коопсуздук комитетинин короосунда табылды. Буларга кандай комментарий бересиз?
- Коопсуздук адистерин даярдаган эч бир окуу сиз айткан кыйноо ыкмаларын үйрөтпөйт. Бул эч кайсы мыйзамга туура келбейт. Мыйзамда эч кимди мажбурлабай, кыйнабай сурaкка алуу ыкмалары каралган. Бул адамдык ички этикага да туура келбейт. Болгону коопсуздук тармагындагы адистик башаламандык мындай мыйзамсыз аракеттерге негиз болууда. Коомдо кандай башаламандык, бузулуп-жарылуулар болсо, анын таасири бизге да келип жатат. Адистик башаламандыкка жол берип коопсуздук кызматына ар кайсы органдан алып келип аралаштырып салышкан. Колунан иш келген, тажрыйбалуу кишилерди алып келишсе го мейли. Бирок, алар өзү иштеген органдан ашпайт. Ал эми бизге келгендери көбүнчө деңгээли төмөн кызматчылар. Анан алар коопсуздук комитетинин эрежелерине туура келбеген жоруктарды жасап жатышат. Ал эми Фирузхан Физиев тууралуу кылмыш иши козголуп башкы прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Мен бул окуя болгондо эмгек өргүүсүндө элем. Андыктан азырынча бул тууралуу бир беткей чечим айтууга али эрте.
- Коопсуздук кызматчыларынын жогоруда айтылган жоруктарынан Дүйшөбаев кабарсыз калбаса керек. Бирок, негедир чара көрүлбөгөнү кызык...
- Буга чара көрүү жолдору көп жана опоңой. Маселен, жыл башында бир топ окуялар, жарылуулар болду. Сот жараяны өтүп жатканда спортсарайынын жанындагы жарылуу, ага удаалаш киши өлтүрүү сыяктуу шектүү окуялар болду. Террордук кыймылга байланыштырып жатышкан окуялар чыкты. Бул иштер боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан коопсуздук кызматчыларынын орой мамилелери тууралуу кулагым чалды. Дароо жетегимдеги жигиттерге: "Баары мыйзам чегинде болсун. Эгер үстүңөрдөн бир эле арыз түшсө жооп бересиңер" деп эскертүү бердим. Талап кылынгандай баарын мыйзамдуу жол менен чечишти. Бул бир эле мисал: Коопсуздук комитетинин ичиндеги башаламандыкты тыюу оңой эле. Болгону аны ким, кандай жол менен чечет, ал башка маселе. Бирок, коопсуздук кызматчыларын четтен эле каралай берүү жарабайт. Арасында калктын бейкуттугу үчүн жанын сайып жүргөн адистер бар.
- Аксы окуясында сиз Жалал-Абадда коопсуздук кызматында элеңиз. Окуяны болтурбай коюуга болот беле?..
- Чынын айтканда мени Аксы окуясынан бир жума мурун Жалал-Абадка шашылыш которушту. Ошто коопсуздук комитетин жетектеп, эл менен жаңыдан көнүшүп иштеп жаткандыктан буга алгач каршы болдум. Бирок, "абал абдан курчуду, иштеп бербесеңиз болбойт" деп ой-боюма койбой которушту. 2-3 күн изилдеп чыкканымда эле кырдаалдын эмнеден улам курчуганы дайын болду. Биринчи себеп - бийликтин өзү билемдик менен Бекназаровду камап салуусу. Экинчи себеп - Жалал-Абаддагы ошол убактагы прокурор Кудайбергеновдун жүргүзгөн иш-аракеттери. Анткени, жергиликтүү элдин аны көрөйүн деген көзү жок болчу. Мен бул тууралуу борборго билдирдим. Ушул эки маселе орундатылса баары жайында болмок. Бирок, бийлик мени укпады, өз чечиминде калды. Бул кандуу окуя эмне менен аяктаганын билесиздер.
- 2005-жылдын март окуясында Бакиевдердин Жалал-Абаддагы банкты тоногону боюнча эмне айта аласыз? Банк жетекчиси сиздин кеңседе суракка алынган экен...
- Жалал-Абадда 21 -марттагы башаламандыкты токтотууга барганымда белгисиз топтордун ур-токмогуна кабылдым. Алардын колунан жанымдагы жардамчыларым сууруп чыгышты. Мени борборго госпиталга жиберишти. Кетип жатып Коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлерине түздөн түз коркунуч туулгандыктан мекемедеги штаттык курал-жарактарды, ок-дарыларды бекем каттырып, кызматтагылардын баарын үйлөрүнө жиберип, сыртынан кайтартып кеттим. Мен Бишкекте жүргөндө Жаныш Бакиев, Нурлан Нышанов баш болуп Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалын тоноп 22 млн. сомдон ашуун акчаны ташып кетишиптир. Ал эми банк жетекчиси Батырбеков Мелисти басып алышкан Коопсуздук башкармалыгына алып келип, менин кеңсемде суракка алышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, башкы прокуратура тергөө иштерин баштаган. Ал эмне менен аяктаганын билбейм. Бул окуяга мени катышы бар деген маалымат-кара пиар, ушак сөз. Эгер менин катышым болсо анда мен мамлекеттик кызматтарда иштемек эмесмин.
- Азыркы бийлик менен жакшы ымалада иштеп жатып эле капысынан тирешип калууңузга эмне себеп болду. Бийлик тууралуу көп сырларды билгениңизден чочулап сизге коркутууларды жасап жатканы айтылууда...
- Бийлик мага басым көргөзүп жатканы чын... Мен отставкага кетип жатканда себептердин баарын расмий билдиргем. Биринчиден, коопсуздук комитетиндеги "кадрдык башаламандыктар", саясий кызыкчылыктарга ылайык пайдаланылуусу. Бул маселелерди тартипке салууну канчалык сунуштасам да Дүйшөбаев өз каалаганындай калчайт. Анан ушунча жылдык тажрыйбаны элдин коопсуздугуна, керегине жарасын деп, иштөөгө умутулганың менен эсептешпесе жаның күйөт. Экинчи себеп, бийликтин коопсуздук кызматын саясий амбицияларына ылайык нукка буруу, колдонуу аракети. Коопсуздук комитети саясатка ашкере кийлигишүү ордуна мамлекеттин коопсуздугун сактоону баарынан жогору коюусу зарыл. Шайлоо мыйзамын баары бирдей сактоо жана сыйлоо башка маселе. Эми муну кеңири талкууга алууга азырынча эрте.
- Кыргызстанды коопсуздук маселеси түйшөлтүп туру. Афганистанда террордук окуудан өтүп жаткан кыргыз жарандары кайтып келсе не болот...Экстремисттик коркунучтар күч алып барат... Бул маселелер кандай чечилет?
- Туптуура, террордук даярдыктан өтүп жаткан кыргыз жарандары орчундуу коркунуч жаратаары сөзсүз. Андан сырткары биздин мамлекетке тышкы жана ички коркунучтар жана чакыруулар абдан көп. Экстремисттик жана террористтик эл аралык уюмдардын кыймыл-аракеттери да коркунуч жаратат. Афганистанда болуп аткан окуялар бизге терс таасирин бербейт деп эч ким кепил боло албайт. Ал эми бул маселелерди чечүүгө Кыргызстандын күчү жетеби жетпейби - ал башка маселе. Жалгыз Кыргызстандын күчү жетпей калуусу толук мүмкүн. Ошон үчүн кошуна мамлекеттер , регионалдык уюмдар жана шериктеш мамлекеттер менен тыгыз мамиледе биргелешип иш алып барсак гана тышкы коопсуздугубузду сактай алабыз.
Маектешкен
Анара
Дыйканова